СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын темасы: Таранчы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабактын темасы: Таранчы»



Сабактын темасы: Таранчы

Сабактын максаттары:

билим берүүчүлүк: чыгарманы топтордо окуп чыгып, анын мазмунун түшүнө алат; түшүнгөнүн өз сөзү менен адабий тилде сүйлөп бере алат; алардын мүнөздөгөн саптарды чыгармадан таап,көрктүү окуп бере алат; таранчынын эмне үчүн кышында ачка калганын түшүнө алат.

өнүктүрүүчүлүк: өз оюн эркин далилдүү айта билүүгө машыгат.

тарбия берүүчүлүк: эмгек кыла билүү, боорукер болуу керектигин түшүнөт; топтордо бирин-бири угуп, сый мамиледе болууга үйрөнөт.



Сабактын тиби: жаңы билимди калыптандыруу

Сабактын формасы: кичи топтордо иштөө

Сабактын жабдылышы: № 1,2,3,4,5 тиркемелер.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим балдарга мындай суроо менен кайрылат:

-таранчы тууралуубилгениңерди айтып көргүлөчү?

Окуучулар таранчы жөнүндө бири-бирине өз пикирлерин айтуу менен ой бөлүшөт.

  1. Инсерт белгилери боюнча таблицаны толтуруунун эрежелерин окуучуларга түшүндүрүп, аны дептерлерине жазышат.

  2. Аларга текст(№1тиркеме) таркатылат. Окуучулар аны окуп жатып, ар биринин тушуна таблицадагы белгилерди коюшат.

  3. Адегенде жекече өзү мурда билген, андан кийин жаңы темадан алган маалыматтары боюнча дептердеги таблицаны толтурушат.

  4. Суукта ачка калган таранчы”, “Таранчы жалдырап дан сураганы”, “Ак кептер менен сүйлөшкөнү”, “Таранчынын уят болушу” деген аталыштагы карточкалар 4 топко бирден таркатылат. Берилген №2,№3,№4,№5 тиркемелерди окуп чыгышып, түшүнүксүз болуп жаткан саптарга белги коюшат, талкуулашат.

  5. Потенциал: ИНСЕРТ ыкмасы аркылуу эмнени билерин жана жаңы анализдеп, белгисиз, түшүнүксүз маалыматтарды системалаштырып, биргелешип иштөө көндүмдөрүнө ээ болушат.



Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

  1. Эмне үчүн таранчы кышында ачка калып, кыйынчылыкка туш болду?

  2. Таранчынын “Жазында карызымды берем” дегенине тоок ишендиби? Эмне үчүн?

  3. Тооктун таранчыга “Беленге көнгөн сендейге бере албайм, айтпа бекер кеп” дегенин силер кандай түшүндүңөр?

  4. Гүлжан кептерге эмне үчүн жем чачты?

  5. Таранчы кептерге эмне деп жалынды? Ошол жерин чыгармадан таап, үн чыгарып окугула.

  6. Эми таранчынын абалы кандай болот деп ойлойсуңар? Өз оюңарды айтып бергиле.

  7. Таранчыга силер кандай мүнөздөмө бересиңер?

  8. Бул ыкма менен иштөөдө эмнелерди үйрөндүңөр?

№1 тиркеме


“-“- муну билем

“+”-жаңы билдим

“?”-муну түшүндүм

-таранчы кичинекей канаттуу.

-дан, курт-кумурскаларды жейт.

Сайрайт.







-таранчынын жалкоо экендигин;

-тоок, ак кептерден жалдырап дан сураганын;

-таранчынын жайында эмгек кылбай, дыйкандын данына зыян келтиргенин;

-жалкоо болсо ачка каларын;

-жалкоону баары жаман көрүп, сыйлабасын ж.б.



Инсерт ыкмасы аркылуу анализдеп жыйынтыкташат.

Үйгө тапшырма:Чыгарманы кайрадан окуп чыгуу.