СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр. Каратма сөз.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр. Каратма сөз.

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр. Каратма сөз.»

Сабактын темасы: Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү.

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк максаты: окуучулардын сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү боюнча алган билимдерин бышыктоо менен, сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү жөнүндө түшүнүк берүү.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: окуучуларга сүйлөмдун бир өңчөй мүчөлөрүнүн аткарган милдеттерин түшүндүрүү менен, синтаксистик талдоо жүргүзө билүүгө машыктыруу.

Тарбиялык максаты: окуучуларды эне тилин сүйүүгө, адабий тилдин ченемине ылайык туура сүйлөөгө, орфографиянын эрежелери боюнча сабаттуу жазууга жана топтордо иштөөдө бири-бирин угуп сыйлоого, өз ара түшүнүүгө тарбиялоо.

Жогоруда максаттарга жеттим деп эсептейбиз, эгерде окуучу...

а) сүйлөмдүн бир өңчө мүчөлөрү жөнүңдө түшүнүк алса; б) сүйлөмдун бир өңчөй мүчөлөрүнүн кандай милдетти аткара тургандыктарын түшүнсө жана синтаксистик талдоо жүргүзө билсе; в) эне тилин сүйүп, адабий тилдин ченемине ылайык туура сүйлөсө, орфографиянын эрежелерине боюнча сабаттуу жазса жана топтордо иштөөдө бири-бирин угуп сыйласа;

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк

-сүйлөмдун бир өңчөй мүчөлөрү боюнча билимге ээ болот; -бир өңчөй мүчөлөрдү катыштырып сүйлөм түзө алат.

Кептик компетенттүүлүк
















Сабактын темасы: Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр. Каратма сөз.

Сабактын максаттары: а) Билим берүүчүлүк максаты: окуучулар каратма сөз тууралуу маалымат алышат. б) Өнүктүрүүчүлүк максаты: каратама сөздүн милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрүн билишет. Сүйлөмдөгү башка сөздөрдөн айырмаланып, кайрылуу, чакыруу интонациясы менен айтыларын өздөштүрүшөт. в) Тарбия берүүчүлүк максаты: жазуу жана оозеки кептеги өзгөчөлүктөрүн үйрөнүшөт.

Жогорудагы максаттарга жеттик деп эсептейбиз, эгерде окуучу... а) каратма сөз тууралуу маалыматтарды билишсе. б) каратма сөздүн милдетин аткаруучу сөздөрдү атай алышса жана каратма сөздөрдүн кайрылуу, чакыруу интонациясы менен айтыларын өздөштүрсө. в) картма сөздөрдү жазуудагы жана оозеки кептеги өзгөчөлүктөрүн айта алышса.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик копетенттүүлүк

-каратма сөздүн кайрылуу, чакыруу интонация менен айтыларын билет; -каратма сөздөр сүйлөмдө айтылып жаткан ойдун кимге, эмнеге арналгандыгын билдирерин тушүнөт.

Кептик компетенттүүлүк

-каратма сөз катышкан сүйлөмдөрдү жазууда тыныш белгилерин туура коюуну өздөштүрөт; -тексттерден каратма сөздү ажырата алат.

Маданий компетенттүүлүк

-Каратма сөз катышкан сүйлөмдөрдү туура окуйт; -адабий тилдин ченемдерин сактоо менен сүйлөй алат.



Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.

Сабактын методу: айтып –берүүчүлүк, түшүндүрүүчүлүк метод, интерактивдүү ыкманын айрым стратегиялары.

Сабактын жабдылышы: таблица, дидактикалык карточкалар, ватман, маркер.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталап, үй тапшырманы текшерүү. Өткөн сабакты кайталоо максатында окуучулар жалаң жана жайылма сүйлөмдү салыштырып, Венндин диаграммасын түзүшөт.

Жаңы тема: Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр. Каратма сөз Сүйлөм тизмегинде грамматикалык жактан өздөрү сүйлөмгө мүчө боло албаган (ээ, баяндооч жана айкындоочтордун милдетин аткара албаган) жана сүйлөм мүчөлөрү менен тикеден-тике же кыйыр түрдө байланыша албаган сөздөр учурайт.

Грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр

Каратма Киринди Сырдык сөз сөз сөздөр



Каратма сөз- Сүйлөмдө айтылып жаткан ойдун кимге, эмнеге арналгандыгын билдирүүчү сөз, же сөз тизмеги каратма сөз деп аталат. Мисалы: Көкөтөй чалга аш бердик, Манас. Ашка аралаш баш бердик, Манас.

Каратма сөз адабий тилдин бардык жанрларында бирдей колдонулбайт, ал оозеки кептеги диалогдордо, кулактандырууда, чакырыктарда, көркөм адабий чыгармаларда кеңири колдонулса, публицистикалык чыгармаларда, илимий эмгектерде өтө эле сейрек жолугат. Каратма сөз сүйлөмдөгү башка сөздөрдөн айырмаланып кайрылуу, чакыруу иретинде айтылат. Мисалы: Байэл, сен качан айылга барасың? Достор, дайыма ынтымактуу бололу!

Каратма сөздүн милдетин зат атоочтор аткарат: Зат атооч: Айдана, бүгүн Алинурду көрдүңбү?

Каратма сөздүн тыныш белгиси: Каратма сөз сүйлөмдүн башына келсе, өзүнөн кийин үтүр (,) коюлат. Мисалы: Алиса, эртең сабакка барасыңбы? Каратма сөз сүйлөмдүн ортосуна келсе, эки жагына үтүр коюлат. Мисалы: Келип калдыңарбы, айланайындар, келип калдыңарбы? Каратма сөз сүйлөмдүн аягына келсе, өзүнөн мурун үтүр коюлат. Мисалы: Дайыма чогуу бололу, достор!

Каратма сөздөр катышкан сүйлөмдөр оозеки кепте тыныш белги коюлган жерде тыным (пауза) менен окулат, жазууда арасы үтүр менен ажыратылат.

Окуучулар топторго бөлүнүшөт: 1-топ. 162-көнүгүүнү окуп, каратма сөз катышкан сүйлөмдөр кандай окуларын байкашат.

2-топ. 163- көнүгүүнү көчүрүп жазышып, каратма сөздүн сүйлөмдөн алган ордун аныктап, ага жараша тыныш белгилерин коюшат.

3-топ. 164-көнүгүүдө берилген сүйлөмдөрдүн ээсин каратма сөз катары колдонуп, үлгүдө корсөтүлгөндөй сүйлөмдөрдү түзүшөт. Тыныш белгилерин коюп, кандай интонация менен айтыларын билишет.

Сабактын кийинки бөлүгүндө 165- көнүүгүдө атайын даярдап келген тексттер көркөм окулат. Тексттен каратма сөздөрдү таап, тыныш белгилеринин кандай коюлгандыгын айтып беришет.

Окуучулардын билимин баалоо билим көрсөткүчтөрү аркылуу жүргүзүлөт;

-сүйлөмдө айтылып жаткан ойдун кимге, эмнеге багытталгандыгын каратма сөз билдирерин үйрөнүшү;

-каратма сөздөр сүйлөмдөгү башка сөздөрдөн айырмаланып, кайрылуу, чакыруу интонациясы менен айтыларын билиши;

-каратма сөз катышкан сүйлөмдөрдөгү тыныш белгинин коюлушун өздөштүрсө.

Үй тапшырмасы: 166-көнүгүү.