Просмотр содержимого документа
«"Статистиканын элементтери" боюнча слайд-презентация»
СТАТИСТИКА. ДИАГРАММА
СТАТИСТИКАНЫН ЭЛЕМЕНТТЕРИ
Статистика илими башка кеп илим тармактарында колдонулат, о.э. математика илиминин да бир бөлүгү катары каралат. Биз Статистика илиминин ЖРТга тиешелүү түшүнүктөрүн гана карайбыз. Алар сандардын модасы, медианасы жана арышы. Бул үч чоңдуктун (түшүнүктүн) атайын белгилөөчү өздүк символу деле жок. Биз моданы Мо , медиананы Ме , арышты R тамгасы менен белгилеп, аларга аныктама берели:
Берилген сандардын МОДАсы - деп, ал сандардын ичинде эң көп кайталанганын айтабыз. Эгерде бир нече сан эң көп кайталанса, алардын ар бири мода болот. Ал эми берилген сандарда кайталанган сан жок болсо, б.а. ар бир сан бирден эле болсо, анда ал сандардын модасы да жок болот.
Берилген сандардын МЕДИАНАсы - деп, ал сандарды иреттеп жазгандан кийин так ортодогу санды айтабыз, эгерде ортодо эки сан болсо (сандардын саны жуп болгондо), анда ортодогу эки сандын арифметикалык орточосу медиана болот.
Берилген сандардын АРЫШЫ - деп, ал сандардын эң чоңунан эң кичинесин кемиткенден чыккан санды айтабыз. Демек, сандардын арышы эч убакта терс сан боло албайт.
МИСАЛЫ:
Төмөндө эки апта күндөрүндө аба ырайынын менен орточо температурасы берилген. Бул аптада аба ырайынын модасы, медианасы жана арышы канча болот?
ЧЫГАРУУ:
Берилген сандарды иреттеп жазабыз. Өсүү тартибинде жазалы: Анда модасы эң көп кайталанган саны. Мо Ал эми катарда 14 сан болгондуктан медианасы 7-8-сандардын арифметикалык орточосу болот: Ме Арышы эң чоңу тен эң кичинеси ди кемиткенге барабар: R Жообу: МоМеR
Тегерек диаграммалар.
Мамыча түрүндөгү диаграммалар.
Чоңдуктардын көз карандылык графиктери жана таблицалары