Просмотр содержимого документа
«Саламдашуу коштошуу адеби»
Тема:
Өзүн алып жүрүүнүн эрежеси (37)
1118480
Кыргызда саламдашпай сөз баштабайт, айтылган саламды жоопсуз калтырбайт деген жакшы сөз бар. Ата-бабалар балдарды кичинесинен баштап улуулар менен саламдашууга үйрөткөн.
Саламдашуу бул жөн гана баш ийкешип же кол алышып коюу эмес. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата-бабадан калган эрежелерди эске алып, саламдашуунун жол-жобосун тизмектеп көрдү.
Саламдашуунун тарыхы
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Өргөөңөр башка, казаныңар ашка толсун! Бата деген эмне?
Этнограф Динара Молдокулованын айтымында, кыргыздардын салттык турмушунда кол алышып учурашуу адеби жок болгон. Көпкө көрүшпөгөн, жакын адамдар гана кол алышып, төш тийгизишип учурашкан. Кол берүү — ажыга барган же аалым адам менен жолукканда гана боло турган. Кол дайыма эле таза болбойт. Ошондуктан кол алышуу терс көрүнүш катары саналчу.
Мындан тышкары, антташканда гана кол алышуу шарт болгон. Кол алышкан убададан кыргыз кайткан эмес. Ошондуктан кол кармашып антташууну, убадалашууну кыргыз "кудайдын мөөрүндөй" көрүп, "кол — кудайдын мөөрү" деп айтышкан.
Туура саламдашуунун жол-жобосу
— Кичүү киши өзүнөн улууга биринчи учурашат. Улуу киши сөзсүз түрдө алик алып, аны жоопсуз калтырбашы керек. Айтылган саламды жоопсуз калтырып, алик албай коюу абдан чеки иш. Мындай адамды "саламдан садага кеткен" деп жаман көрүшкөн;
Сырттан кирген киши учурашпай кирбейт. Үйгө сырттан кирип келген киши жашына, даражасына карабай милдеттүү түрдө олтургандарга салам айтып кирүүгө тийиш;
Тең курактуу жашташ эркек менен аял кезигип калса, эркек киши биринчи учурашат;
Жол жүрүп келе жаткан эки атчан жолукса, күн чыгыш тараптан келе жатканы биринчи болуп салам айтат;
Жолдон өтүп бара жаткандар жол жээгинде отургандарга озунуп саламдашкан;
Жогору жактан келе жаткан улуу болсо да, кичүү болсо да төмөн жактан келе жаткан адамга биринчи учурашат;
Аз киши көп кишиге кайрылып келип, алыс болсо колун бооруна алып саламдашат;
Ооруп жаткан адамга соо киши келип учурашып, ал-жайын сурайт.
Аялдар кантип саламдашкан?
Тарых илимдеринин кандидаты, тарыхчы Гүлзада Абдалиеванын айтымында, кыргыздын учурашуу салттык этикасы боюнча, аял киши эркек кишиге азыркыдай кол берип, өбүшүп учурашмак тургай үн чыгарып салам айткан эмес.
Турмушка чыга элек секелек кыздар улуу адамдарга үн чыгарып "амансызбы, арбаңыздар?" деп гана саламдашып койгон;
Келин болуп келгенден тарта акырын гана ийилип, жүгүнүп учурушкан;
Жаш курагы өтүп калган апалар абысын-ажын, туугандарына баш ийкеп гана саламдашып, андан соң гана мал-жанын, ал-абалын сурашкан;
Аялдар жашташ болсо баш ийкеп учурашса, кичүүлөр улууларга жүгүнгөн.
Дагы: https://sputnik.kg/culture/20170404/1032717948/tuura-salamdashuu-ehrezhesi.html