Просмотр содержимого документа
«Сан атооч боюнча презентация»
Сан атооч
Сан атооч-заттын санын, иретин билдирет жана канча?,нече?,канчанчы?,
неченчи?
деген суроого жооп берет.
Сан атооч түзүлүшү боюнча 2ге бөлүнөт.
1 . Жөнөкөй сан атооч
Мисалы: беш,он,жыйырма
2 . Татаал сан атооч
Мисалы: он беш,элүү жети
Жөнөкөй сан атооч 2ге бөлүнөт :
1 . Тубаса сан атооч
Мисалы: он,беш
2. Туунду сан атооч
Мисалы:ондой,
экинчи, бештей,сегизинчи
Сан атооч
2 жол менен жасалат:
1 . Синтаксистик жол .
Мисалы: беш,алты, он бир
2.Морфологиялык жол.
Мисалы: биринчи,он бешинчи
Сан атоочтор маанисине карай 6га бөлүнөт.
Эсептик сан .
Мисалы: бир,эки,беш, миң,
он беш миң.
Иреттик сан.
Мисалы: биринчи, бешинчи,онунчу,
жыйырма биринчи
Жамдама сан.
Мисалы: бешөө, алтоо, жетөө, бирөө, экөө
Чамалама сан
Мисалы: ондой, жыйырмадай, жүздөй,миңдей,
тогуздай .
Топ сан.
Мисалы: тогуз-ондон, сексенден-жүздөн, кырктан-элүүдөн ж.б.
Бөлчөк сан
Мисалы: үчтөн бир, бештен үч,он бештен алты, жүздөн отуз беш ж.б.