1 | Уюштуруу Шыктандыруу | -Саламатсынарбы балдар! Сабакка даярбызбы? -Маанайынар жакшыбы ? -Анда балдар жагымдуу маанай түзүп алалы. Жазгы күндөй жаркырап Биз көңүлдүү, биз курак Биздин максат биздин иш Ырыс алды ынтымак. -Азаматсыңар! эми алтын эрежени айтып койгулачы? -Балдар, балыктай туйлабай, ташбакадай кыбырабай, короздой кыйкырбай улактай секирбей, аарыдай ызылдабай сабакка активдуу катышабыз. | Окуучулар мугалим тараптан берилген суроолорго жооп беришет, өз ойлорун айтууга аракет жасашат. | НК3 | ПК1 ПК2 | “Азамат сыңар” дагы эмнени билесиңер деген сыпаттама. |
2 | Өтүлгөн сабакты кайталоо | -Балдар өткөн сабакта буга чейинки өтүлгөн темаларды кайталадык. Өтүлгөн сабакты суроо-жооп аркылуу бышыктап алам. -Силер кандай тыбыштарды билесиңер? -П тыбышынан башталган сөздөрдү айткылачы? -П тыбышы кандай тыбыш? -Келгиле балдар П тамгасына башка тамгаларды кошуу менен сөз түзөбүз? М: ка-ко, ку-кө | Окуучулар өткөн сабакты эске түшүрүп, кайталашат. Эгер жооп туура эмес болуп калса, мугалим жана окуучулар толукташат. | НК1 НК2 | ПК1 ПК2 | Дагы кимиңер кандай ойду айта аласыңар? Калыптан дыруучу баалоо |
3 | Жаңы тема | Мугалим сабактын темасы жана максаты менен тааныштырам. -Балдар, айткылачы сүрөттөн эмнелерди көрүп турасыңар -Туура, бул нерселердин баардыгы кайсы тыбыштан башталды? -Демек бүгүн биз Кк тамгасы жана К тыбышын үйрөнөбүз? -Тыбышты - угабыз, айтабыз. Тамганы – көрөбүз, окуйбуз, жазабыз. -Келгиле балдар, К тыбышынан башталган сөздөрдү айткылачы? К тыбышы үнсүз тыбыш экенин түшүнүшөт. Кк тамгасынын жазылуу эрежесин үйрөнүшөт. -Эми Кк тамгасын абага жазабыз. -Келгиле балдар, к тыбышына сүйлөм түзөлү. | Окуучулар сабактын темасы жана максаты менен таанышышат. Мугалимдин берген суроолоруна жооп беришет. К тыбышынан башталган сөздөрдү табышат. | НК1 НК2 | ПК1 ПК3 ПК4 | Окуучулар га сыпаттама баалар берилет |
4 | Эс алуу мөөнөтү | “Жаңылтмай” оюну ойнолот. 1-окуучу алма деп атайт, 2-окуучу өңү, түсүн бат-баттан айтышы керек. М: Өрүк-сары, алма-кызыл, лимон-сары, дарбыз-жашыл. | Көнүгүүнү аткарышат. | НК2 | | |
5 | Бышыктоо | Мугалим окуучулардын билимдерин бышыктоо максатында суроолорду берет. -Булар эмнелер? -Баш кийимдердин өңү кандай? -Демек ак деген сөздө кайсы тыбыш катышты? | Окуучулар берилген суроолорго өз алдынча жооп беришет. Cөздөрдү муундап окушат. Мугалимдин суроолоруна жооп беришет. | НК1 НК2 | ПК2 | Калыптан дыруучу баалоо |
6 | Жыйынтыктоо | Сабакка активдүү катышкан окуучулар быйтыкчалар менен бааланышат. -Азаматсыңар балдар бүгүнкү сабакка баардыгыңар активдүү катыштыңар. Бүгүнкү сабакты жыйынтыктайбыз. | Сабакты жыйынтыктап, быйтыкчаларга ээ болушат. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 | Мугалим ар бир окуучуну өзүнчө сыпаттама баалар менен баалайт. | |