СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Самын - тазалыктын белгиси"

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Самын - тазалыктын белгиси"»

самын

Самын

Ар башка түстөгү самындар

Самын- сууда эрүүчү жуучу масса (бөлүкчө же коюуу суюктук).

Мазмуну

  • 1Самындын курамы

  • 2Бөлүнүшү

    • 2.1Кир самын

    • 2.2Атыр самын

      • 2.2.1Майлуу самындар

      • 2.2.2Дарылоочу самын

  • 3Суюк атыр самын

    • 3.1Күкүм самын

  • 4Колдонулган адабият

Самындын курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Самын жасоодо негизги сырьё мал жана өсүмдүк майлары, синтетикалык май кислоталары, жегичтер жана башкалар болуп эсептелет.
Самын, нейтралдык майлардын щелочтуу гидролизинин негизинде алынат. Самын катуу жана суюк болуп бөлүнөт. Катуу самындын формуласы - C17Н35CООNa, суюк самын - C17Н35CООК.
Майдын курамында каныкпаган май к-талары (Мисалы, олеин к-тасы) көп болсо, суюк май алынат: күнкарама, пахта, зайтун майлары. Жаныбардан алынган майда көбүнчө стеарин, пальмитин к-талары болот. Булар эрүү темп-расы жогору болгон катуу майлар, алардан жасалган самын катуу болот.

Бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Пайдаланышына карата

  • кир самын жана

  • атайын (мисалы, дарылоочу) самын, ошондой эле

  • катуу,

  • суюк жана

  • күкүм түрүндө болот.ай

Кир самын[оңдоо | булагын оңдоо]

Кир самын (чала кургатылган катуу) үй шартында колдонуу үчүн май кислоталары 70—72% кошулуп жасалат. Ал май аралашмасынан (күн карамапахтабуурчак жана башкалар), өсүмдүк майларын гидрогендеп алынган катуу май, синтетикалык май кислоталарынан, суюк өсүмдүк майынан жана канифолдон жасалат. Самын эритмесинде дайыма аз өлчөмдө жегич (шакар) болуп, ал кир жууганда жүн жана жибек (жасалма жана накта) жипти жеп жиберет, ошондуктан жүн жана жибек кездемени синтетикалык каражаттар менен жууган ылайык. Кир самын менен колду, денени жана башты жуушка болбойт.

Атыр самын[оңдоо | булагын оңдоо]

Атыр самын (катуу) 77—78% жогорку сапаттагы майдан алынган жана синтетикалык май кислоталардан туруп, ага жыттуу заттар, боёктор, атайын кошумчалар кошулуп жасалат. Атыр самын менен жуунганда терини кургатып дүүлүктүрөт, ошондуктан анын кээ бир түрүнө майлоочу заттар кошулат.

Майлуу самындар[оңдоо | булагын оңдоо]

Мындай самындарга «Косметическое», «Лесная сказка», «Элегия», «Зодиак», «Консул», жана башкалар кирет. «Детское», «Малышам», «Ну, погоди!» жана «Чебурашка» самындарына ланолинден башка терини дүүлүгүүдөн сактоочу бор кислотасы кошулат.

Дарылоочу самын[оңдоо | булагын оңдоо]

Катуу атыр самындын дарылоочу жана дезинфекциялык касиетке ээ атайын түрлөрү да чыгарылат. «Сульсеновое» самын менен себореяны дарылайт (врачтын көрсөтмөсү боюнча гана), «Дегтярное» составында кара май болгондуктан ар кандай тери ооруларын (себореяэкзема жана башкалар ) дарылоо үчүн, «Карболовое» карбол кислотасы болгондуктан дезинфекциялоочу жана жагымсыз жытты кетирүүчү каражат катары колдонулат. Ийне жалбырактуу дарактардан (карагай, арча) алынган «Лесное» самын дарылык жана дезинфекциялоочу касиетке ээ.
Чачты жууш үчүн хна кошулган самын «Гаяне» чыгарылат.

Суюк атыр самын[оңдоо | булагын оңдоо]

Суюк атыр самынына күн караманын, кориандр, кокос майлары, жегич калий, суу, спирт, глицерин, жыпар жыттуу заттар кошулат. «Дегтярное» суюк самыны — самындын суу-спирт эритмеси жуулган жердеги кан айланууну жакшыртат жана мителерге каршы, антисептик каражат катары пайдаланылат.

Күкүм самын[оңдоо | булагын оңдоо]

Күкүм самын — сода (кир жууш үчүн) жана крахмал (сакал-мурутту алуу үчүн) кошулган самын.









Самын  – адамдын жашоосундагы эң зарыл каражаттардын бири. Анын качан жана кантип пайда болгонун баарыбыз эле биле бербесек керек.

Өткөн заманда Мисир падышасы көп меймандарга салтанаттуу той берет. Ашканада иштеген бир кызматкер байкоосуздан жаңы сызгырылган койдун майын очок астындагы күлгө төгүп алат. Падышанын жазалоосунан үрөйү учкан ашпозчу төгүлгөн майды дароо күлгө аралаштырып, бир нече кыш жасап коёт. Андан соң колун жууганда анын ушунчалык таза жуулганына өзү да таң калат. Бул тиги май аралашкан күлдүн касиети болсо керек деп ойлонот. Кийин колу кирдеген сайын ошол кыш менен жууп көрөт да, ырас эле май аралашкан күлдүн тазартуучу касиети бар экендигине ынанат.

Өзү менен чогуу иштегендерге да тиги кыштан пайдалануу үчүн белекке берет. Алар да колдору демейдегиден тазара түшкөндүгүн байкашат. Ошондон кийин ал кыштарды ашкана кызматкерлери бети-колун, майлыктарды жууп туруу үчүн пайдалана башташат. Падыша очок башында иштеген кызматкерлеринин өңү-башы өзүнүкүнөн да таза экендигин көрүп таң калат да, сүрүштүрүп жүрүп бул сырдын түйүнүн чечет. Кызматкерге мындай нерседен өзүнө да жасап берүүнү буюрат. Кызматкер падыша пайдаланууга ыңгайлуураак болсун деп койдун майы менен күлдү абдан аралаштырып, чакан-чакан кыш калыбына келтирип, шамалга кургатат. Анан падышага "муну пайдаланар алдында сууга чылап туруңуз" деп кеңеш айтат. Ошондон көп узабай мындай кыштар Мисирден Римге, Францияга, Англияга жана башка өлкөлөргө тарайт. Бирок ошол кездеги адамдар койдун майы менен аралашкан күл колу-бетти кандайча тазартарын өздөрү да билишкен эмес.

Кийинчерээк окумуштуулар изилдеп, бул сырдын түйүнүн чечишип, күлдө натрий кислотасы барын, ал эми койдун майы эритүү, жумшартуучу касиетке ээ экендигин айтып чыгышкан. Дүйнөдөгү эң биринчи  самын  жасоочу завод XIII кылымда Англияда курулган.

Бүгүнкү күндө самындын ар кандай түрлөрүн: жыпар жыттуусун да, суюк түрүндөгүсүн да табууга болот

Самын жасоодо негизги сырьё мал жана өсүмдүк майлары, синтетикалык май кислоталары, жегичтер жана башкалар болуп эсептелет. Пайдаланышына карата кир С. жана атайын (мисалы, дарылоочу) С., ошондой эле катуу, суюк жана күкүм түрүндө болот. Кир самын (чала кургатылган катуу) үй шартында колдонуу үчүн май кислоталары 70—72% кошулуп жасалат. Ал май аралашмасынан (күн карама, пахта, буурчак жана башкалар), өсүмдүк майларын гидрогендеп алынган катуу май, синтетикалык май кислоталарынан, суюк өсүмдүк майынан жана канифолдон жасалат. С. эритмесинде дайыма аз өлчөмдө жегич (шакар) болуп, ал кир жууганда жүн жана жибек (жасалма жана накта) жипти жеп жиберет, ошондуктан жүн жана жибек кездемени синтетикалык каражаттар менен жууган ылайык. Кир С. менен колду, денени жана башты жуушка болбойт. Атыр самын (катуу) 77—78% жогорку сапаттагы майдан алынган жана синтетикалык май кислоталардан туруп, ага жыттуу заттар, боёктор, атайын кошумчалар кошулуп жасалат. Атыр С. менен жуунганда терини кургатып дүүлүктүрөт, ошондуктан анын кээ бир түрүнө майлоочу заттар кошулат. Мындай самындарга «Косметическое», «Лесная сказка», «Элегия», «Зодиак», «Консул», жана башкалар кирет.

«Детское», «Малышам», «Ну, погоди!» жана «Чебурашка» С - дарына ланолинден башка терини дүүлүгүүдөн сактоочу бор кислотасы кошулат. Катуу атыр самындын дарылоочу жана дезинфекциялык касиетке ээ атайын түрлөрү да чыгарылат. «Сульсеновое» С. менен себореяны дарылайт (врачтын көрсөтмөсү боюнча гана), «Дегтярное» составында кара май болгондуктан ар кандай тери ооруларын (себорея, экзема жана башкалар ) дарылоо үчүн, «Карболовое» карбол кислотасы болгондуктан дезинфекциялоочу жана жагымсыз жытты кетирүүчү каражат катары колдонулат. Ийне жалбырактуу дарактардан (карагай, арча) алынган «Лесное» С. дарылык жана дезинфекциялоочу касиетке ээ. Чачты жууш үчүн хна кошулган С. «Гаяне» чыгарылат. Суюк атыр самынына күн караманын, кориандр, кокос майлары, жегич калий, суу, спирт, глицерин, жыпар жыттуу заттар кошулат. «Дегтярное» суюк самыны — самындын суу-спирт эритмеси жуулган жердеги кан айланууну жакшыртат жана мителерге каршы, антисептик каражат катары пайдаланылат. Күкүм самын — сода (кир жууш үчүн) жана крахмал (сакал-мурутту алуу үчүн) кошулган самын.





САМЫН ЖОНУНДО БААРЫН БИЛИП АЛЫНЫЗ! Самын, самын, самын, Кирдин көрөт камын, Тазартып, дене сергитип, Теринин ачат багын. Ден соолук чың болсун деп, Колдонуп жүр дайым. Буруксуп, жыты аңсыган, Самын, самын, самын… Самын – бул химиялык зат. Тактап айтканда майлуу кычкылтектин натрийи жана калийи бар туз болуп саналат. Ал эми самын стеарин, олеин, пальмитин сыяктуу кычкылтектердин аралашмасынан, гидроксиддердин таасиринен пайда болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, кадимки эле чочконун майын алып, ага натрийди кошуп, жылытып, самынды алууга мүмкүн. Самындын молекулалык курамы эки химиялык топтон турат. Биринчи тобу – суутек кычкылтеги денедеги кирлер менен аралашып, аларды коргойт. Ошол бойдон самындын экинчи тобу – гидрофилдүүсү ишке киргиче кармап турат. Ал суу менен байланышып, кирлерди кармап турган алгачкы молекулаларды сууга тартып алат. Жалпы жонунан айтканда, самындын молекуласынын жарымы теридеги кирди алып чыкса, экинчиси аны сууга тартып алат. Самындын “химиясын” билип алуу билим үчүн эле эмес, а адам денени кантип туура жууш керек экендигин билүү үчүн зарыл. Ушуларга таянып, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келебиз: Биринчи жыйынтык Денени сөзсүз түрдө мочалка менен жуунун кереги жок. Себеби, самындын молекулалары өздөрү эле кир менен алпуруша алышат. Самын менен сүртүү бул көрсөткүчтү күчөтөт. Ошондуктан, денени катуу мочалка менен самындап жуугандан көрө кол менен эле жууган жакшы. Бирок оор күч келген жерлерди мочалка менен жууса болот. Мындай жерге буттун таманы кирет. Бирок, биз муну менен мочалканы колдонбоңуз деген жерибиз жок. Ким аны менен жуунууну кааласа, жууна берсин. Экинчи жыйынтык Самын менен канчалык көбүртүп жуунсаңыз, тери дагы ошончолук таза болот. А көбүк деген эмне? Бул самындын молекулаларынын кабыгы менен капталган аба менен толтурулган кичинекей шарчалар. Ошондуктан денени же башты сөзсүз көбүк менен жууш керек. Үчүнчү жыйынтык Денени самын менен көбүртүп жуугандан кийин, аны суу менен болушунча таза чайкаш керек. Таза чайкоо кирлерден эле арылыш үчүн эмес, а самындын дагы кабыгынан арылуу үчүн керектелет. Төртүнчү жыйынтык Самын менен жуунуу сөзсүз түрдө болушу керек. Жалгыз суу менен, ысык болсо дагы денедеги кирден толугу менен арылууга мүмкүн эмес. Жылуу сууда кирлердин 25-30 % гана чыгаары тастыкталган. Ал эми самын менен жуунганда ал кирлерден толугу менен арылууга болот. Бешинчи жыйынтык Самын денедеги кирдин баарын тандабастан жок кылгандыктан, бактерияга каршы самындарды такай колдонууга болбойт экендигине көзүңүз жетсе керек. Себеби, бактерияларга каршы самындар денедеги зыяндуу эле микробдорду жок кылбастан, организмди зыяндуу кичиорганизмдерден коргоп туруучу заттарды дагы жок кылып коёт. Ошондуктан мындай самындар менен жаракат алган жерлерди гана жууш керек. Мындан сырткары кадимки самын менен дагы өтө көп жуунуу болбойт. Күнүнө бир жолу (кечинде жакшы) самын менен кечке чогулган кирлерди кетирүү үчүн денени жууп туруу жетиштүү. Самынды туура тандаңыз Самын сатып алаарда анын табигый же синтетикалык экенин билип алыңыз. Синтетикалык самын денени өтө эле таза жууйт. Тактап айтканда жаратылыш майдын баарын кетирип коёт. Ошондуктан мындай самынды териси кургактар колдонууга болбойт. Самындын курамындагы заттар кандай таасир этет? Глицерин – терини жумшартат жана сыйдам кылат. Сезгич терилерге ылайыктуу. Вазелин – терини кургап кетүүдөн сактайт, демек, кургак терилүү адамдарга ылайыктуу. Бал – терини жумшак жана назик кылуу менен азыктандырат. Ромашка – теринин коргоочу функцияларын бекемдеп, кургап кетүүдөн сактайт. Цитрус – терини чыңайт. #ПайдалууКенештер