Пландуу жана системалуу сабак кылуу адаты болбогондордун ийгиликтери жана убактылуу болот. Узун өмүрлүү ийгиликтер, узун өмүрлүү эмгек талап кылат. Сабактын максаты:
Окуучулар сабак окуунун системасын түшүнүшөт. Сабак окуунун эрежелерин үйрөнүшөт.
Мугалим үчүн материалдар:
Бир адам иштерин жакшы пландаштырып,керектүү маалыматтарды,материалдарды топтошу мүмкүн. Бирок иштөө чөйрөсү жакшы системага туура келбеген болсо же болбосо иштөө учурунда кээ бир куралдарга маани бкрилбей жаткан болсо,күткөн ийгилигине жетишүүсү мүмкүн эмес.
Ийгиликтүү сабак окуу болуусу үчүн,төмөндөгү куралдарга маани берүүсү керек:
1. Сабак окуп жатып кээ бир проблемалардан кутулууңуз зарыл.Оюңузду бөлгөн бир канча санаркоолордон жана кыйялдануудан алылууңуз керек.
2. Иштөө чөйрөсүн сыртан келген таасирлерден арылтыңыз. Достордун,коноктордун,чоңдордун майектери, телевизор,музыканын үнү,телефон же болбосо эшектин үнү сыяктуу тышкарыдан келген үн тынчтыгыңызды бузат,иштериңизге терс таасирин тийгизет. Булардан алысташыңыз керек.
3. Акча же өтө ашказаныңыз толо убагында иштебешиңиз керек.
4. Сизге таасирин тийгизген окуялар, капалануулар,санаркоолор,толкундоолор же кээ бир күтүлүүлөр сабак окууңузду бузушу мүмкүн.
5. Ашыкча уйкусуздук, чарчоо,үзгүлтүксүз иштөө абалыңызды бузушу мүмкүн.
6. Сабак окуган жериңиз көп ысык да, суук да болбошу керек.
7. Сабак окуп жатып музыка угуу концентрацияңызды бузушу мүмкүн.
8. Сабак кылган бөлмөңүздөгү ар кандай сүрөт, афиша сыяктуу көңүлдү бурган нерселер үзгүлтүксүз кызыгууңузду таркатып, мотивацияңызга таасир этиши мүмкүн.
9. Сабак окуп жатып тез - тез отуруп - тура бербешиңиз үчүн сизге керектүү бардык курал жарактарыңызды,керектүү маалыматтарыңызды жаныңызга алып алышыңыз керек.
10. Сабак окуп жатып, убакытты туура жана таасирдүү колдонгонуңуздан көңүлүңүз ток болуусу керек.
11. Иштеп жатып үзгүлтүксүз өзүңүздү көзөмөл кылышыңыз керек.
12. Убакытты туура пайдалануу үчүн телевизордон алыс турууга аракеттениңиз же болбосо сөзсүз көрүшүңүз керек болгон программа болсо,ошол программанын убактысына эс алуу убактыңызды туштаңыз.
13. Иштеп жаткандагы эс алуулар өтө узун да кыска да болбошу керек. Көңүлдү бурбай турган даражада болуусу шарт.
14. Жазып чыккан пландарыңызга баш ийип ийбегендигиңизди сөзүз байкап турушуңуз керек.
15. Окуп жаткан бөлмөдө өтө сыгылып кетсеңиз, бөлмөлөрдү алмаштырыңыз.
16. Окууну тамактан кийин дароо эмес, бир аз эс алгандан кийин баштаңыз.
17. Иштөө убактысын 45 - 50 мүнөт, ал эми эс алуу убактысын 10 мүнөт айланасында болгону жакшы.
18. Бир сабакты аткарып жатып ошол сабакка жакын сабакка өтпөңүз. Бири - биринен айырмаланган сабактарды биринин артынан бирин койсоңуз, зээрикпейсиз жана тажабайсыз.
19. Ар күнү иштешиңиз керек. Үзгүлтүксүз, тажабастан иштөөнү улантышыңыз шарт. Акылыңызга келген ар кандай шылтоолорго көңүл бурбашыңыз керек.
20. Ар кимдин акыл - эсинин, окулган нерселерди кабыл алуу убактысы түрдүүчө. Бул убакыттарды белгилеп, сөзсүз убактысы келгенде китеп окууга олтуруу керек.
21. Китепти баштоодон мурун,китепти ар тараптан көзүңүздөн өткөрүңүз жана ал тууралуу бир пикир болсун.
22. Окуп жаткан бөлүм акырын жана көңүл коюп окулуусу керек. Маанилүү жерлеринин асты сызылса болот.
23. Жаңы үйрөнгөн нерселерди кайталап туруу зарыл.
24. Иштеп жатып өзгөчө, кыскача аныктама блокнотун колдонуу аябай пайдалуу. Эске тутууга жардам берет.
25. Сабактарды кызыгуу менен алып баруу керек.