СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйүнбай Эралиев

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сүйүнбай Эралиев»

11-класс

Кыргыз адабияты

Сабактын темасы: Cүйүнбай Эралиев. “Ак Мөөр” поэмасы

Сабактын максаты:

а)билим берүүчүлүк: Жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы менен тааныштыруу, текст менен иштөөгө көнүктүрүү, жаңы сөздөрдү үйрөнүү, “Ак Мөөр”поэмасын окуп, үйрөнүү;

б)өнүктүрүүчүлүк:Суроолорго туура жооп берүүгө, тесттик тапшырмаларды аткара билүүгө, көркөм окууга көнүктүрүү;

в)тарбия берүүчүлүк:улуу акындын биографиясы аркылуу Ата Мекенин коргоого, сактоого, эмгекке умтултуу.

Күтүлүүчү натыйжалар:
  • акындын биографиясы боюнча түшүнүк алышат, жаңы сөздөрдү колдонуп, оозеки сүйлөй алышат, текстти түшүнүп окуй алышат;

  • текстти көркөм окуй алышат, билгендерин турмушта колдоно алышат;

  • Ата Мекенин коргоого, сактоого, эмгекке умтулушат.

Сабактын жабдылышы:окуу китеби, тапшырмалар, жазуучунун портрети, көркөм адабияттар.

Сабактын жүрүшү:
  1. Уюштуруу.

Саламатсыңарбы, балдар! Бүгүнкү сабакта жаңы тема менен таанышабыз. Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев жөнүндө маалымат алабыз.

  1. Жаңы сабак. Мугалимдин сөзү:

Сүйүнбай Эралиев(1921-2016) кыргыз поэзиясынын тарыхында өзүнүн поэтикалык ой жүгүртүүсүнүн масштабдуулугу, тереңдиги, көркөмдүк көп катмардуулугу менен айырмаланган акын.

Ал Аалы Токомбаевдин, Алыкул Осмоновдун ырларын кызыгып окуган. Кичинесинде адабият мугалими болсом деп кыялданган..

Бирок анын ой-максатынын ишке ашышына гитлердик Германиянын СССРге кол салышы каргаша болуп, ал 1942-ж согушка жөнөөгө мажбур болгон. Эл-жерин сагынуусу поэзия болуп төгүлүп, согушта жүргөндө ата-энесине, тууган-туушкандарына ыр менен кат жазчу. Согушта катуу жарадар болуп, 23 жашында майып болуп, 1944-ж майдандан кайтып келген.

1944-жылы армиядан кайтып келгенден кийин ал “Сталиндик жеңиш”, Талас облустук “Лениндик туу” гезиттеринде иштеп жүрүп, ыр жазуусун улантат да, 1949-жылы “Биринчи жаңырык”, 1950-жылы “Тууган жер” аттуу жыйнактарын жарыкка чыгарат. 1944–1951-жылдары Талас облустук “Лениндик туу” гезитинин жооптуу катчысы, “Кыргызстан пионери” гезитинин жооптуу редактору, 1959–1965-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы, 1965–1967-жылдары Москвадагы Жогорку адабияттык курстарда угуучу, 1967–1984-ж.ж. Жазуучулар союзунун башкармалыгынын адабий кеңешчиси, 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун кыргыз акындарынын ассоциациясынын президенти болгон.
Ырлары 1939-жылдан баштап жарыялана баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы “Биринчи жаңырык” деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн.

Сүйүнбай Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган “Жылдыздарга саякат” поэмасында чеберчилик менен пайдаланган.

Акын Уитмендин, Тагордун, Турсун-Заденин, Твардовскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон(“Василий Теркин”). Ошондой эле өзүнүн чыгармалары көп тилдерге которулуп, «Жылдыздарга саякат» поэмасы 1967-жылы Югославияда басылып чыккан.

60-жылдардан кийин бир катар лирикалык, публицистикалык поэмаларды жазды. Алардын ичинен «Жылдыздарга саякат», «Атам, жерим жана мен», «Жол», «Космос поэмасы», «Ак жыттар», «Кыргыз жаны», «Кесир инсан» поэмалары мазмуну жана формасы жагынан мыкты жазылган. Ал эми «Ысык-Көлдө эмне бар? « деген ыры 1974-жылы жазылган.

Андан кийин "Түнкү сыр" (1960), "Уяң жылдыздар" (1962), "Поэма о любви" (1962), "Күндөр" (1964), "Жайында" (1966), "Жылдыздарга саякат" (1966), "Упрямая красавица" (1966), "Өмүрлөргө саякат" (1967), "Жол" (1969), "Сан тоолор" (1971), "Каркыралар" (1972), "Кыргыз жаны" (1974), "Айыл ырлары" (1976), "Тандалмалар" (1978, 1981, 1983, 1991), "Биздин суулар" (1980), "Избранное" (1981), "Кыштак кечтери" (1985), "Кызгылт багымдат" (1987), "Дүйнө" (1991) сыяктуу бир топ чыгармалары жарыкка чыккан. 
Акындын жалпы кыргыз тилинде 36, орус тилинде 20, башка тилдерде 4 китеби жарык көргөн.

Эралиевге "Күнгө эстелик", "Жаркыраган ашуу" аттуу орусча ыр китептери үчүн 1981-жылы Александр Фадеев атындагы медалдын ыйгарылышы анын чыгармачылыгын бүткүл Союзга таанымал болушунун айкын далили болгон эле. 1948-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1974-жылы "Кыргыз Эл акыны", 1986-жылы "Кыштак кечтери" аттуу китеби үчүн (1985-жылы басылып чыккан) Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган.

1998-жылы Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы ыйгарылган.

2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын "Алтын көпир" аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген.

"Элдердин достугу" ордени; Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени; III жана I даражадагы Манас ордендери, Ардак грамоталар жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

2006-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген ардак наам берилген.
Жаңы сөздөр менен иштөө.



А)төмөнкү сөздөрдүн котормосун тапкыла.

Акын

Кыялданган

Кол салуу

Согуш

Майып

Ырлар жыйнагы

Которуу

Жарык көргөн

Сыйлык

Салым

Вклад

Инвалид

Сборник стихов

Поэт

Переводить

Нападать

Опубликован

Награда

Мечтал

война





Б) тил жатыктыруу: окуу, кайталап котрмосу менен окуу 2-3 жолу.

В) сүйлөм түзүү:

  1. Сабакты бышыктоо.

А) Сүйүнбай Эралиевдин адамдык сапаттарына кластер түзгүлө



Сүйүнбай Эралиев



























Б) Сүйлөмдөрдү толуктагыла.

1. Ал ..................... ........................... , ........................ .................................. ырларын кызыгып окуган.

2. Сүйүнбай Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп ..... .. ................ 1966-жылы жазылган “Жылдыздарга саякат” поэмасында чеберчилик менен пайдаланган.

3. 2006-жылы "...... ......................... ......................................" деген ардак наам берилген.


В) текст боюнча суроо-жооптор:

  • Акын кичинесинде ким болсом деп кыялданчу?

  • Канча жашында, эмне үчүн майып болгон?

  • В.Твардовскийдин кайсы чыгармасын которгон?

  • Эркин ыр формасы деген эмне?

  1. Сабакты жыйынтыктоо.

1.Үй иши:акындын чыгармачылыгы боюнча хронологиялык таблица түзгүлө, жаңы сөздөрдү жаттагыла.

2.Окуучулардын билимин баалоо.

11-класс. Кыргыз адабияты. Таркатма материал

Сүйүнбай Эралиев(1921-2016) кыргыз поэзиясынын тарыхында өзүнүн поэтикалык ой жүгүртүүсүнүн масштабдуулугу, тереңдиги, көркөмдүк көп катмардуулугу менен айырмаланган акын.

Ал Аалы Токомбаевдин, Алыкул Осмоновдун ырларын кызыгып окуган. Кичинесинде адабият мугалими болсом деп кыялданган..

Бирок анын ой-максатынын ишке ашышына гитлердик Германиянын СССРге кол салышы каргаша болуп, ал 1942-ж согушка жөнөөгө мажбур болгон. Эл-жерин сагынуусу поэзия болуп төгүлүп, согушта жүргөндө ата-энесине, тууган-туушкандарына ыр менен кат жазчу. Согушта катуу жарадар болуп, 23 жашында майып болуп, 1944-ж майдандан кайтып келген.

1944-жылы армиядан кайтып келгенден кийин ал “Сталиндик жеңиш”, Талас облустук “Лениндик туу” гезиттеринде иштеп жүрүп, ыр жазуусун улантат да, 1949-жылы “Биринчи жаңырык”, 1950-жылы “Тууган жер” аттуу жыйнактарын жарыкка чыгарат. 1944–1951-жылдары Талас облустук “Лениндик туу” гезитинин жооптуу катчысы, “Кыргызстан пионери” гезитинин жооптуу редактору, 1959–1965-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы, 1965–1967-жылдары Москвадагы Жогорку адабияттык курстарда угуучу, 1967–1984-ж.ж. Жазуучулар союзунун башкармалыгынын адабий кеңешчиси, 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун кыргыз акындарынын ассоциациясынын президенти болгон.
Ырлары 1939-жылдан баштап жарыялана баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы “Биринчи жаңырык” деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн.

Сүйүнбай Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган “Жылдыздарга саякат” поэмасында чеберчилик менен пайдаланган.

Акын Уитмендин, Тагордун, Турсун-Заденин, Твардовскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон(“Василий Теркин”). Ошондой эле өзүнүн чыгармалары көп тилдерге которулуп, «Жылдыздарга саякат» поэмасы 1967-жылы Югославияда басылып чыккан.

60-жылдардан кийин бир катар лирикалык, публицистикалык поэмаларды жазды. Алардын ичинен «Жылдыздарга саякат», «Атам, жерим жана мен», «Жол», «Космос поэмасы», «Ак жыттар», «Кыргыз жаны», «Кесир инсан» поэмалары мазмуну жана формасы жагынан мыкты жазылган. Ал эми «Ысык-Көлдө эмне бар? « деген ыры 1974-жылы жазылган.

Андан кийин "Түнкү сыр" (1960), "Уяң жылдыздар" (1962), "Поэма о любви" (1962), "Күндөр" (1964), "Жайында" (1966), "Жылдыздарга саякат" (1966), "Упрямая красавица" (1966), "Өмүрлөргө саякат" (1967), "Жол" (1969), "Сан тоолор" (1971), "Каркыралар" (1972), "Кыргыз жаны" (1974), "Айыл ырлары" (1976), "Тандалмалар" (1978, 1981, 1983, 1991), "Биздин суулар" (1980), "Избранное" (1981), "Кыштак кечтери" (1985), "Кызгылт багымдат" (1987), "Дүйнө" (1991) сыяктуу бир топ чыгармалары жарыкка чыккан. 
Акындын жалпы кыргыз тилинде 36, орус тилинде 20, башка тилдерде 4 китеби жарык көргөн.

Эралиевге "Күнгө эстелик", "Жаркыраган ашуу" аттуу орусча ыр китептери үчүн 1981-жылы Александр Фадеев атындагы медалдын ыйгарылышы анын чыгармачылыгын бүткүл Союзга таанымал болушунун айкын далили болгон эле. 1948-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1974-жылы "Кыргыз Эл акыны", 1986-жылы "Кыштак кечтери" аттуу китеби үчүн (1985-жылы басылып чыккан) Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган.

1998-жылы Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы ыйгарылган.

2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын "Алтын көпир" аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген.

"Элдердин достугу" ордени; Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени; III жана I даражадагы Манас ордендери, Ардак грамоталар жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

2006-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген ардак наам берилген.

А)төмөнкү сөздөрдүн котормосун тапкыла.

Акын

Кыялданган

Кол салуу

Согуш

Майып

Ырлар жыйнагы

Которуу

Жарык көргөн

Сыйлык

Салым

Вклад

Инвалид

Сборник стихов

Поэт

Переводить

Нападать

Опубликован

Награда

Мечтал

война



Б) тил жатыктыруу: окуу, кайталап котрмосу менен окуу 2-3 жолу.

В) сүйлөм түзүү:

г) Сүйүнбай Эралиевдин адамдык сапаттарына кластер түзгүлө



Сүйүнбай Эралиев

































Д) Сүйлөмдөрдү толуктагыла.

1. Ал ..................... ........................... , ........................ .................................. ырларын кызыгып окуган.

2. Сүйү нбай Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп ..... .. ................ 1966-жылы жазылган “Жылдыздарга саякат” поэмасында чеберчилик менен пайдаланган.

3. 2006-жылы "...... ......................... ......................................" деген ардак наам берилген.


Ж) текст боюнча суроо-жооптор:

  • Акын кичинесинде ким болсом деп кыялданчу?

  • Канча жашында, эмне үчүн майып болгон?

  • В.Твардовскийдин кайсы чыгармасын которгон?

  • Эркин ыр формасы деген эмне?

З) Үй иши:акындын чыгармачылыгы боюнча хронологиялык таблица түзгүлө, жаңы сөздөрдү жаттагыла.





































Мелис Убукеевдин “Ак Мөөр” кинотасмасын көрүү

1959-жылы жарык көргөн “Ак Мөөр” поэмасынын баалуулугу – элдик оозеки чыгармачылыкка кайрылып, аны кайрадан асылдык катары окурмандарга жеткирүүдө жаңыча мамиле кылгандыгында, көркөм сөз каражаттарын колдонууда, терең психология менен курч драматизмде, философиялык ой жүгүртүүлөрдө, лирикалык чегинүүлөрдө, эпикалык параллелизмде, табиятты көркөм сүрөттөөлөрдө Ак Мөөрдүн татаал тагдыры аркылуу кыргыз элинин бүтүндөй бир доорун, патриархалдык-феодалдык, социалдык ички карама-каршылыктарын, өнүгүш тенденцияларын, салт-санаасын, аң-сезимин ачып бергендигинде. Бул өз убагында кыргыз поэзиясындагы чоң окуя болгон. Бул поэманын чыгышы Эралиевдин нагыз акындык жүзүн көрсөтүп, кыргыз поэзиясына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан. Поэманын ритмикасы, поэтикалык ыкмалары, уйкаш системасы жана башкалар жаңылык тартуулап, бүтүндөй кыргыз акындарын өзүнө тарткан.

АК-МӨӨР” поэмасынан

1. Айтчы, ким бар азгырылбас сулууга,

Анда күч бар арбап тартып турууга, 

Ким умтулбайт, эч болбосо бир ирет 

Жарк деп койгон жамалына жылууга. 

Көзгө илешпес кылтагына кармаса 

Аргаң калбас андан кайра чыгууга 

Билип туруп, бирок сезбей каласың, 

Ошондуктан сулуу деген сулуу да!..


Сүйүү кызык! Укса канбас сыры бар, 

Ойду ойнотуп, кумарланткан ыры бар. 

Ылгый таза ынактыктан жаралган, 

Жалыны бар чалпоо сезим жылынар, 

Сүйүү деген токсон кырлуу экен го,

Кыйын чыгар билиш анын кырын ар. 

Кээде ызалап, кээде шаттык карматкан, 

Бул да сенин демиң беле сулуу жар?!


2. Биз шаштырып,мезгил баспай тартына, 

Жетпептирбиз анда жаштык баркына, 

Үч мезгилде бир келбеген сыяктуу, 

Жаз жарчысы эрте кайткан каркыра 

Ойсуз ойноп бошко кыйган күндөрдү, 

Эми эч качан кайрып болбос артыңа. 

Бирок, дайым жаңы жана жаш калчу 

Тууган жерди сүйүү деген бар тура!


Дүйнө-өмүргө жаңы жыртып көзүңдү

Сен торолуп,токтоткончо эсиңди

Жумшак сылап билинбеген кол менен 

Багып жүрүп… Коштоп барып өзүңдү,

Турмуш сапар жолдоруна чыгарган, 

Туулуп-өскөн жерди сүйүү сезими 

Кандай күчтүү! Канча болсо карыбайт, 

Сактагандай сенин жаштык кезиңди. 


1958

Соң-Көл