Просмотр содержимого документа
«Сабакты гуммандаштыруу менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу»
Сабакты гуммандаштыруу менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу
Кыргыз элинин айтылуу акыны Жоомар Бѳкѳнбаев мугалим жѳнүндѳ тѳмѳндүдѳй ыр саптарын айткан:
Караңгыдан жарыкка,
Алып чыккан мугалим.
Калыс сѳзүн дайыма,
Айтып турган мугалим.
Кесиптердин эң улуусу мугалим. Мугалимдик кесип кыйын, татаал, жоопкерчиликтүү, бирок эң кызыктуу. Мугалим болуш үчүн адамдан чоң талант, шык талап кылынат. Мугалим-бул коомдун күзгүсү. Мугалим-бул ар бир адам затына жакшылыкты ыраа кѳргѳн, ар бир окуучусу үчүн жанын берген ак кѳңүл, турмуштун эң керектүү Адамы деп айтсак эч жаңылышпайбыз.
Менин алгачкы мектеп күндѳрүмдѳгү эжекемдин бизге жасаган мамилеси, сабакты ѳтүшү, ар бир кыймылы күнү бүгүнкүдѳй эсимде. Жылуу мамилеси менен терең билимин берип, адамдын эң жакшы сапаттарына тарбиялап, турмушта туура жол кѳрсѳткѳн мугалимдер ыйык адамдар деп айтсак туура эмеспи. Менин мугалимдик кесипти тандап алышыма ал адамдын таасири чоң. Мына ушул айтылгандай аруу сезимдүү адамдын эмгегин кѳрүп отуруп, ѳзүмдүн алгачкы окуучулук күндѳрүмдѳн тартып, мугалим болууну самачумун.
Информатика жаңы илимдердин катарына кирүү менен, коомдо тез ѳнүккѳн, жаңылыкка аябай бай илим болуп эскптелинет. Мына ушуга байланыштуу окуучулардын компьютерде иштѳѳ маданияттуулугун кѳтѳрүү максатында мен “Информатика сабагында окуучуларды компьютерди колдонуу менен кесиптик чѳйрѳсүндѳ моделдерди түзүүгѳ үйрѳтүү жана компьютерде иштѳѳ маданиятуулугун жогорулатуу” деген темада иштеп келем.
Америкалык улуу инсан Томас Джефферсон: “Элдин бактысы анын билимине жараша болот” деген экен. Анын сыңары кыргыз элинин бактысы үчүн мугалимдер билимдүү адамдарды тарбиялоого аракеттерди жасап келебиз. Окуучулар – бул келечектин ээлери. Алардын келечеги биздин колубузда. Мен үчүн ар бир окуучу асыл адамдар. Алардын ар бирин түшүнүү менен менде болгон билимди уюткулуу кылып берүүгѳ аракет кылам. Мугалим катары, ѳзүмдүн окуучуларымды руханий асыл ойлорго муюган, ыймандуу, аруу, адептүү, абийирдүү, ар намыстуу, жан дүйнѳсү таза жана кең пейил болууга тарбиялаймын.
Акыркы жылдары коомдун ѳнүгүүсү менен бирге билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, окутуунун жаңы методдору колдонулуп келе жатат. Окутуунун жаңы ыкмаларынын негизинде ар бир мугалимдин жеке философиясы ѳзгѳрүүсү керек. Мунун негизинде окуучуларды эркин сүйлѳѳгѳ, ѳз алдынчалуулукка, кабарлашып окууга, убакытты туура пайдаланууга, ѳздѳрү жыйынтык чыгарууга багыттайбыз.
Белгилүү физик, В. Гейзенберг “... жѳнѳкѳй тил менен түшүндүрүлгѳн материал ал предметти тез жана терең ѳздѳштүрүүгѳ шарт түзѳт” деген. Мен ѳз предметим техникага байланышканына карабастан, жѳнѳкѳй тил менен түшүндүрүүнүн үстүндѳ иштеп келем. Бул үчүн мага азыркы окутуунун жаңы ыкмалары жардам берет.
Мен ѳз кесибим менен сыймыктанамын. Билим берген окуучуларымдан келечекте кѳп ийгиликтерди күтѳмүн, алардан эң мыкты адистер чыгат деп ойлоймун жана кыргыздын татыктуу уул кыздары болот деп ишенемин.