Жөнөкөй сүйлөмдүн түрлөрү
- Эки тутумдуу сүйлөм жана бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр
- Жөнөкөй сүйлөм баш мүчөлөдүн катышына карай экиге бөлүнөт:
- Бир тутумдуу
- Эки тутумдуу
Эки тутумдуу сүйлөмдөр
- Сүйлөмдө баш мүчөлөрдүн экөө тең:ээ да,баяндооч да катышып турса эки тутумдуу сүйлөм деп аталат.
- Тил- кылычтан өткүр.
- Кыш келди.
Эки тутумдуу сүйлөмдөр экиге бөлүнөт:
- Жалаң сүйлөм: Эгин жыйналды.
- Жайылма сүйлөм: Күзгү эгин жыйналды.
Жалаң сүйлөм
- Баш мүчөлөрдөн гана түзүлгөн сүйлөм жалаң сүйлөм деп аталат.
- М: Сабак башталды.
- Канаттуулар учуп кетишти.
Жайылма сүйлөм
- Баш жана айкындооч мүчөлөрдөн түзүлгөн сүйлөм жалаң сүйлөм деп аталат.
- М:Быйыл эгин-тегин эрте жыйналды.
Бир тутумдуу сүйлөмдөр
- Сүйлөмдө баш мүчөлөрдүн бирөө эле катышса бир тутумдуу сүйлөм деп аталат.
М:Түндө учуп баратабыз.
- Энтеңдеп чуркап келе жатат.
Бир тутумдуу сүйлөмдөр
- ЖС грамматикалык түзүлүшү боюнча экиге бөлүнөт:
1. эки тутумдуу (эки баш мүчөдөн турат)
2. бир тутумдуу ( ээ же баяндоочтон турат)
I. Баяндооч аркылуу уюшулган бир тутумдуу сүй-м:
- а) жалпы жактуу сүйлөм
- б) белгилүү жактуу сүйлөм
- в) белгисиз жактуу суйлөм
- г) жаксыз сүйлөм
II. Ээ аркылуу уюшулган бир тутумдуу сүйлөм :
атама сүйлөм
Жалпы жактуу сүйлөм
- Бир тутумдуу сүйлөмдөгү кыймыл-аракет, же кыймыл-аракетке байланышкан түшүнүктөр мазмуну боюнча бардык жактарга бирдей, жалпы мүнөздө болсо, жалпы жактуу сүйлөм д.а
- М: Ата-энеңдин баркын жок болгондо билерсиң!
- Акылдуунун сөзүн ук.
- Оозуңду ачканча, көзүңдү ач.
- Жалпы жактуу сүйлөмдүн түзүүчү негизи – баяндооч .
Белгилүү жактуу сүйлөм
- Баяндоочу белгилүү бир жакты көрсөтүп турса да, мазмуну боюнча каймана, баяндоо маанисинде айтылат. Жагы, ыңгайы ар түрдүү.
- Белгилүү жактуу сүйлөмдүн түзүлүшү төмөндөгүдөй:
а) Баяндоочу этиштин буйрук ыңгайынын болот: М: 1. Дараметиңди байка. Ошого карап, колуңда болгонуңду жумша.
2. Элдин ынтымагынан чыкпа.
3. Касташкан душманыңа да катуу айтпай жүр.
4. Ат жалына казан ас.
Белгисиз жактуу сүйлөм
- Кыймыл-аракетти жасоочу, аткаруучу ээси белгисиз болсо да, түзүлүү негизин III жактагы этиштик баяндооч уюштуруп турган жөнөкөй сүйлөм белгисиз жактуу сүйлөм д.а.
- М: Минип жүрүп атын изде птир . (-ып, -дыр)
- Алдырар күнү жаздыр ар . (-ар)
- Ысык-Көлдүн дарылык касиетине суктанып жүрүшпөй бү. (-бы)
- Тааныбасты сыйла бас. (-бас)
- Жашыңда бер син мээнетти, карыганда бер син дөөлөттү. (-сын)
Жаксыз сүйлөм
- Аракет кылуучу жагы болбогон, сүйлөмдүн бардык белгилери баяндооч аркылуу берилип турган сүйлөм жаксыз сүйлөм д.а.
М: Кары адамга катуу айтууга мүмкүн эмес .
Жаактуудан кепшебес, аркалуудан оонабас.
Мындан артык болбойт, болууга мүмкүн эмес.
- Күндүз ызаатта, түндө кызматта. (Таб.) Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт.
Атама сүйлөм
- Кубулуштардын, окуялардын, мезгилдин, орун-мейкиндиктин аттарын жалпы атоо иретинде айтылган бир тутумдуу сүйлөмдөр а т а м а с ү й л ө м деп аталат.
- М: Кой үстүнө торгой жумурткалагандай жакшы маал.
- Согуш. Оңбогон согуш! Баланы атадан, атаны баладан ажыратты го.
- 1945-жылдын майы. Көптөн күткөн жеңиш келди.
- Адыр. Калың бадал каптаган кыя жол.
Атама сүйлөмдүн семантикасы, айтылыш максаты түрдүүчө болот. Ушул өзгөчөлүгүнө карай атама сүйлөмдөр бир нече топко бөлүнөт .
а) Зат, окуя, кубулуштарды атоо иретинде айтылат:
б) Мезгилдик маанини билдирет:
в) Заттын сындык, кыймылдык белгилерин атоо иретинде колдонулат.
1. Капчыгай . Эки өйүздө тең карагай, четин, арча калың өскөн.
- Түн. Топ-топ мунарыктаган жылдыздар.
- Коңур күз. Боз кыроо маалы.
- Жыл мезгилин ылгабас, кыштыр-жайдыр кургабас.
- Бургуган бороон, Ышкырган шамал, суук. Алаамат түш-көндөй караңгылык.
2. Жазгы нымдуу аба. Кокту-колоттордон тумандап буу көтөрүлөт.
г) Орундук маанини билдирет:
д) Эмоциялык көркөм-дүктө айтылуу менен психикалык абалды билдирет:
е) Атама сүйлөмдөр жасалгаларды билдирип турат. Алар пьесаларда кеңири таралган:
- Тоонун этеги. Шар аккан суунун бою.
- Айдың талаа. Как эткен карга, кук эткен кузгун жок сыяктуу.
Ошондогу күндүн жар-кыраганы ай, ошондогу эгиндин дандуусу ай, ошондогу элдин күлкүсү ай. (Ч. А.)
Шкаф. Төр. Дубалда портрет. Узата салынган шырдак. Стол. Жанына эки отургуч коюлган.
( кубануу )
ё) Табышты, элести атайт: 1. Тарс! Тарс! Мылтык үнү туш тарапка качкан кишилерди кууп таратты.
2 . Жылт-жулт, жылт-жулт. Бирде үлбүлдөп, бирде даана көрүнүп, адырда жалгыз от күйөт...
Атама сүйлөмдөрдүн грамматикалык түзүлүшү
- Атама сүйлөмдөр грамматикалык түзүлүшү боюнча жалаң (жеке сөздөн) жана жайылма (бир нече сөздүн айкашынан) болуп бөлүнөт:
- 1. Жаз. Түркүн гүлдөр. Аңкыган атыр жыттуу тоо жели.
- 2. Түн. Караңгы. Көзгө сайса көрүнгүс.
- Жаз. Түн. Караңгы . (жалаң атама сүй-р)
- Түркүн гүлдөр. Аңкыган атыр жыттуу тоо жели. Көзгө сайса көрүнгүс . (айкындооч мүчөлөрдүн жардамы аркасында жайылма атама сүйлөмдүк касиетке ээ болду)
- Атама сүйлөмдөр тилде кеңири өнүккөн. Уюмдун аталышы, көчө, китеп, газета, журналдардын аттары жана андагы темалардын аттары бир сөз, же сөз айкашы түрүндө аталышы да байланыштуу айтылган текстте атама сүйлөмдүк милдет аткарат.
М: «Оригами» борбору, Манас проспектиси, Ч. Айтматов көчөсү, «Учкун» басмаканасы, «Акун» фирмасы, «Сынган кылыч» китеби, «Кут билим» газетасы, «Шоокум» журналы, Бештин айынын ону ж.б.
Атама сүйлөм сүйлөм мүчөлөрүнө ажыратылбайт.
Сүйлөмдүн бул түрү көркөм адабияттарда кеңири колдонулат.
- Атама сүйлөмдө интонациянын мааниси өтө чоң, анткени интонация бүткөн айрым ойду билдирүүнү камсыз кылат.
- М: Кыш. Бороон-чапкын. Ак кар, көк муз. Түн . Мындай шартта жол жүрүү мүмкүн эмес. (мезгил, кубулуш)
- Атама сүйлөмдө аны менен байланышта айтылган сүйлөмдүн мааниси зор, анткени ал аркылуу атама сүйлөмдөгү ой андан ары улантылат, тереңдетилет.
- М: Согуш. Согуш дегениң – кан төгүү, жакырчылык, кайгы-муң. (окуя, сыпат)
Дал келтирели...
Бир тутумдуу сүйлөмдөр
Мисалдар
а) Жалпы жактуу сүйлөм
1. Итке темирдин кереги жок.
б) Белгисиз жактуу сүйлөм
2. Сонун күндөр. Үзүрдүү өмүр. Бардыгы сени менен турбайбы бейкуттук, эрктүүлүк.
в) Белгилүү жактуу сүйлөм
3. Ыңгайлуу учурга чейин күтүүгө тийиш.
г) Жаксыз сүйлөм
4. Ойлонбой сүйлөсөң – оорубай өлөсүң.
д) Атама сүйлөм
5. Боюн көр да, оюн көр.
Бир тутумдуу сүйлөмдүн түрлөрү:
- Атама: Күз.
- Жактуу: Айылга бардым.
- Жаксыз: Бул ишти бүтүрүүгө мүмкүн эмес.
- 1.Мына ушул жол четинде эне баласын күтуп отурат.
- 2.Байбиче ушул экенин байкадым.
- 3.Айчүрөктү узатуу тою.
- 4.Айылдын кырманы.
- 5.Сени күтүп олтурат.