Нооруз деген жаны кун, жаны жыл деген тушунукту билдирет. Булл майрамды Орто-Азия майрамдашат. Нооруз келди, жаздын жыты жыттанып, Гулдор гулго, кыз жигитке ыкталып. Жарашыгы жашыл баркыт тус берип, Жашоону улап, боек суйкоп, кыш калып. Нооруз келди жакшылыкка чомулмой, Шаан-шокоту, ырыскысы тогулбой. Нооруз келди, «Алас» айтып, эл тосту, Дили бирге, дидарлашты болунбой. Кыргызча жыл аттары: Чычкан, уй, жолборс, коен, уулуу жылан, жылкы, кой, маймыл, тоок, ит, донуз. Нооруз менен байланышкан жорлголор: 1.Ноорузду жакшы маанай менен тоссо, жанырган жыл ийгиликтуу болот. 2.Нооруз куну кар жааса, тушум мол болот. 3.Ноорузда тазаланбаган уйдо чыр-чатак коп болот. 4.Нооруз куну капаланып, кайгырбоо керек. 5.Уйдун ичи жана короо жайга арча тутотулуп тазаланат. 6.Сумолокту куюп жатканда казандын тубундогу таш сенин чынына тушуп калса жаны жыл сен учун ийгиликтуу жана бактылуу болот. 7.Сумолок канчалык коп адамга таратылса, жыл ошончолук берекелуу болот. Бир гана кыргыздар эмес Борборазиядагы Кара калпактар, Туркмондор, Тажиктер, Озбектер, Казактар Кавказдан Азербейжандар, Ооганстан, Иран, Пакистан, Тундук Индия, Ирак Ноорузду элдик майрам катары салтанатташат. Торт мин жылдан бери майрамдалып келе жаткан бул кун жаздын, жаны мезгилдин башталышы катары эсептелип, табиятка сыйынуу, табияттан жакшы тушум, ырайымдуу кундорду куту анын негизги озгочолугу болот. |