СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков»

Сабактын темасы: Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков.

Сабактын максаты:

1. Билим берүүчүлүк: Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөткөн ата-бабаларыбыздын келечек муундардын жакшы жашоосу үчүн жанын аябай, эли, жери деп соккон жүрөгү жеңишке гана умтулуп, бир гана максаты жеңиш болгондугу жөнүндө окуучулар маалымат алышат .



2.Өнүктүрүүчүлүк:  Мекендин тынчтыгы үчүн ой-жүгүртүүсү өнүгүп, таанып билүү активдүүлүгү жогорулайт .



3. Тарбия берүүчүлүк: Ата Мекенди сүйүүгө, эли-жерин коргоого, бири-бирин сыйлоого тарбияланат.



Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.



Сабак өтүү усулу: Интерактивдуу, сабак презентация, түшүндүрүү.



Сабактын жабдылышы: Дүйнөнүн саясий картасы, ватман, маркер, кагаз скотч,  окуу куралдары,  Советтер Союзунун Батырларын чагылдырган сүрөттөр.



Сабактын жүрүшү: Сабак башталганга чейин класска ватмандар, дүйнөнүн саясий картасы илинип,керектелүүчү сүрөттөр даярдалып коюлат.



1.Уюштуруу : Саламдашуу (класста көңүлдүү маанай түзүп

алуу ).

2. Окуучулардын сабакка катышуусун аныктап алуу.

3. Өтүлгөн теманы кайталоо. 

4. Окуучуларды өтүлгөн тема боюнча баалоо.

5. Жаңы теманы түшүндүрүү:

Доскага өтүлүүчү сабактын темасы жазылат.

Сабактын темасы максаты окуучуга түшүндүрүлөт.

Мугалим окуучуларга Улуу Ата Мекендик согуш, анын ичинде Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков жөнүндө кеңири маалымат берет.



1941- жылдын 22-июнь айынан 1945-жылдын 9-майына чейин болуп өткөн Улуу Ата Мекендик согуш-жалпысынан 20 млн-н ашык советтик жарандардын өмүрүн кыйып, миллиондогон кишилерди мунжу, жарадар жана майып болуп, эмгекке жараксыз болушуна алып келди, алар өмүрү өткөнчө согуштан калган өчпөс жараатынан жабыр тартып өттү. Мындан тышкары согуштун очогуна айланган аймакта миллиондогон балдар ата-эне мээримин көрбөй, тууган- уругунан ажырап томолой жетим калса, өлкөдөгү канчалаган балдар атасынан ажырап жарым жетимге айланып, аялдар кара кийип жесир калды. Согуш болгон аймактардагы жашаган эл үй-жайынан, тынч турмушунан ажырап, каардуу күндөрдү башынан өткөрдү. Бир нече миллиондогон советтик жоокерлер жана жарандар фашисттердин концлагерлеринде адам чыдагыс кыйноо, азаптарды башынан өткөрүп, өз мекенине кайтпай сөөгү ошол жерде күлгө айланды. Ал жерден кайткандарды "Сталиндик доордо" "мекендин чыккынчысы" аталып, СССРге келгенден кийин кээ бирлери түзөтүү лагерлерине жөнөтүлдү. Канча миллиондогон жоокерлер согуштун мезгилинде тирүү же өлүмү билинбей дайынчыз жоголуп артындагы ата-эне, туугандарын үмүттөндүрүп кете берди. Бул кайгы муңду ошол кездеги совет эли башынан өткөрдү. Ал убак мурдагы СССРдин курамындагы он беш союздук республиканын, анын ичинде биз жашаган Кыргызстандын тарых барактарындагы эң кайгылуу орду толгус жылдардын катарында кала берди.

Бирок, эң өкүнүчтүүсү согушка кетип, кайтпай калган жаш эр жигиттердин артынан тукум калбагандыгы, аларды күтүп, күнү-түнү баласы кеткен батыштан көзүн албай канча ата-энелер дүйнөдөн өтүп кеткен.
Мына ошолордун арасында,Батыштагы кан майданда катышып,ата- энесин үмүттөндүрүп кеткен бойдон, Мекенине кайтпай калган Лейлектин баатыр кулуну Самат Садыков да бар.

Өз мекенин, Ата Журтун коргоого, балдарын, урпактарын кулчулуктан сактоо үчүн канча миллиондогон түрдүү улуттун жигиттери аттанды. Ошолордун ичинде 380 миңден ашык кыргызстандык жоокерлер болгон. Алардын арасында кээ бирөөлөрү согуштун алгачкы күндөрүндө курман болсо, кээ бири күткөн жеңиш күнү жакындаганда курман болду.
Бирок Ата Журтун коргоп өлгөндөрүн аттары алтын тамга менен тарых барактарында жазылып, мекен үчүн көрсөткөн эрдигин жана эмгегин артындагы урпактары түбөлүк эч качан унутпай сактайт.
Улуу Ата Мекендик согушта душман менен болгон айыгышкан салгылашуу мезгилинде, көпчүлүк жоокерлердин ичинде өзгөчө эрдиктерди көрсөткөн 11603 кишиге Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Алардын арасында каваллерист, эскадрондун пулеметчулар бөлүмүнүн командири, сержант Садыков Самат Садыкович да болгон.
Садыков Самат 1920-жылы Лейлек районунун, Кара-Сай айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Садык, энеси Бүүзада. Бир үйдүн тун баласы, Саматтан кийин үч уул (Сабыр, Доор,Жаркынбай), үч кыз (Ай­ван, Курбангул) болгон, үй-бүлөдө жети бир тууган болуп чоңоюшкан. Саматтын бала чагы басмачылык кыймылга жана коллективтештирүү мезгилине туш келген. Ошол мезгилдеги айылдык балдардай эле, теңтуштары менен оор турмушту да, кызыктуу күндөрдү да башынан өткөргөн. Самат 1929-жылы тогуз жашынан тең курактуу балдар менен айылдагы жаңы уюшулган жети жылдык мектептин босогосун аттап, аны он алты жашында ийгиликтүү аяктап, сабатсыздыгын жойгон жана райондук комсомол уюмнун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Үйдүн тун баласы болгондуктан, атасына жардамдашуу максатында 1936-жылы айылдагы «Ударник» колхозуна арабакеч болуп жумушка орношкон. Узун бойлуу, чымыр денелүү, шайыр мүнөздүү Самат теңтуштарынан айырмаланып, өзүнө берилген тапшырмаларды өз убагында так аткарып, тез эле элдин оозуна алынып, жаш болсо да колхоздогу эмгек алдыңкыларынын катарына кошулган. Анын эмгекчилдиги, аракетчилдиги жана сабаттуулугу эске алынып, колхоз башкармалыгы тарабынан бригадирликке дайындалган. Бригадирлик кызматын аркалап жүргөн убакта жаш болгондугуна карабай «Ударник» колхозунун өсүп-өнүгүшүнө активдуу катышып, өз салымын кошкон.

Самат Садыков колхоздун өндүрүшү менен гана чектелбестен, бош убактысында айылдагы жаштарды чогултуп спорт менен машыгып (негизинен улуттук оюндар), колхоз тургундарына айылдагы өнөрпос адамдарды топтоп үгүт-агартуу максатында концерттерди уюштуруп өткөрүп турган. Себеби, ошол мезгилде айылдарда клубдар жаңыдан ачылып, аны жаш комсомолдор өздөрүнүн колдоруна алган убак болгон. Самат да комсомол болгондуктан, аны өз милдетим деп эсептеген.

Балбан билек Самат Садыков Лейлек чөлкөмүндө өткөн той-тамашаларда күрөш жана улак тартыштан эч калбай, дайыма активдүү катышып, ийгиликтерге жетишип турган. Ал өз мезгилинде улуттук күрөш боюнча балбан жана мыкты чабандес болгон.
Ал өзү курактуу жаштардан бөлүнүп чыккан чыныгы жаш - чыгаан эр-азамат болгон.

1940- жылдын күзгү аскерге чакыруу убагында, жыйырма жаш курактагы Самат Садыков Сүлүктү шаардык биргелешкен аскер комиссариаты тарабынан Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Өзү теңдүү чакырылган жаштар менен тизме боюнча сапка тизилип, аскердик оркестрдин коштоосунда жүк ташуучу станциясына жол алган. Самат ата-энеси, дос-курдаштары жана туугандары менен коштошуп, поездге олтуруп жатып: «Ата, апа мага камтама болбоңуздар, үч жылдан кийин тез эле кайтып келем» деп, кол булгалап бирге жөнөгөн жолдоштору менен жоокердик милдетин аткаруу үчүн кете берди.
Самат Садыков кайра бөлүштүрүүдө СССРдин Ыраакы Чыгышта жайгашкан Владивосток шаарындагы чек арачылардын аскердик бөлүгүнө келип түштү. Атка жакындыгы, чабандестиги эске алынып 4-аткычтар дивизиясынын 16- каваллериялык полкуна бөлүндү. Ал жерде анын жөндөмдүүлүгүн, ыкчамдыгын байкаган полктун командири тарабынан пулеметчуларды даярдоочу кыска аскер­дик курсуна жөнөтүшөт. Бул аскердик курсту ийгиликтүү аяктагандан кийин, ага кенже сержант наамы берилип, полкко кайтып келгенден кийин 1-эскадронунун пулеметчулар тобунун командирлигине дайындалган.


Самат Садыков аскердик кызматынын сегизинчи айын өтөп жаткан мезгилде, Германиянын жогорку төбөлдөрү тарабынан, 1939-жылы 23-августта түзүлгөн эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн он жылдык кол салышпоо келишимин бузуп, 1941-жылы 22-июнда таңкы саат 5.00дө согуш жарыялабай туруп СССРдин батыш чек арасын бузуп, күтүүсүздөн кол салды. Бул согуш мурдагы СССРдин,анын ичинде Кыргызстандын тарыхында Улуу Ата Мекендик согуш деп кандуу тактар менен жазылып, 1418 кунду ичине камтыган каардуу согуш болуп калды. Согуш башталды. Согуштун алгачкы кундөрү советтик жоокерлер күчтүү куралданган душмандын соккусуна дуушар болуп, тең эмес салгылашуудан улам артка чегине башташты. Аскерлердин абалы батышта оор эле.
Бирок СССРдин экинчи бир душманы болгон Германия­нын Чыгыштагы союздашы Япония жактан кол салуу коркунучу болгон. Ошондон улам Ыраакы Чыгыштагы аскердик бөлүктөр өз ордуна калтырылып, СССРдин жогорку башкы кол башчысынын резервинде турган. Алар толук даярдыкта кармалып, ошону менен кошо аскер­дик өнөрүн өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Мына ушундай себептердин негизинде Самат Садыков кызмат өтөп жаткан 4-атчандар дивизиясы резервдик армиянын катарында калып, өлкөнүн чыгыштагы чекарасын коргоп кала берген.
«Согушта каваллеристердин ордун дайыма белгилөө керек. Техникалар бара албай турган жерге, убакытты үнөмдөөдө учактан кийин атчан бөлүктөр кирген. Кенже сержант Самат Садыков кызмат өтөгөн 4-атчандар дивизиясы 1943-жылы июнь айында Владивостоктон алып келинип душманга кар­шы салгылашууга киргизилген. Бул дивизия легендарлуу маршал, төрт жолку Советтер Союзунун Баатыры Георгий Константинович Жуков (1896-1974ж.ж.) командалык кылган 1-Белоруссия фронтуна келип кошулган. Бул убакта Кызыл Армиянын генштабы тарабынан немецтик-фашисттик жүк ташуучу, аскерлерди жеткирүүчү ж.б. негизги кызматтарды аткарган темир-жол линияларын жардыруу аркылуу, душмандын тыл менен байланыштарын убактылуу болсо да токтотууга жана алардын согуштук техникаларына зыян келтирүү максатында «Релест» операциясын жүргүзүп турган. Мындай тапшырмаларды негизинен фронттун алдыңкы линиясында жайгашкан аскердик бөлүктөр жана партизандар аткарган. Кенже сержант Самат Садыков кызмат өтөгөн эскадрондук бөлүк, 16-атчандар полкунун чалгынчылык тапшырмаларын да аткарып турган. Бөлүктүн ыкчам жоокерлерден турган чакан отряддары душмандардын тылына өтүп барып, темир-жолдорду жардырып, берилген тапшырманы аткарган соң, тез аранын ичинде көздөн кайым болушкан.
1943-жылдын июнь айынын кыска түндөрүнүн биринде 1б-атчандар полкунун командири полковник Горобецтин буйругунун негизинде чалгын бөлүгүнүн капитаны Александр Григорьевич Шаповалов эң мыкты деп эсептелген С.Садыков жана украин жигит Николенко жетектеген чалгынчылар тобуна, 4-атчандар дивизиясынын командиринин жооптуу тапшырмасын аткарууну жүктөгөн. Бул тапшырманы аткаруу үчүн жөнөгөн чалгынчылар тобунун милдети, душмандын тылына кирип барып, Германиядан келе жаткан жаңы күч жана азык-түлүк жүктөгөн эшелондор өтүүчү Бренский-Карачев багытындагы темир- жолду бузуп, талкалап таштоо керек болчу.Тапшырманы алган чакан отряд ошол түнү жөнөгөн. Алар душмандын тылына өтүп бара жатып, кокусунан фашисттик аскерлердин кичи тобуна туш келет. Мындай мезгилде өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, аларды көргөн душмандын жоокерлеринин бирин калтырбай өлтүрү үчүн, чалгынчылардын тобу алар менен туруктуу жана эрдик менен салгылашып отуздай фашисттерди жайлап, картада көрсөтүлгөн мерчемделген жерге жетип барышат. Брянский-Карачев багытындагы темир жолунун далай жерлерин бузуп, жардырып салышкан. Душмандын оругунан келе жаткан аскердик жана жүк ташыган эше­лондор талкаланып, кыймылы үзгүлтүккө учураган. Отряд берилген тапшырманы өз убагында ийгиликтүү аяктап, душмандын бекемделген эки согуштук линиясын кесип өтүп, 5-августта өздөрүнүн бөлүгүнө эч кандай жоготуусуз келип кошулат. Мындай өзгөчө тапшыр­маны ийгиликтуу жана жоготуусуз аткарып кайткан топ­тун жетекчилери С.Садыков менен Николенконун аскердик тактикасын белгилесе болот. 

С.Садыков 1945-жылдын 1-май күнү Фризак шаарында баатырларча курман болгон.


Бышыктоочу суроолор:

1.Улуу Ата Мекендик согуштун чыгыш себеби эмнеде?

2. С.Садыков ким болгон?

3. С.Садыковдун эрдиктери жөнүндө айтып бер?


Баалоо:


Үй тапшырмасы: Эрдик көрсөткөн баатырлар жөнүндө ырларды айтып берүү жана алар жөнүндө окуп келүү.