/
СИНТАКСИС
Даярдаган:Турсинова.М
Текшерген: Алибекова.Ө
Синтаксис ( б.-грек. σύν-ταξις — түзүлүш, тартип) ― тил илиминде, сүйлөмдүн түзүлүшүн, сөз айкашын жана сүйлөм мүчөлөрүн окутуучу грамматиканын бир бөлүмү. 2 топко болуп кароого болот: Сөз айкашынын синтаксиси Сүйлөмдүн синтаксиси
Сөз айкашы — багыныңкы байланыштын ыкташуу, таандык, башкаруу жолдору аркылуу байланышкан толук маанилүү эки же андан көп сөздөрдүн грамматикалык жана маанилик жактан биригүүсү аркылуу пайда болгон синтаксистик конструкция. Грамматикалык жана семантикалык жактан багындыруучу сөз . Сөз айкашынын негизги түгөйүн, багыныңкы сөз – анын көзкаранды (багыныңкы) түгөйүн түзөт. Негизги түгөйүнө карай Сөз айкашы субстантивдик (негизги сөз – зат атооч), адективдик (негизги сөз – сын атооч), этиштик жана тактоочтук болуп бөлүнөт
Жогорудагы аныктамада айтылгандай, сөз айкашынын компоненттери толук маанилүү сөз болушу керек. Ал эми кызматчы сөздөр толук мааниге ээ болбогондуктан, сөз айкашынын компоненттин түзө алышпайт
Сөз айкашы эмес сөз айкашы
- Китеп тууралу
- Айылды көздөй
- Өтө кызыктуу
- Эл менен
- Аябай жумшак
- Китеп тууралуу маектешүү
- Айылды көздөй жөнөө
- Өтө кызыктуу окуя
- Эл менен жолугушуу
- Аябай жумшак адам
Сөз айкашынын бир компоненти экинчисине баш ийип, багыныңкы абалда болсо, экинчиси аны баш ийдирип, багындыруучу сөз же негизги сөз болот
Багыныңкы
сөз айкаш
Алгыр
Кызыл
Ишмер
Тоого
Шаардан
бешинчи
Багындыруучу
сөз айкаш
Бүркүт
Жоолук
Жигит
Баруу
Келүү
класс
Багыныңкы сөз багындыруучу менен төмөнкүдөй жолдор аркылуу байланышат
- Мааниси жактан;
- Грамматикалык жактан
Багыныңкы сөз өзүнүн мааниси жагынан багындыруучуга ыкташып, анын ар кандай белгилерин аныктайт:
Татуу алма (кандай алма? - татуу зат сапатын)
Кырк чоро (канча чоро? – кырк зат сан)
Чукул бурулуу (кандай бурулуу? – чукул кыйм ара сын сып)
Багыныңкы сөзгө уланган сөз өзгөртүүчү мүчөлөр аркылуу көрсөтүлөт, ошондуктан багыныңкы сөздүн кандайдыр бир жөндөмөдө (атоочтон башка) же жандоочтор менен келиши керек:
Багыныңкы багындыруучу
Биздин айыл
Үйдөн чыгуу
Кинодо болуу
Айрым учурда багыныңкы сөзгө жөндөмө мүчө уланбай, анын ордуна жандооч катышып да, сөз айкаштары түзүлөт, «анткени жандоочтор атооч менен этиштин ортосундагы синтаксиситик байланышты көрсөтөт. Жандооч менен жөндөмө –өтө тыгыз байланышта турган грамматикалык категория. Булар бири-биринин грамматикалык маанилерин толуктап, тактап турушат»:
Лыжа менен баруу
Классташтар жөнүндө ойлонуу
Билим үчүн күрөшүү
Айылга карай баруу
Мектеп жөнүндө баарлашуу
Тартип үчүн күрөшүү
Кесип тууралуу сүйлөшүү
Сөзгө караганда, сөз айкашы зат, анын белгиси, кыймыл-аракет жөнүндө кенен түшүнүк берет жана аларды өз ара байланышта көрсөтөт.
М: көйнөк (сөз) \ кызыл көйнөк
токой - калың токой
Китеп – адабий китеп
Окуучу - он беш окуучу
Карындаш – менин карындашым
Ойлонуу – кесип жөнүндө ойлонуу
Баруу - айылга баруу
Сөз айкашынын тутумундагы сөздөр өз ара багыныңкы байланышта болот.
Сөз - морфологияга,
Сүйлөм – синтаксиске тиешелүү
Сөз айкашы да сүйлөм да - экөө тең синтаксиситик категория, бирок булуар аткарган кызматтары жагынан бири-биринен айырмаланып турушат.
- Сүйлөм – грамматикалык жактан уюшулган речтин бир бөлүгү, бүткөн айрым ойду билдирет.
- Сөз айкашы – бүткөн бир айрым ойду билдире албайт. Интонациялык касиетке ээ эмес, ал эми сүйлөм интонациялык жактан уюшулуп келет да, анын аякталган чеги болот. Модалдддддуулук, жак, чак категориялары болбойт.
М: Жаңы мектеп салынды. (сүйлөм)
Жаңы мектеп (сөз айкашы)
Багындыруучу сөздүн кайсы сөз түркүмүнөн экендигине байланыштуу сөз айкаштарынын төмөнкүдөй турлөрү бар.
- Атоочтук сөз айкашынын багындыруучу сөзү атооч сөз түркүмүнөн болот.
М: жыгач үй,он окуучу, курч бычак
- Этиштик сөз айкашынын багындыруучу сөзү этиштен, багыныңкысы башка сөз түркүмүнөн болуп, мында этиш активдүү катышат. Тактап айтканда, багыныңкы түгөйү ыкташуу же башкарылуу жолу менен этишке байланышат. М: үч эсе көбөйтүү, жакшы окуу, эрте келүү, бырс күлүү
Сөз айкашынын түрлөрү
Эркин Сөз айкашы – компоненттеринин ортосундагы байланыш анчалык бекем болбогондо, бири-биринен оңой ажырай турган айкаштар.
Туруктуу
1) Семиз кой, кой эти, ачыган камыр, камыр тамак, тар бөлмө
сөз айкашы – компоненттери бири-бири менен тыгыз байланышып, бүтүн бир маанини билдирген фразеологиялык сөз айкаштар.
М: Камырдан кыл сууругандай. Ичи тар. Көз кырын салуу
Өзгөчөлүтөрү:
Туруктуу сөз айкашы – бардык компоненти биригип бир суроого жооп берет.
Бир сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат.
Образдуулугу менен айырмаланат.
Эркин сөз айкашы – эки башка суроолого жооп берет.
Эки башка сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат.
Атоочтук сөз айкаш
- Зат+зат= жыгач үй, короо-короо кой, араба-араба машина, үйүр-үйүр жылкы;
- Сан атооч+зат= он окуучу, жыйырма беш дептер, экинчи класс, эки миң тонна эгин;
- Сын атооч+зат атооч= курч бычак, караңгы түн, калың токой, көк ала жоолук;
- Ат атооч+зат атооч= биздин пикир, ушул бала, ошол жигит, бүткүл эл, ар бир адам
- Атоочтук +зат атооч = көрүнгөн тоо, агарган кар, жалтыраган муз, жаңылбас жаак;
- Зат атооч+сан атооч= оюндагы экөө, окуучудардан бешөө, студенттерден төртөө;
- Сын атооч+сан атооч= Чаткалдык алтоо, айылдык жетөө, балалуу үчөө;
- Ат атооч+сан атооч= булардын бирөө, алардан экөө, тигилердин он экиси;
- Атоочтук +сан атооч= келе жаткан экөө, сыйлагандардын экинчиси;
10) Зат+сын атооч= балдан таттуу, сүттөн ак, алтындан кымбат, айдан жарык;
- Сын атооч+сын атооч= анардай кыпкызыл, тоодой бийик, көлдөй терең, чоктой кызыл;
- Сан атооч+сын атооч= эки кабаттуу, алты балалуу, эки уйлуу, үч үйлүү;
- Ат атооч+сын атооч= кандай акылдуу, сенден билимдүү, кандай сапсары;
- Зат атооч+ ат атооч= малчылардын ар бири, класстагылардын эч кимиси;
- Атоочтук+ат атооч= ырдагандардын кээ бири, бараткандардын эч кимиси.
Этиштик сөз айкаш
- Сан атооч+этиш=үч келүү, эки баруу, биринчи жазуу, үч эсе көбөйтүү;
- Сын атооч+этиш= жакшы окуу, эң кыска сүйлөө, куштай сызуу, балыктай сүзүү;
- Тактооч+этиш= эрте келүү, эртең баруу, бүгүн сүйлөшүү, алыстан көрүнүү;
- Тууранды сөз+этиш= бырс күлүү, тарс-тарс басуу, жалт бурулуу, багжаң-багжаң сүйлөө;
- Чакчылдар+этиш= тажаюай угуу, жылмая кароо, күлдүрө айтуу, бышактап ыйлоо.
Башкаруу жолу аркылуу да түзүлгөн сөз айкаштар (атооч менен иликтен башка жөндөмөлөрдө келет)
А) Барышта; музейге баруу, айылдаштарга кезигүү, мугалимдерге учурашуу;
Б) Табышта: кыштакты аралоо, көчөттөрдү отургузуу, шаарды көрүү;
В) Жатышта: мектепте окуу, кыштакта иштөө, шаарда жашоо;
Г) Чыгышта: айылдан баруу, үйдөн чыгуу, сабактан келүү.
Жогорудагыдан тышкары этиштик сөз айкаштарды жардамчы атооч менен жандоочтор да уюштурат. Жандооч катышканда, багыныңкы сөздөн кийин келет. Мындай учурда багынңкы сөз жөндөмө мүчөлүү да, жөндөмө мүчөсүз да келе бериши мүмкүн.
М: чыгышты карай учуу, чалгы менен чабуу, телефон аркылуу сүйлөшүү, достук үчүн күрөшүү
Сөз айкашы:
- Эки же андан ашык сөздөн турат;
- Эки сөзү тең лексикалык мааниге ээ;
- Эки сөз бири-бири менен байланышып, бир маанини билдирет;
- Татаал сөздөн айырмаланып, компоненттери ар башка түшүнүктөрдү атайт;
- Ар бир компоненти ар башка суроого жооп берет.
Синтаксистик байланыштын түрлөрү
Ыкташуу
байланышы
Ээрчишүү
байланышы
Таандык
байланышы
Башкаруу
байланышы
Башкаруу байланышы – багыныңкы сөз барыш, табыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүндө болот. М: үйгө келүү, китеп (ти) окуу
Таандык байланыш – бир заттын башка бир затка таандык экендигин көрсөт. Багыныңкы сөз дайыма илик жөндөмөсүндө болот. М: гүлдүн жыты, бактын көлөкөсү.
Ыкташуу байланышы – жөндөмө мүчө албайт. Багыныңкы сөз багындыруучу сөздүн ар кандай белгилерин көрсөтөт. М: алтын шакек, кызыктуу оюн.
Ээрчишүү байланышы – ээ менен баяндочтун байланышы (сөз айкаштарын эмес, сүйлөмдү байланыштырат). Ээ-багындыруучу, баяндооч багыныңкы түгөй болот. М: Ажар келди. Алма бышты. Жылдыз суюлду
Сүйлөм — синтаксистин изилдей жана үйрөтө турган негизги маселелеринин бири. Ал коомдук турмушта пикир алышуунун, башкача айтканда байланыш, катнаштын эң негизги каражаты болуп эсептелинет. Сүйлөм ар кандай эле сөздөрдүн жыйындысынан түзүлө бербейт. Ал лексикалык-семантикалык маанилери боюнча жакындыгы бар, ошонун негизинде грамматикалык жактан байланышкан синтаксистик чакан бирдиктерден, б.а. Сөз тизмектеринен жана сөздөн түзүлөт.
Сүйлөм мүчөлөрү
Айкындооч
Баш
мүчөлөр
мүчөлөр
Ээ
баяндооч
Аныктооч
Толуктооч
Бышыктооч
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү
сүйлөмдө бирдей суроолорго жооп берип, бирдей милдет аткарган тең байланыштагы сөздөр бир өңчөй мүчөлөр деп аталат.
М : Газ мешин, муздаткычты жана телевизорду ала кетели.
Жалпылагыч сөз сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн бириктирип, жалпылап турган сөз. М: Баласына да, аялына да – экөөнү өзү менен бирге ала кетмек болду.
Жалпылагыч сөз : (кош чекит) бир өңчөй мүчөлөр . Ал үчүн азыр эч нерсенин : байлыктын, бийликтин, мансаптын мааниси жок.
Бир өңчөй мүчөлөр – (сызыкча) жалпылагыч сөз. Ал үчүн азыр байлыктын, бийликтин, мансаптын - эч нерсенин мааниси жок.
Гыч
Түшүндүрмө мүчө – сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип, анын маанисин аныктап, ар түрдүү кырдаалдагы абалын толуктап, тактап турган мүчө.
- Жандамалуу түшүндүрмө мүчө – аныкталгычтан кийин келип, анын заттык же сыпаттык белгисин (кесип, жакындык, өнөр, наам, сыпат, мүңөз, даража) аныктап, ага кошумча ат берет. М : Алтынай эже кытай тилин үйрөтүүгө убада берди.
- Түгөйлүү түшүндүрмө мүчө - аныкталуучу затка экинчи бир зат атооч кошо айтылып, анын кошумча кесибин, ар кандай белгисин билдирет. Түгөйлүү түшүндүрмө мүчө менен аныкталгыч сөздүн ортосуна дефис коюлат.
М: Интернет – магазин, инженер-механик, матер-технолог
3 ) Обочолонгон түшүндүрмө мүчө – сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүнөн кийин келип, өзгөчө интонация менен айтылып, алардын маанисин толуктап, тактап турат. Сүйлөм башында келсе, өзүнөй кийин; ортосунда келсе, эки тарабында келсе; өзунөн мүрүн үтүр менен ажыратылат.
М: Биз , мугалимдер , колубуздан келишинче даярданып жатабыз.
Ч.Айтматов, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу , кыргыз элин дүйнөгө таанытты.
Сүйлөм айтылыш максатын карай төрткө бөлүнөт:
- Жай сүйлөм
- Суроолуу сүйлөм
- Илептүү сүйлөм
- Буйрук сүйлөм
Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр
- Киринди
- Каратма
- Сырдык сөздөр
Сүйлөм грамматикалык түзүлүшүн карай:
1) Жөнөкөй жана татаал
Жөнөкөй сүйлөмдөр
1) Бир тутумдуу
2) Эки тутумдуу
1) Белгилүү Жактуу
2) Белгисиз жактуу
3) Жалпылама жактуу
4) Жаксыз сүйлөм
5) Атама сүйлөм
6) Кемтик сүйлөм
7) Баяндоочу
8) кысткартылган сүйлөм
- Жалаң сүйлөм
- Жайылма сүйлөм
Татаал сүйлөм
3) Көп багыныңкылуу
татаал сүйлөм
татаал сүйлөм
2) Ар түрдүү багыныңкылуу
татаал сүйлөм
Татаал сүйлөм
2) Багыныңкы байланыштагы
Татаал сүйлөм
1) Байланыштыргыч
2) Каршылагыч
3) Божомолдогуч
4) Себеп-натыйжалагыч
2) Байламтасыз
- Мезгилдеш
- Себептеш
- Каршылагыч маанилүү
- Божомол маани
- Салыштырма
- Түшүндүрмөлүү
- Шартташ
- Мезгил
- Орун
- Максат
- Себеп
- Сыпат
- Карама-каршы
- Салыштырма
- Шарттуу
- Сан-өлчөм
4) Аралаш
татаал сүйлөм