Сабактын темасы: Тамак сиңирүү органдарынын түзүлүшү. |
Сабактын максаты: Тамак сиңирүү органдарынын түзүлүшүн үйрөнүү жана милдеттери жөнүндө билүү. | Сабактын милдеттери: Когнитивдик- Тамак сиңирүү органдары жөнүндө маалымат алышат. Жүрүм турумдук- Тамак сиңирүү органдарынын кызматын жана милдеттерин үйрөнүшөт. Баалуулук- Алган маалыматтарын айтып бере алышат, турмушта колдонууга үйрөнүшөт, тамактануу эрежелерин сактоону үйрөнүшөт. |
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди берүү. Сабактын усулу: Интерактивдүү. Сабакта колдонулуучу ресурстар: Окуу китеби, карточкалар, слайд, проектор ж.б. |
Негизги компетенттүүлүктөр: Маалыматтык: Тамак сиңирүү органдары боюнча маалымат алышат, маалыматты окуу китебинен издешет, коргоп беришет. | Предметтик компетенттүүлүктөр: 1) Сүрөттөр, илимий тексттер, жазуу жана анализдөө. |
Социалдык: Слайддан көргөн жана айтылган маалыматты кабылдайт жана тыянак чыгарат, айтып беришет. |
2) Тамак сиңирүү органдарынын кызматын түшүгдүрүү. |
Өз ишин уюштуруу, көйгөй лөрдү чечүү: Органдарды ирети менен айтып беришет жана тамактануу эрежелерин сактоону үйрөнүшөт. |
Көрсөткүчтөр: Тамак сиңирүү органдарын айтуу. Тамак сиңирүү органдарынын кызматын билүү. Тест тапшырмаларга жооп берүү. Берилген суроолорго ооз эки жооп берүү. Туура тамактануу, тамактануу тартибин билүү. |
Сабактын жүрүшү: |
Сабактын этабы | Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети | Баалоо |
Уютуруу | Саламдашуу Жоктоо (Мен дагы) | Саламдашуу (Мен дагы) | |
Үй тапшырмасын текшерүү | Карточкалар аркылуу суроо берүү | Суроолорго ооз эки жооп берүү | |
Жаңы тема Бышыктоо | Слайд аркылуу түшүндүрүү Кахоот программасынын негизинде тест алуу | Маалыматты көрүү жана угуу Телефон аркылуу жооп берүү | |
Баалоо | Көрсөткүчтөрдүң негизинде Упайлар менен баалоо. | Упай топтоо жана көрсөткүчтөргө жооп берүү | |
Үйгө тапшырма берүү. | Тамактануу күн тартибин түзүү жана тамактануу эрежелерин түзүү | Тамактануу күн тартибин түзүү жана тамактануу эрежелерин түзүү | |