СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Согуш бул капиталистик олколордун узонгу жолдошу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Согуш бул капиталистик олколордун узонгу жолдошу

Просмотр содержимого документа
«Согуш бул капиталистик олколордун узонгу жолдошу»

Согуш-бул капиталист элинин үзөңгү жолдошу.

Учкан куштай зымырап мына минтип Улуу Ата Мекендик согуштун жеңгендигинин жетимиш беш жылдыгын да, белгилеп турабыз. Тарыхтын бетинен орун алып, канчалаган ата-бабаларыбыз канын төгүп, жанын берип, элдин тынчтыгын, бейпил турмушун куруу үчүн, жаш муундардын келечеги үчүн. Алардын басып өткөн жолун тарых барактарынан эскерип, кайрадан барактап кетүү биз үчүн парз. Фашисттик Германия 1939-жылы Дүйнөлүк экинчи согушту баштап, Европанын бир катар мамлекеттерин: Чехословакияны, Польшаны, Францияны, Белгияны, Голландияны, Данияны, Норвегияны, Югославияны, Грецияны басып алган. Натыйжада Германияны экономикалык абалы, согуштук күчү чыңдалган. Дүйнөлүк үстөмдүккө жетүүнү көздөгөн фашисттик Германия 1941-жылы 22-июнда СССРге кол салган. Ал “Барбаросс” деп аталган, планы боюнча советтер союзун бир нече жумада эле талкалап, 1941- жылдын кышына чейин СССРдин европалык бөлүгүн толук басып алмак. Адегенде эле фашисттик Германиянын 5,5 млн адамдан турган 190 дивизиясы совет өлкөсүнө басып кирген. Германия менен СССРде каршы согушка Италия, Финляндия, Румыния, Венгрия, Испания катышкан. Немецтик-фашисттик баскынчылардын жырткычтык менен кол салышы совет элинин тынч жашоосун дүрбөлөңгө салган. Ошентип социалисттик Ата-Мекендин көз каранды эместиги жана эркиндиги үчүн Улуу Ата Мекендик согуш башталган.

Согуш жөнүндөгү кабар көп улуттуу совет элинин, анын ичинде кыргыз элинин, кыжырдануусун туудурган. Кыргызстандын өкмөтү согуштун биринчи күнүнөн эле калкты аскердик жактан окутууга, аскердик бөлүктөрдү түзүүгө киришкен. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1941-жылы, 22-июнундагы Указына ылайык, өлкөдө аскерге милдеттүү түрдө жалпы мобилизациялоо иши башталган.

Кыргызстандын бардык шаарларыда, айыл-кыштактарда миңдеген адамдар катышкан чогулуштар, митингдер өтүп, аларды жумушчулар, колхозчулар, интеллигенция Ата Мекенди коргоо үчүн күчтөрүн, эмгегин керек болсо өмүрүн аябай тургандыктарын билдиришкен. Ар улуттагы- түрдүү кесипте иштегендер кары-жашы дебей аскер комиссариаттарына кайрылышып, фронтко жөнөтүүнү суранышкан. 1941-жылы 22-23-июнунда эле Фрунзе шаарынын аскер комиссариатына ушундай өтүнүч менен 270 арыз түшкөн. Кызыл –Кыядагы шахтадан 250 кенчи фронко өз ыктыяры менен жөнөгөн. Тянь-Шань областынан 140 патриот аскердик комиссариатка келишип, аларды тезирээк фронко жөнөтүшүн талап кылышкан. Кыргызстандык жоокерлер согуштун биринчи күнүнөн эле фашисттик баскынчыларга каршы күжүрмөндүк менен салгылашканы бизге белгилүү. Буга мисал келтирсек чек арадагы Брест чебин коргоо Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы маанилүү барактардан болуп калган. Түштүк Кыргызстандын экономикасы Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып эле согуш шартына ылайыкташып кайрадан түзүлгөн. Өнөр жай өндүрүшүн согуштук максатта кайра куруу 1942-жылыдын аягында бүткөн. Немецтик фашисттер убактылуу басып алган Украинадан, Россиянын борбордук аймактарынан эвакуацияланып келген ишканалар ишке киргизилген. Атап айтканда согуш жылдарында Жалалабадда пахта тазалоочу жана витамин-консерва комбинаты курулган. 1941-жылы Хайдеркен сымап кобинаты курулган. 1942-жылы Ош пилла түрүү фабрикасынын негизинде Ош жибек комбинаты түзүлгөн. 1942- жылы фашисттик германиянын чабуулунун күчөшү менен Кыргызстанга дагы 38 ири өнөр жай ишканалары көчүрүлгөн. Эвакуацияланган ишканалардын 90 проценти Чүй өрөөнүнө, 10 проценти Ош, Жалалабат жана Ысык-Көл областарына жайгаштырылган. Ошондой эле кыска баяндап кете турган болсок Сталинграддын алдындагы согуш Ата Мекендик жана дүйнөлүк экинчи согуштун жүрүшүндөгү аябай чоң бурулуш мезгил болгон. Бул жеңиш антигитлердик коалициянын бекемделишине, европа элдеринин фашизмге каршы улуттук –боштондук күрөшүнүн күчөшүнө өбөлгө болгон. Сталинграддын алдындагы түндүк Кавказдагы жана Курскинин алдындагы салгылаштарда Кыргызстандык жоокерлер да эрдиктин үлгүсүн көрсөтүү менен баатырларча кармашып, көбү Улуу Ута Мекен үчүн курман болушкан.

Эскерет эли бүгүн кеткендерди,

Кыргында кызыл канды кечкендерди.

Өмүрүн чырак кылып өчпөй турган.

Талашып эл таалайын өткөндөрдү.

Эли журтунун тынчтыгы үчүн, канчалаган ата-бабалыбыз өз жанын да туу сайып эрдик көрсөткөн, эр азаматтарыбызды эч качан эстен чыгарбайбыз. Ата Мекенине аман кайтып келип өз тууган жерине ак эмгеги менен ийгиликтүү иштерди артына калтырып кеткен. Бирок бул жарык дүйнөдөн көз жумган Советтер Союзунун Баатыры Осмон Жакыпов атабыз жөнүндө да сөз кыла кеткенди туура таптым. Осмон Жакыпов атабыз жөнүндө сыймыктануу менен айтабыз. Кыскача айта турган болсок баса белгилеп кете турган окуяларды башынан өткөргөн. Ош областы, Өзгөн районуна караштуу, Кызыл-Октябрь айылында 1911-жылы 21-августа туулган. Анын жаштык кези кыргыз элинин башынан өткөргөн ачарчылыкка, кыйынчылык мезгилине туура келген. Осмон атабыз комсомолдук айылдаш тең туш балдарынын арасында өзүнүн зээндүүлүгү, акылдуулугу, шамдагайлыгы, тайманбастыгы менен башка балдардан айырмаланып турган. 1928-жылдары Ош облатынын аймагында колхоз, совхоздорду уюштуруу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгөн. 1940-1941-жылдары кыргыз эли үчүн тарыхый мааниге ээ болгон, Отуз-Адыр каналынын курулушунда активдүү катышкан.

1942-жылдын декабрь айында Советтик Армиянын катарына чакырылган. Сталинград шаарынын жанында гвардиялык 67- аткычтар дивизиясынын гвардиялык 201- аткычтар полкунун 1-аткычтар батальонунда согушка катышкан. 1944-жылы 2-июнда Витебск облусу, Сиротино- Орша району, Орехи кыштагын бошотууда дзотун талкалап, батальондун чабуулга өтүшөнө жол ачып, эрдик көрсөтүп, өзү курман болгон. Анын өзгөчө эрдиги үчүн Советтер Союзунун баатыры деген улук наам берилген. Кыргыз эли өзүнүн баатыр уулу Осмон Жакыповдун жаркын элесин эч качан унутпайт. Анын Ата Мекендик согуш учурунда көрсөткөн эрдиги баатырдыгы жөнүндө китептер чыгарылган. Кыргыз республикасынын борбору Бишкек шаарындагы баатырлар аллеясында эстелиги тургузулган. Анын бала чагы өткөн Кызыл-Октябрь айылындагы орто мектеп баатырдын аты менен аталган.

Мамасалы Тешебаев 1923-жылы Кыргыз ССРнин Ош областына караштуу Куршаб айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылындагы үй-булөсундө туулган. Улуту кыргыз. КПССтин мучөсү. Улуу Ата-Мекендик согушка чейин башталгыч мектепти бутуруп, Ош обласындагы “Кызыл-Октябрь” колхозунда иштеген. Советтик Армиянын катарына 1942–ж. чакырылган. Катардагы солдат. Замбиректин мээлегичи. Воронеж, 1-Украина жана Белорус фронтторунда салгылашууга катышкан. 1944-ж. –июнда Днепр дарыясынан сүзүп өтүүдө жана анын оң жээгиндеги плацдармды кармап туруудагы салгылашууларда артиллеристтин эрдиги жана каармандыгы учун Мамасалы Тешебаевге Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Кийин, Киев, Житомир, Гомель шаарларын бошотуу учун салгылашууларга катышкан. Советтик Армиянын катарынан 1947-ж. демобилизацияланган. Ош областындагы Отуз-Адыр совхозунда үзүрлүү эмгектенген.

Абдурашид Парпиев улуту өзбек, КПССтин мүчөсү 1941-жылы Ош

шаарында туулган. 1942-жылы февраль айында Советтик армиянын кызматына чакырылган. Гвардиянын старший сержанты, окчу полкунун командири болгон. Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк Батыш, 3-Украина жана 1-Белоруссия фронтунда катышкан, Түндүк Донец дарыясын, бошотууга Ковелди. Катышкан согушта бошотулган шаарлар Лоздь, Кутно, Гнезно, Познань. Акыркы жеңиши Берлинде буткөн. Берлин салгылашуусунда өздөрүн мыкты көрсөткөндүгү үчүн. СССРдин Жогорку Советеринин президиумунун Указы менен 1945-жылы 15 майынын I даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Абдурашид Парпиев сыйланган ордендер менен III жана II даражадагы даңк жана башка эки медалы “За отвагу”, “Варшаваны бошоткондугу учун”, “Берлинди алгандыгы үчүн” деген медалдар менен сыйланган. 1945-жылы 6-октябрда армиядан Кавалер орденин алып келген. Ата Мекенине зор ийгиликтер менен келген Абдурашид Парпиев атабыз кайра өз туулуп өскөн жерине тактап айтканда. Ош областынын Калинин атындагы колхоздо бугалтер андан кийин колхоздун председатели болуп дайындалган. Абдурашид Парпиев үч уул, үч кыздын атасы. Ал бир миң тогуз жүз жетимиш төртүнчү жылы бул дүйнө менен кош айтышкан. Улуу Ата Мекендик согуштун кырк жылдыгына карата чыкан “Их подвиг будет жить в веках” атуу китепте, “Трижды славен солдат” деген темада толук Абдурашид атанын басып өткөн тарыхын баяндаган.

Бүгүнкү күндө Өзгөн районуна караштуу Кызыл- Сенир

айылынын сыймыгы болгон, инсандар Мамазакиров Моду, Карабаев Садык, Эрматов Эргеш , Полотов Өмүрбек, Байсариев Макамбай, Мадумаров Акбар, Казакбаев Шады, Мамазакиров Чеки, Матиев Калык Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери.

Өмүрлөрү окшоп турат жалынга.

Отту кечип отту аралап атышкан,

Окоптордо, блиндажда жатышкан.

Ардагерлер душмандарды талкалап,

Ата мекен согушуна катышкан.



Далайлары учту душман огунан,

Ажырашты бир куралдаш боорунан,

Эстеликке дайым гүлдү коебуз,

Эскерип биз ошолордун жогунан.

Канын төгүп Мекен үчүн кармашкан,

Күнү-түнү салгылашкан талбастан.

Чабуулдарда, салгылашта айрылып,

Колу бутун жыгач менен алмашкан.

Окко тоскон Чолпонбайлар денесин,

Эстеп алып баатыр манас элесин.

Канын жанын аябастан ошолор,

Сактап калды Ата Журтун өз жерин.

Айлыбыздан канчалаган эр азаматтар кетип согуштан кайтпай калган, канчалаган аталарыбыз, агаларыбыз кайтып келген, бирок алар Улуу Ата Мекендик согуштун жетимиш беш жылдыгын көрбөй кетишти. Тээ илгертен эле атам айтып калчу биздин айылдык «Биринчи мугалим» Дүйшөнкул сыяктуу, бир агайыбыз бар, ал Мамазакиров Моду. Биз сөз кылардан мурда бул Мамазакиров Моду агайдын ошол күндүгө келбетине баа берип сүрөттөп кетпесек болбойт. Ак сакалдуу, өңү кара тору кийген допусу өзүнө жарашып дагы эле мугалимдик психологиясы менен мен барып баарлашканымда ар бир съзүн түшүндүрүп акырын айтып, карылыгы жетип калганго көп нерселерди унутуп калдым балам деп жооп берип жатты. Мамазакиров Моду агай 1916 – жылы октябрь айында Ош областынын, Өзгөнрайонуна караштуу, Кызыл- Сеңир айылында туулуп өскөн. Биринчи мектепке 1931-жылы азыркы Варашилов орто мектебине кирген, ал мезгилде толук эмес жети жылдык гана билим алуучубуз-деп аңгемесин баштады. 1938-жылы кайра эле ошол мектепке жакшы окугандыгы үчүн мугалим кылып алып калды. Алгачкы эмгек жолун мектептен баштаган. Каргашалуу согуштун айынан 1939-жылы 22-ноябрда армияга Куршабдагы аскерге кабыл алуу бөлүмүнө чакырылдым. 1939-жылы 24-ноябрда орус, кыргыз, өзбек улуттарынан турган бир канча эр азаматтарды Минскийдеги военный училищага жөнөтүлүп, ал жерде бир окушту. 1940-жылы Ата Мекенин коргоо максатында кандуу согушка кирген. 1941-жылы он сегиз км Германиянын жакынкы чек арасында турганда 22-июнь күнү согуш башталды деп оор улутуна көздөрүнөн жаш кылгырып баяндап олтурду. Согуштун башынан акырына чейин катыштым кызым канчалаган оор, кыйынчылыктарды башыман өткөрдүм. Ошондой эле ачкалыкты, башыбыздан ызылдап өткөн октун үндөрүнөн жүрөгүнүн үшү түшөт. Окоптордо, ачык жерлерде канчалаган солдаттардын өлүктөрү жер бетине жашырылбай калып жаты, биз алга карай кете бердик. 1944-жылы бутумду =ш=к алып кетти, башыман ок жеп катузин болуп алты ай госпиталда өзүмдү билбей жаттым. Андан чыгып жумушчу батолонго туш келдим. Ал жерде старший командир болуп дайындалдым. Латвия, Литвия, Прибалтика жана Эстония, Талинге барганда согуш бүттү. 1945-жылы 9-майда Улуу Ата Мекендик согуш жеңиш менен аяктады. Аябай сүйүнүп орусча ырларды ырдап, бири-бирибизди кучактап кутуктап кубанчыбызды айтпа. Биз май айында Хаборовскийге жеткенде Япониянын согушу башталып, Жуковдун жетекчилиги менен Японияга алып барды. 1946-жылы ноябрда армиядан бошотулдум. 26-ноябрда Кара-Суудан поезд менен келип. Ошол күндөн ушул күнгө чейин туулуп өскөн Кызыл- Сеңир айылымда жашап келе жатам деп сөзүн аяктады. Мамазакиров Моду агайдын айтуусу боюнча согуштан кайтып келгенде бир канча медалдар менен келгенмин. Бирок ал кезде жаш балдар ойноп бир канчасын жоготуп жиберишти. Анан дагы анча бааланбаган болчу, кудага шүгүр жыл сайын жок дегенде граммата менен сыйлап мектептерге, райондого чакырып турушат. Азыр бар болгон медалдары кара костюмунун төшүндө тагылып турат.

Германияны жеңгендиги үчүн, Японияны жеңгендиги үчүн, Кызыл жылдыз ордени жана 1896-1996-жж. Георгий Жуковдун медалдары менен сыйланган. Званиясы эфрейдир. Эки жолку урал, бир жолу москивич автомашинасын сыйлыкка алган. Мамазакиров Моду агай үч уул, бир кыздын атасы !һ небере, өө чебереси бар, бактылуу, кадырлуу чоң ата биздин айылда. Согуштан келгенден баштап кайрадан өз кесиби болгон мугалимдик кесипте үзүрлүү эмгектенип пенцияга чыккан. Агай атын туу тутуп агартуусистемасында көптөгөн жылдар эмгектенди. Көптөн кийин эстеп бир орус досум айты эле “Согуш- бул капиталист элинин үзөңгү жолдошу”- деп сөзүн аяктады.

Айлыбыздын дагы бир чыгаан уулу Карабеков Садык ата. Ош областынын, Өзгөн районуна караштуу, Кызыл-Сеңир айылында 1916-жылы октябрь айында туулган. 1941-жылы күз айында Советтик армиянын кызматына чакырылган. Батыш Украинаны, Полтава областын бошотуп алууга катыштым. 1941-1942-жылы старший сержант болуп дайындалдым, ошондой эле Одесса деген шаарда болдум, Берлинге чейин барып жеңишти ошол жактан тостук. Согушта сол колумдан жарадар болуп госпиталда жатып чыкканмын. 116 дивизияда анан Жуковдун командасында кызмат кылганмын. Согуш бүткөндөн кийин келип мал чарбачылыгында иштедим деп акырын, кем сүйлөгөн Карабеков Садык ата сөзүн аяктады. Кадырман карыя атабыз көп сүйлөбөгөнү менен кара костюмундагы медалдары биз айтып беребиз калганын деп тургандай сезилди мага.

  1. Ата Мекендик согуш деп жазылган кызыл жылдыз ордени,

  2. 1941-1945-жж. Согуштун ветераны деген ордени,

  3. “100 летия содня рождения В.И.Ленин 1870-1970-гг.”деген медал менен сыйланган.

  4. СССР куралдуу кучтөрүнүн 60 жылдыгы. (1918-1978)

  5. СССР куралдуу күчтөрүнүн 70 жылдыгы. (1918-1988)

  6. “Участнику войны XXX лет победы в великой войне 1941-1945-гг) деген медалы менен сыйланган.

  7. Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 50 жылдыгына 1941-1945-жж. (1945-1995).

  8. 1898-1996-жж. Георгий Жуков медалы менен сыйланган.

Азыркы кезде Карабеков Садык ата 5 уул, 1 кыздын атасы.

Эрматов Эргеш атабыз кызыр дарыган киши да десек болот. Ош областынын, Өзгөн районуна караштуу, Кызыл- Сеңир айлында 1925-жылы туулган. Себеби 7 мамлекетти согуш мезгилинде басып өттүм –деп алгачкы сөзүн баштады. Биз сыймыктанып жана баса белгилеп кете турган нерсе Эрматов Эргеш ата 315 гвардиянын, 24 дивизиясында танкачы болуп кызмат кылган жана он алты гана жашында армияга чакырылган. 1942-жылы мен менен кошо чакырылган он беш баланын ичинен төрт бала кайрадан туулуп өскөн жерибизге келдик. Төрөбеков Саид, Тажибаев Насыр, Токсонбаев жана Эрматов Эргеш атабыз эле, ал башынан өткөргөн тарыхын бизге баяндап берди. Алгач 1943-жылы Днепр дарыясынан түн ичинде кайык менен суудан сүзүп өтүп Правданы ээлегендиги жөнүндө баштады. Андан кийин Украинанын, Полтава шаарын бошотууга катыштым.

1944-жылы апрель айларында Молдавиянын Винск шаарын жана Кишиневди алууга, ошол эле жылдын июнунда Белоруссияда жана Румуниянын борбор шаары Бухарести. Чек арадан өтүп Чегославиянын борбор шаары Венгриянын борбор шаары будапешти мына ошондогу салгылашуу эч эсимден кетпейт. Югаславияны, Белградды, Карпатты бошотууга катыштым жана Алп тоосуна келгенде 1945-жылы 8-май айында Берлинден кабар келди жеңиш деген. Согуштан кийинки 1945-1946-жылы Свердловский шаарында танк училищасын окуумду улантып, кийин Германиянын Кенсберг Тилг шаарында танкист болуп кызмат кылганмын. 1948-жылы 10-мартта Кызыл- Сеңир айылына келип, айыл чарбасында эмгектенип пенцияга чыктым. Ошондогу мен көргөн кыйынчылыктарды эч бир жаш муундар көрбөсүн, алар Кыргыз элибиздин келечегине өз салымдарын кошуп ак эмгек менен кызмат кылган инсандар болуп жетилишине ишенем-деп сөзүн аякдады Эрматов Эргеш атабыз Ооба тарых барактарында өчпөс из менен өзүнүн изин калтырган Улуу Ата мекендик согуш канчалаган шаар, кыштактарды, ансы аз келгенсип. Канчалаган эр азаматтардын өмүрү кыйылды. Эч качан, эч убакта унутулбайт эр азаматтардын элеси биз муундардын эсинде бекем сакталып кала бермекчи.









Баткен областы, Кадамжай районуна караштуу Айдеркен шаары №19 Б.Садыков атындагы орто мектебинин тарых мугалими Мамытова Гульбарчын Рахмановна





Осмон Жакыпов ССРдин бааатыры

Өзгөн району Кызыл –Октябрь айылы Советтер Союзунун баатырлары Мамасалы Тешебаев жана Осмон Жакыповдун эстеликтери