Тема: Санариптик дүйнөдөгү маалыматтык коопсуздук
Негизги максат – Медиасабаттуу болуп, медиа океанында сүзө билүүнү үйрөнүү.
Баяндамачы: Насирдин Исанов атындагы орто мектебинин физика, математика жана информатика мугалими Минбаева Чыныгул Довутбековна
Бүгүн санарип дүйнө биздин жашообуздун ар бир бөлүгүнө кирип жатат, аны убактыбызды кантип колдонгонубуздан баштап, тапкан акчаларыбызды коротконго чейин пайдалануудабыз.
Биз санариптик маалыматты алуучу адамга айландык, жашоого керектүү нерселерди кагаз, гезиттерден издебей, интернеттен издеп калдык.
Технологиянын планетасындагы эң чоң жетишкендиктердин бири жана адамзатты эң көп белгилеген нерсе аналогдук дүйнөдөн санариптик дүйнөгө өтүү. Биз сүйлөшүү жана маалыматтар менен бөлүшү үчүн мессенджерлерди жана социалдык тармактарды колдоно баштадык.
Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул текст, сүрөт, үн жана видеону жаңы технологияларды колдонуп санирипке өткөрүү. Ал аябагандай чоң маалыматтарды 0 жана 1 коду аркылуу компьютер түшүнгөн тилге жаздыруу
Санарип өлкө деген эмне? Мекемелерге барып, узун тажатма кезекте туруп алтындай убактыңызды эмнеге сарптайсыз? Технологиянын доорунда, логиндер башбармактын изи менен ачылып жаткан чакта ошол ишиңизди смартфон аркылуу бүтүргөнгө эмне жетсин
Санарип мамлекет – бул тейлөөлөрдү санариптештирүү, мамлекеттин бардык иштөө системаларын санарип технология жана интернетти пайдалануу аркылуу жеңилдетүү.
Санариптик коопсуздук – маалыматтын купуялуулугун, бутундугун жана жеткиликтуулугун вирустук чабуулдардан жана уруксатсыз кийлигишуудон коргоого багытталган чаралардын жыйындысы.
Маалыматтык коопсуздук – бул анын натыйжасында маалыматтын бузулуп же жоголуп кетүүсүнө алып келген, маалыматтын ээси же колдонууучуга зыян келтирүүчү каалагандай аракеттен коргоо.
Санариптик технологиялар дүйнөнү өзгөртүүдө. Балдардын балалыгына технология таасирин тийгизип, улам барган сайын онлайн режимине өтүп жаткан балдар көбөйдү.
Балдарыңызга Санариптик дүйнөдө кандай болууну үйрөтүнүз: ата-энелерге кеңеш
Ата-энелер балдардын ар бир иш-аракетин интернетте белгилеши керек. Сиз алар кандай вебсайттарга кирип жаткандыгын билишиңиз керек.
Санариптик коопсуздук:
Санариптик гигиеналарга мисал:
МААЛЫМАТ ЖАНА СЫНЧЫЛ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ
Маалыматтык дүйнө, маалыматтык технологиялар, маалыматтык талаа… «Маалымат» деген түшүнүк катышкан бул жана башка сөз айкаштары бүгүнкү күндө биздин жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды, ал эми маалымат биз жашаган дүйнөнүн бир бөлүгүнө айланды. Технологиялар маалыматтан жаңы виртуалдык аалам түзүүгө жол берди.
МААЛЫМАТ ЖАНА СЫНЧЫЛ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ БАЙЛАНЫШЫ
Бул бизге болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мисалы, биз каалаган дүйнөлүк ММКнын жаңылыктарын окуй алабыз, Жердин башка бурчундагы адам менен байланыша алабыз, дээрлик бир көз ирмемде аны менен маалымат алмаша алабыз. Бүгүн бизге китепканага барып кереги жок: каалаган китепкана биздин гаджеттерибиз аркылуу жеткиликтүү. Ал тургай дүкөнгө барып да кереги жок: каалаган азык-түлүктү интернет-тиркемелер аркылуу алдырып алса болот.
Санариптик дүйнөдө биз маалыматка курчалганбыз, ал ар кайсы булактардан келип турат. Бүгүнкү күндө ар бир келген маалыматты кайра талдоого, чындыгын текшерүүгө муктажбыз.
Бул суроолордун ачкычы – сынчыл ой жүгүртүү.
Сынчыл ой жүгүртүү – адамдын кырдаалга жараша же окуяга туура баа берүүсү, уккан маалыматына, ал тургай өзүнүн ишенимине жана чечимине шек коюу жөндөмү.
Жөнөкөй тил менен айтканда – жогорку деңгээлде ой жүгүртүү.
СЫНЧЫЛ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ - АДАМДАГЫ АЛТЫНГА ТЕТЕ КӨНДҮМ.
Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү:
- Билим казынаңызды толуктаңыз;
- Көркөм жана илимий- популярдуу адабияттарды окуңуз;
- Адамдардын жана алардын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүнүз;
- Суроо бергенди үйрөнүңүз;
- Тексттерди окуп, талдап чыгыңыз;
- Шахмат ойноңуз;
- Ар кандай баш катырма, табышмактарды көбүрөөк табуу менен алек болуңуз.
Сынчыл ой жүгүртүү кантип иштейт?
- 1. Сиз кофе ичээрдин алдында, анын пайда же зыян экенин билейин деп, Google издөө алгоритмине «Кофе ичкен зыянбы?» деп жазыныз.
- Охоо, кесепеттери эң эле көп экен: Тынчсызданууга алып келет, тиштерди бузат, жүрөк ооруларын өрчүтөт.
- Бул маалыматтарды окуган сон, кофе ичпейле койдум дейсиз. Бирок шашылбаныз .
- Эми «Кофе ичүүнүн пайдасы?» деп издеп көрүнүз.
- Кофенин пайдасын санаган жайнаган маалымат чыгат: Депрессияны азайтат, эс тутумду жакшыртат, жүрөктү жакшы иштетет, узак жашоого себеп болот.
- Кой ай, интернетке ишенбейм дейсиз, туурабы?
- Бирок жогорудагы карам-каршы пикирлерди сынчыл ой – жүгүртүү менен талдап, чечим кабыл алууну үйрөнүңүз.
«МЕДИАСАБАТТУУЛУК » ОЮНУ
1. Эч кимди, эч нерсени унутпаган касиетке ээ. Эмне жөнүндө сөз болуп жатат? ТАЛКУУ
3. Мамлекетибизде канчанчы жыл « Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыяланган.
2.Медиасабаттуулуктун негизги куралы.
Жооптор менен таамай бөлүшүү:
- 1. ИНТЕРНЕТ. ТАЛКУУ
- 2. ФАКТЧЕКИНГ. Окуучулардын аткаруусунда сахналык көрүнүш.
- 3. 2019-жыл мамлекетибизде «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылы деп жарыяланган
МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ВИДЕО МААЛЫМАТ
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАРГА РАХМАТ!
АР ДАЙЫМ САНАРИП ДҮЙНӨСҮНДӨ КООПСУЗДУКТА БОЛОЛУ.