СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүт эмүүчүлөрдун мааниси

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сүт эүүчүлөрдүн мааниси

Просмотр содержимого документа
«Сүт эмүүчүлөрдун мааниси»

Биология 7-класс

Сабактын темасы: Бакма сүт эмүүчүлөр мааниси жана аларды коргоо

Негизги компетенттүүлүктөр:

1.Маалыматтык;

2.Социалдык - коммуникативдик;

3.Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечҥҥ.

Сабактын тиби: Аралаш.

Сабактын формасы : Жаңы материалды өздөштҥрҥҥ.

Колдонулуучу ыкмалар: Аңгемелешҥҥ, суроо жооп, талкуулоо жана анализдөө. Предмет аралык байланыш: География, кыргыз тили, геометрия, математика жана тарых.

Сабактын жабдылышы: Темага байланыштуу таркатма материалдар, сҥрөттөр, жаңы тема ҥчҥн жасалган слайд жана аны көрҥҥ ҥчҥн проектор (анимация), “КЫЗЫЛ КИТЕП”.

Баалоо табличкасы: ЭҢ ЖАКШЫ ЖАКШЫ ОРТО

Сабактын максаттары:

(Окуучулар ҥчҥн кҥтҥлҥҥчҥ натыйжалар)

Көрсөткүчөр:

1

Билим берүүчүлүк : Окуучулар бакма сҥт эмҥҥчҥлөр боюнча маалыматтарды алат. Бакма сҥт эмҥҥчҥлөрдөн эмне алынарын, алынган нерселер адамдын жашоосуна тҥздөн-тҥз пайда алып келерин тҥшҥнөт. Аларды көп керектөөнҥн кесепетинен алардын саны азайып, жок болуп бара жатканынын себебин талкуулашат. Жаңы келип чыккан породалары менен таанышат.

Эгерде окуучу, бакма сҥт эмҥҥчҥлөр боюнча жеткиликтҥҥ маалыматттарды алса. Бакма сҥт эмҥҥчулөрдөн эмне алынарын санап көрсөтҥп бере алса. Аны кҥнҥмдҥк жашоодо колдонуларын билсе жана аларды эмне ҥчҥн коргоо керек деген себептерин белгилей алса. Жаңы чыккан породалардын көрҥнҥктҥҥ жана керектҥҥ жагын талдай алса.



2

3

Өнүктүрүүчүлүк: Жаңы маалыматтардын негизинде окуучулардын эске тутуусу, таанып билҥҥсҥ, кабыл алуусу жана өз оюн эркин айта алуусун калыптандыруу.

Тарбиялык : Окуучулар бакма жаныбарлады коргоо керектигин, аларга камкордук менен мамиле жасоо аркылуу алардан өндҥрҥлгөн заттардын маанилҥҥлҥгҥн билет жана бири - биринин оюн толуктап, мейли кызбы, мейли балабы, бири- бирине сылык мамиле жасоого, адептҥҥлҥккө тарбияланат.

Эгерде, окуучу берилген материалдын пайдалуу экендигин сезсе жана ата бабаларыбыз аны кҥнҥмдҥк жашоосуна буга чейин колдонуп келгендигин айгинелеп өз ойлорун эркин толук айтып бере алса.

Окуучулар бакма жаныбарларды коргоо себептерин ачып бере алышса, өндҥрҥлгөн продукциянын маанилҥҥлҥгҥн тҥшҥнсө жана кыз-бала ортодо жаралган маселелер боюнча пайда болгон суроолорго бири-бирине ҥстөмдҥк кылбай адептҥҥлҥк менен, сылыктык касиет менен мамиле кылууга тарбияланса.



Сабактын жүрушү

Баалоо

Сабактын

этаптары

Убактысы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун

ишмердүүлүгү


1.Уюштуруу

3 мҥнөт

-Окуучулар менен саламдашуу,

-Жагымдуу маанай тҥзҥҥ;

-Сабактын темасы менен тааныштыруу;

-Сабактын максатын айтуу, тҥшҥндҥрҥҥ.

Жагымдуу манай аркылуу окуучулар жаңы сабакка каты

шууга шыктанат. Окуучулар сабактын темасын, максатын угат жана тҥшҥнөт.


2.Өтҥлгөн

материалды

кайталоо

5 мҥнөт

Мугалим окуучуларга өтҥлгөн материал боюнча суроо берҥҥ менен кыскача аңгеме жҥргҥзөт.

- Ача туяктуулар тҥркҥмҥ канча тҥркҥмчөгө бөлҥнөт? (Кепшөөчҥлөр, кепшебөөчҥлөр же чочко сымалдуулар жана чор тамандар).

- Жырткыч сҥт эмҥҥчҥлөрдөн кайсынысы тарп менен азыктанбайт? (Ак илбирс) - Пил кҥнҥнө канча литр суу ичет? (100-125л)

- Кит сымалдар тҥркҥмҥ булар сууда жашоочу сҥт эмҥҥчҥлөр, аларга кайсы жаныбарлар кирет? (Киттер, дельфиндер)

Окуучулар берилген суроолорго жооп берип, өздөрҥ

билгендерин ортого салат жана

аңгемелешҥҥ бҥткөн





- Приматтар латын тилинен кандай деп которулат? (“Биринчи” же “Алгачкы”) - Азыркы кездеги адам сымал маймылдарга кирҥҥчҥ маймылдарды санап бер? (горилла, орангутанг, шимпанзе)

соң ҥйгө

тапшырманы

аткарып келгендиги боюнча баа алат,

альбомдогу

сҥрөттөрҥн

мугалимге көрсөтөт.


3.Жаңы теманы түшундүрүү

8 мҥнөт

Мугалимдин сөзҥ:

- Колго ҥйрөтҥлгөн жаныбарлардын көпчҥлҥгҥ ача туяктууларга кирет. М: уй, топоз, буйвол, кой, эчки ж.б. Бакма жаныбарларды эт, сут, тери ж. б. нерселерди алуу ҥчҥн багышат жана жаңы породаларын чыгарышат. Бҥгҥн балдар мен силерге бакма сҥт эмҥҥчҥлөрдҥн ичинен майда малдарга кирҥҥчҥ койлор тууралуу айтып берем. КОЙ - эт, жҥн, тери жана сҥт алуу ҥчҥн өстҥрҥлөт. Кыргызстанда көп багылган породалар - кыргыз уяң жҥндҥҥ койлор болуп саналат.

Бул койдун пародасын

академик М.Ф .

Иванов чыгарган .

Булардын жҥндөрҥ

ҥзҥн, ичке жана

жумшак келет.

Бакма

жаныбарлардын

мааниси боюнча

маалыматтарга ээ болуп, өздөрҥнҥн билгендерин дагы кошумча

эркин айтып турат. Сҥрөттөргө маани берет.






Тянь-Шань чала уяң жҥндҥҥ кой – эт, жҥн багытындагы кой болуп саналат. Жҥнҥ ак, жибек сымал жылтырак, бышык, кочкордон 8-9 кг, коюунан 3,6 - 4,2 кг жҥн алынат. Кочкорунун салмагы 105-110 кг, коюунуку 60-65 кг барат. Буларды Нарында, Жалал Абад областарында көп багышат.

Алай породасын айыл чарба илимдин доктору, академик И.М. Ботбаев чыгарган. Кочкорунун салмагы 105-110 кг, коюунуку 62-68кг чейин барат. Жҥнҥнҥн салмагы 3,2 - 8 кг чейин жетет. Козулары чоң, жҥндҥҥ туулат. Алай жана Кара-Кулжа райондорунда багылат.

Бул койлорду багууда киреше топтолот, алардын эти желет, сҥт азыктары алынат, жҥнҥнөн сырт кийимдер, бут кийимдер , адамдарга керектҥҥ буюм-тайымдар жасалат. Мына балдар сҥт эмҥҥчҥлөрдөн көп нерселер алынгандыктан аларды тынымсыз пайдалана берҥҥнҥн акыры алардын жок болуп кетҥҥ коркунучуна алып келет. Мындай коркунучту жоюу максатында Кыргызстандын жаныбарларын коргоо максатында атайын “Кызыл китеп” уюшулган Кыргызстандын Кызыл китеби 1985-жылы уюшулуп, кайра 2006-жылы толукталган. Ага сҥт эмҥҥчҥлөрдҥн 23 тҥрҥ киризилген.





4.Жаңы теманы бышыктоо

10 мҥнөт

Дҥйнөдөгҥ эң баалуу кой. Шотландияда багылат, ал жарым миллион турат.

Мындан тышкары мекенибизде дагы чет мамлекеттерди кызыктырган Гиссар койлору бар. Ал Арашан аталышына ээ. Арашан кою 80кг эт берет. Чоң жетилген койлору 200кг чейин болот. Акыркы жолу бул кой 2021 – жылдын апрель айында сатылган. Койдун эти углевод, липиддерге жана ар кандай минералдык кошулмаларга, витаминдерге бай келет. Майын буту-колго суук тийгенде, өпкөгө суу өткөндө,

-






суукчан төрөлгөн наристелерге жана табарсык оорусун айыктырууда колдонуп келишкен. Жана майы абдан даамдуу болгондуктан ич майларынан апаларыбыз улуттук тамактарга кошуп бышырышкан. Мисалы: Жөргөм, быжы, куурдак ж.б.

Жөргөм

Быж

Ал эми ата-бабаларыбыз койду бата кылып анан гана союп, келген конокторуна таарынбагандай кылып этти устукандап тартышкан. Өздөрҥнөн

кийинкилерге устукан тартуу жөрөлгөсҥн ҥйрөтҥп

калтырышкан.

Мугалимдин суроосу : “Балдар сут эмҥҥчулөрдҥн кандай аталыштагы сөөктөрҥ бар эле кана ким айтат?”

Мугалим:

-Ооба, туура айттыңар, азаматсыңар, балдар!

Кыргыз элинде байыртадан эле устукан бөлҥштҥрҥҥгө чоң маани берип келишкен. Бир эле туура эмес тартылган устукан эки уруунун мамилесине доо кетирип, табакташ адамдарды душманга айлантып жибериши да мҥмкун болгон. Устукан бөлҥштҥрҥҥ өлкөбҥздө аймактарга жараша өзгөрө берет. Анда көңҥлҥңөрдҥ төмөнкҥ сҥрөткө бурам.







Мугалим жогорку сҥрөт боюнча айтып берет дагы кыргыз элинде койдун жҥнҥн







кантип пайдалана тургандыгы боюнча төмөнкҥлөргө токтолот. Койдун жҥнҥнөн апаларыбыз ҥй-бҥлө мҥчөлөрҥнө кийим кечелерди токуп беришкен. Койдун жҥнҥ аллергия чакырбоочулардын курамына кирген заттардан турат. Алардан

Алдын ала боелбогон

жҥндөрдҥ алып жууп

тазалап, (жҥн натуралай )

колдонулган. Андан жип

атайын ийиктин жардамы менен

жиптер даярдалып, андан кийин

гана керектҥҥ буюмдар жасалган.

Топу Свитер

Байпак





5.Сабакты

талкуулоочу

суроолор

6.Сабакты

жыйынтыктоо

10 мҥнөт

8 мҥнөт

Ичик

Чокой

Ал эми койдун терисин

атайын ҥй шартында иштетишип андан суукту

өткөрбөөчҥ, жамгырда кийҥҥчҥ өтҥктөрдҥ, кышында

чилдеде кийҥҥчҥ ичиктерди жасап кийишкен.

Эркектин Аялдын кишинин маасысы

Ошондой эле ат жабдыктарын, сумка (аяк кап деп коюшкан-ичине идиш аяктарды салап коюшкан, идиштер көчҥп-конгондо сынган эмес), кайыш боолорду жана жылкыны тушоочу тушамыштарды эчки менен койдун терисинен жасашкан себеби териден жасалган буюмдар бекем, көп мезгилге чейин урунууга ыңгайлуу болгондуктан, койдун терисинен иштетишип жасап алышкан.

Мугалимдин сөзү:

-балдар, эми сабагыбызды жыйынтыктоочу суроолорго көңүлүңөрдү бурам, (Карточка таркатат, карточкада № коюлган)

1. Сҥт эмҥҥчҥлөрдҥн кайсы сөөктөрҥ геометриялык кайсы фигураларга окшош? (далы - чоң ҥч бурч сөөк, кабырга - дуга болуп ийилип турат)

2. Сҥт эмҥҥчҥлөрдҥн моюн омурткасы канча? (7)





хром өтүг

7.Ҥйгө

тапшырма

1 мҥнөт

3. Бут скелеттерине кайсы сөөктөр кирет? (кашка жилик, жото жилик, балдак сөөк шыйбылчак, манжа сөөктөрҥ)

4. Сҥт эмҥҥчҥлөрдҥн жҥрөгҥнҥн тҥзҥлҥшҥ геометриялык кайсы фигурага окшош болот? (Жҥрөк төрт камералуу конус тҥрҥндөгҥ булчуңдуу көңдөй орган) 5. Чөп жеген сҥт эмҥҥчҥлөрдҥн ичегиси узунбу же чөп жебеген (эт жеген) сҥт эмҥҥчҥлөрдҥн ичегиси узунбу? (Чөп жеген)

6. Акыркы жылдары койдун кайсы породасы кеңири багылып келе жатат? а. Алай

б. Тянь-Шань

в. Гиссар

г. Меринос

7. Майда малга кайсы сҥт эмҥҥчҥлөр кирет? (кой, эчки, чочко)

8. Сенин оюңча Муфлон майда малга киреби? (ооба болсо эмне ҥчҥн?) а. ООБА б. ЖОК

Мугалим окуучуларга ватман таратат анда “сезимдер картасы” деп жазылган. Балдар сезимдер картасын толтурат. Өздөрҥнҥн ой пикирлерин эркин билдирет. 1. Сезимдер картасы

КӨРДҮМ УКТУМ

СЕЗДИМ

2.ТЕРЕЗЕЛЕР

Оюңарды жыйынтыктап, терезенин ар бир бөлҥгҥнө бирден оюңарды жазгыла! -Негизги ойду

- сҥрөттөрдҥ

- символдорду

- кыска сөздөрдҥ, каалоо тилектерди колдонсоңор болот!







⸹40 окуп келҥҥ. Эссе жазуу.



8.Баалоо

1 мҥнөт

Окуучуларды алаган билимдерине жараша баалоо жҥргҥзөт. Кҥндөлҥктөрҥнө баа коюлат.