Синекдоха
Сөздөрдүн маанилерин ичкерте түшүнүп, колдонуунун стилистикалык-бир жолу көчүрүп ооштуруу же синекдоха леп аталат.
Синекдоха-деген термин грек тлиндеги synekdohe-"стилдик ооштуруу түрмөк" дегег сөздөн алынган.
Мында бүтүн нерсенин бөлүгү бүтүн мваниде, же тескерисинче, бүтүн нерсе бөлүк маанисинде о.э. жалгыз нерсе коп маанисинде жана анын тескерисинче колдонулат, " баш, көз, кол, өпкө, жүрөк, чач, кулак сыяктуу сөздөр дене мүчөлөрүнүн аттары. Булар адам, киши деген мааниде айтылат: Баш алган жерде доо жок (Макал).
Адамга байланыштуу көчүрүп ооштурууда урунган кийимге, буюмга байланыштуу айтыла берет: чөнтөк-баш- бүткөн бой; куу калпак- митаам; өлөң:
1) узун коп муундуу уккулутуу ырдын түрү;
2) жумшак.
Ооз эки речте жана адабий чыгармаларда индивидуалдык синедохаларда кездешет. Ал эми кыргыз элинин табышмак, маеал-лакаптарында синедоха жыш учурайт.
1.Көп коркутат, терен батырат
2.Үнү бар-жаны жок
Синекдохалык ык менен көчүрүлгөн маанилер лескикалык, семантикалык кубулуштарга караганда, семантикалык, грамматикалык кубулушка жакын келет. Ошон үчүн жекелик түр көптүк мааниде, же анын тескерисинче, көптүр түр жекелик мааниде колдонула берет.
Синекдоха экспрессивдик таасирди күчөтүп, социалдык баамды туюндурууүчүн кенири пайдаланылат. Бирок анда сөздүн мааниси кээде биротоло жаны мүнөз алып кете да койбойт. Синекдоха көбүнчө стилдик максатка жараша колдонулат.
Ахматов Т, Мукамбаев Ж
Азыркы кыргыз тили. Фонетика,лексика
"Мектеп" 1978