Синтаксис боюнча тесттер № 1
1. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү кайсылар?
а) толуктооч, ээ, баяндооч
б) ээ, баяндоо, бышыктооч
в) ээ, баяндооч
г) баяндооч, аныктооч
2. Ээ кийинки суроолордун кайсынысына жооп берет?
а) ким? эмне? эмнеге?
б) кимдерге? эмнеге?
в) ким, эмне? кимдер? эмнелер?
г) ким? эмне? канча?
3.Белгиленген зат атоочтун жөндөмөсүн тапкыла.
Биздин өлкөдө көптөгөн улуттар жашайт.
а) барыш б) жатыш
в) атооч г) чыгыш
4.Белгиленген зат атоочту аныктагыла:
Бүгүн ата-энем келет.
а) татаал сөз б) кош сөз
в) кыскартылган сөз г) күчөтмө даража
5.Айкындооч мүчөлөр кайсылар?
а) ээ, толуктоо
б) баяндооч, тактооч
в) аныктооч, бышыктооч, толуктооч
г) ээ, баяндооч
6.Аныктооч кандай суроолорго жооп берет?
а) кайсы? кандай? кимдин?
б) кандай? каякта? эмнеге?
в) качантан бери? кайсы жерде?
г) кимдин? эмненин? кимде?
7.Бышыктооч кандай суроолорго жооп берет?
а) качантан бери? кайсы жерде? кайсы?
б) кимдин? эмненин? кимде?
в) кантип? кандай? эмне үчүн?
г) эмнеге? кимге?
8. Толуктооч кайсы суроолорго жооп берет?
а) ким? эмне?
б) кантип? кандай? эмне үчүн?
в) качантан бери? кайсы жерде? качан?
г) кимде? эмнеде?
9. Баяндоочтун милдетин көбүнчө кайсы сөз түркүмү аткарат?
а) зат атооч; б) ат атооч;
в) сын аточ; г) этиш.
10. Ээнин милдетин көбүнчө кайсы сөз түркүмү аткарат?
а) зат атооч б) ат атооч
в) сын аточ г) этиш
11.Белгиленген сөздү аныктагыла.
Атам үч күнгө Ошко кетти.
а) тактооч б) ат атооч
в) сан аточ г) этиш
12. Сын атоочтун күчөтмө даражасын тапкыла.
а) жылуу б) жылымык
в) жыпжылуу г) жылуураак
13.Катыштык сын атоочторду тапкыла.
а) жаңы мектеп б) чоӊ кумган
в) жакшы адам г) жаңырган ай
14. Сапаттык сын атоочту тапкыла.
а) шаардык кыз б) чет өлкөлүк журнал
в) кызыл алма г) күзгү жаан
15. Белгиленген сөздөр сүйлөмдүн кайсы мүчөлөрү?
Майрамда асманга кызыл, жашыл, сары шарлар
көтөрүлдү?
а) ээ б) тактооч
в) бир өңчөй мүчөлөр г) баяндооч
16. Татаал сүйлөм деп эмнени айтабыз?
а) Эки же андан көп жөнөкөй сүйлөмдөн турат.
б) Баш мүчөлөр жана айкындооч мүчөлөрдөн турат.
в) Бир гана баш мүчөдөн жана айкындооч мүчөлөрдөн турат.
г) Баш мүчөлөрдөн түзүлөт.
17.Жайылма сүйлөм сүйлөмдүн кайсы мүчөлөрүнөн түзүлөт?
а) баш мүчөлөрдөн
б) баш жана айкындооч мүчөлөрдөн
в) айкындооч мүчөлөрдөн
г) аныктооч менен толуктоочтон
18.Бир өңчөй аныктооч катышкан сүйлөм кайсы?
а) Жамийла шыңга бойлуу, өтө эле шайыр келин эле.
б) Карагат, чие, бадамы, чакырып турат адамды.
в) Айылда да, шаарда да иш кызыган убак.
г) Шарше дөгүрсүнүп, менменсинип кербезденет.
19.Сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси коюлат.
Ал жерде баардыгы саз да, дарыя да, токой да бар эле.
а) үтүрлүү чекит
б) үтүр
в) кош чекит
г) тире
20. Кайсы сүйлөмдө жалпылагыч сөз бар.
а) Өрдөк, чүрөк, ак куулар көлдүн бетин бербеген.
б) Сага акыл да, күч да, өнөр да берилген.
в) Акыл да, ой да, адистик да – баары өзүбүздө.
г) Арзыматтын көз карашы жылуу.
Синтаксис боюнча тесттер № 2
1.Сөз айкашы деген эмне?
а) Бир тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы.
б) Тыбыш жөнүндөгү илим.
в) Сөздөрдүн жасалышы, өзгөрүшү.
г) Эки же андан көп сөздөрдүн маанилик жана
грамматикалык жактан айкашы.
2.Сөз айкашын тапкыла.
а) мен келдим
б) ташбака
в) күз
г) алтын кашык
3.Сүйлөмдөр грамматикалык түзүлүшүнө карай кандай топторго бөлүнүшөт?
а) жай, суроолуу, илептүү
б) жалаң, жайылма
в) толук, кемтик
г) жөнөкөй, татаал
4.Этиштик сөз айкашы кайсы?
а) бийик тоо
б) алмаздан катуу
в) келгендердин баары
г) мектептен келүү
5.Сөз айкашы канча сөздөн турбайт?
а) 4 б) 2 в) 1 г) 6
6.Бир өңчөй мүчөлөрдүн ортосуна коюлуучу тыныш белгилер кайсылар?
а) илеп белгиси б) үтүрлүү чекит
в) кош чекит г) үтүр
7.Синтаксис бөлүмү эмнени үйрөтөт?
а) сөз жана сөз жасоону
б) сөз жана сөз түркүмүн
в) сөз айкашы жана сүйлөмдү
г) жөнөкөй жана татаал сөздү
8.Төмөнкүлөрдүн ичинен кайсынысы сөз айкашы?
а) бака жалбырак
б) жашыл жалбырак
в) темир жол
г) төө куш
9.Сүйлөмгө мүнөздөмө бергиле.
Кар жаагандыктан, жол тайгак болду.
а) жөнөкөй сүйлөм
б) жайылма сүйлөм
в) багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм
г) тең байланыштагы татаал сүйлөм
10. Сүйлөмгө мүнөздөмө бергиле.
Кар жаады жана жол тайгак болду.
а) багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм
б) тең байланыштагы татаал сүйлөм
в) жөнөкөй сүйлөм
г) жайылма сүйлөм
11. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү кайсылар?
а) толуктооч, ээ, баяндооч
б) ээ, баяндоо, бышыктооч
в) ээ, баяндооч
г) баяндооч, аныктоо
12. Ээ суроолордун кайсынысына жооп берет?
а) ким? эмне? эмнеге?
б) кимдерге? эмнеге?
в) ким, эмне? кимдер? эмнелер?
г) ким? эмне? канча?
13. Белгиленген зат атоочтун жөндөмөсүн тапкыла.
Биздин өлкөдө көптөгөн улуттар жашайт.
а) барыш
б) жатыш
в) атооч
г) чыгыш
14.Багыныңкы сүйлөм кандай суроого жооп берет?
Бул киши ишке жарабайт, анткени керектүү билими жок.
а) эмне үчүн?
б) кантип?
в) эмнеге карабай?
г) кандай? канчалык?
15. Багыныңкы сүйлөм кандай суроого жооп берет?
Жогорку билим алуу үчүн, университетте окуйм.
а) эмнеге карабай?
б) кантип? кандайча?
в) эмне үчүн? эмне максат менен?
г) канчалык?
16. Багыныңкы сүйлөм кандай суроого жооп берет?
Бүткүл денеси калтырап, студент экзаменге кирди.
а) кантип? кандай?
б) эмнеге карабай?
в) эмне үчүн? эмне максат менен?
г) канчалык?
17.Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр…
а) Бири-бирине багынбаган эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөр.
б) Баш жана айкындооч мүчөлөрдөн турган сүйлөм.
в) Сүйлөмдөрдүн бири негизги, экинчиси аны толуктайт.
г) Бир өңчөй мүчөлөрдөн түзүлөт.
18.Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр кайсылар?
а) кош сөз, кошмок сөз, бириккен сөз
б) каратма сөз, киринди сөз, сырдык сөз
в) татаал сөз, жөнөкөй сөз
г) кыскартылган сөз
19. Кызматчы сөздөр кайсылар?
а) байламта, бөлүкчө, жандооч
б) модалдык сөз
в) тууранды сөз
Г. каратма сөз, киринди сөз, сырдык сөз
20.Багыныңкы сүйлөм кайсы суроого жооп берет?
Аны ата-энеси чакыргандыктан, эртең Асан үйүнө кетет.
а) эмнеге?
б) эмне себептен?
в) качан? кайсы убакта?
г) кайсы? кандай?
Синтаксис боюнча тесттер № 3
1.Кыргыз тилинин синтаксис бөлүмү эмнени үйрөтпөйт?
А) сөз жана сөз жасоону
Б) суйломдорду
В) сөз айкашы жана сүйлөмдү
Г) Соз айкаштарын
2. Төмөнкүлөрдүн ичинен кайсынысы сөз айкашы?
А) Уу коргошун
Б) белдин суугу
В) Темир жол
Г) Ит уйгак
3. Этиштик сөз айкашын тапкыла.
А) бийик тоо
Б) тоодон бийик
В) Уккандардын бири
Г) Тоого баруу
4. Сөз айкашын тапкыла.
А) мен келдим
Б) ташбака
В) күз
Г) алтын кашык
5.Кайсы сүйлөмдө бөлүнгөн сөз – ээ?
А) Чакырганга барбаган адам ымдаганга зар болот.
Б) Чакырганга барбаган ымдаганга зар болот.
В) Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
Г) Окуучулар пахта теришти.
6.Бөлүнгөн сөз сүйлөмдүн кайсы мүчөсү?
Ж а к ш ы д а н жакшы ат калат.
А) толуктооч
Б) бышыктооч
В) аныктооч
Г) ээ
7.Атама сүйлөмдү тапкыла.
А) Тулпар тушунда кымбат.
Б) Сен өзүң ким болосуң, мырзам.
В) 1917-жыл. Жер томсоруп гана турат.
Г) Бектурган коктудагы төрт үйдү көздөй басты.
8.Таандык байланышындагы сөз айкашы кайсы?
А) жыйырма бир жумушчу
Б) апамдын аты
В) көмүрдөй кара
Г) адептүү болуу
9.Кайсы сүйлөмдө бөлүнгөн сөз – аныктооч?
А) Ж а м а н д ы к т а н көзгө жаш келер.
Б) Ж а м а н д а н тунулуу керек.
В) Ж а м а н жолдоштон жалгыздык жакшы.
Г) Ж а м а н өз камын ойлойт.
10.Берилген сүйлөмдөгү этиштин чагын аныктагыла.
Асман жактан апачуу кыйкырык угулду.
а) учур чак
б) өткөн чак
в) келер чак
г) чакчыл
11.Берилген сүйлөмдөгү ээге мүнөздөмө бергиле.
Жигиттер казатка аттанышты.
а) татаал
б) кош сөз
в) кыскартылган сөз
г) жөнөкөй
12.Берилген сүйлөмдүн түрүн аныктагыла.
Ак төөнүн карды жарылган күз келди.
а) татаал сүйлөм
б) жайылма сүйлөм
в) толук эмес сүйлөм
г) атама сүйлөм
13.Белгиленген сөз сүйлөмдө кайсы милдетти аткарат?
Айылдагы туугандар келишти.
а) бышыктооч
б) толуктооч
в) тактооч
г) аныктооч
14.Берилген сүйлөмгө мүнөздөмө бергиле.
Эрте келүү – милдетибиз.
а) татаал сүйлөм
б) жайылма сүйлөм
в) толук эмес сүйлөм;
г) атама сүйлөм.
15.Белгиленген сөзгө аныктама бергиле.
Албетте, биз жыйналышка катышабыз.
а) каратма сөз
б) киринди сөз
в) сырдык сөз
г) байламта
16.Бөлүнгөн сөз тизмеги сүйлөмдүн кайсы мүчөсү?
Чай ичип отурушуп, бала таятасынан өз атасынын кабарын укту.
а) аныктооч
б) толуктооч
в) бышыктооч
г) баяндооч
17. Атама сүйлөмдү тапкыла.
а) Мен бүгүн киного бардым.
б) Алмаз университетти качан бүтүргөн?
в) 2006-жыл. Күз айларынын бири.
г) Мына, сабакка кечиктик!
18.Сүйлөмдү аныктагыла.
Мына, сабакка кечиктик
а) суроолуу сүйлөм
б) жай сүйлөм
в) илептүү сүйлөм
г) киринди сүйлөм
19.Сүйлөмдүн кайсы түрү экенин аныктагыла.
Алмаз университетти качан бүтүргөн
а) суроолуу сүйлөм
б) жай сүйлөм
в) илептүү сүйлөм
г) киринди сүйлөм
20.Сүйлөмдүн түрүн аныктагыла.
Мен бүгүн киного бардым.
а) суроолуу сүйлөм
б) жай сүйлөм
в) илептүү сүйлөм
г) киринди сүйлөм
Синтаксис боюнча тесттер № 4
1.Грамматикалык түзүлүшү боюнча сүйлөм канчага бөлүнөт?
а) экиге (жөнөкөй, татаал);
б) үчкө (жактуу, жаксыз, атама);
в) төрткө (жай, суроолуу, жалаң, жайылма);
г) бөлүнбөй.
2. Негизги сөзү сын атоочтон болгон сөз айкашын көрсөткүлө.
А) балдан таттуу
Б) калың токой
В) окууга баруу
Г) китептин экөө
3. Кайсы сөз айкашында ыкташуу байланышы бар?
А) биздин курбулар
Б) жаратылышты сактоо
В) музейде болуу
Г) ызгаардуу кыш
4.Сүйлөмдүн грамматикалык негизин кайсы мүчөлөр түзүшөт?
А) ээ жана баяндооч
Б) толуктооч жана бышыктооч
В) аныктооч жана толуктооч
Г) аныктооч жана бышыктооч
5.Кайсы сөз айкашында башкаруу байланышы бар?
А) ачык сүйлөө
Б) оюнга баруу
В) анардай кызаруу
Г) менин жоолугум
6.Бөлүнгөн сөз сүйлөмдүн кайсы мүчөсү?
Олбуй-солбуй камчы уруп, жогортон тушуп келди.
А) толуктооч
Б) бышыктооч
В) аныктооч
Г) ээ
7.Төмөнкүлөрдүн ичинен кайсынысы сөз айкашы?
А) көз айнек
Б) темир кашык
В) суу жылан
Г) Ала-Тоо
8. Жандооч менен байланышкан башкаруу
байланышындагы сөз айкашын тапкыла.
А) короо-короо кой
Б) чытырман токой
В) биринчи беттешүү
Г) билим үчүн аракеттенүү
9.Айтылыш максаты боюнча сүйлөмдүн кандай түрлөрүн билесиңер?
А) жактуу, жаксыз
Б) толук, кемтик
В) жай, суроолуу, илептүү, буйрук
Г) жөнөкөй, татаал
10.Бир өңчөй мүчөлөрдүн ортосуна коюлуучу тыныш белгилер кайсылар?
А) суроо белгиси
Б) үтүрлүү чекит
В) кош чекит
Г) үтүр
11.Сөз айкашы деген эмне?
А) Тыбыш жөнүндөгү илим.
Б) Сөздөрдүн жасалышы, өзгөрүшү.
В) Бир тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы;
Г) Эки же андан көп сөздөрдүн маанилик жана грамматикалык жактан айкашы.
12. Сөз айкашын тапкыла.
А) ал ырдады
Б) алтын саат
В) төө куш
Г) жаз
13.Негизги сөз зат атоочтон болгон сөз айкашын тапкыла.
А) эрте келүү
Б) тоодой бийик
В) окуучулардын үчөө
Г) биздин пикир
14.Бөлүнгөн сөз тизмеги сүйлөмдүн кайсы мүчөсү?
К о р к к о н д у к т а н, бала алаңдап кетти.
А) аныктооч;
Б) толуктооч;
В) бышыктооч;
Г) баяндооч.
15. Жер казына. Суу алтын. Бул сүйлөмдөрдө кайсы тыныш белгиси калтырылып кеткен?
А) кош чекит
Б) үтүр
В) сызыкча
Г) кашаа
16. Бөлүнгөн сөз тизмеги сүйлөмдүн кайсы мүчөсү?
Чай ичип отурушуп, бала таятасынан өз атасынын кабарын укту.
а) аныктооч
б) толуктооч
в) бышыктооч
г) баяндооч
17. Атама сүйлөмдү тапкыла.
а) Мен бүгүн киного бардым.
б) Кечикпей эрте келгиле.
в) Тун. Жай саратан.
г) Бугун барышат.
18. Сүйлөмдү аныктагыла.
Бол эми, тез чурка
а) суроолуу сүйлөм
б) жай сүйлөм
в) илептүү сүйлөм
г) буйрук сүйлөм
19.Сүйлөмдү аныктагыла.
Бугундон калбай келесинби
а) суроолуу сүйлөм
б) жай сүйлөм
в) илептүү сүйлөм
г) буйрук сүйлөм
20.Сүйлөмдү аныктагыла.
Жашоо оз нугунда отуп жатат
а) суроолуу сүйлөм
б) жай сүйлөм
в) илептүү сүйлөм
г) буйрук сүйлөм