Просмотр содержимого документа
«Сүйлөм түрлөрү Кырг тил»
Кыргыз тили сабагы
3- класс
Сабактын темасы: Сүйлөм түрлөрү
Башталгыч классынын мугалими: Абдылдаева Алмира Мейманбековна
Манас орто мектеби
шыктандыруу
Таза адамдын дени сак,
Дени сактын өмүрү узак
Өздүк гигиенаны сакта
Өздүк гигиенаны сакта
Сабактын максаты:
1. Сүйлөм түрлөрүн билет, тыныш белгилерин тааныйт. (? ! .)
2. Сүйлөм түрлөрүнө мисалдарды келтирип, сүйлөмдөрдү түзүп, жаза алат.
3. Тазалыкты сактайт, жазуу эрежелерин колдонот.
Күтүлүүчү натыйжа:
1.Сүйлөм түрлөрүнө мисал келтирип, тыныш белгилерин коюп жаза алса
2. Таза жазуу эрежесин жана өздүк гигиена эрежелерин сактаса
Сүйлөм түрлөрү:
1.Жай сүйлөм- ойду жайынча баяндайт. Аягына ( . ) коюлат
Мисалы:
Мен ар убакта тазалыкты сактайм.
Сүйлөм түрлөрү:
1.Суроолуу сүйлөм- сурап-билүү иретинде айтылат. Аягына (?) белгиси коюлат
Мисалы:
Сен тазалыкты сактайсыңбы?
Сүйлөм түрлөрү:
1.Илептүү сүйлөм- Күчтүү сезим менен айтылат. Аягына (!) белгиси коюлат
Мисалы:
Ден соолукта болгула!
Төмөнкү сүрөттөн сүйлөм түрлөрүнө мисал келтирип, тыныш белгилерин кой.
_____ _____ ______ .
Айбек апасына жардамдашты.
.
Төмөнкү сүрөттөн сүйлөм түрлөрүнө мисал келтирип, тыныш белгилерин кой.
______ _____ ______ _____?
Сен тамактануу адебин билесиңби?
.
Төмөнкү сүрөттөн сүйлөм түрлөрүнө мисал келтирип, тыныш белгилерин кой.
______ ______ _____ ______!
Улууларга орун бошотууну унутпоо керек!
Мини-тест Жыйынтыктоо:
- Сүйлөмдүн канча түрлөрү бар экен?
2 .-бы мүчөсүн сүйлөмдүн кайсы түрүнө колдонобуз?
3. Кубануу сезими менен айтылган сүйлөм- кандай сүйлөм болот?
4. Ойду жайынча баяндаган сүйлөм кандай сүйлөм?
үч
суроолуу
илептүү
жай
Баалоо!
Мен түшүнгөн жокмун
Мен кичине түшүндүм
Мен баарына түшүндүм
Ден соолукта болгула !
Р а хм а т !