Биринчи сабакты өтүүнүн сценарийи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Smart solutions (Тез чечимдер) программасынын 34-п. ылайык иштелип чыкты: 7-8-9-класстар үчүн «Диндердин өнүгүү тарыхы» боюнча видеосабакты чыгаруу. Санариптик билим берүү платформасына (СБП) жайгаштыруу.
«Түпкү текке берилгендик, дүйнөгө ачыктык: Кыргыз жараны – өлкөнүн келечеги!»
темасы боюнча 7-8-9-класстарда өтүлүүчү Биринчи сабактын сценарийи:
(иштеп чыккандар: п.и.д. Дюшеева Н.К., п.и.к. Иманкулов М.К., п.и.к. Элебесова А.Б.)
Сабактын максаты: «Диндердин өнүгүү тарыхы» жаңы предмети, анын руханий-адептик багыты жана Кыргызстан коомунун маданий жана конфессиялык көп түрдүүлүгүнүн шарттарында Кыргызстандын Жаранынын инсандык сапатын тарбиялоого тийгизген таасири жөнүндө түшүнүк түзүү; «Кыргыз жараны» түшүнүгүн калыптандыруу, окуучуларды өз өлкөсүнө таандык болуунун жана дүйнөлүк коомчулукка ачык болуунун негизги аспектилери менен тааныштыруу, билим алуу процессине жигердүү катышууга жана жарандык аң-сезимди калыптандырууга дем берүү.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди ачуу.
Окутууну пландалган натыйжалары:
ПРЕДМЕТТИК (ПК):
- «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин максатын жана маанисин, «Кыргыз жараны» сабагынын маанисин түшүнөт;
- дүйнөдөгү диндердин көп түрдүүлүгү, маданияттын өнүгүшүндө диндин ролу жөнүндө маалыматка ээ болот;
- ар кандай диний ишенимдерди жана иш-аракеттерди түшүнөт жана урматтоого аракет кылат;
- Кыргызстандын элинин тарыхына жана маданиятына урмат көрсөтөт;
- экстремизмдин терс таасирлери жана окуучулар үчүн социалдык медианын тобокелдиктери жөнүндө билет.
НЕГИЗГИ:
Социалдык компетенциялар (СК): Окуучулар башка адамдар менен өз ара аракеттенүү, толеранттуулукту, кызматташтыкты жана түрдүү дүйнө таанымдарды жана маданияттарды урматтоо жөндөмдөрүн өнүктүрөт.
Инсандар аралык компетенциялар (ИАК): Окуучулар башкалардын көз карашын угууга жана урматтоого, башкаларды урматтоо сезими менен өз ойлорун жана ишенимдерин билдирүүгө үйрөнүшөт.
Маданий компетенциялар (МаК): Окуучулар өздөрүнүн маданий тиешелүүлүгүн билишет, улуту жана каада-салттары менен сыймыктанышат, ошондой эле башка элдердин маданиятына кызыгат.
Этикалык компетенциялар (ЭК): Окуучулар адамдык баалуулуктарды, адилеттүүлүктү жана калыстыкты түшүнүү менен бирге, өз иш-аракеттери жана чечимдери үчүн жоопкерчилигин түшүнүшөт.
Сынчыл ой жүгүртүү (СОж): Окуучулар маалыматка талдоо жүргүзүүнү, негизги ойлорду бөлүп көрсөтүүнү жана ар кандай көз караштарды баалоону үйрөнүшөт, бул алардын жарандык аң-сезиминин өнүгүшүнө жардам берет.
Коммуникациялык компетенциялары (КоК): Окуучулар эл алдында сүйлөөнү, дил баян жазууну жана баарлашуу жөндөмдөрүн өркүндөтүшөт, бул алардын талкууга жана пикир алмашууга жигердүү катышууларын шарттайт.
Чыгармачылык компетенциялар (ЧыК): Окуучулар өз идеяларын жана ишенимдерин сүрөт тартуу, жазуу, долбоорлорду түзүү ж. б. у. сыяктуу ар кандай жолдор менен билдирүү аркылуу чыгармачылык жигердүүлүктөрүн арттырышат.
Дүйнө таанымы компетенттүүлүгү (МДтК): Окуучулар жалпы дүйнөлүк коомчулукка таандык экендигин жана глобалдык чакырыктарды жана көйгөйлөрдү талдоо жөндөмүн билишет. Окуучулар жалпы глобалдык коомчулукка таандык экендиктерин билишет, глобалдык чакырыктарга жана маселелерге талдоо жүргүзүү жөндөмүнө ээ болушат.
Өзүн аныктоо компетенттүүлүгү (ӨК): Окуучулар өздөрүнүн жарандык иденттүүлүгүнө, баалуулуктарына жана ынанымдарына болгон ишенимди өрчүтүшөт, бул алардын коомдун жигердүү жарандары болууларын шарттайт.
Тарбиялоонун методдору жана формалары: түшүндүрүүчү жана иллюстративдик, демонстративдик; жамааттык, фронталдык, жекече.
Билим берүү ресурстары: https://www.youtube.com/watch?v=jftaFJbswJc
Жабдуулар:
видеороликти көрсөтүү үчүн видео проектор же монитор;
«Дин» түшүнүгүн чечмеленген «Маалымдама карточкасы» (тактага каллиграфиялык түрдө жазуу же басып чыгаруу/кагазга/баракка жазуу);
доскага же флипчартка чийилген «Синквейн» схемасы;
доскага же флипчартка тартылган «Б/Б/Б» эвристикалык таблицасы;
доскага же флипчартка тартылган «Табышмак кластери»;
быйтыкчалар (стилдештирилген графикалык сүрөттөр) алдын ала басылып, сабактын аягында категориялар боюнча жайгаштырылат: «Материал түшүнүктүү», «Түшүндүрүү керек», «Суроолор бар», «Эч нерсе так эмес».
Негизги түшүнүктөр: Диндердин өнүгүү тарыхы, дин, дүйнөлүк диндер, «Кыргыз жараны», экстремизм, социалдык тармактар.
САБАКТЫН УЮШТУРУУ ТҮЗҮМҮ (СЦЕНАРИЙИ).
Сабактын этаптары | Окутуу жана өнүктүрүү компоненттер, тапшырмалар | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | Калып-тануучу компе-тенттүү-лүктөр |
Окуу иш-аракеттерине мотивация | Окуучуларды окуу материалын өздөштүрүүгө эмоциялык, психологиялык мотивациялык даярдоо | Уюштуруу: Мугалим окуучулар менен учурашып, аларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, жаңы окуу жылына каалоолорун айтат ж.б. Сабактын преамбуласы катары мугалим даанышман Чынгыз Айтматовдон цитата айтат: - «Мен мусулман мамлекетинде исламды, ал эми Европа мамлекетинде христиан динин үйрөнгөндү жактырам. Бул жерде мага Гёте жакын: «Бир динди билген адам, эч кайсы динди билбейт». Жасалма диний тар көз караш чындыкка алып барбай, андан алыстатат» (Чынгыз Айтматов, http://aytmatov.com) Бүгүн биз силерге тааныш болгон башка предметтер менен катар Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин «Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» (2021-жылдын 29-январындагы Президенттин № 1 Жарлыгы) жана «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө» (2021-жылдын 30-сентябрындагы Президенттин № 412 Жарлыгы) жарлыктарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жапаров Акылбек Үсөнбековичтин жарлыгы боюнча билим берүү уюмдарынын окуу процессине киргизилген жаңы предмет менен таанышабыз. Ал эми бул предмет «Диндердин өнүгүү тарыхы» деп аталат. | Жумуш ордун даярдайт. Мугалимдерди угат. Сабакка даярдыгын көрсөтөт. | ПК |
Негизги билимдерди жаңылоо | Синквейн жазуу Фронталдык сурамжылоо | - Мурунку класстарда «Тарых» сабагын окуган кезде «Дин» түшүнүгү менен таанышкансыңар. Силерге тактада бул түшүнүктүн кеңири колдонулган аныктамасы камтылган маалымдама картасы көрсөтүлдү: «Дин – адеп-ахлак ченемдерин, ырым-жырымдарды, диний иш-аракеттерди жана алардын негизинде адамдарды бирдиктүү жамаатка бириктирген табияттан тышкаркы нерселерге ишенимден улам дүйнөнү аңдап билүү». - Жаныңарда отурган окуучу менен чогуу СИНКВЕЙН жазгыла (үйрөнүлгөн маалыматтардын кыскача түшүнүгү; ал беш саптан туруп, ар бир сабынын өзгөчө мазмуну жана түзүлүшү болот). - Жазылган Синквейнди үн чыгарып окугула. | Маалымдама картасындагы «дин» түшүнүгүнүн аныктамасынын жана мурунку билимдеринин, ошондой эле мугалим доскага илип койгон Синквейн схемасынын негизинде окуучулар жанында отурган окуучу менен чогуу Синквейн жазышат. Синквейндин схемасы: _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ _____ 1-сап – тема. Бир зат атооч менен жазылат. 2-сап – теманын сүрөттөмөсү. Теманын аталышындагы зат атоочко туура келген 2 сын атооч жазылат. 3-сап – темалык аракеттер. Теманын аталышындагы зат атоочко туура келген үч этиш жазылат. 4-сап – темада айтылган нерсеге карата мамиле. Төрт сөздөн турган сүйлөм. 5-сап – бир сөз – теманын синоними. Кеңеш: 1-сапта тема катары ДИН деген сөз жазылат. - Каалоолору боюнча окуучулар Синквейндин варианттарын окуп беришет. | ПК МК КуК ЭК КМ КрК КоК |
Жаңы материалды үйрөнүү | Максат коюу | - Урматтуу окуучулар, «Диндердин өнүгүү тарыхы» деген жаңы предметтин мазмуну жалпы максатка баш ийет: – ар бир руханий маданияттын өзүнүн аныктамасы, өнүгүү тарыхы бар экенин, эч бир маданият башка маданияттан артык боло албастыгын аң-сезимдүү түшүнгөн жарандын инсандыгын тарбиялоо, анткени ал адамзаттын өнүгүшү үчүн маанилүү болгон баалуулукка ээ. Предметтин ролу билим чөйрөңөрдү кеңейтүүдө гана эмес, ошондой эле окуу процессинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактаган, анын маданий салттарын урматтаган, гармониялуу коомдук биримдик максатында маданияттар жана конфессиялар аралык диалогго даяр, чынчыл, татыктуу жаранды калыптандырууда маанилүү. | | ПК МК КС |
Видеороликти көрүү | - Келгиле, эми видео көрөлү: https://www.youtube.com/watch?v=jftaFJbswJc | Окуучулар видеоролик көрүшөт. | ПК КК ЭК МК КС |
Эвристикалык «Б/Б/Б» таблицасын толтуруу | Видеону көргөндөн кийин мугалим окуучуларга дептерлерине «Б/Б/Б» (билем, билгим келет, билдим) эвристикалык таблицасын толтуруу тапшырмасын берет. Мугалим жанында отурган окуучу менен бирге эвристикалык таблицаны толтурууну, пайда болгон суроолорду талкуулоону сунуштайт. Мугалим жооп бергиси келген окуучуларды өз жазууларын окуп берүүгө чакырат. Мугалим каалоочуларды пикирин айтууга чакырат, каалоочулар болбосо, өзүнүн оюн айтат. Тыянак чыгарат: «Ушинтип…», «Жазууларыңарга ылайык…», «Төмөнкү суроолорго жооп ала албай калдык…», «Билимиңер күтүлгөндөн да ашып кетти...», «Идеяларыңар абдан позитивдүү жана төмөнкүлөр үчүн маанилүү…» ж.б. | Видеону көргөндөн кийин окуучулар дептерлерине таблица чийип, аны толтурушат.: Билем | Билгим келет | Билдим | Бул тилкеге окуучу тема боюнча билгендеринин баарын жазат | Бул тилкеге окуучулар жооп алгысы келген суроолор жазылат. Төмөндө видеону көргөндөн кийин пайда болгон суроолор жазылат. | Бул тилкеге түзүлгөн суроолорго жооптор жазылат. Төмөндө видеону көргөндөн кийин ойго келген жаңы идеялар жазылат. | Жанында отурган окуучу менен бирге таблицадагы жазууларды окуп, талкуулап, пикирин айтышат. Окуучулар, каалоосу боюнча, өз ойлорун айтышат. | СК МК КМ КоК КрК КС МирК |
Практикалык иш-чаралар | Табышмак кластери | - Эми бүгүн таанышкан жана үйрөнгөн нерселерди Табышмак кластерин толтуруу менен жыйынтыктайбыз. Окуучуларга Табышмак кластерин сунуштайт – идеяларды чагылдырган графикалык уюштургуч, ар кандай ой жүгүртүүнү чагылдыруу ыкмасы; тема боюнча ойлорду эркин жана тез чогултууга жардам берген педагогикалык ыкма. Ыкчам ойлорду графикалык сүрөттөлүштө кагазга түшүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. | Окуучулар Табышмак кластериндеги көп чекит «...» менен белгиленген боштукту жетишпеген сөз менен толтурат. (1-тиркеме): Жоопторун чечмелеп беришет. | ПК КМ |
Сабактын корутундусу. РефлЕксия. | Сабакта алынган маалыматтарды жыйынтыктоо. | Мугалим доскага горизонталдык ырааттуулукта алдын ала даярдалган (басылган) быйтыкчаларды (стилдештирилген графикалык сүрөттөрдү) тиркейт. (2-тиркеме): Материал түшүнүктүү | Тактоолор керек | Суроолор бар | Эч нерсе түшүнүктүү эмес | | | | | | | | | - Урматтуу окуучулар, ар бир партада алдын ала даярдалган стикерлер жатат. Аларды тандалган быйтыкчанын астына чапташыңар керек. - Эгер материал түшүнүктүү болсо, бош стикерди чаптайсыңар. - Эгер түшүндүрмө керек болсо, кандай түшүндүмө керек экенин жазгыла. - Эгер суроолоруңар болсо, стикерлерге суроолорду жазгыла. - Эгер эч нерсе түшүнүктүү болбосо, материалды түшүнбөй калган окуучулар менен бирге иштешесиңер. Мугалим ар бир быйтыкчанын астындагы быйтыкчаларды санап, ал санды жазат. | Суроолору бар же түшүндүрүүгө муктаж болгон окуучулар стикерлерге эскертме жазышат. Стикерлерди тандалган быйтыкчанын астына чапташат. Мугалимге быйтыкчаларды эсептөөгө жардам беришет. | КМ КК СК |
Үй тапшырмасы | Мугалимдин пикири | Мугалим окуучулардан стикерлерге жазылган суроолор менен иштөөгө ким жардам бергиси келерин сурайт. Каалоочу окуучулар менен кеңеш берүүчү жана фасилитациялык иштерди жүргүзүп, кийинки сабактын башталышына карата окуучулар каалаган формада (презентация, эссе, графикалык сүрөт, кроссворд ж.б.) стикердеги суроолорго жооп берүүгө жардам берет. Окуучулар сактай турган эрежелерди аныктайт. Мугалим материалды түшүнбөгөн окуучуларга теманы түшүндүрүү үчүн окуучуларды чакан топторго бөлүп, класстан тышкаркы иштерди уюштурат. | Кааласа, окуучулар мугалимге кийинки сабактын фронталдык этабына даярданууга жардам берип, демилгени колго алышат. Материалды кайра түшүндүрүүгө жардам берүү үчүн ыктыярдуу топтордо кызматташышат. | СК МК ЭК КМ КоК КрК КС |
1-тиркеме
ТАБЫШМАК КЛАСТЕРИ (доскага илүү/көрсөтүү үчүн):
Мугалимге (туура жооп менен):
2-тиркеме
Саабактын V этабы үчүн БЫЙТЫКЧАЛАР: Сабактын корутундусу. Рефлексия
МАТЕРИАЛ ТҮШҮНҮКТҮҮ | |
СУРООЛОР БАР | |
ТАКТООЛОР КЕРЕК | |
ЭЧ НЕРСЕ ТҮШҮНҮКТҮҮ ЭМЕС | |