СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Саякбай Каралаев

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу манасчы Саякбай Каралаев

Просмотр содержимого документа
«Саякбай Каралаев»

Саякбай Каралаев Саякбай Карала уулу 1894-жылы азыркы Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң кыштагында туулган. «Атам да, чоң атам да өтө жоош, момун адамдар экен»— деп, эскерет манасчы өзү. Саякбай төрөлгөндөн көп узабай анын үй-бүлөсү оор турмуштун айынан Жети-Өгүзгө көчүп барып, болочок манасчынын балалык күндөрү ошол жакта «Көл» деген жерде өтөт. Карала минип жүрүп өлтүрүп алган асый чыкма аттын төлөмөрү үчүн Саякбай он үч жашынан тартып Төлөбай аттуу агасы экөө Жыкы деген дунганга малай жүрөт. Эки адам үч жыл кызматын кылса да сүттү сүткө, майды майга кошуп туудурган байдын төлөмдөрүнөн кутула албай коюшат. Акыры Семиз-Белге качкан эсепте кайра көчүп келишет. Карала үй-бүлөсү менен Орто-Токойдогу бекетте сарайчы болуп оокат кылып турушат. 1916-жылкы үркүндө качкан эл менен кошо Сары-Жаздын Көөлүсүнө чейин барып, унаасы начар жармачтардын катарында андан ары кете албай, Көөлүдө туруп калышат. Ошол шарттагы эл башына түшкөн оор ачарчылыкта Түргөндү ашып келип уурданып аңыздан баш терип кетип жүрүп жан багышат. Бирок, жашоо деген жашоо да, Саякбай ошол катаал учурдагы кыйынчылык күндөрүндө үйлөнүптүр. Эл кайта баштаганын угушуп жерине кайткандардын биринчилеринен болуп Караланын үй-бүлөсү кайра Көлгө келип, Саякбай Кара-Кол (Пржевальск) шаарында тергөөчү болуп иштеген Шпилкевич аттуу адамга малай жүрөт. Падышанын тактан кулаганын ошол кишиден угат. Манасчылык кесиптеги элге кеңири белгилүү болгон, бирок ошого карабастан бүгүнкү күнгө чейин илимде аягына чейин так жооп алына элек сырлардын бири — өнөр ээсинин кесипти үйрөнүүдөгү биринчи кадамын түш көрүүдөн баштоосу. Адатта чоң манасчыдан тартып чала манасчыга чейин эпостун ар бир айтуучусу өз өнөрүн түш көрүү менен байланыштырат, бирөөдөн үйрөнгөн үчүн эмес, түш көргөн үчүн гана «Манасты» айтып калдык дешет. Бул сөздү башкалар сыяктуу эле Саякбай да айткан. Саякбайдын түшүнө Манас эки жолу кирген экен. Анын өз айтуусу боюнча биринчи көргөн түшүнүн кыскача мазмуну мындай: Караланын үй-бүлөсү Орто-Токойдогу бекетте турган учурда Кылжыр аттуу адам экөө азыркы Орто-Токой суу сактагычы турган жерде жашаган азык элине жарамазан айтып барышат да, тапкан олжолорун бөлүп алышып, Саякбай түн катып үйүнө кайтат. Жолдо келатып бир кичинекей туура суунун кечмелигинен өтө берерде үйдөй чоң таш бар экен, ошонун жанына жеткенде өзгөчө заар ачуу үн угуп, эси ооп калат. Эңги-деңги эсине келип караса баягы кечмеликтеги чоң таш таш эмес эле чоң боз үй болуп калыптыр. Бир аял: мен Каныкей болом, «Кылымдын баары козголуп, Кырк эки түмөн кол болуп, Аз гана эмес мол болуп»... Кол жүрүп, казат башталып баратканда ырас кезикпедиңби. Ошол колго бараткандардын тамагынан түшүп ичип кет, айланайын дейт. Боз үйгө кирген Саякбай чоң-чоң табактарга толтура кылып жылкынын этинен туурап кыдырата коюп койгонун көрөт да чекесинен бир табактагы этти жей баштайт. «Ай балам, ар табактан бир чымчымдан ооз тийип чык» — деген аялдын кеңешин аткара албайт: кийгени жаргак шым экен, суу сугарып жүрүп ал улам суу болуп, кайра кургап чолоюп кирип, тизесине чейин чыгып түрүлүп кеткендиктен жылаңач буту көрүнүп турганынан жазганып өйдө туруп кыдырата турган табактарды кыдыра албайт. Аңгыча бир нерсе жарк дегендей болуп, боз үй жок болуп кетет. Тура калса алдында эбегейсиз чоң ат минген бир чоң киши турган болот. Ал: «Астыга салса ак жолтой, Айдап жүрсө сан колдой, Абаң Бакай мен болом, - дейт да, көп кол менен жол жүрүп баратышканын айтат. 6-7 жылдан кийин жомокчу болуп чыгасың, тос балам колуңду, гүлазыктан берейин дейт. Кызыл көөкөрдөн колуна куюлтуп салып берген актаган тарууну атчандын сунушу боюнча жеп жиберүү үчүн оозуна салса кычыраган эле кум экен. «Жут дегенде жут» — деген атчандын талабынан коркуп какап-чакап жатып араң жутат. Бакай Саякбайга жанындагы адамдарды тааныштырат. Манасты көргөзөт. Манас, «Майлаган буудай жүздөнгөн. Күүгүм туман көздөнгөн» -арстандай киши экен. Анын арт жагындагысын: «Сары талдан сайдырган Талы калган Бээжинде, Сары алтындан жасаган Тагы калган Бээжинде. Каканга калган жыйганы, Каалаганы ыйманы». Мына көрүп алгын: «Узун бойлуу кен далы, Ары балбан, ары шер, Айсарала ат минген, Азиз кандын жалгызы» —ушул деп Алмамбетти көргөзөт. Алмамбет сулуу киши экен. «Туурасы жоон, бою пас, Тулку бою кара таш, Билеги жоон, таш жүрөк, Пил мүчөлүү бадирек, Алышса адамдын күчү жетпеген, Арстандын тиши өтпөгөн Бул Акбалтанын Чубагы, Ааламды буй кылган Арстандын бири бу дагы» — деп Чубакты көргөзөт. Чубак сары сур, жоон киши экен. Анан Сыргакты, кырк чоронун баарысын көргөзүп чыгат да «Эми кош бол, бар балам, 6 жылдан кийин жомокчу болосуң» —дейт да, батасын берип жөнөп кетишет. Өңүндө көргөнү менен түштүн ортосундагы бул галлюционациялык белги жаш Саякбайга өзгөчө зор таасир берсе керек. Ошондон кийин ал көпкө чейин токтоно албай, өзүнөн өзү толкунданып, делбеленип жүрөт. Ойго да урунуп, тоого да урунуп, зоодон куладым, суудан актым, өлбөдүм. Ал болбосо өлүп калат элем, жеңем кайтарып жанымды алып калып жүрдү. Ошентип жүрүп эл үрктү, акыр-такырга жолуктук»— делип белгиленет манасчынын өз эскерүүсүндө анын өмүр жолунун бул учуру. Кийин аскерде кызмат өтөп жүргөндө Алмамбет түшүнө киргенин, ошондон кийин солдаттардын арасында «Манас» айта баштаганын эскерет манасчы. Чынында эле ошол 30-жылдардын баш чендеринен тартып, С. Каралаев манасчы катары коомчулукка билинип, 1935-жылдан тартып андан эпостун тексттери жазыла баштайт. 1936-жылдан тартып артисттикке өтүп, 1939-жылы Кыргыз ССРинин Эл артистти деген ардактуу наам берилет. С. Каралаев кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасынын жана андан кийинки декадалардын катышуучусу. Саякбай манасчынын советтик кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү орчундуу эмгеги жогору бааланып, ал үч жолу Эмгек Кызыл Туу, бир жолу Ардак белгиси ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин ардак грамоталары менен сыйланган. Саякбай Каралаев 1971-жылдын 7-майында 77 жаш курагында Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайтты. Саякбай жалаң гана манасчы эмес, жалпы эле кыргыздардын оозеки көркөм чыгармачылыгын мыкты билген, көптөгөн үлгүлөрүн өзү да аткарган адам болчу. Сагымбай Орозбаков Сагымбай 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга деген жерде туулган. Сагымбай 12—13 жашында атасы Орозбак өлүп, жетим калат. «Манас» айтууга 15 —16 жашынан тартып киришет. 1916-жылкы үркүндө эл менен кошо кытай жерине барып, ал жактан1917-жылы кайткан. 1922- жылдын жай айынан тартып «Манасты»жаздырууга киришип, биринчи бөлүгүн 1926-жылдын августунда жаздырып бүтүргөн. 1930-жылы Кочкордо дүйнөдөн кайткан. Сагымбай «Манасты» эң алгач өз алдынча тың манасчы эсептелген агасы Алышерден угуп үлгү алган деп болжолдошко болот, бирок белгилүү изилдөөчү К. Рахматуллин: «Шапак манасчынын айтуусуна караганда, кадимки Тыныбек манасчынын мугалими Чоңбашты (Нармантайды) биринчи жолу уккан, Сагымбай абдан кызыгып, «Манасты» үйрөнүү үчүн Чоңбашты ээрчип кетмек да болгон»,— деп жазат. Чынында Сагымбайдын «Манасты» биринчи жолу кимден угуусу, кимден эң алгач таалим алуусу анын чыгармачылык жолунда чоң мааниге ээ көрүнүш. Бирок, ушул жерде бир нерсени эстен чыгарбоо зарыл: манасчылардын чыгармачылыгындагы жалпы мурдатан кабыл алынып келе жаткан салт боюнча болочок манасчы алгач укканын бүт өмүрү бою ошол калыбында сактоого милдеттүү болгон эмес, тескерисинче, өзүнөн улуу, же таланты жактан жогору турган жомокчулардан уккандарынын көңүлүнө жагып, туура деп түшүнгөндөрүн өз репертуарына кабыл алып кеңири пайдаланган. Ушуга ылайык ал өз вариантын түзүүдө өзү уккан ар бир башка манасчынын вариантындагы артык үлгүлөрдү чыгармачылык менен сиңирип, өздөштүргөн. Адатта бул элестүү саптар тигил манасчыныкы, бул эпизод мунуку деш болгон эмес, ар бир талант тарабынан жаратылган табылга эл арасына таралуу күнүнөн тартып ар бир башка, же жаш айтуучу үчүн да эгер ал кааласа анын өз табылгасы болуп кала берген. Угуучулар бул жерин, же бул сапты сен тигинден үйрөнүп алыпсың деп айтуучуга күнөө койгон эмес, тескерисинче, мурда элге кеңири тараган, же эл жакшы кабыл алган үлгүнү чен катары алып, жаш манасчыга, же талант жактан анча эмес айтуучуга бул жерин тигил чоң жомокчу мындай айтат, сеники мобул жактан ага жетпейт экен деген сын берип, талап койгон. Кыскасы, «Манас» өзү кандай жалпы элге орток чыгарма болсо ар бир жомокчу тапкан артык табылга да так эле ошондой жалпыга орток көрүнүш, так мына ушул салтка ылайык ар бир айтуучу башкалар иштеп чыккандардын бардык мыкты үлгүлөрүн өз менчиги катары кеңири пайдаланып гана турмак, эч качан мобул жерди тигинден үйрөндүм деген сөздү айтуучу да эмес. Андай талап коюу эч кимдин оюна да келбей турган адаттагы көндүм иш эле. Сагымбай да өз вариантын түзүүдө ушул ыкты кеңири пайдалангандыгында шек жок. Ага таандык варианттын жогорку көркөмдүк касиети мунун эң ачык күбөсү. Албетте, элге жаккан, бардык жактан шай келген вариант түзүүдөгү жомокчунун өз талантынын деңгээлин такыр эле эсептен чыгарып салууга болбойт, бирок, ошону менен бирге эле ал манасчы өзүнөн мурдакылар иштеп чыккандарды кандай өздөштүрө алгандыгы чечүүчү мааниге ээ көрүнүштөрдүн биринен. Сагымбайдан «Манасты» жазуу иши башталганда ал адам 55 жаштагы курагы болгон. Буга чейин ал жаш кезинен тартып эле өз доорунун эң чоң жомокчуларынан таалим алып, элге кеңири белгилүү манасчылардын артык табылгаларын кенен өздөштүрөт (албетте, ошол Сагымбайга таалим берген ар бир чоң жомокчунун өзү да так эле ушундай жолду басып өткөндүгү, өзүлөрүнө чейинкилердин табылгаларын өздөштүргөндүгү да шексиз) жана талантынын күчүнө жараша өз табылгаларын да кошумчалайт. Бул эки фактор ар бир манасчынын чыгармачылыгында чечүүчү мааниге ээ. Сагымбайдын кимдерден таалим алгандыгы жөнүндө «Манастын» көрүнүктүү изилдөөчүлөрүнүн бири К. Рахматуллин колдо болгон жана ошол кездерде кары адамдардын берген маалыматтарына таянып: «Сагымбай ошол учурдагы чоң манасчылардын бардыгын дээрлик угат. Ал Чоңбаш, Тыныбек, Найманбайларды гана эмес, Балык менен Келдибекти да угуп, үлгү алгандыгы жөнүндө айтышат. Келдибек Сагымбайга «Манасты» айттырып көрүп жактырат, бирок, обондон жетише элек экенсиң деп обонду, кол шилтөөнү жана башка кыймыл-аракеттерди үйрөткөн экен»— деп жазат. Ар бир манасчынын түзгөн вариантынын деңгээли үчүн чоң мааниге ээ көрүнүштөрдүн бири — практика, ошол варианттын элдин эң кеңири массасынын талкуусунан өтүшү. 15 —16 жашынан тартып «Манас» айтууга киришкен Сагымбай өз вариантын кагаз бетине түшүрүүгө чейин кырк жыл чамасында эл аралап, жомок айткан. Бул мезгил ичинде ал айткан жомок эчен адамдардын, көптөгөн угуучулардын сынынан өткөнүн көз алдыга келтирүү кыйын эмес. Сагымбай жомок айтуудан башка өмүрүндө эч кесип кылбаган, үй-бүлөсүн жалаң ушул «Манас» айтуудан тапканы менен баккан адам болгон. Жадакалса 1916-жылкы үркүндө кытай жерине качып барганда да үй- бүлөсүн «Манас» айтуу менен багып, эл кырылып жаткан оор ачарчылыкта бала-бакыраларын аман алып калган экен. Билген адамдар берген маалыматтарга караганда ал адам жай дебей, кыш дебей дайым эл арасында, болгондо да бир айылдан экинчи айылга, бир өрөөндөн экинчи өрөөнгө өтүп, кыдырып жүрүп жомок айткан. Ушул кыдыруу учурларында далай жомокту, уламаны сонун билген, мурдагы белгилүү манасчылардын айткандарын уккан эл арасындагы сөзмөр адамдардын, жалпы эле элдин сынынан өткөндүгү шексиз. Сагымбай Орозбак уулунун варианты ырынын кооздугу, түзгөн элестеринин тереңдиги жана байлыгы, эл турмушун кенен алып, таамай сүрөттөй алгандыгы менен өзгөчөлөнгөн, бизге белгилүү варианттардын эң мыктыларынын биринен. Ырас, бул варианттагы жетишилген ийгиликти жалгыз Сагымбайдын жеке керт башынын табылгасы дешке болбойт. Жалпы эле кандай гана вариант болбосун аны мурдагы эл арасында жашап келген варианттар менен тыгыз байланыштуу карабай туруп баа берүү, ал гана турмак вариант катары мамиле кылуу да мүмкүн эмес. Жусуп Мамай Кыргыз Республикасынын Эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын Кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара- Булак айылынын Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда туулган. Анын агасы Балбай «Манас» эпосуна кызыгып, аны чогултуп кагазга түшүрүп жүргөн. Жусуп Мамай "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айтат. Анын айтымында бул эпос 500 миң сап ырды түзөт. "Манас" дастанын Жусуп Мамай айткан варианты КЭРде араб тамгасы менен басмадан чыккан. Мындан тышкары "Төштүк", "Мамаке Шопок", "Көбөөн", "Толтой" сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыгартылган. Кыргызстанга бир нече ирет келген: 1. 1989-жылы Теке айынын 3дө Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу экөө сый конок катары катышкан. 2. 1995-жылы Кыргызстандагы "Манас" дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесине катышкан. Жусуп Мамай «Манастын» сегиз урпагын – «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей» - толук айта ала турган, айтканда да күн-түнү менен токтобой суудай айткан, обону бийик, аткаруу ыкмасы өзгөчө, ары жагымдуу бирден-бир залкар манасчы. Жусуп Мамайдын манасчы катары калыптанышына учурунда бир тууган агасы Балбай, Жусупакун, Ыбырайым (Ыбырайым Абдыракман уулу эмес), Чоюке, Акылбек, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай аттуу манасчылардын оозунан жазып алган варианттарынын кол жазмаларын да пайдалангандыгы талашсыз. Рысбай Исаков Исаков Рысбай - Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Манас-мурас” коомдук фондунун жетекчисинин милдетин аткаруучу, “Манас” банкынын стипендианты, акын жана манасчы. Рысбай Исаков 1975-жылдын 11-майында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жээренчи айылында туулган. Чоң атасы Исак өз кезегинде белгилүү ырчылардан болуп, өз атасы Рахман да кезеги менен жамактата койгон, ыр-күүгө жакын, жанындагыларды эриктирбеген сөзмөр адам болгон. Манасчылык өнөргө аттануунун себебин бардык манасчылар сыяктуу эле түш көрүү, аян берүү аркылуу түшүндүрөт. Бирок ага чейин эпосту жаттап айтып жүргөнүн да моюнга алат. “Манас” айтууга чейин ооруп, кыйналып, түшүнүксүз нерселерге дуушар болуп жүргөн. Чындап устат жандабаганы менен Сагымбай, Саякбайлардын китебин окуп, андыктан аларды устат деп эсептейт. Бакчиев Талантаалы 1971-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында туулган. Бир күнү Жыргалаң суусунун боюнда таятамдын коюн кайтарып жүрүп, Чыйырды, Каныкей эненин колунан тай жыгач аяк толтура насип таттым. Мына ошондон тартып, жашырынып, элдин көзүнөн оолак «Манас» айтып жүрдүм. Өспүрүм, жигит кезимде, узак мезгилдер бою «Манас» айтпай калган учурларым болгон. Ал кезде нече себептер бар эле: биринчиден – «Манас» айтуудан уялган учурлар болду; экинчиден – эл туура эмес түшүнүп калабы деген ой болду; үчүнчүдөн – курбалдаштарымдын шылдыңдап, күлгөн учурлары болду; төртүнчүдөн – орус мектепте окугандыгым болду; бешинчиден – мектепте активист, пионер, комсомол болгондугум болду, б.а., ошол доордун, атеизмдин өкүм сүргөндүгү болду окшойт. Мына ошондой учурдун биринде Саякбай атам өңүмдө келип: «Сага ишенип жүргөн мен кандай? Мени олуялардын алдында уят кылган сен кандай?» - деп, мени чалгынга бара жаткан Алмамбет менен Сыргакка жолуктурду. Мына ошондон тарта уялбастан, тартынбастан, баарына кайыл болуп, өзүмдү «манасчы» дей турган болдум. Манасчылыктагы аркалаган максатым, «Манас» жөнүндөгү баянды элге жеткирүү. «Манастын» касиетин, касиеттүүлүгүн жеткирүү. Устаттарым Саякбай атам менен Шаабай атамдын жолун улоо. Асанов Тилек 1982-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Сары-Камыш айылында туулган. Менин атам Асан айылдын кадырлуу табыпкери, жамакчысы, санжырачысы. Чоң атам Сооронбай болсо учурунда Кадыр акенин мүнүшкөрү, саяпкери болгон. Мен 12-жашымда манасчыларга таандык түш көрүүдөн кийин гана «Манас» айтып баштагам. Түшүмдө Манастын кырк чоросу тегеректеп курчап келип, арасынан кимдир бирөө коңур үн менен: «Манас атаңды билесиңби?» - деп сурайт. Эмне деп жооп кайтараарымды билбей, акыры «Билем!» - деп айта салдым. Баягы үн: «Анда эмесе, мындан ары баатыр Манастын баянын айтасың!» - деп, өкүм кылды. Менин айлам кетип: «Мен «Манас» айта албайм, айтпайм!» - деп, каяша айттым. «Айтпайм деп айтчу болбо, айтасың!» - деп дагы бир жолу буйрук кылды. Мени тегеректеп турган баатырлардын сүрүнөн коркуп: «Айтам!» - дедим. Ошондо, көпчүлүктүн ичинен кимдир бирөө: «Бул балага өзүң айтып, баштап бербесең болбойт. Коркуп калды окшойт» - деди. Кайдан-жайдан Саякбай манасчы пайда болуп: «Кана эмесе, угуп тур!» - деп, «Манас» айта баштады. Бир аз айткандан кийин: «Эми ушул айтканымды улап айт!» - деди. Мен анын айтканы