СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Райкан Шүкүрбеков "Тоо эчки"

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Райкан Шүкүрбеков "Тоо эчки"»

Р. Шүкүрбековдун “ Тоо эчки” ырын орто мектептерде окутуунун ыкмалары

Райкан Шүкүрбеков

«Тоо эчки»


Улагын тоо эчкинин мерген атты,

Күлүк ок жаш улакты тырпыратты.

Энеси кылчаң-кылчаң артын карап,

Зыркырап ичи күйүп бара жатты.



Кабагын бекем түйүп кеги бардай,

Тиштенип мерген карайт эчки жакты.

Түбүнө бир арчанын тура калып,

Тоо эчки мөлтүлдөтүп төктү жашты.

Диркиреп жалбыракка жаан болуп,

Байкуштун желининен сүтү да акты.


Кетпеймин, кең Ала-Тоо качып сенден,

Жамандык кимиң көрдүң кана менден?

Колхоздон койчу сурап жалкыттымбы?

Мынчалык не кегиң бар айтчы мерген?


Биз деле Ала-Тоонун малыбыз го,

Жайылып аскаларда күнүн көргөн.

Тоо эчки көбөйөбү тоо-ташынан,

Тентектер кырып турса туулган төлдөн.

Дегендей тоо эчкинин акты жашы,

Сүйүнүп куу арчага муңдуу башы.



Бул макалада Р.Шүкүрбековдун «Тоо эчки» ырын орто мектептерде окутуунун ыкмалары жӨнүндӨ сӨз болот.

В данной статье рассмотрены некоторые приемы преподавания стихотворения «Тоо эчки» Р.Шүкүрбекова в школе.

The article deals with some methods of teaching the poem «Too echki» by R.Shukurbekov.



Акын Райкан Шүкүрбеков ӨзгӨчӨ акындык тагдырга ээ, драматург жана котормочу болгон. Ал 1913-жылы Таластын Акчий айылында туулган. Атасы Шүкүрбек кат-сабаты бар, өз айлына белгилүү сөзмөр, жомокчу киши болгон экен. Р.Шүкүрбеков азыркы Жамбыл шаарындагы мектеп-интернатта «Кыргыз балдарын да окууга алат» деген кабарды угуп, айылдан качып келип, балдар үйүнө өтөт. 1923-26-жылдарда ошол мектеп-интернатта окуганды, жазганды үйрөнөт. 1929-1933-жылдары өзү эңсеген педтехникумда окуп билим алган. 1962-жылы каза болгон.

Акындын биринчи ыр китеби «Ырлар жана тамсилдер» деген ат менен 1957-жылы, андан кийин «Ала-Тоо жаңырыгы», 1961-жылы «Р.Шүкүрбеков» деген китептери жарык көрөт. Акынды биз сатирик, котормочу, тамсилчи катары билебиз. Тамсил изилдөөчү К.Исаков «Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер» деген китебинде Р.Шүкүрбековду-кыргыз тамсил жанрынын авангард авторлорунун бирине айланды деп жазат. Райкан табиятынан эле эки жүздүүлүк, кошоматчылык сыяктуу жорук-жосундарды жактырбаган, кара ниет, кой терисин жамынган ыймандык моралга жат көрүнүштөрдүн бет пардасын сыйрып, коомдун алардан тазалануусуна жардам берген калемгерден.

Акындын 5-класста окутулуучу «Тоо эчки» ырында бүгүнкү күндөгү актуалдуу проблемалардын бири болгон экология маселеси даана көзгө урунат. Райкандын доошун учурга ылайык жаңыртып, аны окуучуларга жеткирүү биздин атуулдук милдетибиз болуп саналат. «Тоо эчки» ырын сүрөттөгөндө курулай мактанган абстрактуу ой чабыттарды, статикалык сыноодо жасалмалуу уйкаштарды эмес, турмуш чындыгын алган.

Бүгүнкү күндө акын-жазуучулардын чыгармаларын орто мектептерде окутуу боюнча бир топ окумуштуу-методисттер Н.Ишекеев, С.Рысбаев, А.Муратов, А.Турдугулов, С.Момуналиев ж.б. эмгектери жарык көрдү. Окуучуларга чыгармаларды жеткиликтүү талдап, түшүндүрүп берүү жагы бир топ жолго коюлуп келе жатат. Биз дагы жогорудагы усулчулардын эмгектерин пайдалануу менен Райкан Шүкүрбековдун «Тоо эчки» ырын окутуунун айрым ыкмаларын мектептерде иштеп жатышкан адабиятчы мугалимдерге сунуш кылмакчыбыз:

1-кадам. Ырды көркөм окуу.

Класста ырды адегенде мугалим көркөм окуйт. Андагы негизги талап элегиялуулукту сактоо, б.а. акындын көңүл чөккөндөгү трагедиялуу маанайын берүү, текстти өтө жай, демди ичке тартуу менен шашпай окуу, армандуу өксүктү чыгаруу, балким ырдын эмоционалдуу таасирин арттыруу максатында кайгылуу кыргыз күүлөрүнүн коштоосунда окуу же болбосо окуучуларга тоо эчкинин сүрөттөрүн көргөзүү керек.

Улагын тоо эчкинин мерген атты,

Күлүк ок жаш улакты тырпыратты.

Энеси кылчаң-кылчаң артын карап,

Зыркырап ичи күйүп бара жатты.


Мында акын эмнени айтат: албетте бардык нерсенин ата-баладай ынак болорун айтып жатат. Себеби, наристедей жаш улакты атып таштаса, ал энесинин көз алдында кача албай, жарадар болуп жыгылып, тырпырап жатса, энеси таштап кете албай, кыялында улагы ордунан туруп чуркап кетчүдөй, таштабайын десе, көз ирмемде өзү дагы мерген колунан жан таслим болорун сезип жатат. Ошондуктан кылчаң-кылчаң артын карап, зыркырап ичи күйүп, эмне кыларын билбей баратканын элестүү сүрөттөп берген.



Кабагын бекем түйүп кеги бардай,

Тиштенип мерген карайт эчки жакты.

Түбүнө бир арчанын тура калып,

Тоо эчки мөлтүлдөтүп төктү жашты.

Диркиреп жалбыракка жаан болуп,

Байкуштун желининен сүтү да акты.


Акын тоо эчкинин күтүлбөгөн трагедияга кабылганын, ташбоор тагдырдын анын башына салган кайгысын көрсөтүп берет. Улагынан айрылган «Тоо эчкинин» чын эле каңырыгы түтөй баштагандыгын, жада калса мерген жаңы тууган улагынан да ажыратып, желининин сүтү агып бараткандыгын, эми мындан ары экинчи ирет ал баласына сүтүн ийип эмизбей каларын, мергенге тоо эчкинин жүрөгүнүн ууланышын, акын жогорудагы ыр саптары менен жеткире алган. Ырдын эмоционалдуу күчүн өтө бийик алып чыгып отурат.


Кетпеймин, кең Ала-Тоо качып сенден,

Жамандык кимиң көрдүң кана менден?

Колхоздон койчу сурап жалкыттымбы?

Мынчалык не кегиң бар айтчы мерген?

Мында автордук ой, каармандын ички чыңалуусу дагы бийиктикке көтөрүлөт да, тагдырдын бул сыноосунда жеңилсе да, акыл калчап кайра эле Ала-Тоодой жер жок экендигин, акын тоо эчкинин мөгдөгөн монологу аркылуу айтып келип, мергендер жаш улактарын кырып турса да Ала-Тоодон кетпеймин, Ала-Тоого силер кандай ээлик кылсаңар биз дагы ошондойбуз. Биз дагы ушул жерде туулдук, мындан кетип, кайда барабыз? деген тоо эчкинин жөндүү суроосу ырдын көркөмдүүлүгүн арттырган. Алар дагы адамдарча мекенин таштап башка жакка ооп кетпесин акын чебер саптар менен бере алган. Андан ары тоо эчки «Мен силерге эмне жамандык кылдым эле, мынчалык кек сактагыдай, же башка жаныбарлар сыяктуу койчу сурап жаткыттымбы?» - деп суроо менен кайрылуусу ырдын боектуулугун арттырган.


Биз деле Ала-Тоонун малыбыз го,

Жайылып аскаларда күнүн көргөн.

Тоо эчки көбөйөбү тоо-ташынан,

Тентектер кырып турса туулган төлдөн.

Дегендей тоо эчкинин акты жашы,

Сүйүнүп куу арчага муңдуу башы.

Жогорудагы саптар аркылуу тоо эчкинин «Тентектер ушинтип ойлонбой жаш улактарды кырып турсаңар, тоо эчкилер көбөйөбү же тукум курут болуп жок болобузбу?» - деген мергенге карата айтылган муң-зарын угабыз. Канткен менен тоо эчки табияттын макулугу экендигин, улагына болгон кусалыкты кайра баягы ыр жазууга себепчи болгон өкүнүчтү кайталап өтөт да, даярдап келген окурманын бир селт эттирип алат. Автор кайра эле тоо эчкинин зыркыратып өзүндөй болуп, куурап калган куу арчага сүйөнтүп жатат. Ырдын жогорудагы «Түбүнө бир арчанын тура калып» деген экинчи куплеттеги ыр сабы менен ырдын акыркы сабындагы айырмачылыкты байкап көрүңүзчү.

Мерген улагын аткандан кийин тоо эчки качып барып, туш келген эле бир арчанын түбүнө тура калып, мөлтүлдөтүп көз жашын төккөн болчу. Ал жерде арчанын көктөп жатканы же куурап калганы жөнүндө сөз жок. Ошон үчүн арчаны көктөп жаткан экен деп эсептесек болот. Болбосо ошол сапта эле тоо эчки туура «куу арчанын» түбүнө барды демек эле. Ал эми ырдын акыркы сабында ошол эле арча тоо эчкинин мергенге болгон ызасын, кайгы-муңун уккандан кийин эле автоматтык түрдө «куу арчага» айланып калды. Демек, тоо эчкинин улагына болгон күйүтү миң жылдык өмүрү бар арчаны да бир заматта кууратып койду. Көрүнүп тургандай арча дагы тоо эчкинин кайгысына ортоктош болуп, анын кайгысын бөлүшөм деп өз өмүрүнөн ажырап калды.

Ар бир нерсенин пири, колдоочусу болот, ар нерсенин өз чеги болот, чектен ашкан адамды жаратылыш жоопсуз калтырбайт. Мисалы, Кожожаш мерген канчалаган тоо эчкини атып жүрүп, акыры миңинчиси оңко турду. «Эми атпа мерген, жок дегенде Алабашты калтыр, эгер калтырбасаң мен каргайм», - деп эскерткен Сур эчкинин сөзүнө албууттанган Кожожаш кулак салбай, акыры Авлетимдин тоосунда камалып түшө албай калды.

Акындын биз сөз кылып жаткан чыгармасы «Карагул ботом», «Кожожаш» өңдүү кыргыз элинин кенже эпосторун толуктаган сыяктуу.

2-кадам. Сукбатташуу үчүн суроолор:

а) Ыр эмне үчүн «Тоо эчки» деп аталды?

б) Эмне үчүн тоо эчки улагынан ажырап, жалгыз калса да, «кетпеймин кең Ала-Тоо качып сенден» - деп жатат?

в) Муңдуу обонго салып, ырды ырдап көргүлө?

г) Ырдын таасирдүүлүгү кайсыл сабында жана эмне үчүн?

д) Эмне үчүн акын «Тоо эчкини» ырынын аягында куу арчага сүйөнтүп жатат?

Түшүнүксүз сӨздӨр

Түшүнүксүз сӨздү окуучунун түшүндүрүшү

Түшүнүксүз сӨздү мугалимдин түшүндүрүшү



Кек



Бирөөдөн жамандык жасаганы үчүн өч алуу.

«Өч» деген сөзгө маанилеш болуп жандуу заттарга карата колдонулат, качандыр бир өткөн ишти ичинен сактап, кийин ошол үчүн бирөөгө жамандык жасоо - бул кек.

3-кадам. Ырды жыйынтыктап, бышыктоо

Сабакты жыйынтыктап жатып, автор ыры аркылуу кандай идеяны бергиси келгендигин, кандай көркөм каражаттар колдонулганын, акындын сөз байлыгына токтолуу керек. Автордун жазуу стилин, тилин иштөөдө мугалимге төмөндөгүдөй таблицаны колдонууга сунуш кылабыз.

Таблица №1



Мындай таблицаны окуучуларга сөздүк дептер катары ачтырып, аны дайыма мугалим өзү көзөмөлгө алуусу кажет.

Салижан Жигитовдун: «Мугалим – сабак өтүүдө эч кандай ыкма колдонбой өтсө, анда ал сокур мугалим, эгер бир аз ыкма колдонсо ал жөн гана мугалим, ал эми ар тараптуу ыкманы колдонуп, ар бир окуучуга жеткиликтүү кылып өтө алса анда ал эң мыкты мугалим», - деп айтканы бар. Ар бир мугалим изденүү менен сабак өтсө анда эң мыкты мугалимдер болуп, эң мыкты мугалимдер албетте эң мыкты кадрларды тарбиялап ӨстүрӨӨр эле.

Жогорудагы биз сунуш эткен ыкмаларды мектептеги адабият мугалимдери поэзия түрүндөгү чыгармаларды окутууда пайдаланса болот. Биздин сунуш эткен ыкмалар алар үчүн аз болсо да методикалык жардам болот деген ойдобуз.

Колдонулган адабияттар:

  1. «Райкан Шүкүрбеков». - Б., 1987.

  2. Р.Шүкүрбеков «Термелер» -Ф., 1985.

  3. А.Муратов. «Кыргыз адабияты сабагында тексттин маңызын ачуу». – Б., 2009.

  4. А.Муратов. «Көркөм чыгарма жана анын ички сырлары». – Б., 2009.

  5. К.Исаков. «Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер». – Б., 2008.

  6. Ө.Салааев. «Окутуунун интерактивдүү усулдары». – Б.,2009.

К.Акматов, Т.Колдошов. «Жоомарт жана адабият сабагы». – Ош, 2010