СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суу жана адамдын жашоосу

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Суу жана адамдын жашоосу»



Сабак __8-класс, 17.12.2019

Сабактын темасы _Практикалык иш: “Суу жана анын адамдын жашоосундагы мааниси”. презентация

Сабактын максаты:

Билим беруучулук: __Окуучулар суунун адамдын жашоосундагы маанисин билишет.

Онуктуруучулук: __Суулардын булганышынын алдын алуу, таза суу проблемаларын билуу менен билимдерин остурушот.

Тарбия беруучулук: __жаратылышты суйууго тарбияланышат.



Корсоткучтор:

Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде __окуучулар менен жогорудагы максаттарга жете алса



Сабактын тиби: __сабак практика

Сабактын формасы: __аралаш сабак

Сабактын усулу: __

Колдонулуучу каражаттар: __Кыргызстандын картасы, окуу китеби



Сабактын этабы

Мугалимдин ишмердуулугу

Окуучунун ишмердуулугу

Компетенттуулук

Баалоо

НК

ПК

Уюштуруу

Жагымдуу маанай

Саламатсыңарбы балдар

Бири-бирибизге жагымдуу маанай каалайбыз

Саламатсызбы агай


Окуучулар бири-бирин карап жылмайышат

НК1



Отулгон теманы кайталоо

Кечээги сабактагы өтүлгөн темадан суроолорду берейин кол көтөрүп жооп бергиле.

Окуучулар алтын эрежени сактап жооп беришет.

НК2

ПК1

ПК2



Жаны тема

Бүгүнкү жаңы тема:

Практикалык иш: Суу жана анын адамдын жашоосундагы мааниси.

Суу — баа жеткис суюктук


БИР жолу Ыйса кудуктан суу алганы келген самариялык аялга элдерге түбөлүк өмүр бере турган суу жөнүндө айтып берет (Жакан 4:14). Ал ошондо каймана суу тууралуу кеп кылган. Өмүр үчүн кадимки суунун да мааниси зор: маанилүүлүгү жагынан ал кычкылтектен кийинки эле орунду ээлейт. Адам тамак ичпей-жебей бир нече жума жашай алса, суусуз баш-аягы беш гана күн чыдайт!


Биздин организмибиздин төрттөн үч бөлүгү суудан турат. Мисалы, мээбиздин — 75—85 пайызы, булчуңдарыбыздын 70 пайызы суу. Суунун аткарган көптөгөн кызматтарына тамак-ашты эритип-сиңирүү, азык заттарды клеткаларга жеткирүү да кирет. Ал денеден токсиндерди (уу заттарды) жана башка артык баш заттарды чыгарып турат. Муундар менен жоон ичегини нымдап, дененин жылуулугун жөнгө салууда катышат. Сууну тийиштүү өлчөмдө ичүү арыктоого да жардам берерин билесиңерби?


Арыкташ үчүн суу ичкиле


Биринчиден, сууда майлар менен холестерин жок, натрий аз. Экинчиден, ал тамакка болгон табитти төмөндөтөт. Үчүнчүдөн, организмдеги топтолгон майды иштетүүгө катышат. Кандайча? Суу жетишсиз болгондо бөйрөк өз кызматын жакшы аткара албай калат да, анын кызматын боор аткарууга киришет. Натыйжада, боордун майларды сиңирүү жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Ошондуктан организмде май топтолуп, адам семире баштайт. Скотсдейлдеги (АКШ, Аризона штаты) Диетология жана семирүүнү дарылоо боюнча түштүк-батыш борборунун дабагери Доналд Робертсондун айтымында, «сууну жетиштүү өлчөмдө ичүү — салмакты азайтуунун негизги шарты. Эгер арыктоого максат койгондор сууну аз ичишсе, организм майды туура иштете албайт».


Бирок организмден суунун чыгышынын начарлашына байланыштуу да адамдардын салмак кошкон учурлары көп кездешери чын. Ошондуктан организми сууну кармап калууга жакын адамдардын көбү кыйынчылыкты суюктукту аз ичүү менен чечсе болот деген ойдо. Бирок бул тескери натыйжа берет. Себеби организмде суу жетишсиз болсо, ал суюктуктун ар бир тамчысын кармап калууга, аны таман, бут жана алакан-манжаларга «сактап коюуга» аракеттенет. Ошол себептүү диетологдор денебизди зарыл нерсе — суу — менен тийиштүү өлчөмдө камсыз кылууну сунуш кылышат. Тузду канчалык көп жесеңер, аны эритиш үчүн, сууну ошончолук көп ичүү талап экенин да унутпагыла.


Организмиңерди сууга кандыргыла


Күн сайын организмден тери, өпкө, ичеги-карын жана бөйрөктөр аркылуу орто эсеп менен 2 литр суу сыртка чыгат. Демибиз менен эле күнүнө жарым литрге чейин суюктук сарпталып турат. Эгер анын ордун толтуруп турбаса, организмде суунун жетишсиздиги пайда болот. Баштын, булчуңдардын оорушу, чарчап-чаалыгуу, зааранын түсүнүн кочкул сарыланышы, ысыкка чыдамсыздык, ооз ичинин жана көз челинин кургашы — булар суунун жетишсиздигинин айрым белгилери.


Анда сууну канча ичиш керек? «Ден соолугу чың адам күнүнө, жок дегенде, 8—10 стакан суу ичиши зарыл. Эгер спорт менен машыксаңар же климаты ысык өлкөлөрдө жашасаңар, мындан да көп суу ичүү талап. Ал эми толук адамдарга ар бир 10 килограмм артык баш салмагына 1 стакан кошумча суу ичүү керек»,— дейт семирүүнү дарылоо боюнча адис-дабагер Хауард Флэкс. Айрымдар суусаганда эле суу ичсе жетиштүү деп ырасташат. Бирок адамдын чаңкашы кээде организминде суюктуктун эбак азайганынын белгиси болушу мүмкүн.


Суунун ордуна башка суусундуктарды ичсе жетиштүүбү? Суу кошулган жер-жемиш ширелери организмдин суюктукка болгон муктаждыгын канааттандыра алганы менен, аларда калория бар. Анын үстүнө, курамында кант же сүт бар суусундуктарды сиңирүү үчүн, организм суу керектейт. Ичкиликтердин же чай менен кофе сыяктуу кофеини бар суусундуктардын бир аз заара айдама өзгөчөлүктөрү бар. Ошон үчүн аларды ичкенден кийин организмге, корогон суунун ордун толтуруш үчүн, кошумча суу керек. Суу деген мына ушундай баалуу суюктук! Анда азыр эле бир стакан суу ичип жиберсек кантет?


[13-беттеги кутуча/сүрөт]


Сууну көбүрөөк ичиш үчүн


● жаныңарга суу куюлган бөтөлкө ала жүргүлө;


● тамактанган сайын, бир стакан суу кошо ичкиле;


● спорт менен машыгардын алдында, машыгып жаткан маалда, бүткөндө суу ичкиле;


● жумуштан тыныгуу маалында кофенин ордуна суу ичкиле;


● чоргодон алынган суунун даамын жакшыртыш үчүн, лимондун ширесин кошуп койгула же фильтрден өткөргүлө.


Окуучулар берилген тема боюнча озунун алган билимдерине таянып презентацияга даярданышат.

НК1

НК3

ПК1

ПК2

ПК3







Бышыктоо

Өтүлгөн тема боюнча суроолор берилет

Окуучулар кезеги менен суроолорго жооп беришет.

НК3

ПК2

ПК3


Баалоо

Сабакка активдүү катышкан окуучуларга бааланат





Уй тапшырма

Презентацияга даярданып келуу.