СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сиздин балаңыз эмнени сүрөткө түшүрөт?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Баланы сүрөткө шүргөн нерсеси аркылуу таануу......

Просмотр содержимого документа
«Сиздин балаңыз эмнени сүрөткө түшүрөт?»

Сиздин балаңыз эмнени сүрөткө түшүрөт.

Баланын ички дүйнөсү - чечүүнү талап кылган сыр. Баланын таарынычынын айтылбаган эмоцияларынын аркасында бекем катылган нерселер ал тарткан сүрөттө толугу менен ачылып көрсөтүлүп, өзү тууралуу ачык билдирип турат !

Төмөндө сөз боло турган “ мен жана менин үй-бүлөөм” үй-бүлөөлүк тестин 5-10 жаштагы балдарга сунуштоо талапка ылайык. Балага чоңураак кагаз, түстүү карандаштарды берип өзүн жана үй бүлөө мүчөлөрүнүн баарын тартууну сураңыз. Ага байкатпастан кантип иштеп жатканын, персонаждарды кандай катарда жайгаштырып жатканын байкаңыз. Кичинекей амалкөй карап жатканңызды билбеши керек, болбосо тестин натыйжасы чындыкка туура келбей калат.

Сиз сурагандан кийин бала өзүн, анан апасын, атасын, чоң энесин жана башка үй-бүлөө мүчөлөүн тарта баштайт. Адатта, балдар адамдарды тартып бүткөндөн кийин гана башка деталдарды тарта баштайт- булуттар, гүл, жаныбарлар. Эгер кичинекей сүротчү гүлдөрдү- көпөлөктөрдү кылдаттык менен тартып, андан кийин гага кишилерди тартса, наристенин өз жакындарында мынча муздак мамилеси кандай пайда болгону тууралуу терең ойлонуу керек болот. Деги эле, үй-бүлөө мүчөлөрүнүн сүрөткө кирбей калышы же аларды тартуу убактысы атаын алыстатып созуу- бул психологиялык дискомфорттун же чыр чатактын белгиси, ага кичине бала да кошо аралаша баштаганын билүгө болот.

Адатта бала алгач өтө жакшы көргөн же өтө оройлуу үй-бүлөө мүчөсүн тарта баштайт. Эгер наристе өзүн абдан маанилүү фигура деп эсептесе, анда ал ырахаттануу менен өзүнөн баштап тартат. Ал эми өзүн кареги жок , эч мааниге ээ болбогон катары сезсе, анда “автопортрет” анын сүрөтүндө акыркы болуп пайда болот.

Деги эле сүрөттөгү фигуралардын колөмү өтө көп маанилүү маалымат алып жүрөт. Эгер балакай өзүн жер жүзүндөгү маанилүү адам деп эсептесе жакшы көргөн өзүн тартуу үчун барак жетпей калышы да мүмкүн. Тескерисинче, эч ким көңүл бурбаган , өзүн жалгыз сезген бала , өзүн өтө майда киши катары тартат, муну менен ал өзүнүн керек эместигин далилдейт. Тигил да, бул вариант- туура эмес тарбиялоонун натыйжасы . өзүнө туура баа бере алган учурда жаш сүрөтчү боюн апасынын же атасынын бою менен тең кылып, болбосо бир аз кичине кылып тартат.

Үйдөгү эмоцианалдык климатты аныктоо үчүн , баары тартылган сүрөттө адамдар канчалык жакын тартылганын карагыла. Фигуралар бири-биринен канчалык алыс жайгашса алардын өз ара түшүнүүчүлүгү жок экенин, чыр чатак тар орун алганын байкоого болот. Балдар бул кырдаалга окшош жагдайларды терең сезе алышса, анда бош жерлерге таптакыр тиешеси жок нерселерди тартып коюшат. Ошентип, эмоциялык жактан тынч эмес кырдаалда өсүп жаткан балдар, туугандарынын арасында иттерди же гүлдөрдү жайгаштыра салат.

Чоңдор төмөнкүдөй акылсыз суроолорду бергенди жакшы көрүшөт: “Кимди жакшы көрөсүң:апаңдыбы же атаңдыбы?”. Бул мамилени сүрөт ачык айтып бере алат. Бала озүүн кимге жакын экенин сүрөттө так бере алат: канчалык алыс турса, ошончолук аны түшүнө бербейт, канчалык жакын болсо, сүрөт тартып жаткан бала ошончолук бактылуу.

Эгер бала өзүн борборго коюп, ата-энесин эки жагына жайгаштырса, анда бул өзүн үйдө зарыл жана маанилүү мүчо деп сезгенин билдирет. Өзүн бир тууган ини-агалары, эже-сиңдилерин тарткандан кийин, ата-энесин алысыраак жайгаштырса, анда бул беоги бала ички дүйнөсүндө тынчы жок болуп, эч кимге керегим жок деп ойлоору туурасында айтып турат.

Кээде, бала туугандарын кубанып тартып өзүн унутуп коюшу да ыктымал. Бул “SOS!” белгиси. Бул учурда силердин үй бүлөөдөгу мамилеңер идеалдан алыс болуп, балага оор болот. Анын сүрөттө жоктугу- бул баланын белгилү бир тартиптерге каршы туруу сезимин көрсөтөт.

Дароо көзгө урунган, ачык тустөгү боек менен тартылган үй-бүлө мүчөлөрүнө бала абдан жакын экендигин билүүгө болот. Адатта энелери жомоктогудай кийинтилип, ал эми чачтары (көп учурда көк,кызыл, сары)- өтө ачык түстөрдө берилет! Балдар эмоцияналдык жактан өзүн ыңгайлуу сезип турушса , өздөрүн да түрдүү ачык түстөргө “кийинтип” коюшат. Кочкул түстөр көп учурда ошол үй-бүлө мүчөсү менен анын ортосундагы суз мамилени, жактырбоочулукту билдирет.

Адамдын башын тартуу өтө көп маалыматты билдирет. Эгер адамдын башы башка бөлүктөргө караганда тыкандык менен тартылса,анда ал адам баланын турмушунда өтө маанилүү фигура. Эгер ал туугандарынын биринчи бетин жөн эле тегерек кылып, көз да , мурун да тартпаган болсо, анда ал бул “ аты жок” адамга каршы терс эмоциялары менен күрөшүп жаткан болот . ал эми өзүн ушундай типте сүрөттөсө, анда үй-бүлөдөгү өзүн чоочун сезүүсүн, адамдар менен сүйлөшө албастыгын билдирет.

Чоң апасынын көздөру гана тартылган болсо, аны менен сүрөтчү бизге анын дайыма аңдып карап турганы тууралуу “айтып берет”. Чоң атасынын кулагы Чебурашканыкына окшоп тартылганы, баарын уккуч чоң ата баланын турмушунда оор маселени түзүп жаткандыгы тууралуу билдирет. Оозу гана бар адам , көп учурда балага акыл айта бергени менен аны тажатып жиберген болот.

Колдор – сүрөттүн өтө мазмундуу бөлүгү болуп саналат. Өтө узун колдор, же жогору тартылган колдор, бала өзү корккон адамдыкы болуп саналат. Канча өзүнүн колдорун узун кылып тартса, анда бул анын агрессивдүү болгусу келгенин билдирет. Колдору жок тартылган бала, үй-бүлөдөгү өзүнүн алсыздыгын жана акыйкатсыздыкты билдирип турат.

Албетте кичинекей адамдын кайгысы тууралуу “кыйкырып жаткан” сүрөттөрго караганда, мыкты сүроттөр көп. Андай болсо да, ички жан дүйносүнүн ооруп турганын билүү инсанды тарбиялоо процессиндеги башкы нерсени өткөрүп жибербөө үчүн ата-энеге абдан маанилүү. Балдарыңарды сүйүү менен, алар менен чогу сүрөт тарткыла, алардын көйгөйлүү маселелерин кошо тааный билип, анын көзгө көрүнгөн эле жерде жатпай турганына абдан көңүл коюп карагыла. Ичинен карап, маселени түшүнүү менен , аны жеңүү оңой болот . биздин башкы милдет – бактылуу адамдарды чоңойтуп, анын тегерегинде да баары бактылуу болгонун каалоо.















Боектор менен ойноо

Баланы сүрөт тартууга окутуу- ата-энесинин сүрөткө шыгы жок болсо да татаал деле эмес. Бул сабактарды эки жашынан баштап жүргүзүүгө болот . мындай сабактар наристени ар башка көп түрдөгү түстөр менен тааныштырып , боектордун сапаттарын көрсөто алат, ошну менен бирге балада элестетүүнү, фантазиясын , эмгекти сүйүүнү, чыгармачыл адам болууга умтулууну жана көркөм татымды өнүктүрө алат.

Сүрөт тартуу үчүн ар түрдүү боекторду колдонууга болот - акварель, гуашь же темпера. Боекторду аралаштыруу процесси баланы дароо кызыктыра алат, ал улам жаңы тондогу түстөргө кызыга баштайт. Калем сап катары губканы, канаттуунун канатын , тиш жууган щетканы , жалбырактарды жана башка көп буюмду колдонууга болот.

Сыйкырдуу тактар”

Сабак алдында жоон кисточканы, гуаштарды жарым бөлүгүн даярдап , алардын баланын алдына жайып, андан ар башка түстөгү боектор менен тактарды тартуусун суранабыз. Анан кагазды экиге бүктөп , бир аз басып туруп , кайрадан ачып алып , кандай сүрөт тартылып калганын бала менен бирге талкуулайбыз . Айрым фигураларга фломастер менен кошумча деталдарды тартып коюга болот.























Кол тактары”

Бул оюн үчүн гуашь,кагаз колаарчы,калың кагаз,кайсы бир геометриялык фигуралардын изин калтыра турган бюмдар керек болот.Мисалы, төрт чарчы кубик,жиптин чыгырыгы,атырлардын флакондору,тегерек щетка ж.б.

Гуашты аралаштыргыла.Даяр болгон боек камкаймакка окшош болсун.Адегенде буюмдар кандай так калтыраарын жөн эле байкап көрүүгө болот.Адегенде кагаз колаарчыны түз эле боек үстүн коебуз.Ал боектун ашыкча бөлүгүн соруп алат да,басып чыгууга жеңил боуп калат.Андан кийин бул буюмдарды адегеде боелгон кагаз колаарчыга,андан кийин актай кагаз коебуз.

Жакшы болот бекен?Эми ар кандай бөлүктөрдөн конструктор тибинде сүрөт катары тартып көрүлөчү.Мисалы,машынаны( жип чыгырыгы-дөңгөлөк,кубиктер-кузов менен терезелер);сйкырчынын сарайын,жаныбарларды ж.б.





“Чачыратуу”

Оюн үчүн трафарет даярдап алуу керек(бактын жалбырактарды же картондон ар кандай фигураларды кесип алууга болот),дагы боек,тиш щеткаасы,кагаздар зарыл болот.

Адегенде боекту кичинекей идишке суюк абалга келтирип алуу керек,андан кийин ага щетканы салып,трафареттер коюлган барактарга чачып чыгабыз,кагаз бети толук чачылганы туура болот.







Эки жагынан”

Сизге картон кагаз,жоон кисточка,скрепкалар,түстүү карандаштар керек болот.Адегенде картон кагазды каалагандай түскө боеп алуу керек(эски картон папкасы да жарай берет).Боек кургап кала электе,анын үстүн кадимки ак кагазды коебуз.Аны скрепкалар менен бекитип,балага ак кагазга түстүү карандаш менен баланы сүрөт тарттырабыз.Кааласаңыз,атайы боеп коюуга боло турган китеп барагын да колдонсоңуз болот,бирок сүрөт жөнөкөй болгону оң мисалы кандайдыр бир буюм.Сүрөт тартылып бүткөн соң,аны чыгарып алып кароо керек.Арткы бетинде атайын басып тартылган сыяктуу түстүү сүрөт пайда болот, аны да балага көрсөтүңүз.

Суу менен эзилбеген коюу боек (акриль же гуашь болгону оң), түстүү так тарткыла. Картон кесиги менен же тор токуучу шиштер менен сызыктарды чийгилеп чыккыла. Же картонду тарак сымал кесип алып, красканы тырмалап чыкса да болот. Шиш менен ар кандай оролгон чиймелерди чийгилегиле. Картондун кыры менен кошуу белгисин тартып чыккыла. Фломастердин капкагы менен так калтырып чыкса да болот. Бала бул техниканы үйрөнгөндөнкийин, сүрөт тартууга киришүүгө болот . Бир нече кагазга ар кандай түстөгү боекторду сыйпап, ар башка жол менен кагаздарды чиймелеп чыксын. Эми композицияны топтоо керек. Мисалы , тарак сыма таралган бөлүктөн суну , оролгон чиймелерден – булуттук асманды чаарала бөлүктөн жыланды ж.б.у.с. кесилген элементтерди таза кагазга жабыштыргыла.

Чекиттерден да өтө кызыктуу сүрөт пайда болот. Бул үчүн кадимки эле кулактын ичин тазалоочу таякчалар керек болот. Ар бир түс үчүн өз-өзүнчө таякча камдайбыз. Бул техниканын жардамы менен сирень гүлү же мимозаны тартуу өтө ыңгайлуу. Сабактарды фломастер менен тартып алабыз. Гүлдүн баштарын болсо таякчалар менен тартабыз . Бул тим эле укмуш сүрөт болот! Балага ушундай эле ырахатты жөнөкөй буюумдарды тартуу да алып келе алат- гүлдөр же жемиштер (саптарын фломастер менен тартып алса да болот). Кагаздан көйнөк (жоолук , дасторкон, колкаптарды) кесип алып, чекиттерден орнамент салып кооздосо да болот.

Колдун тактарын калтырып да сонун сүрөттөрдү жаратууга болот. Бул иш үчүн китептердеги атайын боелуучу сүрөттөрдү алса болот- коендор , аюулар,жөжөлөр деги эле үлпүлдөк тоголок жандыктар. Бир гана шарты- сүрөттөрдө майда деталдар аз болуп, чоң-чоң сүрот болсо жакшы болот. Манжаны боекко ( эзилбеген гуашь же жарым кургак акварель) малып алы, аны сүрөткө бастыруу керек . бир нече түстү аралаштырып алуу абдан ыңгайлуу. Мисалы , адегенде сары боек, анан күрөң же кызгылтым сары түс кошсо, мындан абдан жакшы көлөмдүү жаныбар пайда болот!



Жаңы жылдык балаты”

Бул сабакка кагаз бетине балатыны тартып даярдап, андан кийин гана балага шариктерди , оюнчуктарды , кебез оролгон таякчаларды боекко салып алып тартып чыгууну сунуштоо керек.

Күн”

Кагаз бетине сары түстөгү же кызгылтым сары түстөгү айлана тартып, баланы болсо андан кебез таякчалар менен нурларын тартууну сунуштайбыз.

Кирпи”

Кагаз бетине тартып, баладан болсо анын ийнелери тиш чукугучтар же ширеңкенин таяктарынын жардамы менен тартып чыгышын сурануу керек.