Просмотр содержимого документа
«Рыскулов Бийик Калыбаевич»
«ТОО-КЕН ӨНӨР ЖАЙЫ»
Аткарган:Бообекова Акылай
Жетекчиси: Рыскулов Уланбек
Тоо-кен өнөр жайы , кен казып алуу өнөр жайы - кен байлыктарды чалгындоо, аларды казып алуу (өндүрүү) жана фабрикаларда керексиз бирикмелерден ажыратуу иштерин жүргүзүүчү өнөр жай тармактарынын жыйындысы.
Бир нече тармактан турат. Алардын негизгилери: отун казып алуу(көмүр, нефть, сланец жана газ)
кен таш казып алуу (темир, марганец, түстүү, баалуу жана сейрек кездешүүчү металлдар)
Марганец
металл эмес жана жергиликтүү курулуш материалдарын казып алуу (мрамор, гранит, асбест, чопо, гипс ж. б.),
Гранит
Асбест
Чоподон жасалган идиштер
Гипс
тоо-химия сырьёсун казып алуу (апатит, калий туздары, нефелин, селитра, күкүрт колчеданы, фосфат сырьёсу)
Калий тузу
Нефелин
Селитра
Фосфат
Өндүрүштүк тармак катары 16-18к-да тез өөрчүгөн. Республика изилденген көмүр кенинин запасы боюнча Орто Азия республиканын ичинен 1-орунда.
«темир»
Нарын шаарынан 30 км чыгышта Жетим темир кен бассейни башталып, Чоң Нарын суусун бойлоп 70 км ге созулуп жатат. Жалпы запасы бир нече млрд. т. Дүйнөдөгү темир кендеринин басымдуу көпчүлүгүндө кезиккендей, бул жерде да негизинен темирлүү кварцит формациясынын түрү кездешет
Скарн
Республиканын көптөгөн жерлеринен скарн-магнетит кендери жолугат. Мындай кендердин запасы анча чон болбойт. Магнетиттин чакан-кендери Кемин, Чаек, Сумсарда, Талас жана Нарын шаарларынын тегерегинде кездешет.
Магнетит
Вольфрам
Вольфрамдын скарн жана гидротерм түрүндөгү кендери Соң-Көлдөн Сары-Жазга чейин Тянь-Шандын негизги структуралык сызыгы деп аталган жараканы бойлоп кездешет
«жез»
Жездин кендери порфир-жез жана скарн түрүндө Кеминдеги Талды-Булак, Сон-Көлдөгү Кум-Бел, Чаткалдагы Боз-Эмчек, Чандалаш тоо кыркасындагы Куру-Тегерек деген жайларда кездешет
Сымап
Сурьма
Сымап менен сурьма кендери боюнча Кыргызстан дүйнөдө көрүнүктү орунда турат жана алар негизинен Түштүк Кыргызстанда кездешет. Чаткал жана Молдо-Тоодо да ал кендердин чыккан жерлери ачылды
Алтын кендерин ала турган болсок, жалпысынан 2.5 миң кен аныкталган. Анын ичинен мамлекеттик баланска 500 тонна алтын кени алынган. Ири алтын кендердин ичинен уникалдуу деп эсептелген 200 тоннадан ашуун кору бар Кумтөр, ири деп эсептелген Жерүй, Талды-Булак-Сол-Жээк, орточо болгон Макмал, Бозумчак, Иштамберди, Алтын-Жылга, Үңкүр-Таш кендери турат.
Алтындан сырткары эки миң тоннадай кору бар күмүш, 1 млрд. тоннадан ашуун запасы бар көмүр кендери, алардан сырткары сурма, сымап, калай, сейрек кездешүүчү металлдар, алюминий кендери бар.