СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү. Аныктооч. (5-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү. Аныктооч. (5-класс)

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү. Аныктооч. (5-класс)»

Сабактын темасы: Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү. Аныктооч. Сабактын максаты:

а) Билим берүүчүлүк максаты : Окуучулар сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү боюнча мурунку класстан алган билимдерин тереңдетип, аныктоочтун кептеги маанисин жана алардын түзүлүшүн үйрөнүшөт.

б) Өнүктүрүүчүлүк максаты: Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрүн үйрөнүшөт. Атоочтук түрмөктөрдөн болгон аныктоочтор жөнүндө маалымат алып, сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоого машыгышат.

в) Тарбия берүүчүлүк максаты: Топтордо иштей алышат.


Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу:

  • Аныктоочтун кептеги маанисин түшүнүп, алардын түзүлүштөрүн үйрөнө алса;

  • Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрүн билип, атоочтук түрмөктөрдөн болгон аныктоочторду үйрөнсө жана сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзө алса;

  • Топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша билсе.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын методу: интерактивдүү метод.

Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, таблица жана

методикалык колдонмолор.

Сабактын жүрүшү:

    1. Уюштуруу

    2. Үйгө тапшырманы кайталоо

(Кайталоо учурунда класс 3 топко бөлүнөт да, ар бир топко өзүнчө суроолор жазылган карточкалар таратылат).

  1. топ үчүн:

  • Сүйлөмдүн ээси деп эмнени айтабыз жана анын милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарат?

  • Зат атооч, заттанган сын атооч, сан атооч, ат атоочтор ээлик милдетти аткаргандай кылып, ар бирине мисалдар келтиргиле.

  • Сүйлөм ээсин эмне үчүн баш мүчө деп айтабыз?

  1. топ үчүн:

- Баяндооч деп эмнени айтабыз, анын милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарат?

  • Зат атооч, сын атооч, сан атооч жана ат атоочтор баяндоочтук милдетти аткаргандай кылып, ар бирине мисалдар келтиргиле.

  • Ээ менен баяндоочтун ортосуна кандай учурда сызыкча коюлат? Мисалдар келтиргиле.


  1. топ үчүн:

- Ээни баяндооч сан, жак, түр боюнча ээрчип турат дегенди менен түшүндүрүп бергиле?

  • Ээ менен баяндоочту баш мүчөлөр деп атайбыз?

  • Берилген сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн тапкыла. Баш мүчөлөрдүн милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарарын айтып бергиле.

  • Ысык-Көл кышта жылуу, жайда салкын. Адамдын көркү –адеп. Элүүнүн жарымы-жыйырма беш. Эненин көөнү балада.

(Бул тапшырмаларды аткаруу үчүн ар бир топко 3 минуталык убакыт берилет. Топтор өз алдынча иштеп жатканда , мугалим доскага кийинки тапшырманы даярдап, ээ менен баяндоочко Венндин диаграммасын чиет)







Ар бир топтон окуучулар чыгып, берилген тапшырмалардын жоопторун айтышат. Мүмкүн болушунча, бир гана окучу жооп бербестен, топтун ар бир мүчөсү жооп бергендей болсун. Кемчиликтери болсо, топтун башка мүчөлөрү , же мугалим толуктап берсе болот. Андан кийин окуучулардын көңүлүн доскадагы тапшырмага буруп, алар даярданбай туруп, оозеки жооп беришет. Тагыраак айтканда, ээ жана баяндоочтун окшош жана айырмалоочу белгилерин айтышат. Окуучулардын жооптору төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

Сүйлөм ээсине мүнөздүү белгилер:

  • дайыма атооч жөндөмөдө туруп, ким? эмне? кимдер? эмнелер? кимиси? эмнеси? деген суроолорго жооп берет;

  • дайыма баяндооч менен байланышып, ээни баяндооч сан, жак, түр боюнча ээрчип турат;

  • сүйлөм ээси айтылып жаткан ойдун негизин ээлеп турат;

  • көпчүлүгү сүйлөмдүн башталган чегинен орун алат.

Баяндоочко мүнөздүү белгилер:

- эмне кылат? эмне кылып жатат? ким? эмне? канча? деген суроолорго жооп берип, дайыма ээнин кыймыл-аракетин көрсөтөт;

  • сүйлөмдүн аякталган чегинен орун алып, ээни сан, жак, түр боюнча ээрчип турат;

  • баяндоочтун милдетин көбүнчө этиш сөздөр, мындан тышкары зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атоочтор да аткарат.

Ээ жана баяндоочтун окшоштугу:

  • экөө тең сүйлөмдүн баш мүчөсү болуп саналат;

  • ээ да, баяндооч да зат атоочтон, заттанган сын атоочтон, сан атоочтон жана ат атоочтон жасала берет ж.б.

Мугалимдин сөзү: Демек, ээ менен баяндооч сүйлөмдөгү айтылып жаткан ойдун негизин түзөрү, тагыраак айтканда, сүйлөмдү уюштуруучу борбор экендиги, ошондуктан алар баш мүчө деп аталары айтылат. Биздин кебибизде баш мүчөдөн тышкары айкындооч мүчөлөр да катышат. Кана эсиңерге салгылачы, айкындооч мүчөлөргө кайсылар кирет? ( Балдар айкындооч мүчөлөр менен башталгыч класстарда эле тааныш болгондуктан, мугалим жаңы теманы түшүндүрүүдөн мурун окуучулар менен аңгемелешип, айкындооч мүчөлөргө кайсылар кирерин эске түшүрөт). Андан кийин сабак төмөнкү тартипте улантылат:

Бүгүнкү сабакта биз айкындооч мүчөлөрдүн ичинен Аныктооч деген теманы өтөбүз. Айкындооч мүчөлөр ээ жана баяндоочтун айланасына топтолушуп, алардын маанисин аныктап,тактап көрсөтүү үчүн бирөө ээге, экинчиси баяндоочко байланышат.

Мисалы: 1.Жакшы окучу-биздин сыймыгыбыз. 2.Окуучулардын кечеси жакшы өттү. Биринчи сүйлөмдө да, экинчи сүйлөмдө да жакшы деген сөз бирдей формада келип, окшош суроого (кандай?) жооп берди, ошого карабастан, алардын сүйлөмдөгү аткарган милдеттери бирдей эмес.

Биринчи сүйлөмдө окучу деген зат атооч байланышып (кандай окуучу?), аныктоочтун милдетин аткарса, экинчи сүйлөмдө өттү деген кыймыл-аракет менен байланышып (кандай өттү?), бышыктоочтун, тагыраак айтканда, сын- сыпат бышыктоочтун милдетин аткарды.

Кээде ушундай окшош формадагы сөздөр бир эле сөзгө байланышса дагы , сүйлөмдүн маанисине карай ар башка милдетти аткарып калат.

Мисалы: 1. Мен тулуп-өскөн айылыма барам. 2. Мен тулуп өскөн айылыма ыраазымын. Биринчи сүйлөмдө да, экинчи сүйлөмдө да айылыма деген сөз катышып, экөөндө тең кыймыл-аракет менен байланышты, бирок сүйлөмдө аткарган кызматы эки башка.

Биринчисинде кайда барам?-айылыма-орун бышыктооч. Экинчисинде болсо, эмнеге ыраазымын? – айылыма толуктоочтун милдетин аткарды. Демек, айкындооч мүчөлөрдүн айрымдары заттын сын-сыпатын , санын билдирсе, айрымдары кыймыл-аракет менен байланышып, анын ар түрдүү кырдаалын билдирет. Мына ушул өзгөчөлүккө ылайык айкындооч мүчөлөр аныктооч, толуктооч жана бышыктооч деп үчкө бөлүнөт.

Аныктооч зат атооч же заттык маанидеги башка сөздөр менен байланышып, алардын сын-сыпатын, өңү-түсүн, санын жана иретин билдирет. Аныктоочторго кандай? кантип? канча? нече? кимдин? эмненин? деген суроолор берилет. Аныктоочтун милдетин зат атооч, сан атооч, сын атооч жана ат атооч аткарат да, аныктоочтун алды дайыма толкун сызык менен сызылат.

Мисалы: 1. Катуу дабыш тынчтыкты бузат (кандай дабыш? – катуу – аныктооч). Аныктоочтун милдетин сын атооч (катуу) аткарды. 2. Илбирстин тырмагы , карышкырдын тиши – курал (эмненин тырмагы? – илбирстин – аныктооч, эмненин тиши – карышкырдын - аныктооч). Аныктоочтун

милдетин зат атоочтор (илбирстин, карышкырдын) аткарды. 3. Элүүнүн жарымы – жыйырма беш ( канчанын жарымы? – элүүнүн – аныктооч).

Аныктоочтун милдетин элүүнүн деген эсептик сан атооч аткарды.

4. Силердин келечегиңер – алдыда (кимдердин келечеги? –силердин – аныктооч ). Аныктоочтун милдетин силердин деген жактама ат атооч аткарды.

Аныктоочтун грамматикалык түзүлүшү төмөнкүдөй болот.

  1. Толук маанилүү сөздөрдүн айкашынан аныктоочтор жасалат.

Мисалы: Биз ушул айылдык жигиттербиз. Кайсы жигиттер? – ушул айылдык- аныктооч. Демек, экөө тең өз алдынча толук маанилүү сөз.

  1. Толук маанилүү сөз менен кызматчы сөздөрдүн тизмегинен да аныктоочтор жасалат. Мисалы: Түшкө чейинки жумуш бүттү. Кайсы жумуш? түшкө чейинки- аныктооч. Бул сүйлөмдө болсо, аныктоочтун милдетин аткарган сөздүн бири мани берсе, экинчиси өз алдынча турганда эч кандай мани бербейт.

  2. Туруктуу сөз айкаштары да аныктооч боло алышат. Мисалы: Ак төөнүн карды жарылган күз келди. Кандай күз – ак төөнүн карды жарылган – аныктооч. Мында ак төөнүн карды жарылган деген туруктуу сөз айкашы бардык компоненти менен биригип келип, бир гана суроого жооп берди.

Аныктоочту талдоодо анын асты толкун сызык менен сызылып, төмөнкүдөй грамматикалык белгилерин табууга тийишпиз:

  • Кандай суроого жооп берери;

  • Заттын кандай белгилерин билдирери;

  • Кайсы сөз түркүмүнөн экендиги;

  • Кайсы сөз менен байланышып тургандыгы;

  • Түзүлүш өзгөчөлүгү.

Сабактын кийинки бөлүгүндө окуу китебиндеги көнүгүүлөр аткарылат. Андан кийин окуучуларга төмөндөгүдөй өз алдынча тапшырмалар берилет. Класс 3 топ бөлүнөт.

  1. топ үчүн: Карточкалар таратылат. Берилген сүйлөмдөрдү окуп, маанисин айтып бергиле жана аныктоочту таап, анын эмне үчүн аныктооч экендигин түшүндүргүлө.

Үч нерсенин кадырын үч адам билет: Жаштыктын кадырын картайган билет. Ден-соолуктун кадырын оорулуу билет. Байлыктын кадырын жарды билет.

(Х.Карасаев. «Накыл сөздөр»).


  1. топ үчүн: Берилген сүйлөмдөрдү окуп, маанисин айтып бергиле жана кара тамга белгиленген сөздөрдүн сүйлөмдөгү аткарган кызматын аныктагыла.

Ак ниет адамдарга асылгандар көп болот. Жакшы адамга бир гана сөз жетет. Бардык элдин тилегени-бейкуттук.

  1. топ үчүн: Аныктоочтун милдетин сын атооч, сан атооч жана ат атоочтор аткаргандай кылып, сүйлөмдөрдү түзгүлө. (Бул учурда мугалим доскада төмөнкүдөй сүйлөмдөрдү жазат).

  1. Эненин мээрими күндөн жылуу. 2. Карынын кебин капка сал. 3. Сөздүн көркү-макалда.

Андан кийин ар бир топтон окуучулар туруп, берилген тапшырманын жоопторун айтышат. Калгандары кемчиликтерин толукташат. Мугалим кайсы топтун кандай иштегендигинин жыйынтыгын чыгарат да, доскада берилген сүйлөмдөргө талдоо жүргүзүп, ээ, баяндооч жана аныктоочту таптырат. Ошондой эле ар бир команда аныктооч болгон сөзгө синквейн түзүшөт. Анын тартиби төмөнкүдөй:

1-сүйлөм боюнча талдоонун тартиби:

Эненин мээрими күндөн жылуу. Эненин мээрими кандай?-жылуу-баяндооч, мээрими-сүйлөм ээси, астын бир сызабыз. Кимдин мээрими күндөн жылуу?- эненин-аныктооч, астын толкун сызык менен сызабыз.

Мында аныктооч түзүлүштө болуп, зат атоочтон жасалды. Эми аныктоочтон жасалган сөзгө, тагыраак айтканда, Эне деген сөзгө синквейн түзөбүз.

Эне мээримдүү, өнөрлүү

багат, тарбиялайт, окутат Эненин турган жери- бейиш Апа

Калган сүйлөмдөр да ушундай тартипте талданып, синквейндер түзүлөт. Сабакты суроо-жооп менен бышыктоо:

    1. Айкындооч мүчөлөр деп кандай мүчөлөрдү айтабыз? 2.Айкындооч мүчөлөрдүн кандай түрлөрү бар?

  1. Аныктооч деген эмне?

  2. Аныктоочтун милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарат? Ар бирине мисалдар келтиргиле.

  3. Тутумдаш түзүлүштөгү аныктоочтор кандай жолдор менен жасалат? Ар бирине мисалдар келтиргиле.


Үйгө тапшырма берүү, анын аткаруунун жолун түшүндүрүү. Окуучулардын билимдерин анализдеп баалоо.

Күндөлүктөрүнө баа коюу.