СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сырткы иштин сценарии.

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

  1. Билбегенди билгизген,

Мээге сезим киргизген.

Ак булуттун үстүндө,

Айга жакын жүргүзгөн.

Китеп менин акылым,

Китеп менин жакыным, — деп улуу акын Аалы Токомбаев жазгандай, китеп адамга акыл кошуу менен андан көп кызыкты биле алабыз.

Просмотр содержимого документа
«Сырткы иштин сценарии.»

Кечение темасы: Китеп менин акылым. Китеп менин жакыным.

Кеченин максаты:

Билим берүүчүлүк: 1) Окуучуларга китеп өтө пайдалуу экендигин жана китепке этияттык менен мамле жасоого өзгөчө жакшы карап китепти сүйүүгө тарбиялоо.

Өнүктүрүүчүлүк: 2) Окуучулар китеп эң пайдалуу буюм экендигин билишет.Китепти окуу адамдын аң сезимин өстүрөт,ой жүгүртүүсүн сөз байлыгын өстүрөт.

Тарбия берүүчүлүк: 3)Окуучулар китептерин тыштап жакшы тутууга аяр мамиле жасап окууганга тарбияланышат.

Сабактын жүрүшү:

  1. Саламдашуу: Билбегенди билгизген,

Мээге сезим киргизген.

Ак булуттун үстүндө,

Айга жакын жүргүзгөн.

Китеп менин акылым,

Китеп менин жакыным, — деп улуу акын Аалы Токомбаев жазгандай, китеп адамга акыл кошуу менен андан көп кызыкты биле алабыз. Саламатсыздарбы, урматтуу коноктор, сиздер менен бγгγн жолугушуп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Урматтуу китепти суйуп, аларды кадырлап сактаган окурмандар, кесиптештер жана китепканачылар! Сиздер китепке камкордук кѳрγп жатып, китептерди эле сактабастан дγйнѳнγ, кен-келечекти сактап келесиздер. Бγгγн биздин мекемеде абдан кѳп китепканачы эжекелерибиз келишиптир.

  1. Китептин келип чыгуу тарыхы (слайд)

Китепкананын жакшы жактарын карап жатып адамдын калеминен жаралган китептин түрү сакталган. Китептин качан пайда болгондугу туралуу так маалымат жок. Кагазды ойлоп тапканга чейин китеп жазуу өтө оор болгон. Египеттиктер ташка чегип жазышкан бир нече жумалап аскага асылып ташка чегип жазуу өтө оор болгон. Биринчи жазуу Египетте жана Индияда “иероглифтер”,” глинкопистер” түрүндө колдонула баштаган.Кетирген катасы үчүн кулдун башы алынчую. Ал кезде бир тамганы эмес бир сөздү түшүндүргөн. Бул ыкма азыр деле кытайда колдонулат.Ассирияда ылайдан китеп жасашкан жумшак ылайга учтуу таякча менен жазып, анан аны отко кактап кургатышкан.Бул аны алып жүрүү үчүн өтө ыңгайсыз болгон. Кийинчерээк кой, эчки, музоонун терилерин ийлеп териден пергамент жасап, ошого жаза башташкан. Кагаз жасап чыгаруу да оңой болбогон.Бамбуктун сабагы, дарактын кабыгы, кара курайды майдалап аки ташка аралаштырып, аны суткалап кайнатып ,андан чайырдын боткосу пайда болгон .Аны майда торчолордон өткөрүү менен жуп жука кагазды жаратышкан.1564-жылы Россияда төл башы китеп болуп Апостол аттуу китеп басылып чыккан. Андан кийин И.Федоров орустун биринчи -алиппесин түзгөн.Ошентип китеп басып чыгуу пайда болгон.

Ал эми Кыргызстандын аймагында сүрөт жазуулар кездешкени анык болуп изилденип чыккан. Алардын бири Көгарт ашуусундагы Сулайман-Таштагы сүрөттөрдүн жазылып, тартылышынан айтууга болот.

Ошентип Кыргызстанда 1924-жылы араб тилинде, кийин 1928-жылы латын тилинде, 1941-жылы орус графикалык системаны колдонуп биринчи китеп чыккан. Анда 36 тамга  болгон.

  1. Кыргызстандын биринчи китепти жазган илимпоздор, жазуучулар.

а) Кыргыз алиппенин жазган И.Арабаевдин ѳмүр баяны. ( слайд).

Кыргыз элинин биринчи агартуучу-илимпозу, алгачкы “Алиппенин” автору, улут алфавитинин уңгусун түзүп, жазма маданиятыбызды калыптандыргандардын бири Ишеналы Арабаев каза болгон. 

Ишеналы Арабаев 1882-жылы Кочкор районунун Күн-Батыш айылында туулган. Ал башталгыч мектептин көлөмүндө билим алгандан кийин, айыл-кыштактарда мугалим болуп (1900–1910) иштеген. Кийин (революцияга чейин) Варшава, Казань, Саратов, Оренбург, Уфа, Алма-Ата шаарларынан окуп, жогорку жана орто билимге ээ болгон. Уфадагы жогорку диний мектеп – “Медресе-Гапиядан” окуп жүргөндө эле Сарсикеев деген казак студент менен кыргыз, казак балдарына арналган “Алиппе - жаки төтө окуу” аттуу туңгуч окуу китебин 1911-жылы Уфа шаарындагы “Шарк” басмасынан араб тамгасы менен чыгарат.

Ал эми 1912-жылы “Жазуу өрнөктөрү” (таза жазуунун үлгүлөрү) (1912) аттуу Оренбург шаарындагы “Вакыт” басмасынан чыгарган китебинде жазуу эрежелери, каллиграфия, тамгаларды кооз жазуу үлгүлөрү берилген. Бул китеп казак тилинде жазылса да, анын ичинде фонетика жагынан кыргызча жазылган сөздөр көп кездешет. Ошол эле жылы “Оренбургдан Ташкенге чейин” деген жол очерки “Айкан” журналынын биринчи санына басылган.

Ишеналы Арабаев 1913-жылы “Медресе-Галияны” бүткөндөн кийин, Ысык-Көл, Нарын аймактарында мектептерди ачып, элдин сабатсыздыгын жоюуга, илим-билимге тартууга зор аракет жасайт.

1916-жылы үрккөн эл менен бирге Кытайдын Үч-Турпан деген жерине качып барып, 1917-жылы өз элине кайтып келген.

1918-1922-жылдарда Түркстандын Жети-Суу областында ар түрдүү жооптуу кызматтарда иштеп, кыргыз мектептеринде мугалимдерди даярдай турган алгачкы курстарды уюштурат. Ошондой эле Жети-Суу областтык “Кошчу” союзунун төрагасына орун басар, Түркстан Эл комиссарлар Советинде (Ташкентте) (1922-1924) иштеп, анын илимий комиссиясын жетектеген. Ал жетектеген илимий комиссия кыргыз тилинин алфавитин түзүп, башталгыч класстардын окуучулары үчүн алиппени, усулдук сунуштарды даярдашкан жана кыргыз терминологиясынын маселелерин изилдешкен.

Кыргыз фольклоруна кызыккан И.Арабаев 1922-жылы “Манас” эпосун эл оозуна жыйнатуу ишинин эң биринчи демилгечиси болуп, атактуу манасчы Сагынбай Орозбак уулунан “Манастын” биринчи бөлүмүн, Актан уулу Тыныбектен “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнгөн” жерин жазып алып, 1925-жылы Москвадагы СССР Элдеринин Борбордук басамасынан китепче кылып чыгарган.

1924-жылы Кыргыз автономиялуу областы түзүлгөндө, ал облревкомдун мүчөсү, илим комиссиясынын төрагасы болуп иштеп жүрүп, “Эркин-Тоо” гезитин уюштурууга катышып, биринчи санына “Эркин-Тоо” деген макала жазат. Ошол эле жылы араб графикасынын негизинде туңгуч кыргыз алфавитин, “Кыргыз алиппесин”, грамматика жана табият таануу боюнча биринчи кыргызча окуу китебин, “Сабатсыз чоңдор үчүн алиппени” (1925) жана кыргыз мугалимдерине колдонмо иретинде “Саамалык” аттуу китепче жазып, анда он бир сабактын үлгүсүн берген. 1928-жылы К.Карасаев экөө латын тамгасында түзүшкөн чоңдор үчүн “Жаңылык” аттуу алиппеси Фрунзе шаарындагы Кыргызмамбас тарабынан жарык көрөт. Бул китеп кыргыз эли латын тамгасын кабыл алган кезде жаңы тамга менен биринчи басылып чыккан эң мыкты окуу куралы болуп, сабатсыз элдин сабатсыздыгын жоюуда зор кызмат кылган. Бүгүнкү күндө “Жаңылыктын” бир даанасы Москвадагы “Революция музейинде” сакталуу. ЮНЕСКОнун сейрек жана кызык китептеринин тизмесине алынган кыргыз китеби болуп калган.

Ошентип, кыргыздын туңгуч “Алиппесинин” басмадан чыгышы кыргыз элинин маданий турмушундагы эң ири тарыхый окуянын бири болуп калган, анткени ага чейин кыргыз балдары кат жазганды, китеп окуганды казак жана өзбек тилдериндеги алиппе китептеринен үйрөнүп келишкен.

XX кылымдын башындагы биринчи кыргыз мугалими, улуттук мектептерин негиздегендердин бири катары тарыхта калган И.Арабаев 1933-жылы 11-майда “улутчул” деген жалган жалаа менен камакка алынып, ошол эле жылы 7-июнда Ташкент түрмөсүнөн каза болгон. Ал эми 1958-жылы толугу менен акталган.

И.Арабаевдин 1992-жылы 110 жылдык мааракеси белгиленип, ысымы Бишкектеги Жогорку окуу жайынын бирине ыйгарылып, ошол университетте музейи уюштурулуп, анын эмгектери, китептери, газета-журналдарга ал жөнүндө жазылган макалалар коюлган.



б) Касым Тыныстановдун ѳмүр баяны (слайд).

Кыргыз элинин тарыхында аты алтын тамгалар менен чегилип жазылган инсандар бар. Алардын бири – Касым Тыныстанов атабыз кыска өмүрүн өрнөктүү жашап, элине, артында калган урпактарына кылымдарга жете турган мурас калтырып кеткен. Октябрь төңкөрүшүнүн шарапаты менен кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө Касым Тыныстановдун кошкон салымы зор

Өктөбүр төңкөрүшү аткан таңдай эле

Азыркы күндө жаштарыбыз канчалык даражада мамлекеттүүлүк тууралуу ойлонушарын ким билет? Бирок эске сала кетчү жагдай, мамлекеттүүлүгүбүз өзүнөн–өзү эле пайда боло калган жок. Эр жүрөк бабаларыбыз каруусун казык, канын азык кылып, ат үстүндө кыл чайнашып, Манас бабабыз баш болуп, Курманбек, Шырдакбек, Тагай бий сыяктуу аталарыбыз чачылганын жыйнап, тентип-тербип кеткенин чогултуп, элге баш-көз болушту. Эл-журтка кам көрүп, кээ учурда элинин байпагын манат кылса, кээ учурда ниети жаман душмандын азуусуна таарылган учурлары да болду. Бекеринен биз бала кезде ырдап чоңойгон Кыргыз ССРинин гимнинде “Ала-Тоого октябрдын таңы аткан” деген сөздөр жазылбаса керек. Октябрь төңкөрүшү кокту-колоттук, уруучулук принциптерди туу туткан кыргыз элинин биригүүсүнө, мамлекеттүүлүктү түптөөсүнө жагымдуу өбөлгө түзгөн. Октябрь төңкөрүшү Касымга, Аалыга окшогон кыргыздын алгачкы интеллигенттеринин инсандык жактан калыптанышына таасирин тийгизген. Ал төңкөрүш кыргыздар үчүн чындыгында эле аткан тандай, чыккан күндөй эле.

Касым кандай киши эле?

Советтик тарбияны, советтик билимди алып, коммунисттик идеяга каныга сугарылган күндө да, Касым Тыныстанов кыргыз элин саясий жактан эч кимге көз каранды болбогон суверендүү өлкө катары көргүсү келген.

Элибизде бала бар-бар ыйлап, жарык дүйнөгө келгенде, ата-энеси сүйүнүп перзентине жакшы тилек менен жакшы ысымды ыйгарат эмеспи. Ал эми бул жалган дүйнө менен кош айтышып, жаназасы окулуп, а дүйнөгө сапар алып кетип бара жатканда өлүк ээси калдайган калың элинен “Бул адам кандай киши эле” деп үч жолу кайтарып сурайт. Касымды кандай адам деп сурашса, сөзсүз түрдө “Жакшы адам эле” деп үч кайтара жооп беришет эле. Себеби, анын элине арнап жасап кеткен жакшылыгында чек жок.

Касым ким эле деген суроо көпчүлүк окурмандарда жаралышы мүмкүн. Касым Тыныстанов акын, фольклор жыйноочу, тарбиячы, адабияттаануучу, тилчи-илимпоз, котормочу, алгачкы кыргыз профессору, өз заманындагы мыкты коомдук ишмер эле. Ал 1901-жылы 10-сентябрда Прежевальск уездинин Чок-Тал болуштугуна караштуу Чырпыкты айылында туулган. 12 жашына чейин ата-энесинин колунда тарбияланган. 7 жашында атасы арабча кат тааныганды үйрөткөн. Касымдын окууга болгон дилгирлигин байкаган атасы аны Караколдогу орус мектеп-интернатына алып келет. Бирок, Касымдын социалдык абалы бул мектепке дал кел келбей, окууга алынбай калат. Мындай мектептер кыргыздын аттуу-баштуу, ак сөөк адамдарынын гана балдарын окуткан экен. Баласынын зээни бекер кетпесин деп атасы аны Сазановка айылындагы орус тилдүү мектеп-интернатына алып келет. Төмөнкү катмардан чыккандыгына байланыштуу бул жерге дагы кабыл алынбай турган болуп, мировой судьянын кыргыз котормочусунун жардамы менен окууга шарттуу түрдө кабыл алынат. Сабактан кийин окуу жайды тазалоо милдеттендирилет. Ушундай абалда бир жыл окуйт. Кийинки жылы атасы мектеп-интернаттын башчысына 6 сом пара берип, Касым окууга кабыл алынат. Ошол 6 сом атасынын бир жылда иштеп тапкан каражаты эле. Бир жылдан кийин үрккөн эл менен бирге Кытайга барууга аргасыз болот. 1917-жылдын аягында Караколго кайтып келет. Бул жердеги өзбек мектепте эки ай окуган. Караколдо окууну улантуунун мааниси жок экенин билген соң, таякеси С.Султангазиевдин жардамы менен Каркыра-Кеген жолу аркылуу билим издеп, Алматы калаасын көздөй бет алат.

Эл кызматында жүргөн жолдор

Алматыдан Ташкентке жолдомо алып, 1919-жылдын октябрь айында казак билим берүү институтунун даярдоо бөлүмүнө өтөт. 1919-жылдын декабрында жаңыдан уюшулган КСМТга мүчөлүккө өтөт (Коммунистический Союз Молодёжи Туркестана). 1920-жылдын май айында казак тилиндеги “Жаңы өрис” газетасына бөлүм башчылыкка чакырылат. 1920-жылдын май айында Караколго кайтып келет. Сентябрь айында кайра барып, экинчи класска отурат. Окуусун 1924-жылы бүтүрүп, Кара-кыргыз илимий комиссиясы тарабынан Караколдогу кыргыз улутундагы мугалимдерди даярдоочу педагогикалык курска жалпы билим берүүчү сабактар боюнча лектор болуп жиберилет. Ушул жылы Коммунисттик партиянын катарына өткөн.

1924-жылы облустук академиялык борборго төраганын орун басары болуп шайланат. 1925-жылдын 23-августунда И.Арабаев “Отузчулардын иши” боюнча камакка алынып, Касым анын ордуна төрага болуп дайындалат.

Ушул учурларда К.Тыныстанов калктын сабатсыздыгын жоюу боюнча өзүн жөндөмдүү уюштуруучу катары көрсөтө алган. Мугалимдердин областтык биринчи съездинде араб алфавитине негизделген жаңы алфавитти сунуштаган. “Друзья нового алфавита” деген ыктыярдуу коом түзгөн. Анын мүчөлөрү көптөгөн райондордо калктын сабатсыздыгын жоюу боюнча иштерди жүргүзүшкөн.

1925-жылы Ташкент шаарында казак тилинде чыга баштаган газета-журналдарга өзүнүн ырларын, аңгемелерин жарыялай баштаган. 1925-жылы Москва шаарынан СССР элдеринин борбордук басмаканасынан “Касым ырлар жыйнагы” аттуу ыр китеби жарык көргөн.

1925-жылга чейин кыргыз элинин сабатсыздыгын жоюу боюнча кыргыз тилине ошол кездеги жетекчилердин саясий чыгармаларын которуу менен алгачкы кыргыз интеллигенциясынын арасынан алдыга суурулуп, топ жарып чыккан.

1925-жылы областтык мугалимдердин съездинде жалпы массаны тез арада сабатсыздыгын жоюу үчүн араб алфавитинен латын алфавитине өтүү зарылчылыгы боюнча доклад жасайт. Эркин–Тоонун 1925-жылдын 29-июнундагы санына Касым Тыныстанов 24 тамгадан турган кыргыз элинин алфавитин иштеп чыккан. 1926-жылдын февраль айында Бакуда өткөн түркологдордун биринчи съездинде К.Тыныстанов “Жаңы алфавитти түзүүнүн негизги принциптери” деген темада доклад жасайт. Ушул жылы эле “Чоңдор үчүн алиппе”, 1927-жылы “Биздин тил” китептери жарыкка чыгат. 1928-жылы “Жаңы маданият жолунда” журналын уюштурууга катышып, 1931-жылга чейин анын жооптуу редактору болгон.

Касымдын үстүндө айланган кара булут

Касым Тыныстанов 1927-1930-жылдары Кыргыз АССРинин алгачкы Эл Агартуу Комиссары кызматын аркалаган. 1931-жылы Кыргыз тили боюнча илимий кеңештин төрагасы, Кыргыз маданият курулуш илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. 1932-жылы кыргыз драмтеатрынын директору болуп дайындалат. Ушул жылдары театр сахнасында анын “Көз көргөндө”, “Академия кечелери” аттуу пьесалары коюлат. “Академия кечелери” коюлгандан кийин А.Токомбаев “Кызыл Кыргызстан” газетасына “К.Тыныстанов театр сахнасына бай-манапчыл идеяны алып чыгып, революцияга каршы иштеген жазуучу” деген макаласын жазат. Буга чейин Касым Аалыкенин айрым чыгармаларына адабий сын жазган эле. Буга жооп кылып, Аалы Токомбаев Касымдын чыгармаларынан идеологиялык каталарды чубап чыга баштаган. Бул жашоо үчүн күрөштөгү эки титандын жекеме-жекеге чыккандагы эрөөлү эле. Бул тууралуу өзүнчө кеп кылса болот.

1933-жылы “Кыргыз тилинин терминологиясын”, 1934-жылы “Кыргыз адабий тилинин жаңы орфографиясынын долбоорун", “Кыргыз тили боюнча монографиясы” жарыкка чыккан. Бул илимий эмгектерден дагы саясий каталарды табышкан. Касым 1935-жылы компартиянын катарынан чыгарылган. 1937-жылы 1-августта камакка алынып, 1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясынын чечими менен атууга өкүм чыккан. 1957-жылы 1-октябрда Касым акталган. 1958-жылы партиялуулугу калыбына келтирилген. 1988-жылы 29-декабрда Кыргызстан КП БКнын токтому менен толугу менен акталган.

Бул күндөрдө кыргыз эли экономикалык жактан аксаса да, дүйнөлүк маалымат айдыңында кат тааныган, окуганды-жазганды билген сабаттуу элдердин катарында келечекке кадам шилтеп бара жатат. Өзү бейкүнөө өлсө да, калтырып кеткен эмгеги бүгүнкү күндө өз чындыгынан жаңылбай, урпактарына кызмат кылып келе жатат. Кыргыздын чыныгы уулунун өрнөктүү өмүрү тууралуу айта берсе, сөз түгөнбөйт. Касым атабыздын жаркын элеси сүйлөмдү сабаттуу жазып жаткан кыргыз баласынын жадында сакталып кала берет.

  1. Интектуалдык оюн-зоок «Улуу адамдардын китеп жөнүндө айткандары»

1. “Китеп окуган адам ,китеп окубаган адамдан алда канча жогору турат”. В.Г.Белинский

2. “Билимден ашкан күч жок”. М.Горкий.

3. “Адамдар китеп окуганды таштаса,анда алар ойлонууданда калат”. Д.Дидро

4. “Бул кылымда китептен сүйүктүү дос жок”.А.Новои.

5. “Мен үчүн китеп алтын тактыданда кымбат”.В.Шекспир.

6. “Китеп адамдан жанына чындыктын үрөнүн себүүчү курал”. Я.А.Каменский

7. «Китептей жакын досум жок» - дейт тажик элинин жазуучусу Айни.

«Китеп – адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп - адамдарды байланыштырат». (Ч.Айтматов).

«Китепти сүйгүлө, ал силердин жашоо тирлигиңди жеңилдетет, адамдарды сүйүүгө, өзүңдү-өзүң урматтоого жардам берет, дүйнөгө, адамдарга карата оюңарды жана жүрөгүңөрдү эритип, көңүлүңөрдү кушубак кылат». (М.Горький).

«Китеп адамзаттын оюндагы берметтерди чогултуп туруп келечек муундарга сунуш кылат. Биз акыры жок болобуз, ал эми китеп таштан же темирден жасалган эстелик катары түбөлүккө кала берет» (Айбек).

«Дүнүйө абдан кең. өз көзүңөр менен анын кымындай үлүшүн гана көрө аласыңар. Ошондуктан далилди китептен издеп, китепти жыйнай билгиле» (В.Обручев).

«Китепти ойлобой окугандык, тамакты сиңирбей ичкенге барабар» (Э.Борк). «Жакшы китеп автор тарабынан адамзаттын тукумуна калтырылган мурас». А.Адиссон.

Мугалим: Албетте, бул таамай айтылган сөздөрдүн чындыгы канчалык деңгээлде экендигин ар бир аң-сезимдүү адам аңдап билээр. Ар кандай тарыхый, көркөм чыгармаларды окуу менен, сен тээ өткөн кылымдардын жаңырыгы болгон уламыш, аңыз кептер менен таанышасың, элдин оор күндөрү жөнүндө окуп алып кабыргаң кайышат, көзүңө жаш тегеренет. Китеп сени сөз өнөрүнүн ажайып дүйнөсүнө жетелейт. Сен бөлмөдө болсоң китеп сыртты көрсөткөн терезе, сен сапарга чыксаң, китеп сага жол, түнкү багытыңдан адаштырбас Алтын казык жылдыз. Кыскасы, китеп сенин өмүр жолдошуң, жашооңдо колдон түшпөс нан – буюмуң, өмүрлүк жаншеригиң. Китеп адамдын чыныгы досу жана окутуучусу, акылдуу кеңешчиси жана ишеничтүү жардамчысы. Жаш кезибизден тартып китеп биздин талыкпаган жандоочубуз болушу керек. Биздин бүткүл өмүрүбүз боюнча ал бизге эмгектенүүгө, окууга, ойлонууга, эс алууга жардам берет. Китептер бизди билимдүү кылып турмуш тажрыйбаларын үйрөтөт, көз караштарыбыздын, мүнөзүбүздүн негизделип түзүлүшүнө жана калыптанышына себепкер болот. Кубанычты, сүйүнүчтү, көңүл эргүүнү пайда кылат.

5. Макал-лакап табышмактар

1.Билим деңиз-акыл кайык .

2.Билим жанып турган чырак.

3.Билим жашоо чырагы,өнөр элдин курамы.

4.Билим арыбас өнөр карыбас.

5.Билим кенч,эмгек анын ачкычы.

6.Билим оошот,өнөр жугушат.

7.Билимдин кени китепте.

8.Акыл айга жеткирет,өнөр көкө жеткирет

6. Китеп жѳнγндѳ кызыктуу маалыматтар айтуу.

1-окуучу: Дγйнѳ жγзγндѳгγ библоклиптамония деген оору бар булл оору менен ооруган адамдарга китеп уурдаган жагат. Стивен Булнбери атуу клиптамон ал ѳмγрγндѳ 268 китеп канадан 23 мин сейрек кездешγγчγ китептерди уурдаган.Азыркы кγндѳ анын уурдаган китептери 20 милон АКШ долларына бааланууда.

2-окуучу: Кыргызстанда эн чон китеп Жусуп Мамайдын «Манасы» анын салмагы 6 килограм.
3-окуучу: Дγйнѳ жγзγндѳгγ эн чон китеп булл «Географиялык атлас» анын салмагы 320 килограм анын узуну 1 метр.

4-окуучу: Дγйнѳ жγзγндѳгγ эн узун жазылган ѳмγр баян булл Унистон Черчилге тиешелγγ анын узундугу 22 томдон турган.

70-жылы Япония императору өлкөдө буддизмди кеңири жайылтуу максатында иероглифтер менен дуба жазылган туурасы 57 мм. болгон «Dharani» аттуу оролгон түтүкчөлөрдү чыгарган.


1434-жылы азыркы Ереванда (Матенадаран) өлчөмү 30-40 мм. болгон кол жазма түрүндөгү кичине китептер чыгарылган. Орус китеп жазуучулары дагы башкалардан кем калбастан 17-кылымда өлчөмү 48х74 мм. болгон «Святцы» (окуялардын жана майрамдардын календардык тартипте түзүлгөн тизмеси) китебин басып чыгарышкан.

Иоганн Гутенберг китеп басып чыгаруучу станокту ойлоп тапкандан кийин кичине китептер кеңири чыгарыла баштайт. Кичинекей китептердин эки артыкчылыгы бар: көлөмү ыңгайлуу жана баасы арзан. И.Гутенбергдин жардамчысы, шакирти Питер Шеффер 1468-жылы биринчи чөнтөк китебин басып чыгарган. Бул китептин айрым бир үзүндүлөрү (фрагмент) Париждеги улуттук китепканада сакталып турат.

15-кылымдын аягында грек окумуштуусу Аль Мануций өзүнүн Венециядагы басмасында классиктердин чыгармаларын алгачкылардан болуп чыгарган. Ханыша Анна Болейн мукабасына Генрих VIII портрети алтын менен чегерилген кичине китепти кармап өлүмгө келген. 1570-жылы ханыша Елизавета I чокунуудагы окулуучу дубаны француз, грек, итальян, латын тилдерине которуп кичине китептерди чыгарган.


Наполеон Бонапарт кичине китептерди абдан жакшы көргөн. Согуштук чабуулдарда өзү менен атайын териден жасалган кутуга (футляр) салынган 49 китептен турган «Саякатчынын Портативдүү (көтөрүп алып жүрүүгө ыңгайлуу) Китепканасын» алып жүргөн. 49 китеп салынган куту сыртынан өтө эле чакан көрүнгөн.


АКШнын президенти Авраам Линкольн адвокат кезинде окулуучу дуба жазылган кичине китепти алып жүргөн. Франциянын Президенти Франклин Рузвельт Гайд-парктагы китепканасында көп сандагы кичине китептерди жыйган.


17-18-кылымдарда Англияда, Францияда жалаң эле диний китептер эмес, ыр жыйнактары, Шекспирдин чыгармалары жана сөздүктөр кичине форматта чыгарылып абдан популярдуу болгон. Бул китептердин мукабалары кымбат баалуу тери, седеп, сөөк, алтын, күмүш менен кооздолгон. 18-кылымдын экинчи жарымында эң эле кичине 3-5 см. ден ашпаган китептерди алып жүрүү модага айланып кеткен. Франциянын ханышасы Мария Антуанетта өзүнө жаккан чыгармаларды атайын заказ менен басып чыгартып, мээлейинин ичине салып жүрүүнү жактырган.

  1. Жыйынтыктоо.

Библиотекадагы монтажка создор:

  1. Мекенибиздин байлыгын билүү, экономикасын окуп үйрөнүү, улуу инсандардын өмүр жолун билип , эмгегин эскерип, таазим кылуу алардан үлгү таалим алуу, эртеңки келечек ээлерине мурас калтырып жаткандыгыбызды балдардын, кийинки муундардын эсине жеткирүү үчүн албетте китептин эмгеги эбегейсиз зор. Ошондуктан китеп менен достошолу! Ал китеп менен бекем достошкуң келсе дагы эле китепканага тезинен кел!

  2. .Байыркы убакта адамдар ааламдын жети кереметин ойлоп табышкан. 1-керемет: Египет пирамидалары 2-керемет: Вавильондун асма багы 3-керемет: Эфес Артемидасынын ибадатканасы. 4-керемет: Галихариас мавзолейи. 5-керемет: Родос алпы. 6-керемет: Александрия маягы. 7-керемет: Олимптеги Зевстин айкели. Ошол дүйнөнү таң калтырган жети кереметтин катарында дагы бир эң кызыктуу керемет албетте бул биздин колубуздагы китеп. Ал чыныгы дос каталог, бардык убакта жардамга келет, үйрөтөт, кеңеш берет. Албетте, бул китеп. Демек жети кереметтин катарында китеп экенин унутпайлы. Китеп бүгүнкү күндө билимдин, илимдин бирден бир булагы. «Китепсиз адамдын жашоосун элестетүү эч мүмкүн эмес» - деп элибизде китепти эң жакшы баалоо менен айтылган.

Китеп өмүргө гүл азык,

китеп биздин доордун күзгүсү,

кары-жаштын бардыгына бирдей кереги тийет.

Китеп досуң, китеп сенин сырдашың,

Китеп өмүр, китеп жаным кыйбасым.

Укмуш сырлар уюп калса элде деп ,

Билем сенин сергек иште тынбасың.

Анда эмесе артык баалап китепти,

Акын жүрөк лирасында ырдасын.

Китеп адамзаттын оюндагы берметтерин чогултуп туруп келечек муундарга сунуш кылат. Адам баласы бул дүйнөдөн өтөт, ал эми китеп келечек муундарга мурас, кенч болуп сакталып кала берет.

  1. Улуттук рухубузду, санжыра, тарыхыбызды, маданиятыбызды, ырасым адатыбызды изилдөөгө бул эмгектер, башкача айтканда китептер табылга боло алат. Китеп биздин байлыгыбыз, өчпөс даңкыбыз. Акын жазуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгын барак бетине түшүрүп, анан китеп кылып чыгарып тарыхта аты калат, укумдан-тукумга атын өчпөс кылып китеп аркылуу жеткизет. . Илимпоздор да ойлоп табууларын ак кагазга түшүрүп, анан китеп кылып чыгарат, кыскасын айтканда сөзсүз жашоо жок дегендей, мен ойлойм китепсиз да биздин жашоо супсак болмок деп. «Билимсизге дүйнө караңгы» - дегендей ааламдын түрдүү сырларын билүүдө ар бир адам өзүн ыймандык –маданий жактан тарбиялоодо өзүнүн руханий жан дүйнөсүн байытууда китеп эң чоң мааниге ээ. Тилекке каршы азыркы учурда окуучулар, жаштар, студенттер адабиятка көп кызыгышпай жатышат. Жалаң чет элдик курч сюжеттеги кинолор менен ар түрдүү компьютердик оюндарды ойноп, кулакка музыканын наушнигин сайып коюп жүрүү менен чектелбейли. Эгерде кандайдыр бир каармандын кайгысына ыйлап, кубанычында кошо сүйүнсөң ак менен караны, жамандык менен жакшылыкты, өйдө-төмөндү ылгай билген адам болоруна шек жок. өз эне тилимди сүйүп, өз элинин руханий нарктарын, адеп-салттарын терең билген, аларды урматтап терең өздөштүргөн чет элдик терс таасирлерге, азгырыктарга жетеленбеген, дүйнөгө сын көз караш менен карап, улуттук аң-сезимди күчтүү өнүктүрүп, илим-билимге сугарылган, патриот, Ала-Тоо журтунун сыймыктуу атуулу болуу бүгүнкү күндүн талабы. «Дүйнөдө эң бай адам ким десе, ал китеби эң көп адам» - деп жооп берген экен бир акылман. Бул эң туура, эң таамай айтылган сөз!





БИБЛИОТЕКИ И ЧИТАЛЬНЫЕ ЗАЛЫ В БИШКЕКЕ

1

Библиотека № 19

Бишкек г., Ала-Тоо площадь, 60

Сайт cls.k...

Тел. +996 312 ...



2

Библиотека № 18 имени Боконбаева

Бишкек г., Исанова ул., 78

Тел. +996 312 ...



3

Библиотека № 3

Бишкек г., Ахунбаева ул., 62

Тел. +996 312 ...



4

Библиотека № 9 имени осмонова

Бишкек г., Чуй просп., 111

Сайт cls.k...

Тел. +996 312 ...



5

Библиотека Кау им. К.И. Скрябина

Бишкек г., Медерова ул., 68

Тел. +996 312 ...



6

Библиотека № 4

Бишкек г., Лущихина ул., 67

Тел. +996 312 ...



7

Библиотека айтматовской книги № 1

Бишкек г., Тыныстанова ул., 64, к. 1

Тел. +996 312 ...



8

Библиотека № 7

Бишкек г., Горького ул., 144

Тел. +996 312 ...



9

Библиотека № 13 имени Орозбекова

Бишкек г., 7 микрорайон, 1




10

Централизованная библиотечная система города бишкек

Бишкек г., Чокморова ул., 246

Тел. +996 312 ...



11

Библиотека № 2 имени ДЖ. турусбекова

Бишкек г., Бейшеналиевой ул., 31

Тел. +996 312 ...



12

Библиотека № 10

Бишкек г., Жибек Жолу ул., 60

Тел. +996 312 ...



13

Библиотека № 14

Бишкек г., Аламедин микрорайон, 1




14

Библиотека № 17

Бишкек г., Московская ул., 53

Тел. +996 312 ...



15

Фонд развития национальной библиотеки и библиотечного дела республики

Бишкек г., Советская ул., 208

Тел. +996 312 ...



16

Библиотека № 15

Бишкек г., Салиева ул., 145

0:1  Отзывы (1)

Тел. +996 312 ...



17

Библиотека № 5

Бишкек г., Калыбаева ул., 4

Тел. +996 312 ...



18

Библиотека № 16

Бишкек г., 6 микрорайон, 8/1

Тел. +996 312 ...



19

Библиотека № 6

Бишкек г., Школьный пер., 24

Тел. +996 312 ...



20

Библиотека № 8

Бишкек г., Сельсоветская ул., 37

Тел. +996 312 ...



21

Библиотека № 11

Бишкек г., Кок-Жар микрорайон, 2

Тел. +996 312 ...



22

Библиотека № 12 им. Н. Крупской

Бишкек г., Чингиза Айтматова проспект (Мира просп.), 61-А

Тел. +996 312 ...





Өлкөдөгү 1055 китепкананын 928и айылда болуп, чанда гана китептер менен камсыздалып турат.


Стенд жасоо: бардык курстардан.