СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Рельефтин жалпы муноздору

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Рельефтин жалпы муноздору»

Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектеби

Предмет: География

8-класс

Текшерген ОББ: Ниматилла кызы Багдаг\л

К\н\: 04.10.19

Мугалим:Жусупова Айжамал


Сабактын темасы: Рельефтин жалпы м\нъздър\.

Сабактын максаты:Рельеф жън\ндъ окуп \йрън\\ менен бирге жалпы т\ш\н\ккъ ээ болушат.

Сабактын милдеттери:

Таанып бил\\ч\л\к(когнитивдик)

Рельеф съз\н\н келип чыгуу жолдорун окуп билишет.

Ишмерд\\л\к(ън\кт\р\\ч\)

Карта менен иштъъ жъндъмд\\л\ктър\ артат,ъз оюн далилд\\ айта бил\\гъ машыгышат жана алган билимдерин практикада колдоно алышат.

Баалуулук(тарбиялык)

Окуучулар бирин-бири укканга,топто,жупта иштъъгъ,элин-жерин с\й\\гъ,кыргыз тилинде так с\йлъъгъ тарбияланышат.

Негизги компетентт\\л\к:

Маалыматтык

Социалдык-коммуникативдик

Ъз алдынча уюштуруу жана къйгъйлърд\ чеч\\

Рельеф боюнча китебинен жаны маалымат алышат.

Интернет булактарынан ъз алдынча жаны маалыматтарды табууга кън\г\шът.

Окуучулар тоолор боюнча ъз алдынча ырларды жазып,ой толгоп с\ръттърд\ тартышат.




Предметтик компетентт\\л\к:

Географиялык компетентт\\л\к

Геокологиялык компетентт\\л\к

Социалдык-инсандык компетентт\\л\к

Кыргызстандын рельефин салыштырат.

Рельефти изилдъън\н зарылдыгы жън\ндъ ой ж\г\рт\шът.

Д\йнъл\к жана жергиликт\\ рельефти бири-бири менен байланыштырат.









Сабактын тиби: Аралаш сабак.

Усулдар : Салттык

Ресурстар: Окуу китеби,с\ръттър,компьютер,интер.доска

Сабактын с\ръттъл\ш\:

Этап

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетентт\\л\к баалоо

Уюштуруу

3 мин

Саламдашат. Жагымдуу маанай т\зът(логикалык суроо) Сабактын жабдылышын карайт.

Саламдашат.жагымдуу маанайда сабакка киришет.Окуу куралдарын толуктап сабакка киришет.

НК3

ПК2

Маанай

Уй тапшырмасын текшеруу


12 мин

/йгъ берилген тапшырманы тешер\\,окуучулардын дептерлерин текшер\\,суроолорду бер\\.

/й тапшырмасын кайталашат.Суроолорго жооп беришет.Тапшырманы аткаруу боюнча жоопкерчиликке ээ болушат.

НК2

ПК1

формативдик

Жаны теманы тушундуруу


20 мин

Рельефтин жолдорунун келип чыгуу себептери жън\ндъ айтып берет.

Окуучулар ой ж\г\рт\п жооп беришет.Т\рд\\ жоопторду айтышат.Кайсы жооп туура экендигине ъздър\ ынанышат.

НК1

ПК1,ПК2


Бышыктоо


4 мин

Суроолор берилет.Проблемалар коюлат. Орографиясына жалпы м\нъздъмъ берет.

Жооп беришет.Талкуулашат,предмет аралык байланышытырышат.Суроолорду т\з\шът.



Суммативдик

Баалоо


4 мин

Китептен тапшырма берет.Окуучуларды баалайт.


НК1,НК2,НК3

ПК3


Жаны тема: Рельефтин жалпы мүнөздөрү — Кыргызстандын аймагы негизинен бийик тоолор менен тоо арасындагы өрөөндөрдүн татаал жайгашкан катарларынан турат. Жалпысынан, азыркы түзүлгөн рельеф байыркы эпигерциндик структуралардын олигоцен-миоценден баштап, плейстоцендин аягына чейин карама-каршы багыттагы интенсивдүү тектоникалык кыймылга дуушар болушунан калыптанган. Бир жагынан тектоникалык көтөрүлүү басымдуулук кылып, денудация жана эрозиялык тилмеленүү күчөп турса, экинчи жагынан тоо арасындагы тектоникалык ийилген ойдуңдар чөкмөлөргө толуп турган шартка азыркы рельефтин келбети түзүлгөн.

Эң бийик көтөрүлүүлөр чыгыш жакта, Кан-Теңир тоо томунун аймагында жүргөн. Чет жакалардагы ЧүйФергана өрөөндөрү төмөн ийилген ойдуңдар болгон, алар тоодон келген шиленди кум-шагылга толгон. Бийиктиктин ылдыйлай башташы чыгыштан батышты карай кетет. Чыгыштагы Жеңиш чокусунун бийиктиги 7439 м, ал эми Лейлек районунун аймагындагы түздүктүн бийиктиги 401 м. Демек, Кыргызстандын аймагынын бийиктик амплитудасы — 7038 м. Тянь-Шань тоолору батышты карай жайылып, өрөөндөр кеңейип, кырка тоолордун, тоо арасындагы өрөөндөрдүн жалпы багыты кеңдик боюнча таралып кетет. Меридиан кырка тоосу менен Фергана тоо системасы ал багытты албайт. Кырка тоолордун тутумдашкан жерлеринде тоо түйүндөрү, татаал массивдер жайгашкан. Алар Кан-Теңир тоо тоомуАк-Шыйрак, Талгар, Талас-Чаткал, Матча тоо түйүндөрү.

Негизги рельеф түзүүчү факторлорго эндогендик жана экзогендик факторлор кирет. Эндогендик факторлор рельефтин ири формаларын түзөт. Экзогендик факторлор болсо ар кандай тышкы күчтөрдүн аракети менен домпок жерлерди талкалап, тилмелеп түзөтүү, ал эми ийилген ойдуңдарды шиленди, талкалануунун продукциясы менен толтуруп, тегиздөө багытында иш жүргүзөт. Натыйжада тектоникалык кыймылдан пайда болгон жер бетиндеги ар кандай рельефтин формалары тынымсыз өзгөрүүгө дуушар болуп турат.

Жер бетинде пайда болгон рельефтин домпок формаларынын талкалануусу, тоо тектеринин үбөлөнүүсү климаттын ар түрлүү элементтеринин убакыт боюнча өзгөрүүлөрүнө жараша болот. Температуранын суткалык, сезондук өзгөрүүлөрү, жаан-чачын суусунун агымды пайда кылышы, тоңуп, кайра суюктукка айлануу процесси, аяздык жана механикалык талкалануу ж.б. процесстер тоо тектерин үзгүлтүксүз талкаланууга дуушар кылып, капталдык тилмеленишке, рельефтин ар кандай формаларынын түзүлүшүнө алып келет.

Атмосфералык жаан-чачындан, кар менен муздун эришинен пайда болгон суу агымы эң күчтүү экзогендик күчтөрдүн бири. Агымдын, ириде жер бети, өзгөчө эңкейиш капталдар боюнча беттик агымы бийик жерлерден минералдык бөлүкчөлөрдү үзгүлтүксүз төмөн айдап, дөбөлөрдү жылмалоого аракет кылса, кийин нукка чогулган суу анын тереңдешине, улам кеңейишине түрткү болуп, акыры өрөөндөрдү, терең капчыгайларды пайда кылат.

Тянь-Шандын бийик тоолорундагы рельефтин ар түрдүү формаларынын түзүлүшүнө байыркы жана азыркы мөңгүлөрдүн ролу эң зор. Көпчүлүк аймактарда тепши сымал өрөөндөр, жылмаланган аскалар, кой маңдайлар, тармалдашкан аскалар, кресло сымал кар, цирк формасындагы түзүлүштөр кеңири таралган. Мөңгүлөрдүн аракети менен тоо тектеринин талкаланып, төмөн карай сүрүлүп келип чогулган борпоң тектери — мореналар көп өрөөндөргө мүнөздүү.

Бардык эле бийик тоолорго мүнөздүү болгон гравитациялык процесстердин интенсивдүү жүрүшү Тянь-Шань тоолоруна да тийиштүү. Капчыгайлардын капталдарын ээлеген куюлма шагылдар, жер көчкүлөр, аскалардын урап, бөгөттөрдү пайда кылуулары сыяктуу рельефтин формалары Кыргызстанда кеңири тараган түзүлүштөр.

Тоо капталдарында, этектеринде жана эңкейиш түздүктөрдө жер алдындагы суулардын аракетинен түзүлөн рельефтин формалары да кездешет. Аларга ар кандай жер көчкүлөр, суффозия жана карст формалары кирет.

Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо системаларында эң зор рельеф түзүүчү факторлорго агын суулар менең дарыялар кирет. Агын суулар бийикте катуу тоо тектерин тилмелеп өзүнө нук түзөт, тоо капталдарынан жана өрөөндөрдүн таманынан эбегейсиз зор көлөмдөгү талкалануунун продукциясын агызып келип, тоо этектерин шилендилерге болөйт, ойдуңдарды борпоң тектер менен толтурат. Кээ бир дарыялар кырка тоолорду кесип, антецеденттик капчыгайларды пайда кылышат. Мисалы Сары-Жаз суусу Эңгилчек-Тоо, Какшаал-Тоону кесип, терең капчыгайларды түзөт. Чүй суусу Боом капчыгайы боюнча Күңгөй Ала-Тоону кесип өтөт.

Рельеф түзүүчү факторлорго кар көчкүлөр, селдер да кирет. Кээде бир гана жолу жүргөн сел, ошол өрөөндөгү агын суулардын миңдеген жылкы аракетине тете шиленди, агындыларды алып чыгышы мүмкүн.

Кыргызстандын аймагындагы азыркы рельефтин келбети неоген төртүнчүлүк мезгилинде байыркы эпигерциндик платформанын негизинде түзүлүп, кийинки көтөрүлүүлөр менен кошо улам күчөп жүргөн эрозия денудациялык процесстердин натыйжасында калыптанган.

Рельефтин ар түрдүү формалары жана типтери жалпысынан: тектоника-денудациялык, тектоника-денудация-аккумулятивдик жана тектоника-аккумулятивдик деген үч генетикалык топторго бөлүнөт. Бул топтордун негизинде Кыргызстандын аймагында рельефтин 12 тиби бөлүнгөн (Кыргызстандын Атласы).

Бышыктоо: 1)Рельеф деген эмне?

2)Анын формалары?

3)Жалпы муноздомо бер?

Жыйынтыктоо:Окуучулар бааланат.

Уйго тапшырма:§10 окуп келуу.