СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сценарий 23-сентябрь Кыргыз тил күнү.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сценарий 23-сентябрь Кыргыз тил күнү.»

Мамлекетттик тилдин 35 жылдык

мааракесине карата өткөрүлгөн

музыкалык кеченин

сценарийи.



Сценарийди түзгөн: Камзаева Назгул Мырзабековна





Алып баруучу:

-Саламатсыздарбы урматтуу коноктор, мугалимдер ,ата-энелер жана окуучулар! -Бардыгыныздарды бугунку майрамңыздар менен куттуктайбыз!!!!

Ак саламым жолдонот жалпы журтка

Кымбаттан кынаалашып бүткөн тилим,

Ак калпагын түшүрбөгөн кыргыз журтка

Кылымдан ыйык энем күткөн тилим.

Саламыбыз кабыл алгын баарың бирге

Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда

Башым ийип салам берем элим сизге

Жаралып жаным менен бүткөн тилим,

Жанымдай көрүп, сыйлап,сүйгөн тилим!!!


  1. Кыргыз тили гимни ойнолот


Куттуктоо созун мектептин директору _________ беребиз.

  1. Кыргыз бийи “ Улуу көч” кыздар бийлеп жатканда арттан

“ Кыргыз тилим эчен кылым карыткан,

Эч ким аны очуро албайт тарыхтан”

деген лозунг менен балдар чыгып, тизилип турушат.

Алып баруучу:

Кыргыз тили кыргыз элин сыйлаган,

Калк кубанса кубанып, капаланса ыйлаган.

"Манас" менен "Эр Төштүктү" таштабай,

Кылымдарды сактап келди кыйладан.

- Кийинки куттуктоо созун мамлекеттик тил же кыргыз тили методикалык бирикмесинин жетекчиси________________ беребиз.



Бабалардай болгум келет” хор айтышат (Манастын обонунда)

Атам Манас сыяктуу,
Эр болсом деп тилеймин.
Душман кечип ото албас,
Шер болсом деп тилеймин.
Кайырма:
Элге кызмат кылгын деп,
Энем мени тородун.
Чолпонбайдай шер болуп,
Копко тийсин керегим.

Кожожаштай козго атаар,
Мерген болсом жазбаган.
Баатыр болсом Чубактай,
Эч бир жоодон качпаган.
Кайырма:

Кыргын салсам душманга,
Дуйшонкулдай тайманбай.
Шумкар болуп качырсам,
Сейтек жоону сайгандай.
Кайырма:


-Манас сактаган кыргыз эли Ала -Тоону мекендеп, таза аба, кең суунун астында байыр алып, ак калпагын түшурбөй, колломтосун өчүрбөй, элдик каада-салт, көөнөрбөс дастандарын бек сактап, аны тил аркылуу даңазалоо менен бүгүнкү күнгө жетип келди.

Алып баруучу:

-Баарыңыздарды мамлекеттик тилдин 34 жылдык мааракеси менен куттуктап, кийинки музыкалык композицияга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Күү чертилет Камбаркан. ( тандоого жараша)

Алып баруучу:

Эне тилсиз тааныр белем жеримди.

Эне тилсиз тааныр белем элимди.

Эне тилсиз укмак белем «Манасты»

Эне тилсиз укмак белем санатты.

Кыргыз жери ыры хор ( Тандоого жараша )

Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде.
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.

Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
Седеби, топчулары, ар бир ташы.
Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.

Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери,
Сезилет ата-энелик мээримдери.

Алып баруучу:

Уламадан уккан сөз

Угуттанып чыккан сөз

Арбын жөлөк толгон сөз

Ат көтөргүс болгон сөз

Эрендерден алган сөз

Энчи болуп калган сөз

Карылардан алган сөз

Калк ичинде калган сөз

1-окуучу:

Кыргыз эли көчмөн калк. Буга далил алардын таш бетинде калтырган саймалары, созолонткон обондору, чимирилип бий бийлеген ийкемдүү кыймылдары. Бул кызыктуу маалымат кантип жетип келди деген ойдо болсоңуз керек. Албетте ,тил аркылуу.

Алып баруучу:

Тилиң тарых,тилиң күзгү дилиңе

Кимдигиңе тилиң күбө ириде

Өз тилиңди кадыр тутуп, туу тутуп

Өтүүң парз,тирүүлүктө бул дүйнөдө

Каражорго бийи: 10-класстын жигит-кыздары

Алып баруучу:

Асманда балбыл жанган жылдыз тилим

Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим

Арыбай кылымдарды багынта бер

Ардагым ата-мурас –кыргыз тилим.





Жеке номер : “Кыргызстаным” М. Атабеков

Кылымдардан келген,
Кыйла жоону жеңген.
Кыргыз элдин урпактарыбыз,
Азгырса да заман.
Алдаса да жаман,
Кастык кылба өз мекениңе.
Бейиштин төрүндөй,
Берметтин өңүндөй.
Берекелүү жерим,
Кыргызстаным!
Кайырма:
Ата мекеним, ардактуу жерим,
Кылымдарга сени ырдап келемин.
Мекеним менин, кымбатым жерим.
Жүрөгүмө сени сактап келемин.
Аргасыз кетсең да,
Алыска жетсең да.
Сагынарсың ыйык мекениң,
Биримдиктүү элбиз.
Бөлүнбө себепсиз,
Кыргызмын деп коргоп намысты.
Бейиштин төрүндөй,
Берметтин өңүндөй.
Берекелүү жерим,
Кыргызстаным!

Алып баруучу:

Жаша тилим ,өмүр тилейм өзүңө

Өзүң кубат,өзүң дүрмөт тилиме

Өз элимден ,өз тилимден сүйкүмдүү

Касиетти көрө албаймын дүйнөдө

Саамайлары сеӊселген.

Кѳрк кошулган кѳркүнѳ

Суналышкан кыздардан

Бий сунабыз сиздерге



Кыргыз бийи : Алматыга бараткан кыз 9-кл кыздары

Накыл сѳздѳр

Окуучулар бирден айтышат

«Ѳнѳр алды – кызыл тил»

«Тил билсеӊ, дил билесиӊ»

«Тилиӊ менен улуксуӊ,

Тилиӊ барда улутсуӊ»

«Эне тилсиз эл болбойт»

«Дил бермете- тил»

«Жети элдин тилин бил,

Жети түрдүү билим бил»

«Акылдын кѳркү- тил,

Тилдин кѳркү- сѳз»

«Эне тил – элдин сыймыгы»

«Тил кылычтан ѳткүр»

«Бутунан жылгылган турат,

Тилинен жыгылган турбайт»

«Эне тил – элдик булак»

«Баш кесмек бар, тил кесмек жок»

«Эне тилибиз- эӊ башкы байлыгыбыз»

«Тил – мамлекет жүзү»

«Эне тилим- эне сүтүм»

«Тилди кордосоӊ – сѳзгѳ зыян

Чѳптү кордосоӊ сѳзгѳ зыян»

«Сѳзгѳ жараша сѳз айтпаса,

Сѳздүн атасы ѳлѳт»

«Адептүүлүктүн башаты - тил»



Акыйнек айтышуу: 7-8 кл кыздары



«Эне тилин жакшы бил»



Тоо инженер, Молдобек,

Дайым сүйлѳйт орусча

«Привет» - деп кол берет,

Тааныштары жолукса.



Агроном Дүйшѳн да,

Же орусча так бибейт.

Кыштакта туулуп ѳсѳ да,

Кыргызчалап аз сүйлѳйт.



Бассаӊ, турсаӊ эрте кеч.

Байка алардын балдары,

Аталары келгенде,

«Папалашат» ар дайым.



Орус тили жылдызда

Биздин улуу заманда,

Бирок кызгыз кыргызча,

Сүйлѳбѳсѳ жаман да.



Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт,

Эне тилин сүйбѳгѳн,

Элин сүйүп жарытпайт.



Хор ыр : «Кыргыз жери»

Сүрѳтү,сүрѳтү, сүрѳтү

Жергемдин кубат берет,

Алыста жүргѳндѳ

Туулган жер баркын сезет,

Эрчитип бийикке ар убак сүрѳп келет,

Сезимдин кѳктѳмү сыӊары элестетет

Тоолордун мекени,

Мейман дос элдери,

Суулары шаркырап,

Таштан ташка,

Ѳзүӊ сулуу,

Кыргыз жерим,

Ѳзүӊ сулуу.

Сулуусуӊ,сулуусуӊ, сулуусуӊ- кыргыз жерим,

Айкѳлүм Манасты жараткан улуу элим,

Санжыраӊ, санатыӊ, жомогуӊ уккум келет,

Арчалуу Ала-Тоо абасын жуткум келет.

Алып баруучу:

Кыргыз тили кылымдардан куралып

Нечен катаал мезгилдерде сыналып

Бабалардан бизге калган таберик

Урпактардан урпактарга уланып

(Балага ат коюу салты боюнча көрүнүш коюшат )

2-Окуучу: Бата берүү салты

Бата менен эл көгөрөт

Жамгыр менен жер көгөрөт.

Сиздер берген бата менен

Мектебибизде билим өсүп өнүгөт.

3-окуучу: Асманда балбыл жанган жылдыз тилим

Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим

Арыбай кылымдарды багынта бер

Ардагым ата-мурас –кыргыз тилим.



Алып баруучу: Кылымдарды кезген тилим –кыргыз тил

Кыргыз жолун арууланткан жылдыз тил!

Жерди огунда чимирилткен чындык тил,

Таазим этем бугун сага 34 жыл.

Ушуну менен мамлекттик тилдин кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына арналган

“ Кыргыз тилим эчен кылым карыткан,

Эч ким аны очуро албайт тарыхтан ”

деген темадагы музыкалык кечебизди аяктайбыз ! Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.

Майрамыңыздар менен!