САНАРИПТЕШТИРҮҮ
МЕКТЕПТЕ
Таймаштын максаты: Окуучулардын информатика сабагына болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге, окуучулардын өз алдынча компьютерде иштөөгө, ар түрдүү программаларды түзүүгө жана азыркы доордун талабына ылайык эл керегине жараган инсандарды тарбиялоо.
Таймаштын жүрүшү: Урматтуу мугалимдер жана окуучулар! Биз азыр сиздерди мектептин алдынкы жана таланттуу окуучуларынын катышуусу менен даярдалган «САНАРИПТЕШТИРҮҮ МЕКТЕПТЕ»- аттуу конкурска көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Билимге көрк берген,
Жашоого дем берген.
Техниканын илими деп эсептеген,
Биз сүйгөн эн жаш информатиктер.
Таймаштын катышуучулары менен таанышып алалы.
6-класс-«Билим» командасы
7-класс-«Информатика» командасы
8-класс- «Паскаль» командасы
Максуда САЛИБАЕВА
Баткен областындагы Лейлек районунун Катраң айылындагы Ормош Сапаров атындагы орто мектебинин информатика мугалими
Бүгүнкү таймаштын программасы менен тааныштыра кетели.
1. Саламдашуу.
2. Компьютердик тапшырма
3. Кызыктуу суроолор
4. Филворд кроссворду
5. Тест
6. Табышмак.
Конкурска активдүү катышкан окуучуларга грамота жана сыйлыктар тапшырылат.
Калыстар тобу менен тааныштыра кетели
ОББ. Айдарова К.
Жапарова М.
Дүйшөбаева Д
Эсептөө комиссиясы Каарбек к. М.
Саламдашуу. Ар бир команда топ мүчөлөрү менен чыгып эмблемаларын жакташат.
(Командалар саламдашып бүткөндөн соң калыстар тобу 5 баллдык система менен баалашат).
Компьютердик тапшырмалар. Ар бир
топ өзүнө берилген тапшырманы
компьютерде көрсөтүп беришет.
6-класс- Word программасында жазууну WordArt менен жазуу.
7- класс- «Санариптештирүү мектепте» деген темада слайд түзүү.
8-класс- Word программасында таблица түзүү.
Кызыктуу суроолор. (1 минутанын ичинде канча суроого жооп берет).
6-класска берилген суроолор.
Информациянын түрлөрү канчага бөлүнөт? (3кө. Вектордук, символдук, графикалык).
Экранда жылып жүрүүчү кыймылдуу объект? (чычкан).
1байт канча информацияны түзөт? (8 бит).
Paint программасы кандай программа? (Сүрөт тартуучу).
Программалоо тилдерин бир нечесин ата? (Алгоритм, бейсик, паскаль программалоо тилдери).
Фотография кайсы кылымга таандык? (19-кылым).
Жазуу үчүн кагазды качан ойлоп тапкан? (Кытайда б.з.ч. 2-кылымда).
Shift+6 баскычын басканда кандай символ чыгат? (:)
Алгоритмдеги кызматчы сөздөр? (алг, арг,жый,эгер ж.б.).
Эсептөө системалары канчага бөлүнөт? (2ге)
7-класска берилген суроолор.
Тырмакча баскычын кайсы баскычтар менен чыгарабыз? (Shift+2).
Жалаң чоң же кичине жазууга кайсы баскыч алмаштырат? (capslock).
Жаңы папка түзүү үчүн кайсы программа аткарылат? (создать папка).
Бир тамга канча информацияны түзөт? ( 8 бит).
Чоттор кайсы кылымга таандык? (16-17-кылымга).
«Word» сөзүн которгондо эмне деп которулат? (сөз).
Тексттик редактор деп кайсы программа аталат? (Word).
Арифмометрди ким негиздеген? (Лейбниц).
8-класска берилген суроолор.
Акыркы команданан баш тартуучу баскыч? (esc).
1мбайт канча кбайтты түзөт? (1024кбайт).
Презентация түзүүчү программа кандай программа? (Power Point).
Биринчилерден болуп телефонду ким ойлоп тапкан? (19-кылымда 1832-жылы Шелпинг ойлоп тапкан).
«Windows» деген сөз кыргызча эмне деп которулат? (чөйрө).
Жоопту экранга чыгаруучу функционалдык баскыч эмне деп аталат? (F5).
Excel программасынын автору ким? (Ден Бриклин).
Электрондук таблицада канча уяча бар? (16000000).
Электрондук таблицада түзүлгөн документ эмне деп аталат? (иш китеби).
Филворд коссворду
Кайсы топ көп сөз табат
(Убактысы:2 минута)
П | О | М | А | Д | А | П | Т | Е | Р |
А | К | О | М | П | Ь | Ю | Т | Е | Р |
Н | Р | Д | О | С | К | А | Н | Е | Р |
Е | К | Е | Н | О | У | Т | Б | У | К |
Л | А | М | И | У | Ч | К | Л | Ч | Л |
Ь | Ш | Д | Т | И | П | Ж | О | И | А |
Ф | Б | Е | О | Д | Ү | О | К | П | В |
А | О | П | Р | И | Н | Т | Е | Р | И |
К | Щ | Н | А | С | Ш | И | Н | А | Ш |
С | А | А | Т | К | М | Ы | Ш | К | А |
ЖООПТОРУ:
Компьютер, монитор, ноутбук, принтер, клавиша,блок,
плата,диск, чип, мышка,
сканер, адаптер, флеш,
шина, модем,үн,
факс, саат,панель.
Тест. (Ар бир командага 7ден тест тапшырма берилет)
6-класска берилген тапшырма.
1.Информатика предмети эмнени үйрөтөт?
А) Жандуу жаны жансыз жаратылыштагы коомдогу жана техникадагы маалымат процесстерин окуп үйрөтүүчү илим
Б) Компьютерди үйрөтүүчү илим.
В) маалымат алууну окуп үйрөтүүчү илим.
2. Компьютер сөзү кайсы тилден алынган?
А) немец
Б) англис
В) араб
3.Алгоритм кайсы тилден алынган:
А) латын
Б) өзбек
В) грек
4. Процессор ЭЭМ дин……….
А) чыгаруучу түзүлүшү б) Мээси
в ) киргизуучу түзүлүшү г) Экраны
5.Аткаруучуга түшүнүктүү тилде жазылган алгоритм эмне деп аталат?
А) программа б) Мээси
в ) киргизуучу тузулушу г) алгоритм
6. Алгоитмдин блок-схемада бул фигура эмнени билдирет?
А) башы б) шарт в) башы,аягы г)кийирүү,чыгаруу
7. Алгоитмдин блок-схемада бул фигура эмнени билдирет?
А) башы б) шарт в) башы,аягы г)кийирүү,чыгаруу
7-класска берилген тапшырма.
1. Информатика кандай топтогу суроолорду изилдейт?
A. Техникалык, семантикалык, прагматикалык;
B. Семантикалык, техникалык, информациялык;
C. Семантикалык, прагматикалык, математикалык.
D. Техникалык, информациялык, математикалык;
2. “Информация” термини латынча кайсы сөздөрдү түшүндүрөт?
A. Билдирүү, түшүндүрүү, кабарлоо, баяндоо;
B. Кеп, текст, сүрөттөр, сандар;
C. Информация, кабар, жаңылык;
D. График, кабар, таблицалар
3.Адам информация менен кандай иш-аракеттерди жасай алат?
A. Көрүү, туюу-сезүү, даам билүү, жыт билүү, угуу;
B. Жаратуу, берүү, кабыл алуу, сактоо;
C. Кабыл алуу, сактоо, иштетүү, берүү;
D. Жаңсоо, үн чыгаруу, берүү, угуу.
4. Эгерде информация түшүнүктүү жана чечим чыгаруу үчүн жетишээрлик болсо бул информациянын кайсы касиети?
A. Объективдүү;
B. Анык;
C. Актуалдуу;
D. Толук
5. . Информация менен аткарылган аракеттер эмне деп аталат?
A. Информацияны сактоо;
B. Информациялык процесстер;
C. Информациялык иш-аракеттер;
D. Информацияны иштетүү
6. Алмаз 1-класстын окуучусу жана ал көбөйтүүнүн таблицасын жакшы билет. Бирок, ал англис тилин билбейт. Алмаз үчүн кайсы билдирүү информация болот?
A. 2*8=16
B. My friend is schoolboy
C. Мен Бишкекте жашайм.
D. Англис тилинде 26 тамга бар.
7. Информациянын мазмуну эмнеден турат?
A. Информациядан, кабарлардан турат.
B. Жасалгаланышынан, кабарлардан турат.
C. Формалардан, информациядан турат.
D. Информациянын булагынан, кабыл алуучулардан турат
8-класска берилген тапшырма.
Стандарттык программалар?
А) windows, word, Power paint Б) word, exsel, paint
В) калкульятор, wordPad, paint
г) бардык варианттар туура
2. Форматтоо деген терминди бизче которгондо эмнени түшүндүрөт?
А)Келбет б) калып в) көрүнүш
3. Тексттик редактордун терезесинин параметрлерин жана документти көрүү режимдерин өзгөртүү үчүн кайсы менюнун аспаптары колдонулат?
А) Вставка б) главная в) вид г) разметка, страницы
4.Колдо жазылган тексттен компьютерде терилген тексттин эң чоң артыкчылыгы бул текстти оңой.................мүмкүнчүлүгүндө.
А) жазуу б) окуу в) сактоо г) редактирлөө
5.Кайсы программа болбосо компьютердин иштеши мумкүн эмес?
А)Файлдык система б) оперативдик система в)графиалык система
6)Тексттик редактордо графикалык обьекттерди коюу кайсы меню аркылуу жүргүзүлөт?
А) Главная б)вставка в)вид г)разметка страницы
7.Тексттик редактордо параметры страницы панелин кайсы менюдан тапсак болот?
А) Главная б)вставка в)вид г)разметка страницы
Табышмак. (ар бир командага бирден табышмак берилет).
6-класска берилген тапшырма.
Чырылдап келет,
Чын кабар берет.
(смс).
7-класска берилген тапшырма.
Абадагы кош жолду,
Кабар берип иш кылат.
Алыскыны заматта,
Суйлоштуруп тындырат.
(телефон).
8-класска берилген тапшырма.
Сүрөт тартат эсептейт,
Заводдорду чиймелейт.
Жада калса космостон,
Аба ырайын изилдейт.
(компьютер).
Бугунку таймаш аябай кызыктуу болду. Конкурста бироо жеңет, бироо жеңилет. Таймашта эн активдүү катышкан Абдибайытова Камила жана 7-“а” класстын кыздары азаматсыңар. Эмики таймаш сабагыбыздын темасы “таблицанын түрлөрү”.
Калыстар тобу жыйынтык чыгарып, жеңүүчүлөргө грамота,сыйлыктар тапшырылат.
Ушуну менен конкурсубуз аяктады. Келип катышып бергениңиздер үчүн рахмат.