Просмотр содержимого документа
«Сын атооч ачык сабак»
Жагымдуу маанай
- Биз эч кимдин жаңылышын, катасын көрбөйбүз...
- Биз жаман сөздөрдү укпайбыз жана көңүлгө
албайбыз...
Биз окууну, ата-энебизди, сабак менен мугалимдерди жана досторубузду чын жүрөктөн
жакшы көрөбүз...
- Бир гана жакшы нерселерди көрүп, мыкты окуучу болобуз...!
А – айтылган ойлорду сыйлоо .
Т – тапшырмаларды аткаруу.
О – оюн топтоп жооп берүү
С – сабакка активдүү катышуу .
Ы – ынтымак менен жооп берүү .
Н – намыска тик туруу (топтун намысын коргоо).
О – окуучулардын пикирин угуу .
Ч – чыгармачылык менен катышуу.
Сабактын темасы:
Сын атооч
Сабактын максаты:
1.Билим берүүчүлүк:
Окуучулар сын атоочтун түрлөрүн, даражаларын тереңирэээк үйрөнөбүз;
2.Өнүктүрүүчүлүк:
Сын атоочтун түрлөрүн, даражаларын айырмалайбыз;
3. Тарбия берүүчүлүк:
Окуучулар биримдикте иштеп, жаракшыктуу түстү тандоого, бири-биринин оюн уга билип баалоого багыт алышат;
- Кайсы сөз түркүм?
- Кайсы сөз түркүм?
Сын атооч
- Заттын сын- сыпатын,өңү түсүн, формасын, көлөмүн, даамын
- Заттын сын- сыпатын,өңү түсүн, формасын, көлөмүн, даамын
Маани берүүчү сөз түркүм
Кандай? Кайсы?
Татаал: көк ала, кара тору,кызгылт-сары
Жөнөкөй: кызыл, сары, ачуу
Сөздүн курамына карай:
Сын атоочтун даражалары
Басаңдатма даража заттын нормалдуу белгиге жете бербегендигин басаңдатып айтылат.
-ыш-гыл,гыч,ылтым
агыш,көгүш, кызгылт
Жай даража заттын белгисин көрсөтүп,уңгу түрүндө
көк, сары, таттуу, ачуу
Салыштырма даража
– ыраак,-дан
чоңураак,агышыраак, азыраак
Күчөтмө даража кыпкызыл, сапсары, таптаттуу, кооз-кооз, бийик-бийик
КӨРДҮМ, УКТУМ, СЕЗДИМ
Алма
Алма биздин өлкөдө бирден бир негизги мөмө-жемиштердин бири. Алмалардын түстөру ар кандай. Кызыл, сары, көк түстөрү боло. Абдан витаминдүү. Алманын даамы таттуу да, кычкыл да, ширелүү дагы.
Ашкабак
Дүйнө жүзүндө ашкабактын 20 ашык түрү бар. Негизинен анын 3 түрүнүн (ири жемиштүү, катуу кабыктуу, же кадимки жана мускат) мааниси чоң. Сабагы узун, жалбырагы жазы, өңү сары, тоголок, боз же ак түстө, кабыгы жумшак келет.
Лимон
Лимон дайыма жашыл, көп жылдык субтропиктик өсүмдүк. Жалбырагы калың, сүйрү, ачык жашыл, учу ичке. Ширелүү келип, өтө кычкыл. Мөмөсү- сүйрү, тоголок жемиш.
«СӨЗДҮК КАРТА»
- Сөз
- Сөздүн элестүү сүрөтү
- Сөз айкашы
- Синоним же ага жакын маани
- Сөздүн антоними
- Суроосу
- Сүйлөм
Бышыктоо үчүн суроолор
- Бүгүнкү тема эмнеси менен жакты?
- Бүгүн эмне маалымат ала алдык?
- Сабак кызыктуу болдубу?
КӨҢУЛ БУРГАНЫҢЫЗДАРГА ЧОҢ ЫРАКМАТ!