СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү. (5-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү.  (5-класс)

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү. (5-класс)»

Сабактын темасы: СҮЙЛӨМДҮН БАШ МҮЧӨЛӨРҮ Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: окуучулар сүйлөмдүн баш мүчөлөрү боюнча маалымат алышат;

Өнүктүрүүчүлүк: сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнө мүнөздүү белгилерди үйрөнүшөт.

Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга жана оюн толук ачык түшүндүрө алууга, жакшы сапаттарга ээ болууга тарбияланышат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу... а) ээ жана баяндоочтун баш мүчөгө кирерин билсе;

б) сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнүн (ээ, баяндоочтун) мүнөздүү белгилерин үйрөнсө;

в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашса жана оюн ачык түшүндүрө алышса.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк:

    • сүйлөмдө ойдун негизин ээлеп турган мүчөлөр сүйлөмдүн баш мүчөлөрү болорун билет;

    • зат атоочтордун ээлик жана баяндоочтук милдет аткара турганын өздөштүрөт;

Кептик компетенттүүлүктөр:

    • сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн катыштырып сүйлөмдөр түзө алат;

    • тексттен жана сүйлөмдөрдөн сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн аныктай алат.

Маданий компетенттүүлүк:

    • сөздүн маанисин түшүнүп, баалай билет;

    • оозеки кепте туура сүйлөөгө калыптанат Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы. Сабактын методу: интерактивдүү методдор.

Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, таблица, мето- дикалык колдонмолор, ватман, маркер ж. б. Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоо. Өтүлгөн теманы кайталоодо окуучулар 1, 2, 3 деп саноо менен топторго бөлүнүшөт. Ар бир топко өзүнчө тапшырмалар берилет:

  1. топ үчүн: Суроолуу сүйлөм менен илептүү сүйлөмгө Венндин диаграммасын түзүү.

  2. топ үчүн: «Сүйлөм» деген темага кластер түзүү.

  3. топ үчүн: Көркөм окуп, айтылыш максатына жана берген маанисине карай кандай сүйлөм экендигин аныктагыла:

Атаңдан калган мал мына! Атаңдан калган жан мына! Атаңдан калган үп мына! Атаңдан калган мүлк мына! Кейип-кепчип көп жүрдүм. Кан Манастын жетими Качан келер деп жүрдүм!

(«Семетей»)

Анда Бакай муну айтат:

Алейки салоом малейким, балам, Урааның ким, дайның ким?

Уругуң ким, айлың ким? Кай уруктан болосуң?

Тукумуң ким, дайның ким? Балам, туура чыккан айлың ким?

Балам, киндигиң кескен жериң ким? Балам, өнүп-өскөн элиң ким?

(«Семетей»)

Жаңы тема: Сүйлөм тутумунда анын грамматикалык өзөгүн түзүп, сүйлөмдө синтаксистик милдет аткарып, кандайдыр бир суроого жооп бе- рип, бири-бири менен өтө тыгыз байланыштагы сөздөр сүйлөм мүчөлөрү деп аталат. Сүйлөмдөр баш жана айкындооч мүчөлөрдөн турат. Сүйлөмдүн негизги өзөгүн түзүп, анын башка мүчөлөрүн (айкындооч) грамматика- лык жактан өзүнө баш ийдирип турган мүчөлөр сүйлөмдүн баш мүчөлөрү деп аталат. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү – ээ жана баяндооч. Грамматикалык жактан сүйлөмдүн башка мүчөлөрүнө багынбаган, андагы сөз болгон ой- дун негизин ээлеген, баяндооч мүчөнү сан, жак, түр боюнча өзүнө окшош- туруп турган баш мүчө ээ деп аталат. Ээге ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолор берилет.

Сүйлөмдө зат атоочтор ээлик милдетти аткарат. Ээнин алды бир сы- зык менен сызылат

Зат атоочтук ээ: Булут асманда каалгыйт. Асманда эмне каал- гыйт? – булут – ээ. Акыл байлыкка багынбайт. Эмне байлыкка багын- байт? – акыл-сүйлөмдүн ээси.

Грамматикалык жактан ээге багынып, анын ар кандай абалын, кый- мыл-аракетин, мүнөзүн, сын-сыпатын, сан-өлчөмүн жана анын ким, эмне экендигин билдирип турган баш мүчө баяндооч деп аталат. Баяндоочтун алды эки сызык менен сызып белгиленет. Ага эмне кылды? эмне кылып жатат? эмне кылат? ким? эмне? деген суроолор берилет.

Зат атоочтук баяндоочтор: Жалпы журтка белгилүү «Көк асаба» романынын автору – Түгөлбай Сыдыкбеков. Эненин көөнү – балада, ба- ланын көөнүталаада.

Окуу китебиндеги 129–130–131-көнүгүүлөр окуучуларды топтор- го бөлүү менен аткарылат. 1-топ сүйлөмдөрдөн баш жана айкындооч мүчөлөрдү тапса, 2-топ сүйлөмдөгү ээге карап, баяндоочко мүчө улап, баш мүчөлөрдү байланыштырышат. 3-топ берилген сүйлөмдөрдөн ээ жана баяндоочту таап, кайсы сөз түркүмүнөн жасалганын айтып беришет.

Сабактын кийинки бөлүгүндө мугалимдин тандоосу менен окуучу- ларга төмөнкүдөй тексттер сунушталат. Окуп маанисин түшүндүрүү ме- нен, баш мүчөлөрдү аныкташат.

Ай-жылдызы чачылган, Аалам сырга катылган. Адам болуп өтөлү, Болбосок да акылман!

Кыялбек Кыргыз.


Касым Тыныстанов

Балдар, силер окуп жүргөн «Эне тили» китебин алгач ким жазганын билесиңерби? Ал – кыргыз элинин тунгуч илимпозу, Кыргызстандан чык- кан биринчи профессор К. Тыныстанов. Анын ишке болгон жөндөмү эң мыкты болгон. Жыйырма үч жашында алгачкы окуу китебин бир айдын ичинде жазып бүтүргөн. Бирок ал отуз жети жыл гана өмүр сүргөн. «Эл душманы» деген жалган жалаа менен 1937-жылы камалып, 1938-жылы атылып кеткен. Ушундан улам анын аты далай жылдарга айтылбай, эмгек- тери пайдаланылбай келген. Азыр болсо, бардык жагынан акталган.

Анын атасы эскиче кат тааныган адам болгон. Ошондуктан баласын билимдүү кылууга аракет кылган. К. Тыныстанов айылдык мектептерден кийин, 1919–1924-жылдары Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институ- тунан билим алган. Ал кыргыз элинин билимдүү болушу үчүн көп иштер- ди жасаган. Жыйырма төрт жашында кыргыздын туңгуч гезити «Эркин Тоонун» редактору, жыйырма алты жашында Кыргыз эл агартуу комисса- ры (министр), отуз беш жашында профессор болгон.

Мектеп окуучулары үчүн энциклопедия

Оозеки бышыктоо:

    1. Ээ менен баяндоочту эмне үчүн баш мүчөлөр дейбиз?

    2. Ээ деп кандай сөздөрдү айтабыз? Ага кандай суроолор берилет? Мисал келтиргиле.

    3. Ээнин милдетин кайсыл сөз түркүмдөрү аткарат?

4.Мисал келтиргиле. Баяндооч деген эмне, ага кандай суроолор берилет? Мисал келтиргиле.

5.Ээ менен баяндоочко Венндин диаграммасын түзгүлө.

Окуучулардын өздөштүрүүсүн баалоо:
  • эрежени билет;

  • сабакта үйрөнгөнүн колдоно алат;

  • көнүгүүлөрдү туура аткарат;

  • сабакта активдүүлүгүн көрсөтө алат;

  • суроолорго так жана туура жооп берет;

Үй тапшырма: 132-көнүгүүнү көчүрүп жазып, ээ баяндоочту табуу жана ал сүйлөмдөрдө кандай маани айтылгандыгын түшүндүрүү.