Сабактын темасы: СӨЗ АЙКАШЫНЫН ТУТУМУНДАГЫ СӨЗДӨРДҮН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШУУ ЖОЛДОРУ
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: сөз айкашынын тутумундагы сөздөрдүн өз ара байланышуу жолдорун үйрөнүшөт.
Өнүктүрүүчүлүк: сөз айкашынын тутумундагы сөздөрдүн өз ара маани жана грамматикалык жактан байланышарын билишет. Сөз айкашы боюнча талдоо жүргүзө билүүгө машыгышат. Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлоого тарбияланышат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...
а) сөз айкашынын тутумундагы сөздөрдүн өз ара байланышуу жолдорун (таандык, ыкташуу, башкаруу) өздөштүрө алса;
б) сөз айкашынын тутумундагы сөздөрдүн маанилик жактан жана грамматикалык жактан байланышарын билсе; сөз айкашы боюнча толук талдоо жүргүзүүгө жетише алса;
в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашса.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
сөз айкашы менен сүйлөмдү айырмалайт;
сөз айкашынын тутумундагы сөздөрдүн маани жана грамматикалык жактан байланышарын өздөштүрөт;
Кептик компетенттүүлүк:
сөз айкашы жана сүйлөмдөрдү текст түзүүдө колдоно алат;
жолдоштору менен сүйлөшүү этикетин сактайт;
кеп ишмердүүлүгүндө сөз жана сөз айкаштарын колдонот.
Маданий компетенттүүлүк:
улуттук маданиятын баалуулуктарын үйрөнөт;
адабий тилдин ченемдерин колдонот.
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.
Сабактын методу: проблемалуу метод жана интерактивдүү методдордун айрым стратегиялары.
Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, таблица жана схемалар.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоо.
Сөз айкашын тил илиминин кайсы бөлүмү окутат?
Сөз айкашы деген эмне? Ага мисалдар келтиргиле.
Сөз айкашы менен сүйлөмдүн кандай айырмасы бар деп ойлой- суңар? Алгач сөз айкашын түзүп, анан аны сүйлөмгө айландыргыла. Эм- нени байкадыңар?
Эмне үчүн толук маанилүү сөз менен кызматчы сөздүн тизмеги сөз айкашы боло албай тургандыгын түшүндүргүлө.
Сөз айкашынын тутумундагы багындыруучу жана багыныңкы сөздү кантип аныктоого болот? Мисал менен түшүндүргүлө.
Мугалимдин сөзү: Ошентип, биз өткөн сабакта сөз айкашы, анын түрлөрү жөнүндө терең үйрөнгөнбүз. Демек, сөз айкашы болуш үчүн то- лук маанилүү эки же андан көп сөз катыштарын, алардын бири, тагыраак айтканда, ойдун негизин ээлеп турган сөзү багындыруучу, ага көз каранды болуп турганы багыныңкы сөз болорун билдик. Эгерде толук маанилүү сөз менен кызматчы сөздөр айкашса, сөз айкашы боло албай тургандыгын (келечек тууралуу, мектепти көздөй, тартип жөнүндө ж. б.), сөз айкашы болуш үчүн дагы бир толук маанилүү сөз талап кылынарын (келечек туу ралуу ойлонуу, мектепти көздөй басуу, тартип жөнүндө сүйлөшүү ж. б.) жакшы билебиз. Бүгүнкү сабакта силер менен «Сөздөрдүн өз ара байланышуу жолдору» деген теманы өтөбүз.
Жаңы тема: (сабакка даярдалган таблица доскага илинет) Сөз ай- кашынын тутумундагы сөздөр өз ара маанилик жактан жана грамма- тикалык жактан байланышат. Маанилик байланыш болгондо, негизги (багындыруучу) сөз багыныңкы сөздөн кийин келип, экөө өз ара маанилик жактан байланышып турушат. Мисалы: сүйүктүү мугалим, тартиптүү окуучу, кызыктуу китеп ж. б. Сөздөр грамматикалык жактан байланыш- канда, багыныңкы сөзгө жөндөмө мүчөлөр уланат же кызматчы сөздөрдүн тизмектеле келүүсү менен айтылат. Мисалы: мектепке келүү, сууну көздөй басуу, сабактан чыгуу ж. б. Багыныңкы байланыштын ыкташуу, таандык, башкаруу деген жолдору бар.
Багындыруучу сөз менен багыныңкы сөз жөндөмө мүчөлөрдүн жардамы менен эмес, жөн гана маанилик жактан байланышып турса, ыкташуу байланышы деп аталат. Мисалы: калың токой, кызыктуу сабак, чоң бөлмө, тартиптүү окуучу ж. б. Башкаруу байланышында болсо, багындыруучу сөз багыныңкы сөздүн барыш, табыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрдө турушун талап кылып башкарат. Ошондуктан байланыштын бул түрү башкаруу деп аталат. Мисалы: сабакка келүү, китепти алуу, тоодо болуу, шаардан чыгуу ж. б. Таандык байланышта болсо, багындыруучу сөзгө 3-жактын таандык мүчөсү уланат, ал эми багыныңкы сөз илик жөндөмөсүнүн формасында турат. Мисалы: мектептин окуучусу, Ысык-Көлдүн жээги, тоонун абасы ж. б. Башкача айтканда, окуучу мектепке, жээк Ысык-Көлгө, аба тоого таандык дегенди түшүндүрөт. Ээрчишүү байланышында ээни баяндооч сан, жак, түр боюнча ээрчип турат, ошондуктан ээрчишүү байланышы деп аталат. Мисалы: күн чыкты, сабак башталды, күз келди ж. б. Байланыш- тын мына ушул түрүн өзгөчө катыштагы сөз айкашы дейбиз, себеби алар сүйлөмдүк катышта турушат.
Окуу китебиндеги 91–92–93-көнүгүүлөр топторго бөлүнүү менен аткарылат. 94-көнүгүүдө берилген сүйлөмдөр үлгүдө берилгендей сөз ай- каштарына ажыратылат, ошону менен бирге окуучулар аларга берилген маанини түшүндүрүп беришет.
Окуучулардын билимин баалоо критерийдин негизинде жүргүзүлөт
Үй тапшырма: 95-көнүгүү.