Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда ишке ашырылып жаткан 050704 Мектепке чейинки билим берүү адистигин аккредитациялоонун жыйынтыгы боюнча 2024-жылдын 16-декабрындагы №51 буйругуна
№ | Кемчилдиктер | Сунуштар | Аткаруу мөөнөтү |
1. | Билим берүүнүн сапатына жооптуу өзүнчө кызматкер дайындалбаган | Окуу бөлүмүнүн башчысынын кол алдында иштебеген, директорго түз баш ийген кызматкерди билим берүүнүн сапатына жооптуу катары дайындоо зарыл | 2025-жылдын 1-октябры |
2. | Адистиктин окуу-усулдук камсыздалышы МБСтин (ГОСтун) талаптарына дал келбейт. Милдеттүү окуулуктар (обязательные учебники) жөнүндө маалыматтар жок. Электрондук китепкана уюштурулбаган. | Адистик боюнча милдеттүү окуулуктардын санын жана сапатын МБСтин талаптарынын деңгээлине жеткирүү жана электрондук китепкананы уюштуруу керек | 2025-жылдын 1-октябры |
3. | Коомчулукка маалымат жеткирүү үчүн окуу жайдын сайты жок | Окуу жайдын өзүнүн сайтын толугу менен ишке киргизүү керек | 2025-жылдын 1-октябры |
4. | МЧБ адистигин тейлеген окутуучулар тарабынан окуу планындагы кесиптик дисциплиналар боюнча окуу-усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу колго алынбаган | Окутуучулар тарабынан окуу куралдарын: теориялык маалыматтардын топтому, лекциялардын жыйнактары, лабораториялык практикумдар, усулдук көрсөтмөлөр ж.б. иштеп чыгуу колго алынсын (окутуучуларга шык берүү жагы каралсын) | 2025-жылдын 1-октябры |
5. | Жылына бир жолу жумуш берүүчүлөрдүн катышуусунда адистиктин окуу планынын талдануусу жана жана анын жаңылануусу боюнча маалыматтар жок | Бул маселени колго алуу зарыл (талкуу протоколу, катышкандар жөнүндө маалыматтар болуусу керек) | 2026-жылдын 1-майы |
6. | Окутуучулар жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк иштери аз жүргүзүлгөн | Тажрыйба алуу максатында академиялык мобилдүүлүк программаларын көбөйтүү жана өнүктүрүү зарыл | 2026-жылдын 1-майы |
7. | Адистиктин МТБсы МБСтин талаптарына жооп бербейт: типтүү жабык спорт залы жана ашканасы жок, ритмика каанасы уюштурулбаган | Адистиктин МТБсын МБСтин талаптарына ылайык келтирүү: типтүү жабык спорт зал жана ашкана куруу, ритмика каанасын уюштуруу иштери колго алынсын | 2026-жылдын 1-сентябры |
8. | Аккредитациялануучу Мектепке чейинки билим берүү адистиги ОшТУнун профилине туура келбейт | Бул маселени институттун директору ОшТУнун ректору менен биргелешип чечүүсү зарыл | 2025-жылдын 1-октябры |
9. | Сырттан окуган студенттердин саны ченемдик-укуктук документтердин талаптарына жооп бербейт | Сырттан окуган студенттердин санын мыйзам талаптарына дал келтирүүнү колго алуу керек | 2026-жылдын 1-сентябры |
10. | Окутуучулардын жана студенттердин жакшы иштөөсүнө (билим алуусуна) шыктандыруу (мотивация берүү) иш чаралары жүргүзүлбөйт (тиешелүү маалыматтар жок) | Бул маселе боюнча иш чараларды жүргүзүү зарыл (Жобо, уюштуруу иштери, талкуу протоколдору, моралдык жана материалдык сыйлоого татыктуулар жөнүндө маалыматтар, ал багытка бөлүнгөн каражаттар тууралуу маалыматтар коридорго илиниши, институттун сайтына жайгаштырылышы жана ал маалыматтар эмгек жамаатына жана коомчулукка жеткиликтүү болушу керек | 2026-жылдын 1-сентябры |
11. | ББПны талкуулоо, анкеталардын жана мониторингдердин жыйынтыктарын кызыкдар тараптар (окутуучулар, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр) менен талкуулоо боюнча иштер системаланган эмес. | Мониторинг жүргүзүүнүн документтештирилген процедурасын, кызыкдар тараптардын катышуусу менен ББПларды мезгил-мезгили менен баалоо жана анын мазмунун үзгүлтүксүз өркүндөтүүнү активдештирүү | Жылына бир жолу |
12 | | Илимдин, техниканын жана инновациялардын өзгөрүүсүн эске алуу менен кесиптик дисциплиналардын жумушчу программаларынын мазмундарын толуктоо, өзгөртүү киргизүү жана мониторинг жүргүзүү активдештирилсин | Жыл сайын |
13. | Билимдерди баалоодогу текшерүүлөрдүн түрлөрү жана аларга ылайык баалоонун чен-өлчөмдөрү толук иштелип чыккан эмес. Маалыматтар студенттерге предметник-окутуучулар тарабынан жеткирилет | Баалоо каражаттар фонду (экзамен, зачёт ж.б.)жана ар бир дисциплина боюнча баалоо каражаттарынын критерийлерин толуктоо, алар жөнүндө маалыматтарды студенттерге толук жана өз убагында маалымдоо системага салынсын (сайтка атайын терезе түзүү активдештирилсин. Тиешелүү семинарларды уюштуруу каралсын. | 2025-жылдын 1-сентябры |