Сабак учурунда окуучуларды топторго бөлүүнүн жолдору жана сабакта оюндарды уюштуруу
Топторго бөлүүнүн жолдору:
А) Жыл мезгилдерине жараша
Б) Аттардын баш тамгалары боюнча
В) Чачтардын формаларына
Г) Кийимдердин өңүнө
Д) Кызыккан хоббилерине
Е) Кызыккан сабактары боюнча
Ж) Туулган күндɵрү боюнча
И) Момпосуйлар ‘’M&S’’
К) Значоктордун түсү боюнча
Л) Тажрыйба жыланы (Эмгек стаж боюнча;1ден 3кө чейин саноо)
Оюндар:
1. Фотограф ( 6 же 7 ɵзгɵрүүнү табуу)
Сүрɵтчү сүрɵткɵ тартат жана жакшы карап ким кандай сүрɵткɵ түшкɵнүн эстеп калыш керек. Сүрɵтчү сыртка чыгат. Сүрɵткɵ түшкɵндɵр 5-6 ɵзгɵрүүнү (кийимдерди жана орундарды алмаштыруу) жасаш керек.
Сүрɵтчү келип, ошол ɵзгɵрүүлɵрдү табыш керек.
2. Кубиктер мене оюндар
Кубиктерди ыргытуу менен окуучулар суроолуу сɵздɵр менен суроолуу сүйлɵмдɵрдү түзɵ алышат, учур чак, ɵткɵн чак, келээр чак, жекелик жана кɵптүк сандарда, суроолуу, илептүү, жай сүйлɵмдɵрдү, антонимдердин түрлɵрүн ( антоним зат атоочторду- ата-эне, антоним этиштерди-ыйлоо-күлүү, антоним ат атоочторду- биз-алар жана антоним сын атоочторду- узун-кыска; ) “средний род”-жашыл тус, “женский род”- кызыл тус жана кɵк тус -“мужской роддогу” сɵздɵрдɵн аташат.
3. Сɵз тепкичи
Окуучулар тегерек болуп турушат. Оюнду окуучу каалаган бир сɵздү айтып баштайт, экинчи окуучу айтылган сɵздүн аягындагы тамга менен оюнду улантат. Ким айтылган сɵздү кайталаса оюндан чыгат. Ушул эле оюнду темалар боюнча сɵздɵрдү атап ойносо болот. Акырында ким кɵп сɵз айтса, ошол оюнчу жеңишке жетишет.
4. Кол кысышып белги берүү
Окуучулар эки топко тең бɵлүнɵт жана бири-бирине аркасын салып отурушат. Астындагы эки окуучу оюнду алып баруучуну карап отурушат. Аларга жандуу жана жансыз сүрɵттɵр, сɵздɵр кɵрсɵтүлɵт. Эгерде сүрɵт же сɵз жандуу болсо, оюнчулар кол кысышып бири-бирине белги берет. Акыркы отурган оюнчу отургучтагы буюмду биринчи алыш керек. Эгерде жансыз сүрɵт же сɵздɵ кыймыл-аракет жок болуп, оюнчу буюмду алып алса упай кемийт. Оюндун аягында упайлар эсептелинет, кайсы топтун упайы кɵп болсо, ошол топ жеңет.
5. Буюмдарды сезүү
Кɵрүнбɵгɵн баштык ичине азык-түлүктɵрдү (гречка, күрүч, кумшекер, кант, туз) жашылчаларды (картошка, кызылча, сабиз, пияз) жер-жемиштерди (алма, банан, алмурут) салып, окуучуларга карматасыз. Баштыктын сыртынан кармап кɵрүп, сезип, аларды окуучулар орус, англис жана немис тилдеринде айтыш керек.
6. Мен мен эмес
Бардык окуучулар тегерек болуп турушат жана эки-экиден болуп аттарын алмаштырышат. Оюнду алып баруучу- Гулзат деп чакырса, Гулзат ɵзу чыкпастан, атын алмашкан Айдай чуркап чыгып, Гулзатка карматпастан оюнду алып барган модераторго барыш керек. Эгер Гулзат Айдайды кармап калса, Айдай оюнду андан ары улантып, башка бирɵɵнүн атын айтат. Ал эми Гулзат болсо тренер менен түгɵй болуп аттарын алмашышат.
7. Топ менен ойноо
Оюнчулар бири-бирине бет маңдай турушуп, уйкаш сɵздɵрдɵн барак-дарак, каш-таш, кол-сол, кɵрүү-жазуу деген сɵздɵрдү айтышып топту ыргытышат. Айталбай калган окуучулар оюндан чыгышат. Кɵп жана туура уйкаш сɵздɵрдү айткан окуучулар жеңишке ээ болот.
8. Чуркоо жат жазуусу
Досканын жанына 3 отургучка 3 китеп коюлат. 3 же 4 окуучу бир топ болуп отурушат. 3 окуучу чуркашып текстти окуп, топтогу окуучуларга жаздырышат. Белгилүү бир убакыт берилет, окуучулар жазышкан тексттерин алмашып китеп менен текшеришет. Каталар эсептелинип жыйынтык чыгарылат.
9. Жашынган грамматика
Биринчи окуучу- мен күнмүн деп белгилүү артикль(род) айтат. Экинчи окуучу – мен суумун, үчүнчү окуучу- мен асманмын. Биринчи окуучу экɵɵсүнүн бирɵɵсүн тандайт жана мен суу менен кетем дейт. Калган окуучу мен асманмын деп кайталайт. Башка темага байланышкан сɵздɵр менен алмашып, оюн андан ары улантылат.
10. Жɵргɵмүштүн желеси
Окуучулар тегерек болуп турушат жана түрүлгɵн тоголок жип менен ɵзүнүн атынын баш тамагасы менен башталган сын атоочту жана ɵлкɵну же шаарды айтып, жиптин учун колуна кармап жана жипти бошотуп, бет маңдай турган оюнчуга ыргытат.
-Мен дилгир Дилбара барамын Данияга.
-Мен ажарлуу Аида барамын Австрияга.
Оюнчулар айтып бүткɵндɵн кийин, жип кайра артка түрүлɵт. Бардык оюнчулардыкын же ɵзүнɵн мурда айткан окуучунун сɵзүн ар бир оюнчу кайталап, жип түрүлɵт. Бул оюнду таанышуу ирээтинде же сабактын башында жагымдуу жагдай түзүп алыш үчүн колдонсо болот.
11. Уй-уйкана
Эки окуучу уйкана болуп колдорун кармашып , 1 окуучу уй болот. Модератор уйкана дегенде сыртындагы 2 окуучу алмашат. Уй дегенде ичиндеги окуучулар алмашат. Уй-уйкана деп экɵɵнү чогуу айтканда бардык окуучулар орун алмашат.
12. Бүктɵлгɵн окуя
Топто 6 киши кыска окуяны жазышат. Суроолор доскада илинип турат.
1 Ким?
2 Ким менен?
3 Качан?
4 Эмне үчүн?
5 Каяка?
6 Эмне кылат?
Биринчи окуучу баракка “ким?” деген суроого бир жандуу же жансыз зат атоочту жазып, бүктɵп, эч кимге кɵрсɵтпɵй экинчи окуучуга берет.Аягында кыскача күлкүлүү окуя келип чыгат.
13. Буйрук берүү
Бардык окуучуларга стикер же кичинекей барак таратылат. Ал барактарга бирден буйрук жазышат. Тегерек туруп буйруктар оң жакты кɵздɵй берилет. Андан соң сол жакка берилет. Буйруктар алмашат, ошондо буйрукту жазган окуучу ɵзү аткарып калат.
14. Фигуралар менен ойноо
Окуучулар тегерекке, ал эми бирɵɵ ортого турат. Ортодогу оюнчу сɵмɵйү менен бир окуучуга кɵрсɵтүп, бир фигуранын атын айтат.
А) Маймыл- ортодогу окуучу кɵзүн жумат, оң жагындагы окуучу кулагын, сол жагындагы оозун жабат.
Б) Кенгуру- ортодогу колун астыга тоголок кылып созот жана “лу-лу-лу” деп жем берет, эки капталындагылар колун чɵнтɵгүнɵ салат.
В) Бука- ортодогу окуучу эки бармагы менен мүйүз жасайт, ал эми оң жана сол жагындагылар жердин чɵбун буту менен тырмалайт.
Г) Пил- ортосундагы эки колун сунуп мурдун жасайт, капталдагы экɵɵ кулактарын жасайт.
Д) Кир жуугуч машина- ортодогу тоголок сымал айланат, экɵɵ колун сунуп тоголок формасын жасайт.
И) Пальма- ортодогу окуучу эки колун ɵйдɵ кɵтɵрɵт , калган экɵɵ болсо бийлеп турат.
Эгерде бирɵɵ туура эмес кыймылды жасап, фигураны алмаштырып алса, ал ортого туруп, оюнду улантат.