СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суроо. Суроо бере билүү усулдары

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

«Концептуалдык суроолор», «Фактологиялык суроолор», «Оор жана жеңил суроолор», «Аналитикалык жалпылоо», «6W ыкмасы», «Ачык суроолор», «Суроолуу сөздөр», «Сүрөмөлөөчү суроолордун түрлөрү».

Просмотр содержимого документа
«Суроо. Суроо бере билүү усулдары»

Суроо. Суроо бере билүү усулдары.

Суроо бере билүү усулдары: «Концептуалдык суроолор», «Фактологиялык суроолор», «Оор жана жеңил суроолор», «Аналитикалык жалпылоо», «6W ыкмасы», «Ачык суроолор», «Суроолуу сөздөр», «Сүрөмөлөөчү суроолордун түрлөрү».

Оор жана жеңил суроолор

Бул ыкма төмөнкүдөй шарттарда колдонулат:

Окуучулардын бири-бирине суроо берүүлөрүн уюштуруу үчүн. Мында тема окулуп бүткөндөн кийин өтүлгөн материалга байланыштуу үч оор жана үч жеңил суроолорду түзүшөт. Окуучулар аларды пайдаланып бири-бирине суроо беришет.

Окулуп жаткан тема боюнча маектешүүнү баштоо үчүн, эгерде сиз окуучуларга «Бул темада силерди эмнелер кызыктырды?» деп жөнөкөй суроолорду берсеңиз, анда окуучулар дагы жеңил-желпи, терең ойлонулбаган суроолорду бере башташы мүмкүн. Ошондуктан ар бир кириш сөздөн кийин эле, окуучулардан теманын ар бир бөлүгүнө жок дегенде бирден суроо түзүп чыгуу талап кылынат. Мында теманы окуп үйрөнүүдө аларды кызыктырган багыттар жөнүндө билип алсаңыз болот.


Оор суроолор

Жеңил суроолор

Бул бөлүккө кең-кесири чечмелеп, негиздүү жооп берүүнү талап кылган суроолор жазылат.

Мисалы: Жыл мезгилдери менен адамдын жүрүм-турумунун ортосунда кандай байланыштар бар?

Бул бөлүккө бир беткей, кыска, так жооп берүүнү талап кылган суроолор жазылат.

Мисалы: Сен канчанчы класста окуйсуң?



Аналитикалык жалпылоо

Бул төмөнкү план боюнча жүргүзүлөт. (Суроолор берилген темага байланыштуу өзгөртүлүшү мүмкүн).

Автор эмнени бышыктап жатат? Ал аны кантип далилдеп жатат? Ал кандай аргументтерди далилдөөлөрдү келтирүүдө? Эмне үчүн ага дал ушул аргументтер маанилүү? Автор кандай максаттарды көздөп жатат? Эмне үчүн биз авторго ишенебиз. (ишенбейбиз)?








«6 W» ыкмасы

Максаты:

Окуучуларды сабырдуулукка, чыдамкайлыкка тарбиялайт, белгисиз жагдайды аныктоочу суроолорду иштеп чыгууга үйрөтөт. Татаал кырдаалдан жеңил чыгууга жардам берүүчү сөздөрдү таба билүү жана суроо бере билүү жөндөмүн өнүктүрөт. Бир теманын чегиндеги көптөгөн байланыштарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«W» - англис тилинен «эмнеге», «эмне үчүн», «эмне себептен» деп которула турган «WhV» деген суроолуу сөздүн баш тамгасы болуп эсептелет.

Мисалы, мугалим окутуунун интерактивдүү усулдары деген теманы өтүп бүткөндөн кийин студенттерден (же окуучулардан) түгөйлөргө бөлүнүүлөрүн суранат. Студенттер түгөйлөрүнө төмөндөгүдөй суроолорду беришет. Биринчи студент: «Бул теманы биз эмнеге окуйбуз?» - деп сурайт. Экинчиси ага окуучулардын өз алдынчалыгын жана өз ара карым катнаштарын жакшыртуучу ыкмаларды билүү үчүн деп жооп берет.

Биринчиси ага ынанбай «Андай ыкмаларды билүүнүн сага эмне кереги бар?» - деп сурайт. Экинчиси ага да жооп табат: «Себеби кийин окуучулар менин сабагымды окууга көбүрөөк кызыгышы керек». Кайра бирнчиси «А сен эмне үчүн балдардын өзүңдүн сабагыңа кызыгуусун каалайсың?». Ошентип суроо-жооп улантыла берет.

Белгиленген убакыт бүткөндөн кийин окуучуларга силердин суроо берген оңойбу же жооп берген оңойбу деген суроо берилет.

Окуучулар суроо түзгөндө эмнелерди эске алуулары керек?

Окуучулар жекече гана эмес чакан топтордо да бирге суроолорду камдашса, алар маанилүүрөөк болоор белгилүү. Кызыктуу жана маанилүү суроо берүү, жооп бергенге караганда кыйынга турат.

Ошондуктан, окуучулардын суроо берүүнүн жолдору менен тааныштырып коюу керек.

Ким? Эмне? Качан? Кайда? – деген суроолор негизги маалыматтарды алууга жардам берет. Эмне үчүн? Кантип? Эмнеге? – деген суроолор маалыматтарды чечмелөөгө шарт түзөт. Кырдаалга, маселеге байланышкан, жыйынтык чыгарууну көздөгөн, багыт берүүчү суроолор да бар. Суроо түзгөндө төмөндөгү сунуштарды эске алыңыз:

  • Иликтенип жаткан маалыматтын предметин аныктаңыз;

  • Автордун көз карашын, позициясын аныктаңыз жана ага тиешелүү суроолорду түзүңүз;

  • Маалыматтын негизги идеяларын, фактыларын тактаңыз.



Суроолуу сөздөр

Максаты:

Бул усул окуучулар тема боюнча айрым маалыматтарды билип жана материалды окуп үйрөнүүгө байланышкан бир катар негизги түшүнүктөргө ээ болгон учурда колдонулат.

Өткөрүүнүн тартиби:

Балдар баракты ортосунан бөлүп, оң жагына темага байланыштуу ар кандай терминдерди жана түшүнүктөрдү жазышат.

Ал эми анын сол жагына окуучулар ар кандай суроолуу сөздөрдү жазышат (8-10 сөздөн кем эмес №1 тиркеме ) Андан кийин эки тараптын сөздөрүн айкалыштыра пайдаланып мүмкүн болушунча көбүрөөк суроо түзүшөт (5-7 мүн). Бул тапшырманы жекече же түгөйү менен аткарышат.

Бирок окуучулар өз суроолорунун жоопторун билбеши керек. Берилген убакыт бүтүп окуучулар жазган суроолорун тактап, эң керектүү жана кызыктуу деген 2-4 суроону тандап алышат. Мугалим ал суроолорду окуп берүүдөн мурда аларды кандай критерий менен тандап алганын ойлонуп жооп берүүсүн сунуш кылат. Окуучулар жооп бергенге аракеттенишет. Андан кийин суроолуу сөздөр менен түшүнүктөрдөн жазган суроолорун класска окуп беришет.

Эгерде бардык суроолорго жооп алынбай калса, окуучулар маалымат булактарынан кийинки жолугушууларга даярдап келишет.



1 тиркеме: Суроолуу сөздөр

Суроолуу сөздөр:

Түшүнүктөр, терминдер:

Кантип?

Эмне?

Кайда?

Эмнеге?

Канча?

Кайдан?

Кандай?

Эмне үчүн?

Кандайча?

Кандай байланышы бар?

Эмнеден турат?

Эмнеге арналган?

Эмне менен?

Өтүлгөн темадан негизги түшүнүктөр менен терминдер жазылат.



«Суроолуу таажыгүлү» же Блумдун таажыгүлү (ромашкасы)

Практикалык суроолор

Баалоочу суроолор







Жөнөкөй суроолор

Чечмелөөчү суроолор



Чыгармачыл суроолор



Тактооч суроолор









Б.Блумдун таанып билүү ишмердигинин деңгээлдерине ылайык окуу максаттарын коюунун таксономиясына негизделген суроолордун системасы, билим берүү дүйнөсүндө кеңири белгилүү. «Блум» деген сөз немец тилинен которгондо «гүл» деп которулгандыгы эске алынып, суроолордун типтери жазылган суроолор таажыгүлү, «Блумдун таажыгүлү» деп аталган. Ал Россияда дагы «Блумдун таажыгүлү» деп аталат. Ал эми аларда жазылган суроолор Америкалык педагогдор Джеймс менен Кэрол Бирстин сүйлөгөн сөздөрүнөн алынган.

Ошентип, суроонун алты тиби алты таажыга жазылган.

1. Жөнөкөй суроолор: Аларга жооп берүүдө, кандайдыр бир фактыларды атап, белгилүү бир маалыматтарды эске түшүрүп, кайра айтып берүү керек.

2. Тактоочу суроолор: Алар мындай сөздөр менен башталат: «Демек, сиз айткандай болсо», анда…..? « Эгер мен сизди туура түшүнсөм», анда…..? мындай суроолордун максаты – адамга азыр эле айтканына кайра кайрылууга мүмкүнчүлүлүк берүү.

3. Чечмелөөчү (түшүндүрүүчү) суроолор: - алар «эмне үчүн?» деген сөздөр менен башталат.

4. Чыгармачыл суроолор: Эгерде суроодо «са» деген мүчө жана шарттуулуктун, божомолдоонун белгилери бар болсо, чыгармачыл суроо болуп эсептелет. Мисалы: «Жарнамадан кийин фильмдин сюжети кандайча өнүгөт деп ойлойсуң?» ж.б.

5. Баалоочу суроолор: Мындай суроолор ар кандай окуяларга, көрүнүштөргө, фактыларга баа берүүнүн критерийлерин аныктоого багытталат. М: Эмне үчүн буларды жакшы, ал эми буларды жаман дейбиз?

6. Практикалык суроолор: Эгерде суроо теория менен практиканын ортосундагы өз ара байланышты аныктоого багытталса, ал практикалык суроо болот. Мисалы: Аңгеменин каарманынын ордунда болсоңуз, сиз эмне кылаар элеңиз?

Бул бардык типтеги суроолорду бардык курактагы окуучулар колдонуп, маанисине түшүнө ала тургандыгын бул стратегияны колдонуу тажрыйбасы көрсөтүүдө.

Эгерде сиз «Суроолор таажыгүлүн» кенже класстарга пайдалансаңыз, визуалдык ыкманы колдонуу сунушталат. Мисалы: балдар бир тема боюнча суроолорду түзүп аларды жалбыракчаларга жазышат. Улуураак окуучулар менен иштөөдө берилген теманы, (текстти) окуудан мурда практикалык бир суроо, баа берүүнү бир суроо түзүшөт жана өздөрү жооп издешет. Жоопту балким таратылган тексттен табышы мүмкүн.


Концептуалдык суроолор: Бул суроолор бир мааниде жооп бербеген ойлонууну талап кылган суроолор болуп эсептелет жана концептуалдык маалыматты табууга багытталган. Аларга тексттен алынган концептуалдык маалыматтарды түзгөн ойлор, көз караштар, жашоого болгон мамилелер идеялар кирет. Концептуалдык суроолор «эмне үчүн», «сиз эмне деп ойлойсуз», «эмнеге» деген суроолордон башталат. Ачык суроолор бул «ооба» же «жок» деп бир жактуу жооп бербей турган суроолор болуп эсептелет. Максаты: Бул усул жасалган ишти, өтүлгөн сабакты жыйынтыктоо үчүн колдонулган жардамчы усул. Өткөрүүнүн эрежеси:

  • Өтүү убактысы: 5-8 мүнөт

  • Регламентти так сактоо

  • Суроолор ачык, түшүнүктүү, логикалуу болушу керек

  • Кол көтөрүп жооп берүү

  • Бири-биринин оюн сыйлоо

  • Дискуссиядан качу керек

Өткөрүүнүн тартиби: Ошондой эле мугалим логикалык жактан бири-биринен келип чыккан ачык суроолорду удаалаш бере баштайт.

Мисалы: Биз азыр эмне жасадык? Эмне аткарылган жок? Эмне аткарылды?

Эмне жасоону татаал болду, эмне үчүн? Өзүңүз үчүн эмнени түшүндүңүз? ж.б.

Мугалим окуучулардын жоопторун угат. Эгер жооп берүүнү каалагандар көп болуп, регламент бузула турган болсо, анда мугалим эртелеп эле суроолорго жооп берүүчүлөргө чек коюп койсо болот. Бирок көбүрөөк окуучуларга жооп берүүгө мүмкүндүк берүү керек. Окуучулардын жообу талкууланбайт жана сындалбайт.

Фактологиялык (жабык) суроолор: Бул суроо фактыларды, окуяларды, кубулуштарды (фактуалдуу маалыматтар) кайра айтып берүүнү талап кылат жана адамдын эске тутуусу менен байланыштуу. Бул суроолор Ким? Эмне? Кайсы жерде? Деген суроолор таандык.


Интерпретация (өз түшүнүгүн айтып берүү)

Окуучуларга идеялардын, фактылардын, аныктамалардын ортосундагы байланыштарды ачып берүү үчүн берилет. Окуучу мындай идеялар же концепциялар өз ара кантип байланышта болоорун ойлонуулары керек.

Мисалы:

- Эмне үчүн силер башка каарман атасы үйгө келгенче күтүп турду деп ойлойсуңар?

- Силердин оюңар боюнча кайгылуу окуянын так азыр болушунун себеби эмнеде?


Сүрөмөлөөчү суроолордун түрлөрү.

  • Тексттин фабуласы (мазмуну) боюнча суроолор.

  • Тексттин образдык системасы жана анын символикасы боюнча суроолор.

  • Контраст (карама-каршы) суроолору.

  • Этика суроолору ж.б.

Аңгемелердин «кыймылдаткыч күчү» болуп бирөөлөрдүн эмнени каалаганы же каалабаганы, бир нерсеге умтулганы же умтулбаганы, бир нерсеге кантип жеткендиги же бир нерседен кантип кутулбагандыгы, ага ким же эмне жардам бергендиги ж.б. болуп эсептелет. Ошондуктан фабулдук (мазмундук) суроолор маанилүү оорунду ээлейт.

Тексттин фабуласы боюнча суроолор:

1. Чындыгында каармандын каалаганы эмне эле?

2. Анын каалаганына жетишине эмне көмөкчү болду?

3. Ал өз максатына жетүү үчүн эмнени курмандыкка чалды?

4. Ал башында ким эле? Аягында ким болуп калды?

5. Анын өзгөрүшүн эмне менен түшүндүрүүгө болот?


Тексттин образдык системасы жана анын символикасы боюнча суроолор:

Аңгемедеги тиги же бул образ же символ эмне жүк көтөрүп тураарын аныктоо үчүн үч суроо берүү керек.

1. Бул образ эмнени билдирет?

2. Кандай функцияларды аткарат?

3. Бул образдын (символдун) жалпы адамдар үчүн кандай маани бар?


Контраст (карама-каршы) суроолору:

Чыгармалардагы образдар жана каармандар ошол чыгармадагы образдар жана каармандар менен контраст катары караганда ачылат. Ошондуктан биз аларды башка адабий чыгармалардагы жана турмуштагы образдар же каармандар менен салыштырабыз.

1. Бул жомокто, аңгемеде кимдер жана эмнелер карама-каршы коюлат?

2. Бул карама-каршылык кандай кылып көрсөтүлөт?

3. Башка адабий чыгармаларды ким жана эмне ушундайча карама-каршы коюлат?

4. Ал эми сиздин турмушуңуздачы?

Мисалы, бир жомок же аңгемени алып, алардын өзгөчөлүктөрүн карама-каршы койгондо болжол менен төмөнкүдөй болот.


Терс каармандар

Оң каармандар

Ысымы:

Ысымы:

кары

кедей

чабал

жогору көтөрүлөт

чабал сыяктанат

тапкычтыгына таянат

кайратына таянат


жаш

бай

күчтүү

төмөн түшөт

күчтүү сыяктанат

амалкөйлүгүнө таянат

бийлигине таянат




Этика суроолору:

Адабий чыгармаларда жакшылык менен жамандык көйгөйлөрү жана жакшы менен жаман иштердин натыйжалары жетишээрлик. Окуучулар адабий чыгармалардан моралдык сабак алууга умтулат жана алар жаман иш жасаган каарман эмне үчүн жазаланбай калганына түшүнө беришпейт.

Ошондуктан аңгемеге кайра кайрылып окуучуларга суроо берилет:

1. Сенин оюң боюнча каарман туура иш кылдыбы?

2. Сен кандай деп ойлойсуң, эгер бул ишти аңгемедеги каарман эмес, биздин шаардын тургуну жасаса, кандай болоор эле?