СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Сүйлөм мүчөлөрү"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили сабагынан 5-классиар үчүн конспект план

Просмотр содержимого документа
«"Сүйлөм мүчөлөрү"»

Сабактын темасы: Сүйлөм мүчөлөрү.

Сабактын максаты: Сүйлөм мүчөлөлөрү жөнүндө тшүнүк

алышат.

Кабыл алуусу эске түтүсү коңүл буруусу ой жөгүртүсүн өнүктүрү Кыргыз тилинде туура так сүйлөөгө сулуу катасыз сабаттуу

билим алууга тарбиялоо.

Сабактын тиби:Жаңы билимди өздөштүрүү.Керектелүүчү

каражаттар темага байланыштуу таблицалар сүрөттөр

буклеттер каточкалар.

Сабактын жүрүшү:Уюштуруу жагымдуу маанай түзүү окуу

куралдарын текшерүү үй тапшырманы суроо жаңы теманы

максаты менен тааныштыруу.

Жаңы тема: Сүйлөм мүчөлөрү.

Суйлом мучолору деген эмне, алар өз ара кандай болуп

бөлүнөт, мучолор эмнелерден турат, жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп берүүгө аракет кылабыз.

Сүйлөмдүн тутумунда туруп, кандайдыр бир суроого жооп

болуп түшкөн сөздөр сүйлөм мүчөлөрү деп аталат. Мисалы: Эмгектин көркүн жер берет. (А.Т.) Бул сүйлөмдүн тутумундагы жер деген сөз эмне? деген суроого, берет деген сөз эмне

кылат? деген суроого, көркүн деген сөз эмнесин? деген суроого, эмгектин деген сөз эмненин? деген суроого жооп болуп түштү.

Сүйлөм мүчөлөрү өз ара баш жана айкындооч мүчөлөр болуп, экиге бөлүнөт. Дароо айтып коелу, айкындооч мучолорду

тексттин көлөмү чоң болгондуктан өзүнчө макалага

жайгаштырдык, шилтемеси ылдый жакка берилет.

Баш мучолор

Башка сүйлөм мүчөлөрүнө көз каранды болбой, сүйлөмдүннегизин түзгөн мүчөлөр баш мүчөлөр деп аталат. Мисалы:

Окуучулар ырдашты. Жумушчулар келишти. Асан келди.

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү ээ менен баяндоочтон турат.

Ээ

Айтылып жаткан сүйлөмдүн башка мүчөлөрүнө грамматикалык жактан багынбай, баяндоочту сан, жак боюнча өзүнө баш

ийдирип, атооч жөндөмөсүндө турган баш мүчө ээ деп аталат. Ага ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолор коюлат.

Мисалы: Курч быдырлуу үч кыр өгөө шадылуу колдо ойноду. (Н.Б.) Жапар күндүн кандай өткөнүн сезбеди.

Жөнөкөй ээ

Бир гана сөздөн туруп, ким? эмне? деген суроого жооп болуп түшкөн мүчө жөнөкөй ээ деп аталат. Мисалы: Балдар Анатолий Александровичтин аңгемесин аябай кызыгып угушту. (В. О.) Токтогул далайга козголбой турду. (А. Т.)

Жөнөкөй ээнин милдетин аткаруучу сөздөр

Сүйлөм тизмегиндеги жөнөкөй ээнин милдетин төмөнкү сөздөр аткарат:

1. Зат атооч сөздөр: Токтогулдун жаш жүрөгү уядан

талпынган балапандын канатындай дирилдеди. (А. Т.) Аттар арткы эки буту менен тура калат.(С. К.)

2. Ат атооч сөздөр: Бүгүн келериңди ким билиптир. (Т. С.) Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар (макал).

3. Сын атооч сөздөр: Жаман өз камын ойлойт, жакшы эл камын ойлойт (макал).4. Сан атооч сөздөр: Алтымыш алтыга калдыксыз бөлүнөт. Он отузга берди, отуз жалмага берди, жалма жата калып, жардан алыс ыргытып жиберди (табышмак).

5. Затташкан атоочтук сөздөр: Көрбөс тоону да көрбөйт. Жандоочу кийик аттырат (макал).

6. Кыймыл атоочтор: Окуу оңой эмес. Алган милдеттенмени орундоо — ардактуу жана сыймыктуу иш.