СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын планы. Германиянын биригиши

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Сабакты изилдөө" методикасынын негизинде тузүлгөн сабактын планы. 

Просмотр содержимого документа
«Сабактын планы. Германиянын биригиши»

Сабактын темасы: Германиянын биригиши

8- класстар

Сабактын формасы: жаңы теманы өздөштүрүү, топтор менен иштөө, окуп түшүнүүнүн формасы

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабактын усулу: Класстер, интерактивдүү оюндар, сөз куроо, өңдөр менен иштөө, пикир алмашуу

Сабактын жабдылышы: Кызыл, сары, кара түстөгү кагаздар, ватман, презентация, онлайн оюндар, панелдик доска, фломастерлер жана скотч, түстүү чүкөлөр (ак, көк, кызыл)



Максаттар:

Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар көрсөткүчтөр:

Сабактын максаты: Окуучулар Германиянын биригишинин тарыхый шарттарын, себептерин жана негизги окуяларын түшүнүшөт. Германиянын биригүүсүнө салым кошкон негизги инсандар (мисалы, Отто фон Бисмарк) жана мамлекеттер тууралуу маалымат алышат.

Германиянын биригишинин себептерин жана натыйжаларын, андагы инсандардын ролу жөнүндө маалыматка ээ болушат

Тарыхый фактылар менен иштөөнү, окуялардын себеп-тесир байланышын аныктоону үйрөнүшөт. Окуучулар өз оюн айтууну маалыматтарды салыштырууну анализдешет:

патриоттук сезимди, улуттук биримдиктин маанисин түшүнүүгө жана башка элдердин тарыхынан сабак алууга умтулуусуна калыптанышат

Окуучулар Германиянын биригиши тууралуу жаңы билимдерди, маалыматтарды алышса, Окуучулар Германиянын биригүүсүнүн негизги этаптарын, себептерин жана тарыхый маанисин так айтып бере алышса. Отто фон Бисмарк сыяктуу маанилүү тарыхый инсандарды жана алардын ролун түшүндүрө алышса

Тарыхый окуяларды убакыттык иреттүүлүк менен тариздеп айтып берүүгө (хронологиялык тартипте) үйрөнүшөт. Салыштырууну жана жыйынтык чыгарууну колдоно алышат (мисалы, Германиянын биригүүсүн башка өлкөлөрдүн тарыхый процесстери менен салыштыруу).

Негизги компетентүүлүк:




Предметтик компетенттүүлүк:

  1. Маалыматтык компетентүүлүк

  2. Социалдык коммуникативдик

  3. Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:



1. Хронологиялык жана картографиялык

2. Тарыхый цивилизизациялык

3. Этномаданий

4. Социалдык-жарандык









Сабактын этаптары

Иш-аракеттер

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

Убактысы

1. Уюштуруу

Окуучуларды 3 топко бөлүү (Кызыл, Кара, Сары түстөр аркылуу)

Топторду уюштурат, инструкция берет

Берилген түстөр боюнча топторго бөлүнүшөт

5 мин

2. Үй тапшырмасын текшерүү

"Италия 19-кылымда" темасы боюнча ватманга пицца формасында суроолорду жайгаштыруу

Байкоо жүргүзүп, талкууну уюштурат, суроолорго карата окуучулардын жообун текшерет. Туура жооп бергендерге түстүү чүкөлөр берилет.

Топтор даярдаган суроолорун ватманга жайгаштырышат, түшүндүрүшөт

10 мин

3. Мээге чабуул

Отто фон Бисмаркты жасалма интеллект аркылуу сүйлөтүп көрсөтүлөт.

Видео материалды көрсөтөт

Инсан тууралуу кыскача айтып берет жана окуучулардын көңүлүн сабаккка бурат.

Көрүп, көңүл бурушат

1 мин

4. Логикалык ой жүгүртүү

"1 сүрөт – 1 сөз" иши аркылуу Италияны, Францияны жана Германияны табуу

Сүрөттөрдү көрсөтөт, суроо берет. Туура жооп бергендерге түстүү чүкөлөр берилет.

Сүрөттөн Италия, Франция Германияны таап, жооп беришет. Туура жооп бергендер чүкө алышат

5 мин

5. Жаңы теманы түшүндүрүү

Мугалим Германиянын биригиши тууралуу түшүндүрөт (Отто фон Бисмарк, Пруссия, согуштар ж.б.)

Теманы кеңири түшүндүрөт, карта жана визуал материалдарды колдонот. Презентация колдонулат.

Угуп, эске сактап, суроолор беришет

10 мин

6. Бекемдөө этаптары

"Билим тайм" кейс суроолору (5 мин)
Тамгалардан сөз түзүү (2 мин)-Онлайн оюну

Кейс суроолорду берип, тапшырмаларды түшүндүрөт

Топтор менен иштешет, суроолорго жооп берип, сөздөрдү курашат

7 мин

7. Баалоо

Чүкөлөрдүн жардамы менен жакшы катышкан окуучуларды баалоо.

Эң көп чүкө чогулткан окуучуларга “5” андан салыштырмалуу азыраак “4”

Чүкөлөр аркылуу окуучуларды баалайт

Баалоону кабыл алышат,

2 мин

8. Практикалык иш

Германиянын желегин түзүү (түстүү кагаздар менен)

Нускама берип, кагаздарды камсыздайт

Түстүү кагаздарды бириктирип желек түзүшөт

2 мин

9. Үй тапшырма берүү

10 суроодон турган тест түзүү жана теманы окуп келүү

Тапшырманы түшүндүрөт, жаздырат

Тапшырманы жазып алышат

2 мин