Сабакты жыйынтыктоо. Рефлекция
Учурда ар бир мугалимдин негизги маселеси окутууну өнүктүрүү эмеспи. Окутууну өнүктүрүү принциптеринин бири – активдүүлүк жана түшүнүү менен кабыл алуу болуп эсептелинет. Окуучу окуу максатын, анын зарылдыгын билсе, анын ар бир кадамы түшүнүктүү жана аңдай ала тургандай болсо гана активдүү болот. Сабакта өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүүнүн зарыл шарты болуп сабакты жыйынтыктоо башкача айтканда рефлексия кадамы эсептелет. Рефлексия сөзү латын тилинен reflexio –артка кайрылуу дегенди түшүндүрөт. Ички ой жүгүртүү өзүн таанып билүү катары түшүнсө болот. Учурда педагогикада рефлексия чыгармачылык жана анын жыйынтыгына жеке анализдөө катары түшүндүрүлөт.рефлекция
Рефлексия сабактын аягында гана эмес, бардык кадамында өтүүгө болот. Рефлексия өтүлгөн жолду аңдоого багыт алуу, ар биринин байкаган, ойлонгон, түшүнгөндөрүн жалпы копилкага салуу. Максаты маанилүү чынжырча түзүү,башкалар колдонуучу жолдору жана методдорун өздөрүбүздүкү менен салыштыруу.
Рефлексиянын классификациялары:
маанай жана эмоционалдык абал рефлексиясы
чыгырмачылык рефлексия
окуу материалынын мазмундук рефлексиясы
Көңүл жана эмоционалдык абал рефлексиясында эмоционалдык байланыш түзүү үчүн сабактын башталышында өтүү ыңгайлуу ошондой эле сабактын аягында өтсө болот. Келбеттер чагылдырылган карточкалар,маанайларды чагылдырган сүрөттөлүштөр, эмоционалдык көркөм жасалгалоолор (сүрөт, музыкалык фрагмент) колдонулат.
Чыгырмачылык рефлексиясында окуу материалы менен иштөө жолдору аракеттерине түшүнүү менен рационалдуу жолун издөө. Чыгармачылык рефлексияда үй тапшырмасын текшерүү, проектик иштерди жактоодо колдонуу ыңгайлуу, ал эми сабактын аягында колдонуу окуучулардын активдүүлүгүн сабактын ар бир кадамында баалоого мүмкүндүк берет(м: ийгилик тепкичин колдонуу менен). Коюлган окуу маселесин чечүүнүн эффективдүүлүгү (проблемалык абалда) «рыбья кость» графикалык уюштуруу түрүндө жасалгалоого болот
Окуу материалынын мазмундук рефлексиясында өтүлгөндөрдүн мазмунун баамдоо деңгээлин аныктоодо колдонулат. Бул жол бүтпөгөн сүйлөм, тезис, афоризм тандоодо «дерева целей», баалоо «приращения» билим жана максатка жетүү (билчү эмесмин, билдим…); субъективдүү тажрыйбаны анализдөө жолунда жана окулган маселени мурдагы билим менен байланышын чечүүгө жардам берүүчү синквейн, мурдагы билимдерди байланыштыруу аркылуу жаңынын маанисин түшүнүү менен өтүлүүчү маселеге мамилени чечүүдө .эффективдүү.
Негизинен сабактын аягында эмнени үйрөнштү, кандай иштешти, ар кимдин сабактын жүрүшүндө кошкон салымы, өздөрүнүн активдүүлүктөрү, класстын ишининин эффективдүлүгү,кызыгуулары, иштин жүрүшүндөү тандалган форманын пайдалуулугунун талкуулоо менен жыйынтыкталат. Окуучулар бир сүйлөм менен доскадагы рефлексиялык экрандагы фразаларга ойлорун айтышат:
бүгүн мен … билдим
… кызыктуу болду
… оор болду
мен … тапшырманы аткардым
мен … түшүндүм
мен эми … жасай алам
мен…сездим
мен … алдым
мен … үйрөндүм
мен … жасай алдым
мен… жасай алам
мен… аракеттенем
мени … таң калтырды
сабак менин жашоомо … берди
мен … жасагым келди
Сабакты жыйынтыктоо үчүн төмөндөгү көнүгүүлөрдү жасоого болот. «Плюс-минус-кызыктуу». Убакытка карата ооз эки же жазуу жүзүндө өтүүгө болот. Жазууда үч бөлүктөн таблицаны толтурулат. «П» - «плюс» сабакта жаккан маалыматтар, жагымдуу маанай тартуулаган сабактын жүрүшүнүн формасы же кандайдыр бир максатка жетүүгө керектелинүүчү. «М» - «минус» сабакта эмне жаккан жок, ыңгайсыздыкта же түшүнүксүз болгону, жашоодо пайдасыз, кереги жок маалыматтар. «К» - «кызык» сабакта алган кызыктуу фактылар жана ошол маселер боюнча дагы эмнелерди билгиси келет мугалимге суроосу. Бул таблицаны Кембридж университетинин философия, медицина илимдеринин доктору, ой жүгүртүү аймагында жетишүүлөргө практикалык өнүктүрүү адиси Эдвард де Бонои түзгөн. Бул көнүгүү мугалимге сабактын баалуулуктарын окуучулардын көз карашы менен көрүп анализдөөгө мүмкүндүк берет. Окуучулар үчүн керек деп эсептелгпн «П» жана «К» графалары баалу болот.
Сабактын аягында сандык жана сапаттык баа берүүчү жеке анализ жасоого мүмкүндүк берүүчу чоң эмес анкета берүүгө болот. Кээ бир пункттарга көңүл бөлүү мүмкүнчүлүгүнө карата кошумча же өзгөртүү жасоого болот.ошондой эле окуучулардын жоопторун аргументтөө сунушталат.
1.сабакта мен иштедим 2.иштеген ишим менен сабакта мен 3.сабак мен үчүн сезилди 4.сабакта мен 5.менин маанайым 6.сабактын материалы мага 7.менимче үй тапшырма | активдүү / пассивдүү ыраазымын / ыраазы эмесмин кыска / узак чарчаган жокмун / чарчадым жакшы / жакшы эмес болду түшүнүктүү / түшүнүктүү эмес пайдалуу / пайдалуу эмес кызыктуу / кызыктуу эмес жеңил / жеңил эмес кызыктуу / кызыктуу эмес |
Сабакта окуучулардын активдүүлүгү жана аткарган иштеринин сапатын баалоодо жоопторун шарттуу түрдө белгилөөнү сунуштайм:
«V» - мугалимдин өтүнүчү боюнча жооп бердим, бирок жооп туура эмес
«W» - мугалимдин өтүнүчү боюнча жооп бердим, жооп туура
«|» - өз инициативам менен жооп бердим, бирок жооп туура эмес
«+» - өз инициативам менен жооп бердим, жооп туура
«0» - жооп берген жокмун.
Сабактын аягында байкоолорунун жыйынтыгын талкуулоо менен окуучулар активдүүлүгү жана аткарган иштеринин сапатын объективдүү баалашат. Сабакты оң нотда аяктоо үчүн төмөнкү көнүгүүлөр сунушталат. Окуучулар сабактын жүрүшүнө жасаган салымдарына ыраазычылыктарын билдирүү менен баалоолору жана мугалимге сабактын өткөнүнө«комплимент» айтылат.( мактоо комплименти, ишкердик сапатына комплимент, сезимдерине комплимент). Сабакты аяктоонун бул түрү окуучулардын ар биринин жеке маанилүүлүгүнүн талабын канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн берет.
Окутууну өнүктүрүү концепциясы окуучуларды түрдүү режимде иштөөлөрүнө үйрөтүүнү. сунушталат (жекече, тайпада, коллективдүү) Коллективдүү окуу чыгармачылыгы башка тилде байланышууга жетишүү шартын түзөт. Ошондуктан рефлексивдүү чыгармачылык,башкалар сыяктуу эле,жеке жана тайпалар менен иштөө түрлөрүндө уюштурулат. Окуучуларга топто, кандай иштегендерин, алардын коммуникациялык деңгээлин жана иштин жыйынтыгы гана эмес анын жүрүшүн анализдөөнү окуучуларга көрсөтүү менен баалоо алгоритми
Топто иштөөдө тапшырмаларды аткарууда кандай таасир берди?
- эффективдүүрөк болушуна таасир берди
- тапшырмалардын аткарылышын кечеңдетти
- тапшырмаларды так аткарууга мүмкүндүк берген жок, тайпада мамилени бузду
Тайпада байланышуу канчалык деңгээлде жогорку даражада өткөрүлдү
Тапшырмаларды аткарууда топтун катышуучулары канчалык деңгээлде коммуникативдик кыйынчылыктарга туш болушту?
Маалыматтын жетишсиздиги
Коммуникациялык каражаттардын жетишсиздиги (тили образцов, тексттер ж.б.)
Байланыуудагы кыйынчылыктар
Иште байланыштын кандай стили басымдуулук кылды?
тапшырманы аткарууда топтун биримдүүлүгү сакталдыбы?
топто биримдик жана партнердук байланыш сакталды
иштин жүрүшүндө топтун биримдиги болбоду
топто болгон нерсеге ким же эмне чечүүчү ролдо болду?
Иштин жүрүшүндө чыккан лидер
Топтун катышуучуларынын көпчүлүгүнүн байланыш жасоону каалабагандыгы
Жалпы иштөөгө коюлган маселени түшүнбөстүк
Тапшырма кызыгы жоок, жеңил болбогондуктан
Топто коллективдүү-иштөөдө флексивдик текшерүү-баалоо чыгармачылыгы өз ара текшерүү жана өз ара баалоодо бардык окуучулардын катышуусу күтүлөт. Ал үчүн өзүн жана башкаларды туура баалоого үйрөтүү максатында баалоо картасы колдонулат. Баалоону тастыктоого мактоо, ыраазычылык жана каалоо тилектерин жазууну сунуштоого болот.
Рефлексивдик чыгармачылыкты уюштурууда сабакта жасалгандар –учурда инсандын зарыл сапаттарынын өнүгүшүнө аң сезимдүү ички рефлексиялар: өз алдынчалык, тапкыч, атаандашка туруштук бере алчулук. Рефлексия процессинде баалоо жеке өзү гана эмес тегеректеги адамдар тарабынан да жүргүзүгөндөй көп кырдуу болушу керек. Рефлексия сабакта –бул ар бир окуучуга ориентир жасоо менен окуу процессин жакшыртууда окуучулар жана мугалимдин бирдиктүү чыгармачылыгы.