№ 35 Ш. Сүйөркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби
Сабактын иштелмеси
Ачык тарбиялык сабак
Тема: “Сүмөлөк кантип даярдалат?”
2-класс
Мугалим: ____________________________
14.03.2017
Сабактын иштелмеси
Сабактын темасы:: Сүмөлөк кантип жасалат?
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар ата-бабалардан ушул күнгө мурас катары жеткен сүмөлөк жөнүндө түшүнүк алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: Аң сезимин, ой жүгүртүүсүн, сүйлөө маданиятын, эске тутуусун калыптандырышат;
Тарбиялык: Өз мекенин сүйүүгө, каада салттарыбызды урматтоого, ыймандуулукка, адептүүлккө, улуулардын эмгектерин баалоого тарбияланышат;
Сабактын усулдары: Кластер, кроссворд, көрсөтмөлүү окутуу.
Сабактын жабдылышы:ОТК, слайддар, ырлар, макал-ылакаптар.
Сабактын регламенти
А) Уюштуруу
Б) Үй тапшырмасын суроо
В) Жаңы тема
Г) Бышыктоо;
Д) Жыйынтыктоо;
Ж) Үй тапшырма берүү;
Е) Баалоо;
Сабактын жүрүшү
Уюштуруу:
Саламдашуу:
Саламатсыңарбы балдар!
Саламатсызбы!
Балдар, бүгүн бизде коноктор да бар экен, келгиле алар менен да саламдашып алалы?
Саламатсыздарбы!?
Таанышуу учуру.
Келгиле балдар баарыбыз келген меймандарга өз атыбызды атап тааныштырып кетели.
(Балдар ордунан туруп кезектешип өз аттарын атап кетишет. Мис: Менин атым Бекзат.)
Алтын эрежени кабыл алуу.
Анда балдар сабакты баштоонун алдында мыкты сабакка өбөлгө жаратуучу “Алтын эрежебизди” кабыл алып алсак.
Сабакка өбөлгө түзүү:
Балдар азыр кайсыл мезгил?
Жаз мезгили.
Жаз мезгилине кайсыл айлар кирет?
Март, апрель, май.
Апрель жаздын канчанчы айы?
Экинчи айы.
Бүгүн айдын канчасы?
Онтөртүнчү март.
Аптанын кайсыл күнү.
Аптанын жума күнү.
Үй тапшырмасын суроо.
Азаматсыздар балдар силер аябай көп маалыматтарды билет турбайсыздарбы, эми айткылачы өткөн сабакта үйгө эмне тапшырмага берилген эле.
Жаз мезгили жөнүндө ырлардан, макалдардан жаттап келүү берилген.
Анда даярданып келсеңер айтып бергилечи?
(Окуучулар үй тапшырмасына берилген тапшырманын алкагында өз алдынча жаттаган ырларын макалдарын айтып беришет.)
Физминуталык тыныгуу.
(Мугалим шартка карап 2-3 көнүгүүнүн түрүн 1 – 2 минута ичинде балдардын көңүл буруу абалын турукташтыруу үчүн жасатып алат).
Жаңы темага өбөлгө:
Балдар силер аябай жакшы ырларды, маккалдарды үйрөнүп алган турбайсыңарбы. Азаматсыңар!
Жаз мезгилинде кандай майрамдарды майрамдадык балдар?
Апалардын майрамы, нооруз, ак калпак күнү.
Нооруз майрамында бышырылуучу эң таттуу тамагыбызды кандай атаган элек?
Сүмөлөк.
Жаңы тема
Келгиле анда биз бүгүн сиздер менен өзгөчө кызык теманын үстүндө сүйлөшөбүз жана көп кызыктуу маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү сүмөлөк жөнүндөгү уламышка көңүл бурабыз.
Сүмөлөк жөнүндө уламыш.
Илгери өткөн заманда жаздын алгачкы айында элди ачарчылык каптайт. Элдин айласы кетет. Эл тентийт. Тамак сурап чыркыраган балдардын үнү басылбайт. Энелердин айлалары кетет. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Ар кимиси колдорунда болгон тамак-аштарын ортого чыгарышат. Бирөөсү бир чымчым ун, экинчиси бир кашык майын, үчүнчүсү – бир ууч талканын, дагы бирөөлөрү – үч-төрт кагын чогултушат. Тамак аш чоң казандын жарымынан болот. Ага толтура суу куюлуп, от жагылып, казан асылат. Кайнайын де калганда кызыл чийедей тогуз баласын ээрчиткен жесир аял келет.
Айланайын журтум, казаныңарга кошо турган эчтемем жок. Мына тогуз тоголок таштан башка эч нерсе таппадым. Жок дегенде бул тогуз балама ырыскы болуп, кошо бышсын деп казанга салат.
Ал жакшылап демделип, муздагандан кийин идиштерге салынат. Андай ширелүү касиеттүү тамакты сүмөлөк деп аташат. Аны жаш-кары дебей чыпалактары менен илип жешет. Ал бир айга жетет. Калк ачкачылыктан аман калат.
Ошол жылы эгин жакшы чыгат. Мол түшүм алынат. Калк токчулукка жетишет. Кийин сүмөлөк жаңы жылды тосуудагы салттуу тамакка айланат.
Балдар силерге сүмөлөк жөнүндө уламыш жактыбы?
Ооба.
Анда эмесе балдар биздин бүгүнкү ушул сүмөлүк жөнүндө өтүп жаткан жаңы темабыз “Сүмөлөк кантип даярдалат?” деп аталат.
Жаңы тема: “Сүмөлөк кантип даярдалат?”
Келгиле балдар баарыбыз слайдка көңүл буруп олтурсак.
1-слайд
Сабактын темасы: Сүмөлөк кантип даярдалат?
2-слайд
Буудай өндүрүү үчүн атайын жай даярдалып, буудай жайылат.
3-слайд
Өндүрүлгөн буудай
4-слайд
Даяр болгон буулдай ушул калыпта кесилип алынып, майдаланат.
5-слайд
Майдаланып алынган өндүрүлгөн буудайдын ширесин чыгарып алуу үчүн жаргылчактан же эт туурагычтан өткөрүлүп эзгиленет.
6-слайд
Эзилген буудайдын ширеси сууга жуулуп, топосу сыгылып алынат. Ал эми топосу жаман жерге ташталбай агын сууга агызылган.
7-слайд
Сүмөлөк салынардын алдын казанга май куюп, токоч бышырылып алынат.
8-слайд
Токоч бышырылып алынган майга, сыгылып алынган буудай ширеси куюлуп, ага ун аралаштырылып чайылат.
9-слайд
Аралашма тегизделгенден кийин аруу тилектер коштолуп, жаңгак, набат, атайын даярдалган кырк бир таш салынып казан кайнап баштайт.
10-слайд
Ар бир жетилген кайноодон кийин өз өлчөмү менен жети ирет буудайдын ширеси жана таза суу кошулуп кайнап турат.
11-слайд
Жети ирет суу куюлуп бышырылган сүмөлөктүн оту алынат жана 3 – 4 саат дымдалып ачылат. Сүмөлөк ачылгандан кийин сүмөлөктүн бетине түшкөн сүрөттөн быйылкы жылдын кандай болоору болжонгон.
12-слайд
Сүмөлөк бышырылып жаткан учурда жаштар арасында ар кандай көңүл ачуучу улуттук оюндар уюштурулат.
Сабакты бышыктоо:
Бышыктоо үчүн тапшырмалар:
1-тапшырма: Сүмөлөк жөнүндө ырлар.
(Окуучулар сүмөлөк жөнүндө өз алдыларынча жатташкан ырларын айтып беришет).
2-тапшырма: Сүмөлөктө айтылуучу тилектер:
Окуучулардан сүмөлөктө айтылуучу каалоолору суралат.
3-тапшырма кроссворд түзүү.
Кроссворддун суроолоу.
Сүмөлөк кайсыл мезгилде бышырылат (Жаз)
Сүмөлөктү бышыруу үчүн эмне өндүрүлөт? (Буудай)
Сүмөлөктү салардан мурда казанга май куюлуп эмне бышырылат? (Токоч)
Тилектерин айтып эмне салынат (Таш)
Сүмөлөккө жети жолу эмне куюлат? (Суу)
Сүмөлөктү кимдер бышырышкан? (Апа)
4-тапшырма: Кластер түзүү
Бул тапшырма начар окуган окуучулар менен иштөө үчүн сүрөттөр аркылуу ишке ашырылат. Сүмөлөккө керектелүүчү азыктардын сүрөттөрүн топтоштурушат.
Сабакты жыйынтыктоо
Балдар биз бүгүнкү сабакта эмнелерди үйрөндүк?
Сүмөлөк жасоонун эрежелерин, сүмөлөккө кошулуучу азыктарды.
Балдар силерге бүгүнкү сабак жактыбы?
Ооба жакты.
Үйгө тапшырма.
Сүмөлөккө кошулуучу азыктардын сүрөттөрүн тартып келүү.
Баалоо:
Анда балдар силер бүгүнкү сабакка аябай мыкты катыштыңар. Силер үчүн даярдаган белектерим бар эле. Аны кабыл алып койсоңуздар.
(Балдарга кагаздан жасалган самолеттун, машинанын жана гүлдүн макеттери белекке берилет жана бул баланы баалоого өбөлгө түзөт.)