СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суу, Океан, Деңиз

Нажмите, чтобы узнать подробности

                                                Суу

Космостон биздин планета көгүлтүр болуп көрүнөт, анткени Жер бетинин 3/2ден ашык бөлүгүн суу каптап турат. Жердеги суунун болжол  м-н 97%и деңиз м-н океандарга туура келет. Суунун калган бөлүгү дарыяларга, көлдөргө, мөңгүлөргө ж-н жер астындагы булактарга топтолгон.

ОКЕАН, м у х и т - Жердин туташ суу катмары. Материктерди аралдарды курчап турат. Төрт океан - Тынч океаны, Атлантика океаны, Инди океаны ж-н Түндүк Муз океаны бар. Океандардын ичинен Тынч океан эң терең. Ал океандардын жалпы аянтынын 50%ке жакынын ээлеп, Атлантика океанынан эки эсе чоң. Тынч океанга бардык континенттерди жайгаштырса болот, ал эми тереңдигине дүйнөдөгү эң бийик чоку-Эверест батып кетет. Анын орточо тереңдиги 4280 м, эң терең жери Филиппин аралдарындагы Мариана кобулу 11 022 мге жетет. Бул планетадагы эң терең  жер. Тынч океанда миңдеген аралдар кездешет. Алардын эң ирилери Гавайи ж-н Галапагос. Тынч океанда дүйнөдөгү эң ири Чоң Барьер шуру (коралл) рифи бар.

Түндүк Муз океаны - Жер шарындагы эң кичи ж-н суусу аз океан. Евразия м-н Түндүк Американын ортосунда жайгашкан. Тынч океандан 13 эсе кичине, анын суусунун көлөмү деңиз сууларынын жалпы дүйнөлүк запасынын 1%ин гана түзөт. Бул океандын бетин жылына 6 айдан ашык калың муз каптап жатат, анын аянты Канаданын аймагынан 1,5 эсе ашат.

Эл аралык гидрогеографиялык уюм 2000-жылы дүйнөлүк океанды беш океанга бөлүп, 5-океан деп Түштүк океанды аташкан. Түштүктө үч океандын ортосундагы чек аранын бөлүктөрү шарттуу алынган, ошол эле учурда Антарктикада жанаша жаткан суу өз алдынчалыкка ээ. Антарктикадагы уюлдук айлануу агымы Жер шарынын түштүк кеңдигиндеги 40° жана 50°тун ортосундагы айланып өтүүчү (чыгыштан батышты көздөй) беттик океан агымы кошулат.