Датасы:______________ 1-2-3-группа
Датасы: ______________ 4-5-группа
Датасы: ______________ 6-7-группа
Мугалим: Маанова Чынара
Сабактын темасы: Переходы, анимация менюлары. Слайддын барактарынын жана
текстеринин кыймылы
Сабактын тиби: Жаны тема түшүндүрүү, билимдерди бышыктоо, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк- Окуучулар Microsoft Power Pointтин менюсу жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.
Өнүктүрүүчүлүк- Microsoft Power Point программасын ачууга, слайд түзүүгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыккачычкан менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.
Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, интернет булагы www.iet.kg, www.infourok.ru
Жабдылыштар: компьютер, Microsoft Power Point программасы, слайд,
Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,
Сабактын формасы: компьютердик сабак
Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили, жаратылыш
Сабактын планы:
Уюштуруучулук.
Мотивация.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө
Бүгүнкү сабакта биз
Өткөн теманы кайталоо, бышыктоо;
Жаны тема боюнча маалымат алышат;
Бышыктоо үчүн көнүгүүлөрдү аткарышат;
Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;
Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)
Компетенциялар/ Деңгээлдер | Маалыматтык | Социалдык-коммуникативдик | Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү |
Репродуктивдүү | Окуучу Microsoft Power Point программасын билишет | Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт | Окуучулар Microsoft Power Point программасын үйрөнүшөт |
Продуктивдүү | Окуучулар Microsoft Power Point программасынын командаларын үйрөнүшөт | Окуучулар бири-биринен үйрөнүшөт жана талкуулайт | Microsoft Power Point программасынын иштерин, элементтерин билишет |
Креативдүү | Окуучулар Microsoft Power Point прогр-нын командаларын айырмалай алышат | Окуучулар Microsoft Power Point программасында иштегенди башкаларга үйрөтө алат | Окуучулар Microsoft Power Point программасын турмушта колдоно алышат |
Өтүлгөн темаларды кайталоо:
Слайд деген эмне?
Слайд кайсы учурда колдонулат?
Слайд жасоо үчүн кандай иш-аракетти аткарабыз?
Слайд жасоочу программа эмне деп аталат?
Microsoft Power Point программасын кантип ачабыз?
Microsoft Power Point программасы менен кандай иштерди аткара алабыз?
Microsoft Power Point программасынын терезесинин структурасын айтып бергиле?
Жаны слайдды кантип түзөбүз?
Создать слайд командасында кандай баскычтар жайгашкан?
Дизайн менюсу эмне үчүн колдонулат?
Переходы менюсу эмне үчүн колдонулат?
Слайддын текстерине кантип кыймыл беребиз?
Жаны түзүлгөн слайдды кантип сактайбыз?
Слайдды көрсөтүү үчүн кайсы меню колдонулат?
Слайдка кантип сүрөт коёбуз?
Слайдка ар кандай фигурадагы текстерди кантип жазабыз?
Коюлган сүрөттөрдү кантип ар кандай формада жайгаштыра алабыз?
Слайдка блок-схеманы кантип кошобуз?
Фигураларды кантип сызабыз?
Слайдка кантип таблица түзөбүз?
Жаны тема:
Эми балдар бүгүн силер менен Слайддын анимациясынын түрлөрүн
үйрөнөбүз. Буга чейин слайд түзгөндү, слайдка текс жазганды, слайддын барактарын кооздогонду жана слайдка сүрөт койгонду, фигураларды каалаган схемада сызууну, таблицалык маалыматтарды кошконду кыскача үйрөнгөнбүз э. Анда эмесе, Слайддын барактарына, слайддын тексттерине кыймыл аракет (анимация) берүү үчүн: менюлар сабындагы ПЕРЕХОДЫ жана АНИМАЦИЯ деген эки меню колдонулат.
ПЕРЕХОДЫ менюсун ачканда, слайддын барактарынын анимацияларынын түрлөрүн камтыган командалар пайда болот. Ошол жерден өзүбүзгө жаккан анимацияны мышканын негизги баскычы менен тандап алабыз.
АНИМАЦИЯ менюсунун жардамы менен слайддын тексттерине кыймыл берсек болот.
Бул үчүн жазылган ар бир сүйлөмдү белгилеп, андан кийин Анимация менюсун ачып, керектүү команданы тандайбыз. Ар бир сүйлөмгө белгиленген катары менен кыймыл коюлат. Кыймыл койгондон кийин сүйлөмдүн жогорку сол бурчуна 1 деген цифра пайда болот. Экинчи сүйлөмгө кыймыл койгондо, анын жогорку сол бурчуна 2 деген цифра пайда болот. Бул деген слайд көрсөтүлгөн мезгилде сүйлөмдөрдүн чыгуу катарын билдирет.
Жаны теманы бышыктоо:
Практикалык иштерди аткаруу менен Microsoft Power Point программасынын анимацияларын практикадан үйрөтөм. Мурунку сабактарда даярдалган слайддардын барактарына жана тексттерине анимация коюшат.
Үй тапшырма: “Биздин үй-бүлѳ”, “Достук, менин досторум” деген темаларага даярданып келебиз
Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура, ойлонуп жооп берүүсүнө, бири-бирине оригиналдуу суроолорду берүүсүнө жана берилген ташырмаларды өз алдынча аткаруусуна жараша оозеки бааланат.