8-кл. Суутектин жалпы мүнөздөмөсү, жаратылышта кездешүүсү, алынышы , касиеттери ( сабактын иштелмеси).
Бул теманы өтүүдө мугалим физика предметиндеги тексти пайдалануу менен текст түзөт. Окуучулар текст менен иштешип тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт жана илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги темаларды өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.Бул стратегияны пайдалануу менен окуучуларга атомдун түзүлүшү боюнча тексти окуп окуучулар өзү иштеп чыгып менчиктештирилген билимге ээ боло алат. Жогоркуда көрсөтүлгөн темалар бири- бири менен байланыштуу болгондуктан окуучулар мугалимдин нускамасы менен өз алдынча иштеп, ой-жүгүртүп, көнүгүулөрдү иштеп жана аны конструкциялаганга жетишип түптүү билимге ээ болушат. Бул стратегиянын артыкчылыгы мугалимдин нускамасы менен теманы аз – аз өлчөмдө окуп түшүнүп отуруп окуучулар чоң теманы өздөштүрүүгө жетишет. Татаал түзүлүштөгү заттардын малекуласынын түзүлүшүн, касиеттерин салыштыруу менен кабыл алышат жана түшүнүп, анализдеп отуруп маалымат алышат
Сабактын темасы: Суутектин жалпы мүнөздөмөсү, жаратылышта кездешүүсү, алынышы , касиеттери
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар кычкылтектин касиети менен салыштырып суутектин касиети менен таанышат.Суутектин жалып мүнөздөмөсү, химиялык формуласы, салыштырмалуу молекулалык массасы, агрегаттык абалы, жаратылышта кездешүүсү менен таанышат. Заттар жөнүндө маалымат алышат. Заттардын касиети менен таанышат. Затттардын бири-бирине айлануусу боюнча маалымат алышат. Айлануулар учурундагы кубулуштар боюнча маалымат алышат. Физикалык кубулуштарды миалдар менен далилдешет. Химиялык кубулуштарга мисалдар келтиришет.
Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)
-Окуучулар заттардын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;
-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак
Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: топ менен иштөө ж.б.
Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.
Сабактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)
Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.
К
ычкылтектин алынышы боюнча теӊдемелерин жазгыла.
Эмне үчүн кычкылтек оозу ачык идиште чогултулат?
Нитраттардан кычкылитекти алуу реакцияларын жазгыла .
Кычкылтектин жалпы мүнөздөмөсүн айтып бергиле.
Сүрөт боюнча айтып бергиле, теӊдемесин жазгыла. ( слайд)
Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.
сабактын темасы берилет.
Сабак: Суутектин жалпы мүнөздөмөсү, жаратылышта кездешүүсү, алынышы , касиеттери.
Сабактын темасы доскага жазылат.
Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:
Суроо: Суутек боюнча эмне билесиӊер?
(окуучулар өз алдынча, экиден иштеп ойлорун айтышат.) 1 мин убакыт берилет.
Суутек эӊ жеӊил газ,
Суутектин молеклалык массасы – 2
Валенттүүлүгү – 1
Суутек түссүз, жытсыз, күйүүчү газ
Суутек отун катары колдонулат.
М
угалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет.
1-тыным. ( 5мин убакыт берилет)
Текст: Ж
аратылышта кездешүүсү. Суутек -эӊ кеӊири таралган элемент.Ал Күндүн жана жылдыздардын негизги курамдык бөлүгү. Жер кыртышында суутектин массалык үлүшү 1%ти түзөт. Суутек эӊ жеӊил элемент, жаратылыштагы бирикмелердин курамдык бөлүгүнүн 17% ин түзөт. ( 6.1-cүрөт)
6.1- сүрөт
Жалпы мүнөздөмөсү:
Суутектин белгиси – Н ( латынча. аталышы – Hydragenium)
Салыштырмалуу атомдук массасы – Ar( H) = 1,008
Химиялык формуласы – Н2
Салыштырмалуу молекулалык массасы Mr ( H2) = 2,016
Валенттүүлүгү –I
С
уутек грек сөзү “гидро” – суу, жана“ген”- “сууну жаратуучу”- дегенди түшүндүрөт. Суутек жытсыз, түссүз газ абалындагы зат. Молекулалык формуласы Н2. Басым астында төмөнкү температурада ( -2520С) суюк абалга өтөт.Суюк суутек ракеталарга отун катары колдонулат. Өтө жогорку басымда суутек катуу абалга өтөт. Суутек транспортто альтернативдүү отун катары колодонулат. Суутек абада күйөт.Дем алууга мүмкүн эмес. Суутектин өтө кычкылы агартуучу зат катары колдонулат.Медицинада жарааттарды тазалоодо колдонулат
Суутектин негизги бирикмеси – суу.Ошондой эле органикалык (метан СН4 , этан С2Н6, бензол С6Н6 ) заттардын курамын түзөт.Бирикмелери : хлордуу суутек HCI, күкүрттүү суутек H2S, суу H2O, натрийдин гидриди NaH, алюминийдин гидриди AIH3, аммиак NH3 , ж.б.
Физикалык касиети.
Жытсыз, түссүз, сууда аз эрийт( 100 көлөм сууда 2 көлөм суутек эрийт) ,эӊ жеӊил газ. Абадан 14,5 эсе жеӊил.Суутек эӊ жеӊил газ болгондуктан Улуу ата мекндик согуш учурунда аба аэростаттарын суутек менен толтуруп, Москванын жана Ленинграддын асманын фашисттердин авиациясынын учуп келишинен коргогон. Бирок суутектин жарылуу коркунучу жогору болгондуктан аба шарларын гелий менен толтурушат.
Текст окулуп , мугалим менен бирдикте талкууланат, окуучулар бааланат.
2
-Суроо: Суутек кандай жолдор менен алынат?
(окуучулар өз алдынча, экиден иштеп ойлорун айтышат.) 1 мин убакыт берилет.
Zn + 2HCI = ZnCI2 + H2
1

.
Суутекти активдүү металлдарга кислоталарды таасир этүү менен алууга болот. Адатта туз жана күкүрт кислоталарынын эритмелери жана цинкти пайдаланышат. ( 6.2-сүрөт)
туз кислотасы цинк хлориди
Zn + H2SO4 = ZnSO4 + H2
күкүрт кислотасы цинктин сульфаты
6.2- сүрөт
6.3- сүрөт
А

з өлчөмдөгү суутекти алуу үчүн 6.2-сүрөттөгү прибор колдонулат. Суутектин пробиркада жыйналгандыгын күйгүзүү менен билүүгө болот. Эгерде пробиркага суутек газы жыйналса жана башка газ аралашмасы болуп калса анда жарылуу ( коркунучсуз) болот , эгер таза суутек жыйналса “тук” эткен үн чыгарып саргыч - кызыл жалын менен күйөт.Суутек Кипп аппаратында да алынат. ( 6.3-сүрөт) Кипп аппараты айнектен жасалган бир жарым шар жана эки тоголок шардан турат.Экинчи шар реактор колбасы деп аталат. Реактор колбасы жогорку колба менен байланышып турат.Ошондой эле кыпчыгычы бар газ өткөрүүчү түтүк ( тубус) жайланышкан. Төмөнкү жарым шар менен реактордун ортосунда тешикчелери бар пластик же резина менен бөлүнгөн. Ал жерге металл кесечелери салынат. Жарым шар менен жогорку тоголок шар узун айнек түтүк аркылуу байланышат. Качан гана тубусту ачканда кислота жогорку шардан жарым шарга келип , толуп жогору көтөрүлөт да кислота цинк менен аракеттенишип реакция жүрө баштайт. Аппарат жарым автоматташтырылган аппарат.
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.