СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Самын тууралуу маалымат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Самын тууралуу маалымат

Просмотр содержимого документа
«Самын тууралуу маалымат»

Самын

Jump to navigationJump to search

Самын

Ар башка түстөгү самындар

Самын- сууда эрүүчү жуучу масса (бөлүкчө же коюуу суюктук).

Мазмуну

  • 1Самындын курамы

  • 2Бөлүнүшү

    • 2.1Кир самын

    • 2.2Атыр самын

      • 2.2.1Майлуу самындар

      • 2.2.2Дарылоочу самын

  • 3Суюк атыр самын

    • 3.1Күкүм самын

  • 4Колдонулган адабият

Самындын курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Самын жасоодо негизги сырьё мал жана өсүмдүк майлары, синтетикалык май кислоталары, жегичтер жана башкалар болуп эсептелет.
Самын, нейтралдык майлардын щелочтуу гидролизинин негизинде алынат. Самын катуу жана суюк болуп бөлүнөт. Катуу самындын формуласы - C17Н35CООNa, суюк самын - C17Н35CООК.
Майдын курамында каныкпаган май к-талары (Мисалы, олеин к-тасы) көп болсо, суюк май алынат: күнкарама, пахта, зайтун майлары. Жаныбардан алынган майда көбүнчө стеарин, пальмитин к-талары болот. Булар эрүү темп-расы жогору болгон катуу майлар, алардан жасалган самын катуу болот.

Бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Пайдаланышына карата

  • кир самын жана

  • атайын (мисалы, дарылоочу) самын, ошондой эле

  • катуу,

  • суюк жана

  • күкүм түрүндө болот.ай

Кир самын[оңдоо | булагын оңдоо]

Кир самын (чала кургатылган катуу) үй шартында колдонуу үчүн май кислоталары 70—72% кошулуп жасалат. Ал май аралашмасынан (күн карамапахтабуурчак жана башкалар), өсүмдүк майларын гидрогендеп алынган катуу май, синтетикалык май кислоталарынан, суюк өсүмдүк майынан жана канифолдон жасалат. Самын эритмесинде дайыма аз өлчөмдө жегич (шакар) болуп, ал кир жууганда жүн жана жибек (жасалма жана накта) жипти жеп жиберет, ошондуктан жүн жана жибек кездемени синтетикалык каражаттар менен жууган ылайык. Кир самын менен колду, денени жана башты жуушка болбойт.

Атыр самын[оңдоо | булагын оңдоо]

Атыр самын (катуу) 77—78% жогорку сапаттагы майдан алынган жана синтетикалык май кислоталардан туруп, ага жыттуу заттар, боёктор, атайын кошумчалар кошулуп жасалат. Атыр самын менен жуунганда терини кургатып дүүлүктүрөт, ошондуктан анын кээ бир түрүнө майлоочу заттар кошулат.

Майлуу самындар[оңдоо | булагын оңдоо]

Мындай самындарга «Косметическое», «Лесная сказка», «Элегия», «Зодиак», «Консул», жана башкалар кирет. «Детское», «Малышам», «Ну, погоди!» жана «Чебурашка» самындарына ланолинден башка терини дүүлүгүүдөн сактоочу бор кислотасы кошулат.

Дарылоочу самын[оңдоо | булагын оңдоо]

Катуу атыр самындын дарылоочу жана дезинфекциялык касиетке ээ атайын түрлөрү да чыгарылат. «Сульсеновое» самын менен себореяны дарылайт (врачтын көрсөтмөсү боюнча гана), «Дегтярное» составында кара май болгондуктан ар кандай тери ооруларын (себореяэкзема жана башкалар ) дарылоо үчүн, «Карболовое» карбол кислотасы болгондуктан дезинфекциялоочу жана жагымсыз жытты кетирүүчү каражат катары колдонулат. Ийне жалбырактуу дарактардан (карагай, арча) алынган «Лесное» самын дарылык жана дезинфекциялоочу касиетке ээ.
Чачты жууш үчүн хна кошулган самын «Гаяне» чыгарылат.

Суюк атыр самын[оңдоо | булагын оңдоо]

Суюк атыр самынына күн караманын, кориандр, кокос майлары, жегич калий, суу, спирт, глицерин, жыпар жыттуу заттар кошулат. «Дегтярное» суюк самыны — самындын суу-спирт эритмеси жуулган жердеги кан айланууну жакшыртат жана мителерге каршы, антисептик каражат катары пайдаланылат.

Күкүм самын[оңдоо | булагын оңдоо]

Күкүм самын — сода (кир жууш үчүн) жана крахмал (сакал-мурутту алуу үчүн) кошулган самын.