Сабактын аты: Кыргыз тили. Классы: 7 “ ж__”. Мөөнөтү: 27.03. 2023-жыл.
Мугалими: Андабасова Эльнура Жакутовна.
Сабактын темасы: Сүйлөмдүн ээси жана баяндоочу
№
Негизги компетенттүүлүк
Маалыматтык: Тема боюнча жаңы түшүнүктөргө ээ болот жана билимдерин кеңейте алышат
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү ,
Предмет аралык байланыш: орус тили
Социалдык- коммуникациялык: Баарлашуу учурунда өз оюн далилдүү берүүгө жана башкалардын оюн уга билүүгө көнүгүшөт
Сабакта колдонулуучу усулдар: комбинацияланган
Сабакта колдонулуучу ресурсттар: окуу китеби, карточкалар
Өз оюн уюштуруу жана көйгөйлөр: Окуучу жеке , жупта, топто көнүгүүлөрдү аткарат, аныктамаларды айтат , өз ойлорун ортого салып, кайра жооп бере алат.
Сабактын максаты:
Күтүлүүү натыйжалар:
1.Билим берүүчүлүк:
Окуучулар сүйлөмдүн баш мүчөлөрү (ээ, баяндооч) боюнча маалымат алышат.Сүйлөмдүн ээси сүйлөмдөгү негизги ойду билдирерин түшүнүшөт
Теманы түшүнөт жана айтып бере алат
Сабакка болгон кызыгуусу артат
Суроо берип,кайра жооп бере алат
Көнүгүүлөрдү аткара алат
Талдоо жүргүзө алат
Эрежелерди айтып бере алат
2. Өнүктүрүүчүлүк:
Сүйлөмдүн ээ жана баяндоочунун орус тилинен айырмачылыгын айта алышат. Сүйлөмдөн ээ,баяндоочту таап , суроо бергенди билишет
3.Тарбия берүүчүлүк:
Ынтымактуулукка,ата-энени сыйлоого, таза жазууга тарбияланышат
Сабактын жүрүшү
№
Сабактын баскычтары
Убакыт
Мугалимдин ишмердүүлүгү
Окуучунун ишмердүүлүгү
1. Уюштуруу 3 мин
2. Окуучулар менен саламдашат
Класстын ички тазалыгына көзөмөл салат
Окуучулардын сабакка даярдыгын көзөмөлдөйт
Окуучуларга жагымдуу маанай уюштурат
Окуучу мугалим менен жагымдуу маанайда учурашат
Классты мугалим келгенге чейин сабакка даярдашат
Сабакка даяр отурушат
Дежур окуучу класс кыймылы жөнүндө маалымат берет
2. Үй тапшырманы суроо 2 мин.
Мугалим үй тапшырмасын сурайт,текшерет
Өтүлгөн теманы кайталатат,суроо-жооп уюштурат
5-класста өтүлгөн материалдарды кайталап, айтып беришет.Берилген суроого эркин жооп берет
Окуп келгендерин айтып берет
2. Актуалдаштыруу 1 мин
Мугалим сабактын темасын,максатын айтат жана түшүндүрөт
Мугалим окуучулардын билимин текшерип алуу максатында тема жөнүндө сурап алат
Окуучу сабактын темасын , максатын угат жана түшүнөт
Окуучулар тема боюнча билгендерин эркин айтып бере алышат,жооп беришет
3.Жаңы тема: 5-10 мин
Мугалим жаңы тема боюнча кенен маалымат берет
Башка сүйлөм мүчөлөрүнө көз каранды болбой, сүйлөмдүн негизин түзгөн мүчөлөр баш мүчөлөр деп аталат.Мисалы: Окуучулар ырдашты. Жумушчулар келишти. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү экиге бөлүнөт.
Баш мүчөлөр: Ээ Баяндооч
1-көнүгүү. Диалогду окуп, толукташат.
2-көнүгүү. Суроолорго жооп жазышат.
4- көнүгүүнү жазып, сүйлөмдүн ээ, баяндоочун табышат
Кооз үч кайың өсүп турат. Кайыңдын өзөгү кулады.
Бышыктоо: 20-22 мин.
Мугалим китептен көнүгүүлөрдү берет
Карточкалар менен иштетет
Талдоо жүргүзүүгө үйрөнөт
Окуучулар билгендерин айтышат, аткарышат
Жеке, жупта, топто иштей алышат
5.Рефлексия 3 мин
Окуучулар берилген суроолорго ар тараптуу жооп беришет
Баалоо: 3 мин
Мугалим окуучулардын билгендерине,айтып бергенине,жооп бергенине, сабакка катышканына карап баа коёт
Кээде окуучулар бири-бирин баалашат
Мисалы: Сен азаматсың.
Сен сабакта мыкты иштедиң.
Сен мындан дагы жакшы жооп берсең болмок.
Тапшырма: 1 мин. Эне жүрөгү деген тексти окуп,суроолорго жооп беришет