Селекциянын негизги методдору
Сабактын максаты:
1.Селекциянын негизги методдору, И. В. Мичуриндин селекция илимине кошкон салымы жөнүндө жалпы маалымат алат
2. Селекциялык иштердин методдору: аргындаштыруу(инбридинг, аутобридинг), жасалма тандоо (массалык, жекче), жасалма жол менен мутацияларды жаратуу жөнүндөгү билимдерин тереңдетет
3. Селекция – көп түрдүүлүктүн илими экендигин түшүнөт.
Кɵрсɵткүчтɵрү:
Сабак максатына жетти дейбиз эгерде окуучу тɵмɵнкү маалыматтарды ɵздɵштүрсɵ:
Селекцянын негизги методдорун аныктап талдай алышса
Селекция ишине кыйыштыруу ыкмасын киргизген орус окумуштуусу И. В. Мичурин жана анын эмгектери жөнүндө өздөштүрсө
Өсүмдүктɵрдүн жана жаныбарлардын түшүмдүүлүгүн жогорулатканга жумшалган адам баласынын тандоо аракеттери жасалма тандоо экендигин билсе
Иван Владимирович Мичурин өмүр бою багбанчылык кылган, өсүмдүктөрдү изилдеп, алардын эң мыкты сортторун чыгарган. Өзү жараткан ар бир өсүмдүккө ал көп убакыт жумшап, талыкпай эмгектенген. Мичуриндин эмгегинин натыйжасында жүзүм, өрүк, шабдалы, алмурут сыяктуу түштүктө гана өсүүчү жемиштерди бир кыйла түндүгүрөөк жакка да өстүрүүгө мүмкүн болгон. Ал ар бир бутакта бир-эки жемиши бар чиени жемиши карагат сыяктуу топтошуп чыгуучу сортко айландырган. Жемишинин дандуулугу чиедей болгон карагат, даамы жүзүмдүкүнө окшош крыжовник өстүргөн. Мичурин өтө көп иш бүтүргөн. Бирок анын негизги эмгеги: билим менен куралданган адам жан аябай иштеп, эмгектенсе чыныгы жаратуучу, өсүмдүктөрдүн табиятын кайра өзгөртүүчү боло тургандыгын иш жүзүндө далилдеген .
Кыйыштыруу-
бир өсүмдүктү экинчисине калемчеси же бүчүрү (көзчөсү) аркылуу улоо. Кыйыштырууда өсүмдүктөрдүн төмөнкүсү – кыюу асты, үстүңкүсү – кыюу үстү деп аталат. Кыюу асты менен кыюу үстүнүн камбийлери бири-бирине кыналып, натыйжада алар биригип өсүп, бирдиктүү өсүмдүк организмин пайда кылат. Багбанчылыкта кыйыштыруу – мөмө өсүмдүгүнүн керектүү сортун вегативдик жол менен көбөйтүүнүн негизги ыкмасы.
Вегетативдик гибриддештирүү (аргындаштыруу) - кыйыштырылган өсүмдүктүн бири-бирине таасир берүү кубулушу. Бул кубулуш Ч. Дарвиндин, Л. Бёрбанктын эмгектеринде каралган. Жемиш бактарынын жаңы сортторун чыгарууда В. И. Мичурин кыйыштырылган компоненттердин өз ара таасирин пайдаланган жана багбанчылыкта кеңири колдонулуучу ментор ыкмасын иштеп чыккан. Кыюу асты менен кыюу үстүн өз ара канчалык көп түрдүү болбосун, негизинен эки симбионттун азыктанышынын өзгөрүшүнө алып келет. Мында негизги түрдүк белгилери, генотиптик касиеттери өзгөрүлбөстөн сакталып калат. Ал эми мал чарбасында порода арасында жыныс бездерин же зиготаны көчүрүп жайгаштыруу, канды же анын курамындагы компоненттерди алмаштырып куюу, жаныбарлардын кан жүрүү жана лимфа системасын же алардын эмбриондорун бириктирип жаңы "гибрид" малды алуу, вегетативдик гибриддешүү деп аталат. Айрым окумуштуулар мындай жол менен алынган малдын гибрид экендигин танат.
10миӊ жылдан ашык өзүнө керек болгон белгилерге ээ болгон жандыктарды адам тандап, көбөйтүп,муундан муунга белгилерди өрчүтүп келишкен.Мындай тандоо жасалма тандоо деген атка конгон. Жасалма тандоонун материалдарын биринчилерден топтоп жана талдап чыккандардын арасында Чарльз Дарвин болгон. Окумуштуу табигый жана жасалма тандоонун айырмачылыгын тактап чыккан. Табигый тандоонун натыйжасында организмдердин жашаган чөйрөгө ыӊгайланыштырган белгилердин жыйындысы түптөлөт. Ал эми жасалма тандоо адамды кызыктырган айрым белгилерди жакшыртат .
Жасалма тандоо – сезимсиз жана методикалык болуп бөлүнөт. Сезимсиз жасалма тандоодо байыркы малчы жана дыйкандар өсүмдүк менен жаныбарлардын эң оболу сапаттууларын сактап, кийин алардан жакшы тукум алышкан. Бул сезимсиз тандоо организмдердин генефонундагы мутациялык өзгөрүштү автоматтык түрдө сактап калып, натыйжада жаңы сорт жана порода пайда болгон. Сезимсиз жасалма тандоо механикалык таасири жана жыйынтыгы боюнча табигый тандалууга жакын. Методикалык жасалма тандоо – алдын ала коюлган максаттарга ылайык методикалык жол менен пландуу түрдө жүргүзүлүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун жана үй жаныбарларынын жаңы породаларын чыгаруунун негизги жолу. Айыл чарбада методикалык тандоо массалык жана жекече тандоо жолу менен жүргүзүлөт
Массалык тандоо Селекцияга дуушар болуучу өсүмдүктөрдүн же жаныбарлардын популяциясынан керектүү белгилери бар жандыктарды тандап, аларды бириктирип, бир жерде өстүрүп же багышат .
Жасалма тандоонун максаты:
Керектүү сапаттарды алуу менен бирге ошол сапаттарды туруктуу кылуу. Ошондуктан жаӊы сорт же породаны жаратууда жакын тектеш жандыктарды бири бири менен кайчылаштырат.Себеби алыс тектеш жандыктардын аргындары тукумсуз болуп калышы мүмкүн.
Инбридинг- жакын тектүү организмдердин (бир сорттун же породанын ичиндеги) аргындаштыруусу аталат. Организмдердин пайдалуу белгилерин сактап калганга колдонулат.
Аутобридинг- алыс тектүү организмдерди аргындаштыруу аталат жана жандыктардын генотибинин кɵп түрдүүлүгүн жаратат. Тукумсуз болушат.
Тектеш эмес алыскы гибридациялоо (аутобридинг)
Жасалма жол менен мутацияларды жаратуу
Мутацияны пайда кылган факторлор- мутагендик факторлор деп аталат.Аларга тɵмɵнкүлɵр кирет:
- Химиялык факторлор - формалин, антибиотиктер, пестициддер,колхицин ж.б.
- Физикалык факторлор – рентген нурлары, радиация, ультра кызгылт кɵк нурлар, жогорку температура ж.б.
- Биологиялык факторлор – бактериялар, вирустар, организмдер иштеп чыккан уулуу заттар – токсиндер ж.б
Мутагендердин таасиринин натыйжасында ДНК молекуласынын структурасы бузулуп, кɵптɵгɵн зыяндуу жана пайдалуу мутациялар жаралат. Керектүү мутацияларды селекция жумуштарында колдонуп, жаңы сорт же породаны жаратышат
Полиплоидия ( гр. polyploos - көп эселенүү, eidos - түр) - өсүмдүк же айбанат клеткасындагы хромосомалардын санынын эселениши.Кɵбүнчɵ буудайдан башка арпа, пахта, мөмө-жемиш ж. б. өсүмдүктөрдө көп жолугат. Полиплоиддүү өсүмдүктөрдүн клеткаларынын көлөмү, ядролору, органдары ири келип, кээде өсүмдүктүн бийик болуп өсүү касиетин берет.Тажрыйбада полиплоиддик клеткалар колхицин алкалоидинин таасири менен оңой алынат. Бул селекцияда кеңири колдонулууда.
Кыргызстандын селекционерлери
Кыргызстанда көрүнүктүү селекционерлер Р.Ф.Любавина, Д.Токоева, В.Ибрагимова, Т.В. Бессонова күздүк будайдын жогорку түшүмдүү сортторун иштеп чыгышкан: Лютенс – 42 ( бир гадан түшүмү 90-110 ц) , Кыял, Бермет (бир гадан түшүмү 82 ц жакын), Тилек (71 ц). Т.В. Бессонова Нутанс – 89ц. Ардак- күздүк арпанын сортторун, жаздык арпанын сортун чыгарган. Жүгөрүнүн Манас- сортунун негизинде жогорку түшүмдүү гибриддерди К.С. Седоев деген селекционер иштеп чыккан. Бул гибриддердин түшүмдүүлүгү гектарына 200 ц.ден айланат. Жогорку дээӊгелдеги ийгиликтерге Кыргызстандын селекционерлери башка айыл– чарба өсүмдүктөрү менен иштегенге жетишти: кант кызылча (академик Акималиев Ж.А, Степаненко Г.С.), софлёр, пахта, мөмө- жемиштер, капуста ж.б. Зоотехнологиялык илимге зор салым киргизгени үчүн белгилүү Кыргызстандын окуумуштулары эл аралык таануда : академиктер М.Н. Лущихин, Н.И. Захарьев, А.С.Всяких, ошондой эле академиктер И.М. Ботбаев, Р.Э Садыков, илимий докторлор жана профессорлор А.З. Квитко, Р.Э Садыков, Е.Г.Мезенцев, А.К.Каниметов, А.С Ажибеков, А.К. Кыдырмаев О.Д. Дуйшекеев, А.Н. Назаркулов, И.А.Альмеев, В.А. Чертков жана башкалар.
Эӊ чоӊ жетишкендиктери:
• койлордун кыргыз уяӊ жүндүү, тянь-шандык жарым уяӊ жүндүү, алай кесик жүндүү, кыргыз тоолук меринос, айкөльдүк эттүү – майлуу породаларын пайда кылуу;
• бодо малдын алатау жана аулиэатин породалары;
• аттардын жаӊы кыргыз породасы;
• кыргыз эчкинин тыбыт, жүн жана сүттүү породолары;
• кыргыз тооктордун породалык группалары;
• андан тышкары койлордун 27 линиялары жана 4 типтери, 21 бодо малдын түркүмдөрү болду.
Υй тапшырмасы
§ 35, 190 – 194 бет окуп, конспект жазуу, 28 - таблица