СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сыйкырдуу химия жомокто

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сыйкырдуу химия жомокто»


Сыйкырдуу химия жомокто


Сабактын максаты:Билим берүүчүлүк

1.Балдарды химиялык реакциялар аркылуу химия сабагына кызыктыруу.


2.Өнүктүрүүчүлүк: Химиялык реакциялардын алынышы


Кеп маданиятын ошондой эле ролдоштуруп аткаруу чеберчилигин үйрөнүшөт.


Тарбия берүүчүлүк:Кесипке карай багыт алышат.Өздөрүн эркин алууну,эркин ой жүгүртүүнү өздөштүрүшөт.


Бири-бирине көмөктөшөт.Коопсуздук эрежени сактоону билишет.


4.Сабактын формасы:Саякат сабагы.




Предмет аралык байланыш:Тарых гег



еография,адабият.


Мугалим:Арбагыла балдар .бүгүнкү сабагыбыздын темасы (Сыйкырдуу химия жомокто) деп аталат.Андыктан


ар бирибиз көңүл коюп тыңдайбыз.Теманы баштаардан мурда ,мындан бир канча кылым мурда алыскы Мисир өлкөсүндө


укумуштуудай окуялар болгон экен.Балдар ал окуя мына мундай башталат.(Көшөгө ачылат).


Жарчы:Эээй,ук жер жүзү,ук бүт аалам,хан жарлыгын бүт ааламга жар салам.Падышалардын падышасы,бүт жер жүзүн титиреткен

Мисир өлкөсүнүн ханыСултан Бейбарс өзүнүн айдай кызыАфродитаны турмушка узатуу үчүн дүйнөнүн төрт бурчуна жар салат.Кимде ким байдын кызы Афродитанын колун сурагысы келсе,өзүнүн укумуштуудай сыйкыр өнөрү ,билими менен таң калтыруусу абзел.А эгер мындай болбосо өкүмдардын каарына калат да,шору катты!Мына ошондо балээге батты.

Мугалим:Ошентип балдар улуу өкүмдардын жарлыгы жер жүзүнө желдей жортуп,суудай тарайт.

Жарчы:Оо жараткан улуу өкүмдарым ,жарлыгыңыз эки болбой,ханышага көзү тойбой ,дүнүйө дүңгүрөп,көр пенденин баарысы,бут алдыңызга жүгүнүп,каарыңызга мүңкүрөп турган чагы.Сыртта улуу шведдин улуу окумуштуусу уруксат күтүп турат.Ханышанын көңүлүнө жакбай калсам,өлүмдөн да кайтпаймын деп кайгы тартып турат.

Хан:Кирсин!Алып келгиле!Эмнең менен таң калтыра аласың?Колуңдан эгер келбесе ажалды менден табасың.Кечирбеймин каарымда мына ошондо каласың.!

Лавуазе:Чүрөктөй болгон кызыңызга мен арзып ач белден өтүп,куу жолдон ашып араң жеттим падышам,тирүүлүктүн өмүр отун жандырам падышам(К2МпО4менен 2грамм гилицеринди кагазга ороп жерге таштасак ал күйүп кетет.)

Жарчы:Оо Улуктардын улугу Султан Бейбарс,каарыңыздан бир да пенде калбас.Ангилядан чыкканатактуу Берцелиус,алдыңызга кирсемби деп турат.Хан Байбарстан уруксат сурап ,жок деген жооп алсам не кылам деп,жаш жаңы гүлдөй соолуп чөптөй куурап.

Берцелиус:Жалындаган жүрөгүмдүн отун басып,жалындаган жанар тоону пайда кылам,жароокер хан кызына жакпай калсам.... Жок !Кереги жок!Жашоодо өз жанымды мына минтип кыйып тынам!(Аммоний дихроматынын(NH4CL2нин үстүнө этил спиртин (С2Н5ОН)тамчылатып күйгүзөт.)


Жарчы:Падышам!Гректердин улуу ойчулу Демакирит келди.Каапырай де!?Ханышаны коргоп турган Египет жыландарын тирилтем дейби?(кальций глюконатты кургак спирттин үстүнө коюп күйгүзөт)

Хан:Мүдөөсүн аткарчы деги мейли!

Демокрит:Бүт дүйнөгө жайылтамын илим менен билимди.Айткылачы өнөр билим өлтүрдүбү кимиңди?Айткан сөздүн эгер болсо жалганы оо падышам суурусаңыз сууруңузчу тилимди!!

Жарчы:Өкүмдарым,дагы бир сыйкурдуу касиети менен таанымал Француз химиги Роберт Бойл турганы бар өнөрүн көрсөтсө мына ошондо жаны тынганы.

Р.Бойл:Оо жараткан ай чырайлуу ай сулуу ашкан акылдуу Афродита!Көңүлүңүзгө төп келээр күн болоор бекен?Төп келбесе жасаган таттуу коктейиль,бул дүйнөдө арман менен жашаганым ит бекер!(Кир кетирүүчү каражатты ,маргонцовканы,сууну,соданы пайдаланып коктейиль жасалат)

Жарчы:Кыйындардын кыйыны падышам ааламдын алтымыш кырынан,жердин жетимиш жеринен болгон бүткөн илимдүү билимдүү пенделериңиздин баары бүт алдыңызда чубады.Өкүнүчтүү атиң ай сыртта эч ким калбады.

Хан:Не дегени турасың акмак!!Эмне үчүн ааламдын баары химиктер?Тез болгунуң кызыма жага турганын тез тап.

Жарчы:Айтканыңыздай болот ханым...Өзүңүз мындан беш жыл илгери салдырган алхимик жигит жатат зынданда салбырап,кирсемби деп периштенин алдына ,үмүт кылат кайра-кайра жалдырап.Жигитин аты Прусли!

Хан:Мүдөөсүн аткарчы деги мейли!

Прусли:Ханым өзгөлөрдөн айрымам жок,бирок негедир ичим жалын сыртым чок.Ханышанын дем алганда абасы болгон алып беремин өмүрүнө жетээрлик КЫЧКЫЛТЕК!(Марганцовканы пробирканын ичине салып ысытат.Ысыган марганцовкадан кийинки пробиркадагы суунун ичинен кычкылтек бөлүнүп чыга баштайт)

Жарчы:Падышам сыртта бир айым турат.Жүзүн жашырат.Анан сүйлөйт акырын биле албадым ачыгын.

Хан:Мында кирсин! Оо гректердин ханышасы Клеопатра,айдай сулуу ажарыңызды көп уккамын алыстан.Мен уккандан да миң эсе сулуу экенсиз.Келген максатыңыз эмне?

Клеопатра:Султан Бейбарстын көзгө басар жалгыз кызы бар деп угуп,сейилдесе нөкөр болуп сайран куруп ,түбөлүкө мында келдим падышам.Эркеңизге шерик болуп.

Хан:Оо эл журт!Мындан кийин бүткүл илимпоз касиети күчтүү окумуштуу аалымдардын жасаган иш тажрыйбаларынМисирге тарап бүткүл дүйнөгө жайылтылсын .Урпактан урпакка өтсүн(көшөгө жабылат)

Мугалим:Мына ошентип балдар Султан Бейбарстын буйругу менен химик окумуштуулардын тажырыйбалары ,улуу окуулары кылымдан кылымга өтүп ,азыркы учурда химия илими өнүгүп турган мезгилде,силердей болгон окуу чуларга көрсөтүлүп келе жатат.

Баарыңар илимдүү ,билимдүү ,өнөрлүү болгула.Эл жериңдин мекениңдин купулуна толгула.

Мыкты болуп сабакта

Жалкоолукту кашаңдыкты жойгула

Эртеңки сабакка чейин көрүшкөнчө балдарым саламатта болгула!