СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сармерден - Нооруз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Арбаңыздар уюткулуу улуу журтум!

Көөнөрбөс улуу салттын улантып,көргөн жанды кубантып, кереметтүү Көк-Сай айылынын Анарбек Токтогожоев мектебинде: Улустун улуу күнү Нооруз майрамында жүз көрүшүп отурабыз.

   Өнөрпоз көрсө кыргызда,

   Өрөпкүйт жүрөк элжиреп.

   Кыз жигит оюну Сармерден

   Кылымдан берки салтыбыз,

   Ноорузду жатат белгилеп.

 

Бар болгула ардактуу журтум,

Сан кылымдар бул күнгө,

Жетип келген Сармерден.

Сан өнөрдүн түрлөрүн,

Чертип келген Сармерден

         Амансыздарбы?Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу Сармерден күйөрмандары.

Жер жарылып чөп чыгып,

Жер бетин бербей көп чыгып.

Эх чиркин көңүл жайдары

Кубанып турган жайыбыз,

Кут болсун Нооруз майрамы.

 

Нооруз күн ааламдагы керемет.

Мына бугун күн менен теңелет.

Татуу уйкунун кучагынан ойгонуп 

Жер энебиз бир кылымга термелет.

      Оюнубуздун жүрүшүндө жаза басып, мүдүрүлүп жаза басып, мүдүрүлүп баратсак,

Тоң жолго салып, кыз жигиттин өнөрүнө өбөлгө болгон, төрүбүздүн көркүжан дүйнөбүздүн ажары болгон калыстар тобу менен тааныштыра кетсем.

Улуу Нооруз майрамынын урматына,

Мыктылар мыкты иргелген,

Тандалып баары бир келген 

Кызыктуу оюн Сармерден 

Кыз жигитке.жарашкан,

  Сүйүктүү биздин  Сармерден,

Элим сүйүп барктаган,

Эң кызыктуу оюн Сармерден 

Анда эмесе башталат.

 

Улуулардын наркы менен,

Улуулардын салты менен анда эмесе саламдашып алсак кандай дейсиң Эрке бала?

Э.б   Жер жарылып ,чөп чыгып,

         Жер бетин бербей көп чыгып.

         Эх чиркин көңүл жайдары,

         Кубанып турган жайыбыз,

         Кут болсун Нооруз майрамы.

 

Ш.кыз.      Нооруз күн ааламдагы керемет 

                   Мына бугун күн менен түн теңелет.

                   Таттуу уйкунун кучагынан ойгонуп,

                   Жер энебиз бир кылымга термелет.

 

Ш.кыз.      Нооруз майрамынын урматына,

                 Мыктылар мыкты иргелген,

                 Тандалып баары бүт келген

                 Кызыктуу оюн курушат,

                Биздин кыздар ,балдар Сармерден.

 

Э.бала.    Кылымга аты дал келген,

                  Кызыктуу оюн Сармерден,

                 Элим сүйүп барктаган,

                 Эң кызыктуу оюн Сармерден 

                  Анда эмесе башталат.

 

 

Ш.кыз.       Улуулардын наркы менен,

                   Улуулардын салты менен анда эмесе

Саламдашып алсак кандай дейсиң Эрке бала?

 

       САЛАМДАШУУ

Ассалоому алейкум,

Күүлүсүзбү калайык.

Ата салты кыргыздын

Саламдашып алалы

Чер жазып ойноп кыз жигит

Сармердендин баштайлы.

 

Амансыңбы ак Бакайдын урпагы,

Чубак ,Сыргак,Эр Төштүктүн уулдары.

Кыз Сайкалдай  Айбат менен олтурган,

Кымча белдүү Көк Сайымдын кыздары.

 

Кыргызыма шаң берген,

Бирт- бирине дал келген.

Уталы деп биз келдик,

Салам сага Сармерден.

 

Жүрөгүмдө туйлаган кыргыз каны,

Өзөгүмө ойногон кыргыз каны.

Төрөлгөндө оозанган Манас менен

Айтып кирдим ордого салам менен

 

Биздин класстын шайыр ,шок балдарыңа: Гүлзардай кулпурган биздин кыздардан салам болсун.

 

 

Улуу Манас мурас кылган калкыбызга,

Уланат ыйык болуп салтыбызды.

Мына ошол ата баба жолун улап,

Башым ийип таазим кылган жалпыңызга.

 

 

 

Нур чачып көктөм демине,

Улуу күн келди жериме.

Жаңырган жаңы жыл менен,

Кут консун кыргыз жериме.

Калайык калкым эсенби?

Кыздарың айтат саламды.

 

 

Жеткендер кыйынбвз деп көппөсүнчү,

Жеңилгендер утулдук деп чөкпөсүнчү.

Ичимден жараткандан сурап турам,

Ийгилик бизден кыя өтпөсүнчү.

       Обологор обондуу ырларга кезекти берсек кандай дейсиң шайыр кыз?

 

Анда эмесе келгиле кыздар ыр куржунун ачалы

Обондуу ыр: кыздар.   

                        Балдар

     Эрке бала кандай дейсиң,кийинки оюнубузга өтсөк?

 

Тамашалап айта кетсек ,

Азыр кандай өпкөңөр,

Барбы деги төкмөңөр?

  

 

Ордунда эле өпкөбүз.

Отурат мында төкмөбүз.

Талым кыз менен Көбөктүн "айтышына көңүл бурсак.

 

Ап баракелде эмесе,

Өмүрдүн гүлүн ачалы,

Көңүлдүн гүлүн ачалы.

Анда эмесе төкмөлөрдүн өнөрүнө шашалы.

" Талым кыз менен Көбөктүн айтышы"

 

Толкуган күүнүн деминен,

Тоңгон муз дагы эриген.

Комузда кол ойнотуп күү чертет,

Биздин _____________ кызыбыз.

 

Алгач эле башканы коюп Манасты айт дейт .Анда эмесе өнөрлүү балдар,кыздардан Манас эпосунан үзүндү.

 

Кылымда кыздын аты улук ,

Кыргызда кыздын чачы улук.

Кызыгың корбөйт дүйнөнүн,

Кыз сыйлабас макулук дейт.

Анда эмесе кызгалдактай буралган ,биздин кыздарга берели кезекти.

      Кыздар келгиле биргеликте Нооруз майрамынын урматына " Кыргыздын кызы"деген ырды ырдап берсек.

 

     Шайыр кыз кыздардын ырына жооп кылып биздин жигиттер Мекенибиз алгалап өссүн деген тилек менен" Алга Кыргызстан" ырын аткарып беришет.Кана жигиттер чамдагыла.

 

Адеми кызга жооп берип биздин балдар " Ак калпак " бийин бийлешет.

 

Э.бала.    Шайыр кыз эмесе кыз жигиттер акырын өлтүрүп алып,Улустун улуу күнүндө макал айтышууда кезекти берсек.

 

 

 

Ш.кыз.    Ар иштин көзүн табуучу,эп билгиси бар бекен .Айтыша келсе макаладан кеп билгиси бар бекен ?

 

Обондуу ырлар: Нооруз майрам(кыздар

                                Тоолук кыз ( балдар) ырдашат.   

Бий:

Жаңылмач айтуу

Акыйнек айтышат.

Табышмак.

Хор: Кыргызстаным.

                               Тоолук кыз ( балдар)